Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 18-ноябрындагы 

№ 2020-П-14/66-5-(ПС) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Байланыш операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага 

 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 18-ноябрындагы 

№ 2020-П-14/66-5-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында  

электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун: 

- 6-пунктунун: 

он экинчи абзацындагы «аралыкта орнотулган» деген сөздөргө чейин «банктын» деген сөз алынып салынсын;  

жыйырманчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу - бул, өзүнүн электрондук капчык ээсине электрондук акчаны колдонуу менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн электрондук капчыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инструмент (жеке компьютер, уюлдук телефон же башка жабдуу)»; 

отуз экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Бул оператордун электрондук акча менен эсептешүүлөр системасы улуттук төлөм системасынын статусуна туура келүүгө тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:  

«10-1. Банк акцептанттар боюнча маалыматтар базасын жүргүзүүгө, ал эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:   

- келишимдин реквизиттерин (келишим мамилелеринин күнү, номери, түрү, келишимди колдонуу мөөнөтү);   

- юридикалык жактын аталышын/жеке ишкердин аты-жөнүн;   

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалыматтарды, жеке ишкердин паспорттогу маалыматтарын, патент;   

- жайгашкан ордун/жашаган дарегин, ишкердик иш алып баруу дарегин;   

- байланыш маалыматтарын;   

- юридикалык жактын/жеке ишкердин ишинин түрү жөнүндө маалыматтарды;   

- финансылык шарттарды (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, лимиттер жана сый акы).»; 

- 22-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22-3. Электрондук акча операторунун функцияларын жүзөгө ашырган банкта, алдамчылык операцияларга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары ПФТД/ЛПД) боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы жана ишке ашырылышы үчүн жооптуу кызмат адамына Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, электрондук акча жагында ПФТД/ЛПД боюнча талаптардын аткарылышын жана сакталышын контролдоо функциялары да жүктөлүүгө тийиш. Банктын ички контролдоо эрежелеринде агенттерди жеке ишкерлерди окутуу программасы жана жол-жобосу, агентти ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу, көрсөтүлгөн талаптарды сактоо боюнча агенттерге андан ары мониторинг жүргүзүү жол-жобосу камтылууга тийиш.»;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын: 

«33-1. Банк жана банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүн сунуштоо боюнча банктын агенти келишимдин/макулдашуунун негизинде, электрондук акча ээсине идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү. Идентификациялоо жана верификациялоо, анын ичинде аралыктан тейлөө режиминде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүлүшү мүмкүн. 

Электрондук капчык ээлерин аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосу Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы №2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.»;  

- 34-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Лимиттердин өлчөмү электрондук капчык ээлеринин категориясына жараша, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банктын ички жол-жоболорунда белгиленүүгө тийиш.»;  

- 35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш.»;  

- 42-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Банк чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Улуттук банкка отчетторду ушул Жобого карата 1 жана 2-тиркемелерде белгиленген формага ылайык берип турат.»; 

- 47-1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде агент жеке ишкер болуп саналса жана чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүн сунуштаса, банк-эмитент ички контролдоо эрежелерине ылайык аны өз алдынча окутушу мүмкүн жана банктын расмий каты менен өз агентинин окуудан өткөн фактысын тастыктай алат же агент банк-эмитент менен макулдашуу боюнча тиешелүү билим берүү уюмунан сертификат алуу менен окуудан өтө алат.»; 

- 50-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- агенттин юридикалык жана айкын даректери тууралуу маалымат жана телефон номерлери.»; 

- 61-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61. Акцептант тарабынан ээлик кылуучудан электрондук акча системасы боюнча электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү жөнүндө алынган тапшырма банк, электрондук акча оператору тарабынан банктын, оператордун маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген жол-жоболоруна ылайык текшерилүүгө тийиш.». 

- 4-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4-глава. Эл аралык электрондук акча системаларынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине жана эл аралык электрондук акча системаларынын агентине карата талаптар»; 

- 69, 70, 71 жана 72-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«69. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаны пайдалануу менен кызматтарды сунуштоо үчүн эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз эл аралык электрондук акча системаларынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.  

70. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү түп нускадагы документтерди же алардын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сунуштайт

1) төмөнкү маалыматты көрсөтүү менен каттоодон өтүү жөнүндө арыз: 

- эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин аталышы; 

- электрондук акча системасынын аталышы; 

- электрондук акча инструментинин (алып жүрүүчүнүн) аталышы (бар болсо); 

- оператордун/эмитенттин юридикалык жана айкын даректери тууралуу маалымат; 

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана түзүлгөн өлкөсүн тастыктаган анын мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же башка ага тең болгон документинин көчүрмөсү;  

3) электрондук акча системасынын операторунун/электрондук акча эмитентинин көрсөтүлгөн ишти (эгер колдонулса) лицензиялаган/жөнгө салган, түзүлгөн өлкөнүн финансылык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген процессинг жана тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүчү документтердин (лицензиянын/сертификаттын/каттоо жөнүндө күбөлүктүн ж.б.) көчүрмөлөрү же болбосо аталган органдын/юридикалык компаниянын мындай уруксат берүү/тастыктоо түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары боюнча талап кылынбай тургандыгы (лицензияланбаган/жөнгө салынбаган ишмердиктин түрү эмес) тууралуу кат түрүндө тастыктоосу;  

4) эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин иш алып баруу эрежеси же оператор/эмитент түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды жөнгө салуучу башка документ. Эреже бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасын, электрондук акчаны пайдалануу учурунда финансылык жана техникалык тобокелдиктерди контролдоону уюштуруу ишин да камтууга тийиш

71. Жобонун ушул главасына ылайык, Улуттук банкка тапшырылуучу чет мамлекеттердин расмий документтери, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.  

Чет тилдеги документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдеги талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн котормосун камтууга тийиш. 

Бирден көп барактан турган документтердин ар бир бетине номер коюлууга, көктөлүүгө, талаптагыдай кол тамга коюлууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш

Зарыл учурда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши зарыл

72. Эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөрүүгө арызды Улуттук банк тарабынан кароо мөөнөтү 15 (он беш) календардык күндү түзөт. Улуттук банк кабыл алынган чечим жөнүндө эл аралык электрондук акча системасын операторун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде кат түрүндө билдирүү жөнөтөт.  

Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер сунушталган күндөн тартып эсептелет. 

Каттоо үчүн документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча акыркы чечим, эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башка көрсөтүлбөсө, Улуттук банк арызды жана башка документтерди кагаз түрүндө алгандан кийин кабыл алынат.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 72-1-пункт менен толукталсын: 

«72-1. Документтер каттоо үчүн белгиленген талаптарга жооп бербесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса, аларды жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилет.  

Сын-пикирлерди эске алуу менен кошумча/жеткире иштелип чыккан документтер эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти документтерди жеткире иштеп чыгууга алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Аталган документтер милдеттүү түрдө кагаз түрүндөгү экземплярын артынан жөнөтүү менен алдын ала электрондук формада сунушталышы мүмкүн. 

Документтер экиден көп жолу ушул жобонун талаптарын канааттандыруусуз же болбосо толук эмес көлөмдө тапшырылса, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу.»; 

- 73, 74 жана 74-1-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«73. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине каттоо номерин ыйгарат жана ал жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин реестрине киргизет (мындан ары эл аралык электрондук акча системаларынын реестри). Улуттук банк белгиленген мөөнөттө эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине каттоодон өткөндүгү тууралуу катты ыйгарылган каттоо номерин көрсөтүү менен жөнөтөт.»;  

74. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде каттоо учурунда көрсөтүлгөн кайсы болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу Улуттук банкка кат түрүндө билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде, зарыл болгон учурда 3 (үч) жумуш күнү ичинде эл аралык электрондук акча системаларынын реестрине тиешелүү жазууларды киргизет. 

74-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана тиешелүү жазууну эл аралык электрондук акча системаларынын реестрине киргизет

1) эл аралык электрондук акча системасынын операторунан/эл аралык электрондук акча эмитентинен түзүлгөн өлкөнүн көрсөтүлгөн ишти лицензиялаган/жөнгө салган финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан буга чейин берилген эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин процессинг жана тейлөө боюнча иш алып баруу укугуна уруксат берүү документтери (лицезиялар/сертификаттар/каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөр ж.б.) кайтарылып алынса (жокко чыгарылса);  

2) эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди (келишимдерди) Улуттук банкка белгиленген мөөнөттө сунуштабаса;  

3) эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Улуттук банкта каттоону жокко чыгаруу (реестрден чыгаруу) жөнүндө арызды же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууну токтотуу жөнүндө башка кат түрүндөгү билдирүүнү Улуттук банкка берсе.  

Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти ушул Жобонун талаптарын аткарбай койгон, анын ичинде ушул Жобонун 74-пунктунун талаптарын бузган учурда, эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча эмитентин каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарууга укуктуу

Улуттук банк каттоодон өткөндүгүн жокко чыгаруу жөнүндө эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана зарыл учурда башка кызыкдар тараптарга кат түрүндө билдирет, ошондой эле каттоодон өткөндүгүн жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты расмий интернет-сайтына жайгаштырат.»; 

- 84-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«84. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти отчеттук чейректен кийинки айдын 15ине чейин ушул Жобого карата 3-тиркемеде белгиленген формада Улуттук банкка отчет сунуштайт.». 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 107-пункт менен толукталсын: 

«107. Маалымат бербегендиги, өз учурунда бербегендиги жана/же анык эмес маалымат бергендиги, ошондой эле отчет формаларын туура эмес толтургандыгы үчүн Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.»; 

- Жобого карата 1, 2 жана 3-тиркемелер төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

 

1-тиркеме 

Электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө  

ОТЧЕТ  

(электрондук капчык ээлери боюнча) 

Банк-эмитенттин аталышы 

_____________________________ 

  

Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл) 

__________________________________________________________ 

  

 

№  

Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын аталышы 

Оператор 

Колдонуучулардын (идентификацияланган, идентификацияланбаган) түрү 

Колдонуучулардын (капчыктардын) саны 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы 

Которуулар 

Электрондук акчанын ордун жабуу 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө  

Электрондук акча эмиссиясы (чыгаруу)  

электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын ичинде 

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына  

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан 

нак акча 

банктык эсепке 

бардыгы болуп 

алардын ичинен: бюджеттик төлөмдөр 

нак акчага алмаштыруу  

банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

22 

23 

24 

Электрондук акча 1 

 

идентификацияланган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча

 

идентификацияланган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча

 

идентификацияланган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында 

идентификацияланган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

Аткаруучу ____________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.  

 

 

 

Отчетту толтуруу тартиби (1-тиркеме) 

«Электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө (электрондук капчык ээлери боюнча) отчет» отчеттук мезгил ичинде электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Отчетто алар үчүн банк эмитент болуп саналган электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча маалыматтар көрсөтүлөт. 

Маалыматтар саны боюнча бүтүн санга чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт.  

 

Таблицадагы аталыштар:  

- «Банк-эмитенттин аталышы» электрондук акча чыгарууга Улуттук банктын лицензиясына ээ жана электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын банк-эмитенти болуп саналган банктын тиешелүү аталышы толтурулат. 

- «Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл)» - отчеттук мезгил чейрек. жыл сандарын көрсөтүү форматында (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 4-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат  

Таблицада: 

1-тилке катар номери көрсөтүлөт; 

2-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт; 

3-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн аталган системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт. Эгерде оператор банк-эмитент болсо, анда банк-эмитенттин аталышы көрсөтүлөт;  

4-тилке электрондук акчаны колдонуучулардын түрү идентификацияланган же идентификацияланбаган колдонуучулар көрсөтүлөт; 

5-тилке электрондук акчаны колдонуучулардын (капчыктарынын) саны; 

6-тилке отчеттук мезгилдин акырына карата системадагы электрондук акчанын калдыгы көрсөтүлөт; 

7-8-тилкелер отчеттук мезгил ичинде электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын ичиндеги капчыктардын ортосундагы которуулардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

9-10-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына, анын ичинде эл аралык системаларга каражаттарды чыгаруу аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

11-12-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан, анын ичинде эл аралык системалардан капчыктагы калдыкты көбөйтүү аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

13-14-тилкелер электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу (электрондук акча менен эсептешүүлөр системасында калдыкты азайтуу) электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

15-16-тилкелер электрондук акчаны банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу (электрондук акча менен эсептешүүлөр системасында калдыкты азайтуу) электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

17-18-тилкелер отчеттук мезгил ичинде (бюджеттик төлөмдөрдү кошо алганда), товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча транзакциялардын жалпы саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

19-20-тилкелер отчеттук мезгил ичинде бюджеттик төлөмдөрдү гана төлөө боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

21-22-тилкелер электрондук акчаларды нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук акча эмиссиясы (чыгаруу) боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

23-24-тилкелер электрондук акчаларды банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук акча эмиссиясы (чыгаруу) боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт. 

2-тиркеме 

Электрондук акчаны жайылтууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө 

ОТЧЕТ  

(юридикалык жактар жана жеке ишкерлер боюнча)  

 

Банк-эмитенттин аталышы 

_____________________________ 

  

Отчеттук мезгил: (чейрек. жыл) 

_____________________________ 

  

 

№ 

Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын аталышы 

Оператор 

Катышуучулардын түрү  

Колдонуучулардын (капчыктардын) саны  

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы  

Которуулар  

Электрондук акчанын ордун жабуу 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө  

Электрондук акчаны жайылтуу 

электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын ичинде 

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына  

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан 

нак акча 

банктык эсепке 

бардыгы болуп 

алардын ичинен: бюджеттик төлөмдөр 

нак акчага алмаштыруу  

банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

22 

23 

24 

Электрондук акча 1 

 

Агенттер  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Акцептанттар  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча 2 

 

Агенттер  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Акцептанттар  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

Аткаруучу ____________________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.  

 

Отчетту толтуруу тартиби (2-тиркеме) 

«Электрондук акчаны жайылтууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер боюнча) отчет» отчеттук ай ичинде электрондук акча жайылтууга жана жүгүртүүгө байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт.  

Отчетто алар үчүн банк эмитент болуп саналган электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча маалыматтар көрсөтүлөт. 

 

Маалыматтар саны боюнча бүтүн санга чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. 

 

Таблицадагы аталыштар:  

- «Банк-эмитенттин аталышы» электрондук акча чыгарууга Улуттук банктын лицензиясына ээ жана электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын банк-эмитенти болуп саналган банктын тиешелүү аталышы толтурулат. 

- «Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл)» - отчеттук мезгил чейрек. жыл сандарын көрсөтүү форматында (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 4-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат.  

Таблицада: 

1-тилке катар номери көрсөтүлөт; 

2-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт; 

3-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн аталган системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт. Эгерде оператор банк-эмитент болсо, анда банк-эмитенттин аталышы көрсөтүлөт;  

4-тилке катышуучулардын түрү агенттер, акцептанттар көрсөтүлөт; 

5-тилке колдонуучулардын (капчыктардын) саны;  

6-тилке отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы көрсөтүлөт; 

7-8-тилкелер отчеттук мезгил ичинде электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын ичиндеги капчыктардын ортосунда которуулардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

9-10-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына, анын ичинде эл аралык системаларга каражаттарды чыгаруу аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

11-12-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан, анын ичинде эл аралык системалардан капчыктагы калдыкты көбөйтүү аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

13-14-тилкелер электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу(электрондук акча менен эсептешүүлөр системасында калдыкты азайтуу) электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

15-16-тилкелер электрондук акчаны банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу (электрондук акча менен эсептешүүлөр системасында калдыкты азайтуу) электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

17-18-тилкелер отчеттук мезгил ичинде (бюджеттик төлөмдөрдү кошо алганда), товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча транзакциялардын жалпы саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

19-20-тилкелер отчеттук мезгил ичинде бюджеттик төлөмдөрдү гана төлөө боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

21-22-тилкелер электрондук акчаларды нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук акча эмиссиясы (чыгаруу) боюнча агенттердин отчеттук мезгил ичиндеги транзакцияларынын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

23-24-тилкелер электрондук акчаларды банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук акча эмиссиясы (чыгаруу) боюнча агенттердин отчеттук мезгил ичиндеги транзакцияларынын саны жана көлөмү көрсөтүлөт. 

 

3-тиркеме 

Эл аралык электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын жүгүртүүлөрү менен байланышкан  

банк-агенттердин иши жөнүндө 

ОТЧЕТ  

(электрондук капчык ээлери боюнча) 

 

Банк-агенттин аталышы 

_____________________________ 

  

Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл) 

_____________________________ 

  

 

№  

Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын аталышы 

Оператор 

Колдонуучулардын түрү (идентификацияланган, идентификацияланбаган) 

Валюта 

Которуулар 

Электрондук акчанын ордун жабуу 

Электрондук акчаны толуктоо 

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына  

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан 

нак акча 

банктык эсептерге 

нак акча 

банктык эсептерден 

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

саны (даана) 

көлөмү  

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

Электрондук акча 1 

 

идентификацияланган 

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланган 

USD 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланган 

RUB  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында электрондук акча 1  

идентификацияланган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук акча 2 

 

идентификацияланган 

KGS 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланган 

USD 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланган 

KZT 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында электрондук акча 2  

идентификацияланган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ж.б.у.с.  

идентификацияланган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында электрондук акча n  

идентификацияланган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында эл аралык системалар  

идентификацияланган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

Аткаруучу ____________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.  

 

Отчетту толтуруу тартиби (3-тиркеме) 

«Эл аралык электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын жүгүртүүлөрү менен байланышкан банк-агенттердин иши жөнүндө (электрондук капчык ээлери боюнча) отчет» отчеттук мезгил ичинде эл аралык электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын жүгүртүүлөрү менен байланышкан  

транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Отчет валюталар боюнча электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча түзүлөт. 

Маалыматтар саны боюнча бүтүн санга чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректелген валюталардын номиналында көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасынын тамга түрүндө коду көрсөтүлгөн сапта транзакциялардын көлөмү боюнча маалыматтар улуттук валютада сом эквивалентинде Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги орточо арифметикалык эсептик курсу боюнча чагылдырылат. 

 

 

Таблицадагы аталыштар:  

- «Банк-агенттин аталышы» Улуттук банктын лицензиясына ээ жана электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасы менен тиешелүү келишим түзгөн банктын тиешелүү аталышы толтурулат. 

- «Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл)» - отчеттук мезгил чейрек. жыл сандарын көрсөтүү форматында (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 4-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат. 

Таблицада: 

1-тилке катар номери көрсөтүлөт; 

2-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт; 

3-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн аталган системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт;  

4-тилке электрондук акчаны колдонуучулардын түрү идентификацияланган же идентификацияланбаган колдонуучулары көрсөтүлөт; 

5-тилке валютанын тамга менен белгиленген коду көрсөтүлөт; 

6-7-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына электрондук акча которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

8-9-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

10-11-тилкелер электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

12-13-тилкелер электрондук акчаны банктык эсептерде жайгашкан нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

14-15-тилкелер отчеттук мезгил ичинде нак акча салуу аркылуу электрондук акчаны толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт; 

16-17-тилкелер отчеттук мезгил ичинде банктык эсептерден чегерүү аркылуу электрондук акчаны толуктоо боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт.