Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 23-декабрындагы  

№ 2020-П-12/73-11-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, депозиттерди тартуу менен иш алып баруу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 23-декабрындагы  

№ 2020-П-12/73-11-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

-  3.6-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3.6-1. Банктын бир эле карыз алуучуга же өз ара байланыштуу карыз алуучулар тобуна сунушталган активдерин классификациялоодо, карыз алуучунун же өз ара байланыштуу карыз алуучулар тобунун ар бир кредити боюнча жүргүзүлгөн классификациялоону эске алуу жана бул активдерди эң төмөнкү (начар) болуп саналган классификациялоонун карызы көбүрөөк активге ыйгарылган категориясы боюнча классификациялоо зарыл. 

Классификациялоого карата бул сыяктуу ыкма банктык топтун катышуучусу болуп саналган банктар тарабынан колдонулууга тийиш, башкача айтканда, карыз алуучунун же Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган өз ара байланыштуу карыз алуучулар тобунун активдери эң төмөнкү (начар) болуп саналган классификациялоонун карызы көбүрөөк активге ыйгарылган категориясы боюнча классификацияланууга тийиш.»; 

- 4.3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3.2. Төмөнкү мүнөздөгү активдерди көзөмөл алдында турган активдер деп саноого болот: 

- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге таандык бардык мүнөздөмөлөргө ээ болгон, же болбосо контракттык каржылоонун алкагында камсыздалган (мисалы, каржыланган контракт боюнча талап кылуу укугу, дебитордук карыздар ж.б.); 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча кеминде 30 күн мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер; 

- алар боюнча документтердин жетишсиздигинен же ага баа берүү боюнча тиешелүү эксперттердин жоктугунан, банк үчүн күрөө боюнча мониторинг жүргүзүү мүмкүн эместиги; 

- күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн күтүлүп жаткан төмөндөөсү (баалардын төмөндөшү, валюта курсунун түшүшү) же болбосо гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлоо тенденциясынын пайда болушу (эгерде актив гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалса); 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна карата тенденциялардын пайда болушу; 

- активдин кайтарылышына таасирин тийгизген рыноктук талаптардын өзгөрүшү

- эгерде кредит буга чейин «классификацияланган кредиттер» категориясында камтылбаса, ошол эле учурда, бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, ошол кредиттин валютасын чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу аркылуу, кредит боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү

Классификацияланбаган активдердин белгилерине ээ активди баштапкы реструктуризациялоодо, банк тарабынан «байкоо алдында турган актив» катары классификацияланат.»; 

- 5.1.2-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- күрөөнүн наркынүн түшүп кетүүсү, анын сапатынын начарлашынан улам күрөөнүн сатып өткөрүлүшү кыйындай же болбосо гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлоо тенденциясынын пайда болушу (эгерде актив гарантия/кепилдик берүүчү менен камсыздалса).»; 

- 5.1.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1.5 Эгерде «байкоого алынган актив» катары классификацияланган активди реструктуризациялоодон улам 30 күндөн көбүрөөк убакыт мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөр келип чыкса же мындай актив 1 жыл (бир) жыл ичинде экинчи жолу реструктуризацияланган болсо, анда бул актив «субстандарттуу» катары классификацияланууга тийиш. 

Мында, ошол «субстандарттуу» актив анын суммасынын эң аз дегенде 120%ын түзгөн кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө менен камсыздалган болсо, анда банк 15% өлчөмүндө РППУ түзүшү мүмкүн. 

Эгерде бул актив боюнча кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөөнүн абалы начарласа жана/же анын наркы активдин суммасынын 120%ынан төмөн деңгээлге чейин түшсө же актив боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүнөн 90 күндөн ашык кечиктирилген карыз келип чыкса, анда банк аталган фактылар аныкталган учурдан тартып, РППУнун өлчөмүн эң аз дегенде 25%га чейин көбөйтүүгө тийиш.»; 

- 5.2.2-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- карызды төлөө, негизинен, күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнө жараша болот.»; 

- 5.3.2-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- активдерди оффшордук аймактардын субъекттерине берүү.»; 

- 5-главасы төмөнкү мазмундагы 5.3.4-пункту менен толукталсын: 

«5.3.4. Аларга карата мүлктүк укуктар (ээлик кылуу жана/же пайдалануу жана/же тескөө укугу) колдонулган активдер, эгерде алар боюнча банктын мүлктүк укугун андан ары сактап калуу ыктымалдыгы өтө төмөн болсо, анда «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш.»; 

- 6.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.1. Өзгөчө кырдаалдарда бир актив эки классификация категориясы боюнча классификацияланышы мүмкүн, башкача айтканда, классификацияны бөлүштүрүү колдонулушу мүмкүн.»; 

- 6.2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 7.1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Эгерде кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөрүүсү жана/же кредит толугу менен же болбосо бир бөлүгү кайра каржыланышы карыз алуучунун финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, анда банк тастыктоочу документтерди жана аналитикалык маалыматтарды тиркөө менен Кредиттик комитеттин/ыйгарым укуктуу органдын чечиминде келишим шарттарынын өзгөрүү жана/же кредиттин кайра каржылануу себеби тууралуу көрсөтүүгө тийиш.»; 

- 7.3-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Банк активди кайталап реструктуризациялаган сайын анын классификациясын бир категорияга төмөндөтүп турууга тийиш. Ошол эле учурда банк кайталап реструктуризациялоодо, төмөнкү талаптар аткарылган учурда, классификацияланган активдин категориясын мурдагы деңгээлде калтыруусуна жол берилет: 

- банк карыз алуучунун финансылык абалын (тиешелүү эсептөөлөр, финансылык көрсөткүчтөр менен) кылдат иликтеп чыкса; 

- банк карыз алуучу үчүн реструктуризациялоонун сунушталган планы боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере алса (акыл ченемдүү, документ аркылуу тастыкталган финансылык маалыматтардын негизинде);  

- негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетүү мөөнөтү 6 айдан ашпаса (айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилген кредиттер үчүн 9 ай); 

- кардардын активи буга чейин реструктуризацияланбаса же акыркы жолу 1 жылдан ашык убакыт мурда реструктуризацияланса.»; 

- 7.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.4. Жобонун 7.6-пунктунун шарттарын аткарууда, банк реструктуризацияланган активдин классификациясын бир категорияга ырааттуу тартипте гана жогорулата алат.  

Мисалы, «жоготуу» категориясында классификацияланган актив реструктуризациялангандан кийин, «шектүү» категориясына гана которулушу мүмкүн.»; 

- 7.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.6. Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда, реструктуризацияланган активдин классификациясын бир категорияга жакшыруу жагына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- негизги сумма жана чегерилген пайыздар акыркы 3 (үч) ай ичинде төлөм графигине ылайык өз учурунда төлөнсө ар айлык аннуитеттик төлөмдөр жүргүзүлгөн учурда; акыркы 6 (алты) ай ичинде негизги сумма боюнча чейрек сайын бирдей өлчөмдөгү төгүмдөр жүргүзүлгөн учурда;  

- график боюнча төгүмдөр аралыгындагы мөөнөт 3 айдан ашкан учурда кеминде бир калыпта негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды камтуучу акыркы үч төлөмдү өз учурунда төлөсө;  

- реструктуризациялоо күнүнөн тартып акыркы 12 ай ичинде төлөө графигине ылайык негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды өз учурунда төлөсө (бул шарт активдерди «нормалдуу»  же «канааттандырарлык»  категориясына которуу учурунда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш); 

- реструктуризациялоодон кийин карыз алуучу реструктуризациялоо чечими кабыл алынган учурда кредиттин негизги суммасынын калдыгынын кеминде 10%ын төлөсө (бул шарт активдерди «субстандарттуу» же «шектүү» категориясына которуу учурунда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш); 

- карыз алуучунун активдерди төлөө боюнча милдеттенмелери аткарылбай калышына алып келүүчү жагдайлары жок болсо.»; 

- 12-глава төмөнкү мазмундагы 12.3-пункту менен толукталсын: 

«12.3. «Жоготуу» категориясына банктын келечекте кардарлар жана үчүнчү жактар алдындагы милдеттенмелери аткарылышына, башкача айтканда, төмөнкү жагдайлардын натыйжасында, акча каражаттарынын агылып чыгышына алып келүүчү баланстан тышкаркы жана шарттуу милдеттенмелер кирет: 

- ички алдамчылык; 

- тышкы алдамчылык; 

- банктын материалдык активдерине зыян келтирүү (мисалы, өрт, табигый кырсык, терроризм актылары, вандализм ж.б. натыйжасында). 

Банк аталган жагдайлардын натыйжасында келтирилген зыян калыбына келтирилишине жараша, классификациялоо категориясын өзгөртпөстөн, баланстан тышкаркы милдеттенменин жана ал боюнча РППУнун өлчөмүн ордун толтуруу суммасына азайтат.».  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун

14-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмүндө «кредиттик жоготуулар тобокелдиги» деген сөз «кредиттик тобокелдик» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- бешинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик комитет олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттерди (2) сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту, ошондой эле кайталап реструктуризациялоо жана өзүндө ири тобокелдикти камтыган кредиттерди реструктуризациялоодо төлөмдү 12 айдан ашык мезгилге жылдырып берүү маселелери боюнча Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт.»; 

- 75-пунктунун 7-абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредитти реструктуризациялоодо банк карыз алуучунун учурдагы финансылык абалын, ишин жана банктын карыз алуучуга көрсөткөн ишеним деңгээлин, ошондой эле камсыздоонун наркын тастыктоо же болбосо кайра карап чыгуу максатында, талаптагыдай талдап-иликтөөсү зарыл.».