Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 28-декабрындагы 

№ 2020-П-33/75-5-(НФКУ) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет)

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө». 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыялангандан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарын жана кредиттик союздарын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2020-П-33/75-5-(НФКУ) 

токтому  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 

21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Бул жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү кам (мындан ары РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген жана ал бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана кепилдик фонддорго (мындан ары банктар) таркатылат.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жобонун талаптары «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктарга (мындан ары банк) таркатылат.». 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 34-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.