Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 27-январындагы 

№ 2021-П-07/4-4-(ДКП)  

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП)  

«Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу»» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

4. Токтом 2021-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 27-январындагы 

№ 2021-П-07/4-4-(ДКП) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП)  

«Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун төртүнчү абзацындагы «катышы» деген сөздүн алдына «курамы,» деген сөз менен толукталсын; 

 

- 7-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Камдык активдер бул, милдеттүү камдык талаптардын сакталышы эсебине чегерүү үчүн Улуттук банк тарабынан аныкталган банктардын активдери.»; 

 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Мында банк күндөлүк негизде Улуттук банк тарабынан аныкталган камдык активдердеги каражаттардын көлөмүн милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинен төмөн эмес өлчөмдө колдоого милдеттүү.»; 

 

- 15-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 19-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 20-пунктундагы «жана банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги каражаттар суммасынын жана банктын Улуттук банктагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин» деген сөздөр «Улуттук банк тарабынан аныкталган камдык активдердеги каражаттар суммасынын» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 21-пунктунун: 

- төртүнчү абзацындагы «Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинин жана жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдердин» деген сөздөр «Улуттук банк тарабынан аныкталган камдык активдердин суммасынын» дегенге алмаштырылсын; 

- жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Эгерде Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунда башкасы каралбаса, милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм төмөнкү учурларда чегерилбеши мүмкүн: 

- банкка тике банктык көзөмөл режими же убактылуу администрация режими киргизилген мезгил ичинде; 

- милдеттүү камдык талаптардын сакталбашына алып келген ал жеткис күч орун алган жагдайлардын (форс-мажордук жагдайлардын) жаралышынан улам Пакеттик клиринг системасынын, Автоматташтырылган тоорук системасынын жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын ишинин токтошу.»; 

- «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.