Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 31-мартындагы  

№ 2021-П-12/14-5-(НПА) 

токтому 

 

 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана  

толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

 

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 31-мартындагы  

№ 2021-П-12/14-5-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик   

укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

-  4-пункту төмөнкү абзац менен толукталсын: 

«10) Электрондук документ бул электрондук түрдө берилген жана анын аныктыгын текшерүү үчүн тиешелүү реквизиттерге ээ, ошондой эле маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу берүү жана маалымат системаларында иштеп чыгуу үчүн ылайыктуу документ түрүндө маалымат.». 

Жобого карата 2-тиркеменин: 

- 4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эсептерди (аманаттарды) ачуу боюнча келишимдерге кол коюу;». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун

- 40-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн жеке адамдар (резиденттер жана резидент эместер) төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук документ формасында сунуштоого тийиш:»; 

1-пунктчанын онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктын каалоосу боюнча башка маалыматтар, анын ичинде кагаз түрүндө же электрондук документ формасында берилиши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алынган маалыматтар;»; 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кардардын инсандыгын тастыктаган документ (39-пунктта көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, түп нускасы карап чыгууда берилет, анын көчүрмөсү сунушталат);»; 

3-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) кагаз түрүндө же электрондук документ формасында кол тамгасынын үлгүсү (болгон болсо) менен кол тамгалар үлгүлөрүнүн карточкасы.»; 

- 41-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«41.  Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кошумча төмөнкү документтерди (кагаз түрүндө же электрондук документ формасында) берүүгө тийиш: 

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн; 

Жеке ишкердин электрондук патенти болсо банк кызматкери мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу электрондук патенттеги QR-кодду сканерден өткөрүү менен кагаз түрүндөгү же электрондук документ формасындагы электрондук патенттин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. 

Эскертүү: QR-код мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн, анда патент жөнүндө маалымат камтылган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод). 

2) тиешелүү мамлекеттик органдарынан салык төлөөчү каттоодон өткөндүгү фактысын тастыктаган маалым кат (кагаз түрүндө же электрондук документ формасында); 

3) жеке ишкердин кол тамга үлгүлөрү жана мөөрүнүн оттискасы түшүрүлгөн (болгон болсо) карточка. 

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.»; 

- 43-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, кагаз түрүндө же электрондук документ формасында төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:»; 

9-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) юридикалык жактын акча каражаттарын башкарууга ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документ (жеке тейлөө учурунда анын түп нускасы сунушталат жана андан көчүрмө алынат).»; 

9-пунктча төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.».  

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

38-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык кардарды идентификациялоодо банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсептерди ачууда аманатчынын жеке катышуусу талап кылынбайт.».  

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн жеке адамдар (резиденттер жана резидент эместер) төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада сунуштоого тийиш:  

1) кардардын кол тамгасы коюлган кагаз түрүндө эсеп ачууга өтүнүч кат же электрондук кол тамга коюлган электрондук формада документ жана анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- аманатчынын аты-жөнү (паспорттогу маалыматтарга ылайык), эгерде аты-жөнү өзгөргөн болсо, мурдагы аты-жөнү

- туулган жери жана күнү;  

- жарандыгы;  

- катталган же жашаган жеринин толук дареги, телефон, факс номерлери, электрондук почта дареги; 

- инсандыгын тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар (аталышы, сериясы, документти берген орган, документ берилген күн), жеке номери (болгон болсо);  

- иштеген жери жана иш чөйрөсү;  

- банк менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана анын мүнөзү;  

- чет өлкө жаранынын же Кыргыз Республикасына келген (жашап турууга) жарандыгы жок адамдын укугун тастыктаган документтеги маалыматтар;  

- банктын каалоосу боюнча башка маалыматтар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алынган, кагаз түрүндө же электрондук документ формасында берилиши мүмкүн болгон маалыматтар;  

2) кардардын инсандыгын тастыктаган документ (38-пунктта көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, кароо учурунда документтин түп нускасы сунушталат жана андан көчүрмө алынат);  

3) кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточка (болгон болсо).  

Ошол эле учурда карточкада көрсөтүлгөн адамдардын эсептеги акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтер да берилүүгө тийиш (эгерде мындай ыйгарым укуктар үчүнчү жактарга чегерилген болсо).»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Жеке ишкерлер, ушул Нускоонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка кагаз түрүндө же электрондук формада төмөнкү документтерди кошумча берүүгө тийиш: 

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн; 

Жеке ишкердин электрондук патенти болсо банк кызматкери мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу электрондук патенттеги QR-кодду сканерден өткөрүү менен кагаз түрүндөгү же электрондук документ формасындагы электрондук патенттин аныктыгын текшерүүгө же патенттеги маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш. 

Эскертүү: QR-код мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн, анда патент жөнүндө маалымат камтылган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод). 

2) салык кызматы органдарынан салык төлөөчү каттоодон өткөндүгү фактысы жөнүндө маалым кат; 

3) жеке ишкердин кол тамга үлгүлөрү жана мөөрүнүн оттискасы түшүрүлгөн (болгон болсо) карточка. 

Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.»; 

-  42-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачуу үчүн юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер) Улуттук банктын өзүнчө чечиминде каралган учурларды эске албаганда, кагаз түрүндө же электрондук документ формасында төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:»; 

9-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) юридикалык жактын акча каражаттарын башкарууга ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документ (жеке тейлөө учурунда анын түп нускасы сунушталат жана андан көчүрмө алынат).»; 

9-пунктча төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмеге ылайык документтер сунушталгандыгын текшерүүгө жана аларды тастыктоого тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.». 

Нускоого карата 1-тиркеменин:  

- 5-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:  

«- айдоочунун күбөлүгү (үчүнчү жактар, ошондой эле банк эсебине ээ кардарлар тарабынан кардардын банк эсебин толукталган шартта гана);»;  

- 6-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

Нускоого карата 2-тиркеменин:  

- 8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Мында нускалардын бири банктын кардарынын иш көктөмөсүндө туруктуу негизде сакталууга тийиш. Калган нускалары банктын ички эрежелеринде белгиленген тартипте кагаз же электрондук түрдө сакталат. Кол тамга үлгүлөрү жана мөөр оттискасы түшүрүлгөн карточканын электрондук версиясы банктын автоматташтырылган системасында сакталат.».  

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 25-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш (кагаз түрүндө же электрондук формада):»; 

жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө патенттин (көчүрмөсүнүн) же электрондук патенттин аныктыгын (көчүрмөсү) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш.»; 

он төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банкка зарыл болгон башка документтер, анын ичинде банктын каалоосу боюнча карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн документтер (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.), алар электрондук документ түрүндө же кагаз түрүндө сунушталышы мүмкүн.»; 

- 34-3-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган келишим боюнча 100 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинде), ал эми күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинде) ашпоого тийиш.»; 

- Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо), мында жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же мал жандыгы бар экендигин тастыктаган документтерди сунуштоо менен 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит алган айыл чарба өндүрүүчү-жеке адамдар, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүн программаларынын алкагында кредит алган жеке адамдар кирбейт.  

Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндөөчүрмөсү) же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш.». 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы 

№ 35\13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 29- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«29. Белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди кагаз түрүндө же электрондук формада талап кылууга тийиш: 

- кардар/өнөктөш жөнүндө негизги маалыматтар (кардар/өнөктөш - юридикалык жак  - иштин негизги түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча кирешелер (түшкөн акчанын) түзүмү, каржылоонун ордун жабуу планы, негизги бизнес-өнөктөштөр жана башкалар чагылдырылууга тийиш болгон толтурулган анкета/билдирме. 

- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же юридикалык жактын мөөрү басылган же болбосо мыйзам талабына ылайык мындай көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн болбогон шартта, жетекчинин кол тамгасы коюлган уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак болсо); 

- кардардын/өнөктөштүн (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл; 

- мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо сунушталган жеке адамдарды эске албаганда, ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо). 

Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө патенттин (көчүрмөсүнүн) же электрондук патенттин аныктыгын (көчүрмөсү) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш.  

Эскертүү: QR-код мобилдик түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндө маалыматты камтыган матрица түрүндө код (кош өлчөмдүү штрихкод); 

- каржылоодон пайдалануу максатын, кардардын/өнөктөштүн акча каражаттарынын болжолдуу өлчөмүн, валюталар боюнча төлөө булактарын, каржылоонун ордун жабуу боюнча иш-чаралар планын, мөөнөттөрүн камтыган бизнес-план (эгерде кардар - юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3500000 сомдон көп болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда). Мында банк, кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык каржылоо, олуттуу өлчөмдө каржылоо жана кардардын/өнөктөштүн бизнесине кылдат баа берүүнү талап кылган, каржылоонун башка түрлөрү боюнча бизнес-планга кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш; 

- рыноктук наркын, баа берүү күнүн, ким тарабынан баа берилгендигин, каттоодон өткөндүгүнүн далилдерин, күрөөнүн жайгашкан ордун, ээлик кылууну тастыктаган (эгерде кыймылдуу/кыймылсыз мүлк күрөө болуп саналса) документтерди жана банктын ички документтерине ылайык, башка документтерди көрсөтүү менен күрөөгө коюлган мүлктүн описин (болгон болсо); 

- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарантия кредит боюнча бирден бир гана камсыздоо болуп саналса жана гарант - юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер); 

- ким экендигин тастыктаган документти (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо); 

- акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы тууралуу маалымкатты же киреше тууралуу маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо). 

Банк жогоруда белгиленген документтерден тышкары банкка зарыл болгон башка документтерди, анын ичинде кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн талап кылынган башка документтерди (контракттар, келишимдер, сунуштама каттар ж.б.у.с.) да талап кыла алат, алар электрондук документ формасында же кагаз түрүндө сунушталышын мүмкүн. 

Банкта кардардын/өнөктөштүн маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга жана анда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылган талаптар каралууга тийиш. Банк кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар/өнөктөштөр менен маектешүүдө ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүн экендигин кардарларга так түшүндүрүп берүүлөрү тийиш. 

Кардарлардын/өнөктөштөрдүн сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка максаттарда пайдалануу үчүн кардарлардын/өнөктөштөрдүн кат жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл.»; 

- 38-3- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, ошондой эле банктын ички саясаттарында жана жол-жоболорунда көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредиттерди сунуштай алат.  

Жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган келишимдер боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер суммасы 100 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) ашпоого тийиш.». 

- Жобого карата 1-тиркеменин: 

9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо), мында 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген жеке адамдар кирбейт. 

Электрондук патент сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патент алгандыгы фактысын тастыктоо максатында кагазга басып чыгарылган электрондук патенттин көчүрмөсүн сунушташы мүмкүн же банкка Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүү үчүн электрондук форматта бериши мүмкүн. Бул учурда банктын жооптуу кызматкери кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган электрондук патенттин аныктыгын (тастыктоо фактысын кагаз түрүндө же электрондук форматта сактоо зарыл) электрондук патенттеги QR-кодду мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу же Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу текшерүүгө тийиш.».