Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 24-июнундагы  

№ 2021-П-14/34-5-(ПС) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын  

жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын  

26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 24-июнундагы 

№ 2021-П-14/34-5-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС)  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин 

жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм уюмдары, төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле төлөм уюмунун агенттери/субагенттери мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы №2020-П-14/46-4-(ПС) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын сактоого тийиш.»; 

- 6-пункту төмөнкү мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын: 

«Агенттин веб-кассасы төлөм уюмунун агентине төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн сунушталган, ар кандай жабдуулар (мобилдик телефон, компьютер, планшет ж.б.) аркылуу төлөм уюмунун төлөм системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү.»; 

- 3-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун, алардын агенттеринин ишине карата негизги талаптар»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм системасынын операторунун негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка иш төмөнкү кызматтарды көрсөтүү менен гана чектелүүгө тийиш: 

- маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөрдү/маалыматтарды жайылтуу/берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (жарнамаларды өзүнүн сайтына, төлөм системасынын операторуна таандык төлөм терминалдарынын бетинде, терминалдардын маалыматтык/интерфейстик экрандарында, мобилдик тиркемелеринде жана имараттарында жайгаштыруу, ошондой эле тиешелүү кызматтарды сунуштоодо чектерде көрсөтүү); 

- төлөм системалары үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана аны андан ары тейлөө/техникалык колдоо боюнча кызматтарды сунуштоо; 

- ыйгарым укуктуу салык органына корголгон түрдө фискалдык маалыматтарды топтоо жана өткөрүп берүү/фискалдык маалымат операторунун иши боюнча кызматтарды сунуштоо;  

- программалык камсыздоону (интеллектуалдык менчик лицензиялары же продукттары)/банктык жабдууларды/төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды сатып өткөрүү

- эсептөө кубаттуулугун, сервердик жана тармактык жабдууларды, сервердик жабдуулар үчүн ижаралык аянтчаны сунуштоо. 

Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы менен түзүлгөн агенттик келишимге ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштай алат. 

Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат.  

Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны жана ал боюнча укуктарды башка адамга берүүгө тыюу салынат.»

- Жобо төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын: 

«7-1. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып 12 (он эки) ай ичинде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим/келишимдерди түзүүгө жана үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана аларды ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү ишин баштоого тийиш. Бул талап аткарылбаса, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын операторунун лицензиясы кайтарылып алынат.»

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткарган шартта кайра уюштурулушу мүмкүн (биригүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү, кайра өзгөртүп түзүү). 

Кайра уюштурууда төлөм системасынын оператору кайра уюштурууга байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн кайра уюштуруу боюнча тиешелүү чечимди тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүнү сунуштоого тийиш.»; 

- 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Төлөм системасынын оператору тарифтик саясатты жана өз кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркына баа түзүү принциптерин иштеп чыгууга, бекитүүгө жана лицензия алган учурдан тартып жылына бир жолу Улуттук банкка бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалыматты берип турууга тийиш.  

Андан кийин, төлөм системасынын оператору Улуттук банкка тарифтик саясат жөнүндө маалыматты учурдагы календардык жылдын I (биринчи) чейрегинин акырына чейинки мөөнөттө жылына кеминде 1 (бир) жолу сунуштайт.  

Төлөм системасынын оператору тарифтик саясат жана/же тарифтер өзгөргөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде бардык өзгөртүүлөр тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш.»; 

- 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

1) колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун сакталышын, ошондой эле алардын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн контролдоого; 

2) төлөм системасынын башка катышуучуларына төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн зарыл техникалык жана программалык каражаттарга карата талаптарды коюуга; 

3) төлөм уюмунун агенттери, субагенттери жана товарларды/кызматтарды сунуштоочулары боюнча маалымат базасын жүргүзүүгө жана анда кеминде төмөнкү маалымат камтылууга тийиш: 

- келишимдин реквизиттери (келишимдик мамилелердин күнү, номери, түрү); 

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат, жеке ишкердин паспортундагы маалымат, патент, каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк; 

- жайгашкан орду/жашаган дареги, ишкердик жүргүзүлүп жаткан дарек; 

- жетекчилер тууралуу маалымат; 

- байланышуу үчүн маалымат; 

- менчик ээлери/уюштуруучулар жөнүндө маалымат (юридикалык жактар үчүн); 

- товарларды/кызматтарды сунуштоочулардын бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалымат; 

- юридикалык жактын/жеке ишкердин ишкердик түрү жөнүндө маалымат (банк иши, коммуналдык кызматтар ж.б.); 

- ошол юридикалык жак/жеке ишкер менен ишкердик мамиле түзүү максаты жана болжолдуу багыты (сунуштоочу болсо, кызмат көрсөтүү түрүн белгилөө зарыл); 

- финансылык шарттар (комиссиянын жогору жана төмөнкү чеги, кызмат көрсөтүүнүн наркы ж.б.); 

4) төлөм системасындагы тобокелдиктерди баалоо жана аларды тескөө

5) маалыматты иштеп чыгуу каражаттарынын коопсуз ишин камсыздоо; 

6) жагдайларды башкарууга карата бирдиктүү ыкманы камсыздоо жана жагдайлар реестрин жүргүзүү

7) штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан учурда келишим шарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, товарларды/кызматтарды сунуштоочуларга системага кабыл алынган төлөмдөр боюнча маалыматты өз убагында билдирүүнү камсыздоо.»; 

- 20-пунктундагы биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Функционалдык милдеттерине ылайык, төлөм системасынын операторунун персоналы төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу:»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын: 

«20-1. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген, бекитилген эсепке алуу саясатына ээ болууга тийиш.»; 

- 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.

Төлөм уюмунун негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка иш төмөнкү кызматтарды көрсөтүү менен гана чектелүүгө тийиш: 

- маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөрдү/маалыматтарды жайылтуу/берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (жарнамаларды төлөм терминалдарына, өзүнүн сайтына, төлөм уюмуна таандык төлөм терминалдарынын бетинде, терминалдардын маалыматтык/интерфейстик экрандарында, мобилдик тиркемелеринде жана имараттарында жайгаштыруу, ошондой эле тиешелүү кызматтарды сунуштоодо чектерде көрсөтүү); 

- төлөм системалары үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана аны андан ары тейлөө/техникалык колдоо боюнча кызматтарды сунуштоо (ишти төлөм системаларынын операторунун иши менен айкалыштурууда); 

- ыйгарым укуктуу салык органына корголгон түрдө фискалдык маалыматтарды топтоо жана өткөрүп берүү/фискалдык маалымат операторунун иши боюнча кызматтарды сунуштоо;  

өз агенттери жана субагенттери үчүн инкассатордук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

- агенттердин/субагенттердин аралыкта орнотулган жабдууларын (терминалдарын) техникалык тейлөө

- программалык камсыздоону (интеллектуалдык менчик лицензиялары же продукттары)/төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды сатып өткөрүү

- эсептөө кубаттуулугун, сервердик жана тармактык жабдууларды, сервердик жабдуулар үчүн ижаралык аянтчаны сунуштоо. 

Төлөм уюму Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы менен түзүлгөн агенттик келишимге ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштай алат. 

Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат.  

Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат.»

- Жобо төмөнкү мазмундагы 32-1-пункт менен толукталсын: 

«32-1. Төлөм уюмунда кеминде аппараттык-программалык комплекстин иштеши жана анын коопсуздугу үчүн жооптуу техникалык персонал (штаттык кызматтар), башкы бухгалтер (штаттык кызмат), ошондой эле уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персонал болууга тийиш. Функционалдык милдеттерине ылайык, төлөм уюмунун персоналы төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу: 

- маалымат системасынын контролдоо системаларынын шайкештигин баалоо - башкаруу звенолорун текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча аткаруу органына негизделген сунуштарды жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү

- коопсуздукту камсыз кылууну баалоо - маалымат коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кылмышкердин иш-аракеттеринен, авариялык үзгүлтүктөрдөн жана персоналдын каталарынан келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларды минималдаштыруу; 

- системанын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштешин текшерүү

- иштин натыйжалуулугун баалоо - уюмдун иштешинин ар кандай тарабын эксперттик баалоо жана аларды өркүндөтүү боюнча негиздүү сунуштарды берүү

- чечим кабыл алуу, финансылык жана регулятивдик отчетту түзүү үчүн колдонулган финансылык маалыматтын ишенимдүүлүгүн, толуктугун жана өз убагында берилишин камсыз кылуу; 

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо жана зарылчылыкка жараша атайын аудитордук текшерүүлөрдү баштоо; 

- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жана финансылык отчетту түзүү

Төлөм уюму персоналдын аткарып жаткан функцияларынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга, зарылчылыкка жараша, төлөм уюмунун негизги функцияларын аткарууга катышкан персоналдын функцияларын кайталоону камсыз кылууга тийиш. Персоналды иштен бошотууда/алмаштырууда, талапка ылайык тариздөө менен функционалдык милдеттерди жана документтерди кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылуу тартиби (акт, протокол) аныкталууга тийиш.»

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди камсыздандыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү башкаруучу мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тиешелүү келишимдик мамилелерде (түздөн-түз келишимдерди түзүүдө) ушул талапты белгилөө, жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алуу үчүн тобокелдиктерди тескөөнүн жана контролдоонун зарыл механизмдерин ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерине кабыл алынган төлөмдөрдүн бардык суммасынын кеминде 100 (жүз) пайызы өлчөмүндө алдын ала төлөө же кайтарылгыс банктык гарантияны же камсыздандыруу депозитин берүү.  

Мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму кабыл алынган төлөмдөрдү Бирдиктүү казына эсебине чегерүү милдеттенмелерин аткарбаса/бузган учурларда кайтарылгыс банктык гарантия же камсыздандыруу депозити колдонула тургандыгы каралган. Төлөмдөр суммасы алдын ала төлөм же кайтарылгыс банктык гарантия же камсыздандыруу депозит өлчөмүнөн арткан учурда товарларды/кызматтарды сунуштоочунун кызматы автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш; 

2) келишимдик мамилелерде алдын ала төлөө же болбосо товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын банктык эсебинде жайгаштырылган депозит каралбаган, мамлекеттик менчикке, коммуналдык ишканаларга жана бюджеттик уюмдарга жарым-жартылай таандык болгон товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир сунуштоочусу боюнча акыркы чейректеги орточо күндүк жүгүртүүнүн 50 (элүү) пайызы өлчөмүндө кайтарылгыс банктык гарантияны же камсыздандыруу депозитин берүү

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму кабыл алынган төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсептешүү эсебине чегерүү боюнча милдеттенмелерин, ошондой эле анда камсыздандыруу депозити жайгаштырылган банктык эсепти контролдоо шарттарын аткарбаса/бузган учурда кайтарылгыс банктык гарантия же камсыздандыруу депозити максаттуу багыты боюнча колдонула тургандыгы жана/же товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш; 

3) келишимдик мамилелерде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга алдын ала төлөө каралбаган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына кайтарылгыс банктык гарантия же камсыздандыруу депозитин сунуштоо. Кайтарылгыс банктык гарантиянын же камсыздандыруу депозитинин өлчөмү акыркы чейректе төлөм уюмунун ар бир товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу боюнча орточо күндүк жүгүртүү суммасынын кеминде 10 (он) пайызын түзүүгө тийиш; 

4) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу үчүн каралган акча каражаттары төлөм уюмунун чарбалык ишине байланыштуу операцияларды жүргүзүү үчүн каралган төлөм уюмунун эсептешүү эсебинде топтолбоого тийиш. Камсыздандыруу депозиттери бардык товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча бир банктык эсепте же болбосо өзүнчө банктык эсептерде жайгаштырылышы мүмкүн.»; 

- 34-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Акча каражаттарын кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/чегерүү (инкассациялоо) жана акча каражаттарын берүүгө байланыштуу кассалык операциялар төлөм уюму тарабынан максаттуу багыты боюнча жана өзүнүн гана административдик-чарбалык ишин тейлөө үчүн ишке ашырылууга тийиш.»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын: 

«34-1. Төлөм уюму штаттан тышкаркы жагдайлардын натыйжасында (өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал ж.б. режимдерин киргизүү) шаарларда жана калктуу пункттарда жүрүү боюнча чектөөлөр киргизилген учурда, өз төлөм терминалдарын жана/же өз агенттеринин төлөм терминалдарын инкассациялоо үчүн инкассатордук кызматы (мамлекеттик же жеке) менен келишим түзүүгө укуктуу.»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 34-2-пункт менен толукталсын: 

«34-2. Төлөм уюму Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген бекитилген эсепке алуу саясатына ээ болууга тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 38-1-пункт менен толукталсын:  

«38-1. Төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексинин аппараттык бөлүгү өнөр жай классындагы жабдуулардан туруусу зарыл. Төлөм уюмунда төмөнкүлөр болууга тийиш: 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоонун укук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген уюм менен түзүлгөн келишим (программалык камсыздоо сатып алынган учурда); 

- кызматкерлер менен түзүлгөн келишимдерге же эмгек макулдашууларына ылайык, иштеп чыккан компания (программалык камсыздоо сатылып алынган учурда) же программалык камсыздоону иштеп чыккан/ишин камсыз кылган жактар менен техникалык колдоону камсыз кылуу боюнча келишим; 

- системанын администраторлору жана программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же коштомо документтер; 

- сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы; 

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналы; 

өндүрүштүк пайдаланууга берүү актысы; 

- төлөм уюму жана программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоонун укуктук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы.»; 

- 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «40. Төлөм уюму 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу аппараттык-программалык комплекстин коопсуздугу ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү менен протокол түзүүгө тийиш. 

Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделип, ага текшерүүнүн катышуучулары кол коюуга жана кол койгон учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш.»; 

- 43-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын кошо алганда, агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган, агенттер менен түзүлгөн келишимдердин электрондук реестри болууга тийиш:»; 

- 49-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«49. Төлөм уюмунда функцияларды аткаруунун алкагында агенттерди/субагенттерди төлөм системасын пайдалануу принциптерине окутуу боюнча документтер болууга тийиш. Агенттер менен келишим түзүүдө төлөм уюму төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү

- колдо болгон ички эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү берүүгө, анын ичинде аралыктан түшүндүрүүгө

- агентти/субагенттерди Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары, анын ичинде Улуттук банктын агенттерге тиешелүү ченемдик укуктук актылары жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тааныштырууга (жазуу жүзүндө/электрондук). 

Төлөм уюму көрсөтүлгөн талаптардын сакталышы боюнча агенттердин/субагенттердин ишине андан аркы мониторинг жүргүзүлүшүн камсыз кылат.»; 

- 64-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 69-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- жабдуунун жана бирдей системалардын тармактык өз ара иштөө схемасы (топологиясы).»; 

- 73-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделип, ага текшерүүнүн катышуучулары кол коюуга жана кол койгон учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш.»; 

- 79-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«79. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын гана кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле ушул Жобонун 33-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишимде белгиленген тартипте товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

Төлөм уюму лицензия алгандан кийинки 12 (он эки) ай ичинде келишим/келишимдерди түзүүгө жана төлөмдөрдү кабыл алууну жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү баштоого тийиш, мындай иш жүргүзүлбөсө төлөм уюмунун лицензиясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарылып алынат.»; 

- 82-пунктта «отчеттун 1-5» сөздөрү жана сандары «отчеттун 1-7» сөздөрүнө жана сандарына алмаштырылсын; 

- 83-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«83. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер келип чыккан шартта же төмөнкү маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдер кабыл алынгандан кийин 15 (он беш) жумуш күнү ичинде анкеталардын жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

- уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө

- башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар же алардын анкеталык маалыматтары жөнүндө

- уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин катышуу үлүшүндөгү өзгөрүүлөр жана үлүштөрдү өткөрүп берүү боюнча макулдашуунун суммасы жөнүндө

- уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин катышуу үлүшүнүн өзгөрүүлөрү жана үлүштөрдү берүү жөнүндө макулдашуунун суммасы жөнүндө

- кызмат адамдарынын жана катышуучулардын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө

- акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө

- айкын жана юридикалык даректери жөнүндө

- туунду уюмдарынын/филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн болушу жөнүндө

- коммерциялык пайдаланууга киргизилип жаткан жаңы продукттар/кызмат көрсөтүүлөр, төлөм системасынын жана башка автоматташтырылган системалардын, анын ичинде агенттин мобилдик тиркемесинин элементтери жана компоненттери жөнүндө

- уюмдун кызматкерлеринин чыгымга алып келген укукка каршы иш-аракеттери жана инциденттери жөнүндө

- уюмдун маалымат системаларынын паспортундагы өзгөрүүлөр жөнүндө

- уюштуруу түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жана 30 (отуз) календардык күн ичинде кызматкерлердин 25 жана андан көп пайызы иштен бошонуп кетүүсү жөнүндө.»;

- 85-пунктунун: 

биринчи сүйлөмүндөгү «отчеттун 1-5» сөздөрү жана сандары «отчеттун 1-7» сөздөрүнө жана сандарына алмаштырылсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму жана алардын кызмат адамдары өз убагында, туура жана анык маалыматтарды берүүгө жооптуу.»; 

- 88-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«88. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн, кайрадан түзүлгөн жана токтотулган келишимдер жөнүндө маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он беш) күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө ушул Жобого карата 1-тиркеменин 2-отчеттук формасына ылайык, ай сайын Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.»; 

- 89-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талап кылынган маалыматтарды жана документтерди суроо-талапта башка мөөнөт белгиленбесе, Улуттук банктын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү

Белгиленген мөөнөт ичинде төлөм системасынын оператору/төлөм уюму инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жөнөтүлгөн Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.»; 

- 92-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Маалымат системаларына көз карандысыз аудит жүргүзүү мөөнөтү маалымат системаларына акыркы тышкы аудит жүргүзүлгөн күндөн тартып катары менен 3 (үч) жылды эсептөөнүн негизинде аныкталат. 

Эгерде төлөм системасынын операторуна лицензия алынган учурдан тартып маалымат системаларына аудит жүргүзүлбөсө, анда төлөм системасынын операторуна ушул Жобо күчүнө кирген учурдан тартып жыл ичинде маалымат системаларына аудит жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- 95-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«95. Маалымат системаларына аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө жана анын максаттары үчүн тышкы аудитор төлөм системаларынын операторунун маалымат системаларынын төмөнкү талаптарга дал келишине талдоо жүргүзүүгө жана баа берүүгө тийиш: 

а) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын маалымат системаларындагы тобокелдиктерди тескөө, маалымат коопсуздугу жана штаттан тышкаркы жагдайлар бөлүгүндө

б) төлөм системаларынын операторунун маалымат системаларынын ички саясаттарынын/жол-жоболорунун. 

Маалымат системаларына тышкы аудитти жүргүзүүдө, эң аз дегенде төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл: 

а) алардын жетиштүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүү көз карашынан маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди өздөштүрүү;  

б) алардын шайкештигине, жетиштүүлүгүнө жана актуалдуулугуна баа берүү максатында маалымат системаларында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча бизнес-пландарды, саясаттарды жана жол-жоболорду өздөштүрүү

в) маалымат системаларынын сапатын тескөө системасына жана операциялык тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

г) маалымат системаларынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу системасына жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта маалымат системаларын калыбына келтирүү пландарына баа берүү

д) түйүндүн, операциялык системанын, тиркемелердин, маалымат базасынын, персоналдын коопсуздугун жана физикалык коопсуздуктун камсыз кылуу деңгээлине баа берүү

е) автоматташтырылган системаларда жеткиликтүүлүктү тескөө жана ролдорду бөлүштүрүү системасына баа берүү

ж) төлөм системасынын операторунун персоналынын маалымат коопсуздугу жагында маалыматынын болушу деңгээлине баа берүү;  

з) интеллектуалдык менчик укугуна тиешелүү мыйзам талаптарынын сакталышы жана лицензияланган программалык продукттарды колдонуу жагында маселелерди кароого алуу.»; 

- 7-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7-глава. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалына карата талаптар»; 

- 98-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн сash-in функциясы менен):»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 98-1-пункт менен толукталсын: 

- «98-1. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (акча каражаттарын берүү үчүн сash-out функциясы менен):»; 

1)  акча каражаттарын берүү үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча төлөөчүгө кыскача нускоо/маалымат менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш; 

2) ички контролдук жол-жоболорунда/программаларында белгиленген тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен акча каражаттарын алуучу кардарды идентификациялоого жана верификациялоого тийиш; 

3) төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине онлайн режиминде туташтырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык жайгаштырылууга тийиш; 

4) операция ишке ашырылганга чейин акча каражаттарын берүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча маалымат берүүгө тийиш; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү боюнча түзүлүш менен жабдылууга тийиш.»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 98-2-пункт менен толукталсын: 

- «98-2. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (акча каражаттарды берүү үчүн сash-out функциясы менен) коммерциялык банктар менен агенттик келишим болгон учурда банктын атынан чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо гана төлөм уюму тарабынан колдонулушу зарыл. Банк менен келишим болбогон учурда, төлөм уюмуна акча каражаттарын берүү кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат.»; 

- 1-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

 

«Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаларынын 

операторлорунун ишин жөнгө  

салуу жөнүндө» жобого карата  

1-тиркеме 

 

 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун  

титулдук барагы 

 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № _______ лицензиясынын негизинде иш алып барган ___________________________________________________________________  

(ЖЧК/ААК/ЖАК төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы)  

20__-жылдын «__» ___________ үчүн төлөм системасы боюнча регулятивдик отчетту сунуштайт. 

Аткаруу органынын мүчөлөрү (ЖЧК/ААК/ЖАК төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы): 

1) 

 

(кызматы

______________________________________________    

аты-жөнү  

2) 

 

(кызматы) 

______________________________________________    

аты-жөнү 

3) 

 

(кызматы) 

______________________________________________    

аты-жөнү 

 

Тиркеме: 

- Отчеттун №1 формасы «Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө маалымат» 

- Отчеттун №2 формасы «Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун келишимдери жөнүндө маалымат»  

- Отчеттун №3 формасы «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө маалымат» 

- Отчеттун №4 формасы «Агрегаторлордун пайдасына кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө маалымат» 

- Отчеттун №5 формасы «Агенттер, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат»  

- Отчеттун №6 формасы «Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарлары/ пайдалануучулары, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат»  

- Отчеттун №7 формасы «Кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат»  

 

Биринчи жетекчи (ал жок болгон мезгилде анын милдетин аткаруучу адам)  

___________________________ 

аты-жөнү  

 

_____________  

(кол тамгасы) 

  

  

  

Аткаруучу 

(кызматы) 

(телефон номери) 

__________________________ 

аты-жөнү  

_________________________  

(кол тамгасы) 

  

  

 

  

 

  

  

 

   

  

Отчетко кол койгон күн 20_____ -жылдын “___” ________________  

  Мөөр 

 

 

Отчеттун 1-формасы  

_________________________  

Уюмдун аталышы 

 

20__-жылдын _________ айы үчүн  

төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

 

№1-А отчет «Банктык эсептер» 

№ 

Банктын аталышы 

Эсептин түрү 

Отчеттук мезгилдин акырына карата банктык эсептердеги акча каражаттар калдыгы 

гарантиялык эсеп  

(эсептин №) 

эсептешүү эсеби (эсептин №) 

валюта 

сумма (же сом түрүндө эквиваленти) 

  

Жыйынтыгында улуттук валютада

  

  

 сом 

  

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында чет өлкө валютасында:  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№1-Б «Төлөм системасынын катышуучулары» 

Төлөм системасынын катышуучуларынын жалпы саны  

(саны көрсөтүлөт) 

Анын ичинде:  

 

- сунуштоочулар  

__________ 

- агенттер 

__________ 

- агрегаторлор (төлөм уюмдары, коммерциялык банктар) 

 

- субагенттер 

__________ 

башка жактар (көрсөтүлсүн): 

__________ 

__________________ 

__________ 

__________________ 

__________ 

 №1-С «Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары» 

Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарынын жалпы саны  

(саны көрсөтүлөт)  

Анын ичинде:  

  

өздүк төлөм терминалдары  

__________ 

агенттердин төлөм терминалдары өлөм уюмдары, коммерциялык банктар)  

__________ 

агенттердин төлөм терминалдары (жеке ишкер, башка юридикалык жактар

__________  

башкалар (көрсөтүлсүн):  

__________  

веб-кассалар   

__________  

POS-терминалдар  

__________  

SMS-агенттер 

__________ 

__________________ 

__________ 

 

Отчеттун 2-формасы  

Уюмдун аталышы 

_____________________ 

 

20__-жылдын _________ айы үчүн төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун келишимдери жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

 

Колдонуудагы келишимдердин жалпы саны: (саны көрсөтүлсүн) 

Отчеттук айда түзүлгөн келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

Отчеттук айда кайра түзүлгөн келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

Отчеттук айда токтотулган келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

 

 

№ 

Уюмдун аталышы/жеке адамдын аты-жөнү  

Юридикалык дареги жана байланыш маалыматтары  

Келишимдин номери жана күнү  

Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен келишимдер: 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча агенттер менен келишимдер: 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Агрегаторлор менен келишимдер (төлөм уюмдары; үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алган коммерциялык банктар): 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

 

 

Отчеттун 3-формасы  

Уюмдун аталышы 

_____________________ 

 

20__-жылдын _________ айы үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

  

 

№ 

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун уюмдун аталышы 

Алдын ала төлөөнүн жалпы суммасы, сом 

Камсыздандыруу формасы  

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү*, сом 

Төлөмдөрдүн жалпы саны*, бирдик 

Сунуштоочуларга айкын жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы  

камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом 

банктык гарантия, сом 

  

 ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

*агрегаторлордун (төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын) пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эске албаганда, автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт  

 

Эскертүү:  

1) Төлөмдөрдүн «Жалпы көлөмү» жана «Жалпы саны» жыйынтык мааниси №7 «Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн көлөмү жана саны» формасында көрсөтүлгөн жыйынтык мааниге барабар болууга тийиш. 

2) Агрегаторлор аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эске албаганда, автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт. 

3) Өз банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сунуштоочуларынын ролун аткарган коммерциялык банктардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр отчеттун ушул формасында көрсөтүлөт. 

 

 

Отчеттун 4-формасы  

Уюмдун аталышы 

_____________________ 

 

20__-жылдын _________ айы үчүн агрегаторлордун пайдасына  

кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө

(мында, уюм башка төлөм уюмунун, коммерциялык банктын  

агенти катары иш алып барат

МААЛЫМАТ 

 

№ 

Төлөм уюмунун/банктын аталышы  

Алдын ала төлөөнүн жалпы суммасы, сом 

Камсыздандыруу формасы  

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү*, сом 

Төлөмдөрдүн жалпы саны*, бирдик 

Агрегаторлорго айкын жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы  

камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом 

банктык гарантия, сом 

  ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

*автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт, б.а агрегаторлордун (төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын) пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр. 

 

 

Эскертүү:  

1) Ушул отчеттун алкагында агрегаторлор дегенден улам, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алган жана иштеп чыккан, коммерциялык банктарды жана төлөм уюмдарын (алардын агенттерин) түшүнүүгө болот, бул төлөмдөр жыйынтыгында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. сунуштоочулардын пайдасына келип түшөт.  

2) Башка төлөм уюмдары, коммерциялык банктар аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына гана өткөн жана/же төлөмдөрдүн агрегатору катары иш алып барган төлөм уюмдарынын, коммерциялык банктардын пайдасына өткөн автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт.  

 

 

Отчеттун 5-формасы  

Уюмдун аталышы 

_____________________ 

 

 

20__-жылдын _________ айы үчүн агенттер, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

 

№ 

Агенттердин аталышы 

Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарынын саны:  

(өзүнчө көрсөтүлсүн: төлөм терминалдарынын, веб-кассалардын ж.б. саны). 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

1) төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын төлөм терминалдары аркылуу: 

 

 ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

 

 

 

 

 

 

 

 

1) башка агенттердин төлөм терминалдары аркылуу (1-пунктка киргизилбеген): 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

 

 

 

 

 

 

 

 

1) веб кассалар: 

 

  ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

 

 

 

 

 

 

 

 

1) агенттердин/субагенттердин башка кабыл алуу пункттары:  

 

  ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Отчеттун 6-формасы  

Уюмдун аталышы 

_____________________ 

 

20__-жылдын _________ айы үчүн агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарлары/пайдалануучулары, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

 

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин аталышы: _________ 

Иштеп чыгуучу агенттин/агенттердин мобилдик тиркемелеринин сервис ээсинин аталышы: __________ 

Электрондук акча системаларынын аталышы, ага кирүү агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук капчыкты туташтыруу жолу менен, эмитент-банктардын/Эл аралык электрондук акча системасынын агенттеринин-банктардын аталышын көрсөтүү менен камсыз кылынат

1. ___________ 

2. ___________ 

3. ___________ 

 

 

Банктык төлөм карттары агенттердин мобилдик тиркемелерине (эквайринг) туташтырыла турган банктардын аталышы

1. ___________ 

2. ___________ 

3. ___________ 

 

 

№1-А отчет «Агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдүн көлөмү жана саны» 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин жигердүү пайдалануучулардын саны  

Кайтарылган аванстык төлөмдөрдүн эсебинен (алдын ала төлөө

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

   

   

   

   

 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар банктардын кардарларынын саны  

Туташтырылган банктык карттар аркылуу  

Туташтырылган электрондук капчыктар аркылуу  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

   

   

   

   

 

 

 

 

 

 

 

№1-Б отчет «Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулардын саны» 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар категориясы  

Отчеттук мезгилде  

(өсүш (+бирдик)) 

Бардыгы болуп, отчеттук мезгилдин акырына карата (бирдик) 

Системада катталган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулардын саны  

 

 

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланган пайдалануучуларынын саны

анын ичинен: 

 

 

2.1 

Төлөм уюму/агенттер тарабынан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулардын саны

анын ичинен: 

 

 

 

а) сүрөттү салыштыруу аркылуу (автоматташтырылган режимде) 

 

 

 

б) видеобайланыш сеансы аркылуу (интервью жүргүзүү жолу менен) 

 

 

2.2 

Банк-өнөктөш тарабынан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулардын саны 

 

 

 

 

 

Отчеттун 7-формасы  

Уюмдун аталышы 

_____________________ 

 

20__-жылдын _________ айы үчүн кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

 

№ 

Төлөмдүн түрү  

Төлөмдөрдүн саны, бирдик  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

 

 

Мобилдик байланыш 

 

 

Катталган телефон байланышы 

 

 

Интернет 

 

 

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

Салыктык жыйымдар 

 

 

КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына айыптык төлөмдөр  

 

 

Мамлекеттин бюджетине башка төлөмдөр  

 

 

Банктык эсепти толуктоо  

 

 

ФКУ кредитин төлөө  

 

 

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр  

 

 

11 

Электрондук капчыкты толуктоо 

 

 

12 

Интернет-дүкөндөр 

 

 

13 

Социалдык тармактар 

 

 

14 

Интернет-оюндар 

 

 

15 

Башка интернет тиркемелеринде эсепти толуктоо  

 

 

16 

Такси кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө 

 

 

17 

Жарнамалык кызмат көрсөтүүлөр  

 

 

18 

Кулактандыруулар 

 

 

19 

Кайрымдуулук  

 

 

20 

Билим берүү 

 

 

21 

Туристтик кыдыруулар 

 

 

22 

Башка төлөмдөр 

 

 

 

Эскертүү: Төлөмдөрдүн «Көлөмү» жана «Саны» жыйынтык мааниси «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө маалымат» деген 3-формада көрсөтүлгөн жыйынтык мааниге барабар болууга тийиш. 

 

».