Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 25-августундагы  

№ 2021-П-12/47-2-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына лицензиялоо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 25-августундагы  

№ 2021-П-12/47-2-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына лицензиялоо боюнча өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилген:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 92-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«92. Улуттук банктан уруксат берилген операциялардын тизмесинде көрсөтүлбөгөн банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу же таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында белгиленген жана лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинин өзгөрүшүнө алып келген банктын лицензиясындагы чектөөлөрдү алып салуу (уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинде) үчүн банк, банктын директорлор кеңеши тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып, 6 айдан ашпаган мөөнөт ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди жөнөтөт: 

1) айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө/ банк ишке ашырууга ниеттенген операциялардын белгилүү тизмесин көрсөтүү менен лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө маселени карап чыгуу тууралуу башкарманын төрагасынын колу коюлган банктын өтүнүч каты; 

2) болжолдонуп жаткан операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүчү директорлор кеңешинин чечимин камтыган, директорлор кеңешинин отурумунун протоколунан толук берилген көчүрмөнү, ошондой эле болжолдонуп жаткан операциялар директорлор кеңеши тарабынан ар тараптуу талдап-иликтөөгө алынгандыгы, ал операциялардын банктын ишине тийгизген таасири, тобокелдик-менеджменти кызматынын корутундусунун негизинде жаңы операциялар менен коштолгон тобокелдиктер банк тарабынан идентификациялангандыгы тууралуу маалыматты банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

3) операцияларды жүргүзүү/алардан чектөөлөрдү алып салуу зарылдыгын экономикалык жактан негиздеген маалыматты камтыган, болжолдонуп жаткан операциялар боюнча банктын бекитилген бизнес-планы, иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча маркетинг план, болжолдонгон экономикалык эсептөөлөр, кредиттик стратегия, тобокелдиктерди башкаруу стратегиясы; 

4) болжолдонуп жаткан операцияларга байланышкан кирешелерди болжолдоо;  

5) тиешелүү банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөрдү белгилөөгө себеп болгон Улуттук банк тарабынан коюлган талаптардын аткарылгандыгы жөнүндө/Улуттук банк тарабынан аныкталган бузуулар четтетилгендиги жөнүндө маалыматтар; 

6) квалификациялуу персоналдын бар экендигин тастыктаган маалыматтар;  

7) банк ишин кеңейтүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу банктын кайра каралган уюштуруу түзүмү (зарылдыгына жараша);  

8) болжолдонуп жаткан операциялар боюнча ишти жөнгө салган, банктын ички документтери (саясаттары);  

9) лицензия алууга ишеним каттын түп нускасы;  

10) лицензияга төлөм.  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кошумча банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү документтер берилүүгө тийиш: 

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык «ислам терезеси» аркылуу улуттук жана / же чет өлкө валютасында айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү маселени карап чыгуу тууралуу башкарманын төрагасынын колу коюлган, банк ишке ашырууга ниеттенген операциялардын белгилүү тизмесин камтыган банктын өтүнүч каты; 

2) болжолдонуп жаткан операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүчү директорлор кеңешинин чечимин камтыган, директорлор кеңешинин отурумунун протоколунан толук берилген көчүрмөнү, ошондой эле болжолдонуп жаткан операциялар директорлор кеңеши тарабынан ар тараптуу талдап-иликтөөгө алынгандыгы, ал операциялардын банктын ишине тийгизген таасири, тобокелдик-менеджменти кызматынын корутундусунун негизинде жаңы операциялар менен коштолгон тобокелдиктер банк тарабынан идентификациялангандыгы тууралуу маалыматты банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

3) банк ишин кеңейтүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу банктын кайра каралган уюштуруу түзүмү (зарылдыгына жараша);  

4) болжолдонуп жаткан операциялар боюнча ишти жөнгө салган, банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, банктын тиешелүү органы тарабынан бекитилген жана төмөнкүлөр каралган банктын ички документтери;  

а) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын ишке ашыруунун натыйжасында банк дуушар болушу мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар; 

б) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын ишке ашырууга байланыштуу келип чыгуучу бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди туруктуу негизде төмөндөтүү чараларын контролдоо; 

5) шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн жана банктын Шариат кеңеши тарабынан бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашыруу боюнча типтүү келишимдер; 

6) лицензияны алууга ишеним каттын түп нускасы; 

7) лицензияга төлөм. 

Электрондук акчаны чыгарууга уруксат алуу үчүн банк, Улуттук банктан уруксат берилген операциялардын тизмесинде көрсөтүлбөгөн банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу же таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында белгиленген жана лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинин өзгөрүшүнө алып келген банктын лицензиясындагы чектөөлөрдү алып салуу (уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинде) үчүн берилүүчү документтерге кошумча төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент менен түзүлгөн типтүү агенттик келишимдин көчүрмөсү эки нускада

2) оператор менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (эгерде эмитент оператор менен иш алып барган болсо) эки нускада; 

3) электрондук акча боюнча калдыктарды жана анын жүгүртүлүшү жөнүндө маалыматтар базасын алуу, күн сайын жаңыртып туруу жана сактоо үчүн программалык камсыздоону орнотуу боюнча актынын көчүрмөсү эки нускада; 

4) башкарманын/директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлган электрондук акча системасы менен иштөө эрежелери эки нускада, эрежелер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- банк, оператор, агенттер жана акцептанттар ортосунда операцияларды жүзөгө ашыруу тартиби, анда бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасы камтылууга тийиш;  

электрондук акчаны пайдалануудагы финансылык жана техникалык тобокелдиктерди контролдоону уюштуруу;  

электрондук акчаны пайдалануу учурунда маалыматтык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү укугун чектөө, маалыматты коргоо жана коопсуздук системасы эки нускада;  

- лимиттерге карата белгиленген талаптарга, ошондой эле «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн башка талаптарга ылайык, электрондук капчыктар боюнча лимиттер тууралуу маалыматты таблица формасында;  

-  электрондук акча системасынын катышуучуларынын ортосунда өз ара иш алып баруу схема/диаграмма түрүндө.  

Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксат алуу үчүн банк, Улуттук банктан уруксат берилген операциялардын тизмесинде көрсөтүлбөгөн банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу же таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында белгиленген жана лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинин өзгөрүшүнө алып келген банктын лицензиясындагы чектөөлөрдү алып салуу (уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинде) үчүн берилүүчү документтерге кошумча төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) катышуучу банктардын тизмеси;  

2) төлөм системасында ишке ашырылган операцияларга финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөлөрү;  

3) башкарманын/директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлган жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иштөө эрежелери, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

а) системанын архитектурасы жана анын иш схемасы;  

б) системага кирүү жана андан чыгуу жол-жоболору;  

в) катышуучуну системага туташтыруу тартиби;  

г) процессинг жүргүзүү тартиби;  

д) төлөм системасынын катышуучулары тарабынан өз иши тууралуу маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби;  

е) тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулган моделди, тобокелдиктерди тескөө иш-чаралар тизмесин жана ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасындагы тобокелдиктерди тескөө системасы;  

ж) маалыматтарды коргоого талаптар;  

з) талаш маселелерди чечүү тартиби;  

и) системада штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда катышуучулардын иш-аракеттеринин тартиби;  

к) катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;  

л) жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамасын тескөө, кардарларды эл аралык уюмдар тарабынан даярдалган террористтердин тизмеси, террористтердин улуттук тизмеси жана терроризмге катышы бар деген шектенүүнү жараткандарды улуттук тизме боюнча текшерүү механизмдеринин системада бар экендигин сыпаттоо;  

4) төлөм системасынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын аткарылышы жөнүндө маалымат. 

Мында, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн банк төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

1) төлөм системасынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды аткарууга;  

2) Улуттук банк тарабынан белгиленген бардык экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткарууга;  

3) банкка карата таасир этүү чараларын же башка санкцияларды колдонуунун натыйжасында банк иши боюнча чектөөлөр болбоого.». 

 

- 98-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«98. Банк «ислам терезесин» ачуу үчүн төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш: 

а) Улуттук банктын талаптарына ылайык шайкеш капиталга ээ болуу; 

б) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды аткаруу.  

Банкта өтүнүч кат берилген күнгө карата банктын туунду компанияларын, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүүгө чектөөлөр же тыюу салуулар жок болгон, ошондой эле атайын режим киргизилбеген шартта, банкка «ислам терезеси» аркылуу банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилиши мүмкүн.»; 

 

- 99-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«99. «Ислам терезеси» аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны алуу үчүн банк төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) банк ишке ашырууга ниеттенген операциялардын типтерин толук камтыган, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык «ислам терезеси» аркылуу улуттук жана / же чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө банктын директорлор кеңешинин өтүнүч каты;  

2) банктын ыйгарым укуктуу органынын төмөнкү чечимдерди кабыл алуу жөнүндө протоколунан алынган толук көчүрмө (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө):  

а) «ислам терезесин» ачуу жөнүндө;  

б) Шариат кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо, «ислам терезесинин» жетекчисин, ислам принциптери боюнча каржылоого жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин дайындоо жөнүндө. Шариат кеңеши кеминде үч адамдан турууга тийиш;  

в) банктык операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруунун саясаттарын жана башка ички ченемдик документтерин бекитүү жөнүндө

г) болжолдонуп жаткан операциялар директорлор кеңеши тарабынан ар тараптуу талдап-иликтөөгө алынгандыгы, ал операциялардын банктын ишине тийгизген таасири, тобокелдик-менеджменти кызматынын корутундусунун негизинде жаңы операциялар менен коштолгон тобокелдиктер банк тарабынан идентификациялангандыгы тууралуу;  

3) болжолдонуп жаткан операцияларды ишке ашырууга байланыштуу болжолдонгон кирешелүүлүктү, жүргүзүлүүчү операциялардын көлөмүн жана тобокелдиктерин көрсөтүү менен (кеминде келерки эки жылга) бизнес-план; 

4) квалификациялуу персоналдын бар экендигин тастыктаган маалыматтар (көрсөтүлгөн кызматкерлер банк/финансы чөйрөсүндө кеминде бир жыл иш тажрыйбасына жана бул багытта атайын окутуудан өткөндүгүн тастыктаган документтерге ээ болууга тийиш);  

5) банк ишин кеңейтүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу банктын кайра каралган уюштуруу түзүмү;  

6) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген тартипте, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашыруу маселелерин камтыган банктын уставынын эки нускасы (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү); уставда Шариат кеңешинин милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары, аны түзүү тартиби (кеңештин мүчөлөрү кайсы орган тарабынан жана кайсы мөөнөткө дайындалат) жана ислам каржылоо принциптери боюнча кенештин мүчөлөрүнө карата талаптар камтылууга тийиш;  

7) ушул жобонун IV бөлүгүнө ылайык, банктын Шариат кеңешинин төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн, «ислам терезесинин» жетекчисинин, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтар;  

8) банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана анда төмөнкүлөр каралган банктын каржылоо боюнча саясаты, операциялык, эсепке алуу саясаттары жана башка негизги саясаттары:  

а) банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашыруунун натыйжасында, банк дуушар болушу мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар;  

б) банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашырууга байланыштуу пайда болушу мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди туруктуу негизде төмөндөтүү боюнча контролдоо чаралары;  

9) Шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн жана банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашыруу боюнча типтүү келишимдер.»; 

 

- 120-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«120. Алгылыктуу чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк өтүнүч ээсинин дарегине анын өтүнүчү канааттандырылгандыгы тууралуу кат жөнөтөт, ал акцияларды сатып алуу жана андан ары каттоо үчүн иштерди аткаруу үчүн негиз болуп саналат, анда андан ары акцияларды сатууда же банктын капиталына чектүү катышуу азайган учурда банк капиталына чектүү катышууну сатып алууга Улуттук банктан алдын ала уруксат алуу зарылдыгы тууралуу банк капиталына чектүү катышууну сатып алып жаткан потенциалдуу сатып алуучуга өтүнүч ээси билдирүүсү зарыл деген талаптар камтылат. Акцияларга менчик укугу өткөндөн кийин, өтүнүч ээси 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка акцияларды сатуу-сатып алуу келишиминин көчүрмөсүн же менчик укугу өткөрүлүп берилген башка документти жана акциялар үчүн төлөнгөн фактысын тастыктаган башка документтерди тапшыруусу керек.»; 

 

- 122-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 125-2-пунктунун 1-пунктчасынын «г» абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелеринин жоктугун тастыктаган маалым кат же башка документ (салык кызматынын жана Социалдык фонд органдары (маалыматты ведомстволор аралык өз ара иш алып баруу маалымат системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан берилбейт) же чыккан өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы (Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн));» 

- 125-2-пунктунун 2-пунктчасынын «г» жана «д» абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө жөнүндө маалым кат (маалыматты ведомстволор аралык өз ара иш алып баруу маалымат системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан берилбейт); 

д) юридикалык жактын уюштуруучуларынын, акционерлеринин, катышуучуларынын, аткаруу органынын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин соттолгондугу жок экендигин юридикалык жак тастыктаган маалым кат же башка документ (маалыматты ведомстволор аралык өз ара иш алып баруу маалымат системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан берилбейт).»; 

 

- 138-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) акыркы төрт жыл ичинде ушул банктын директорлор кеңешинин курамына кирген эмес;»; 

 

- 158-пунктунун 4-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 158-пунктунун 11-абзацындагы «аудит боюнча комитеттин» деген сөздөрүнөн кийин «жана тобокелдиктерди тескөө комитетинин» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 159-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«159. Талапкердин мурунку иши жөнүндө маалымат алуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, Улуттук банк талапкердин акыркы иштеген үч мекемеден бир же бир нече сунуштама каттарын суроо-талап кылууга укуктуу. Сунуштама катта сунушталып жаткан адамдын аты-жөнү, атасынын аты, иштеген жери жана дареги, кызмат орду, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, талапкерге берилген мүнөздөмө, ал талапкер менен кайсы жерде жана качан иштегендиги көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле сунуштамага кол коюлган күн көрсөтүлүүгө тийиш. Сунуштап жаткан адамдын кол тамгасынын аныктыгы анын иштеген жери боюнча же нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бул талап эгерде сунуштама кат уюмдун фирмалык бланкында берилген жана уюмдун мөөрү коюлган учурда талап кылынбайт. Мында сунуштамаларды төмөнкүлөрдүн берүүсүнө жол берилбейт: 

1) Улуттук банктын кызматкерлеринен;  

2) кайсы болбосун туугандарынан;  

3) талапкерди макулдашуу жөнүндө өтүнүч кат берген банктын жетекчилеринен жана кызматкерлеринен;  

4) өтүнүч кат берип жаткан банктын аффилирленген компанияларынын кызмат адамдарынан;  

5) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишти жүзөгө ашырууга катышы бар деп табылган адамдардан жана ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына акыркы жолу макулдашуудан өтүү жол-жобосунда макулдашуудан баш тартылган адамдардан.»; 

 

- 160-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 161-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 22-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 273-пунктундагы «1 000 000,00 (бир миллион)» деген сөздөр «2 000 000 (эки миллион)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

- 307-пунктундагы «(2 түп нускада)», «(2 нускада)» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 329-пунктунун 1-абзацы төмөнкү мазмундагы эки сүйлөм менен толукталсын: 

«Банкты кайра өзгөртүп түзүү процессине банктар, ошондой эле банкка кошулуп жаткан микрофинансылык компаниялар гана катыша алат. Микрофинансылык компаниялардын кошулуусу аркылуу банктардын кайра өзгөртүлүп түзүлүү тартиби банктар үчүн ушул Жободо белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.»; 

 

- «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 21-тиркеменин 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Кайсы тилдерди билесиз? 

- кыргыз тили; 

- англис тили; 

- орус тили; 

- башка тилдер (көрсөтүңүз)»; 

- «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 21-тиркеменин 2.3-пунктундагы таблицанын «Телефон номери» тилкеси алынып салынсын.» 

- «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 21-тиркеменин 2.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.8. Төмөнкү маалыматтарды бериңиз: 

____-жылдын «___» ________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер жөнүндө жеке отчет (анкета толтурулган күнгө карата көрсөтүлөт).  

1-табл. (валютаны көрсөтүңүз).  

  

Активдер 

Сумма (сом түрүндө/чет өлкө жарандары үчүн тиешелүү валютаны жана АКШ долларына карата валюта курсун же АКШ долларын көрсөтүңүз) 

Негизги иштеген жери боюнча эмгек акы (айына) 

  

Негизги иштеген жеринен тышкары эмгек акы (айына) 

  

Накталай 

  

Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар (пайыздык ченди, үстөк бааны көрсөтүү менен) 

  

Баалуу кагаздар (баалуу кагаздын түрүн көрсөтүү менен) 

  

Күрөөгө коюлбаган же арестке коюлбаган кыймылсыз мүлк (мүлк сүрөттөлөт жана наркы көрсөтүлөт) 

  

Күрөөгө коюлган же арестке коюлган кыймылсыз мүлк (мүлк сүрөттөлөт жана наркы көрсөтүлөт) 

  

Дебитордук карыз (анын ичинде зайымга берилген каражаттар) 

  

  

Милдеттенмелер 

  

Кредиттер (зайымдар) боюнча карыз 

  

10 

Кредитордук карыз 

  

»; 

- «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 21-тиркеменин  

2.10-пунктундагы таблицадан «Үй дареги, тел. №» тилкеси алынып салынсын.»; 

- «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 29-тиркемедеги «Аманат кассасы ислам принциптеринин негизинде кредиттерди сунуштоодо/каржылоо боюнча операцияларды жүзөгө ашырууда банктын ислам принциптери боюнча кредиттик саясаты/каржылоо саясаты бекитилген күн жана номери, ошондой эле кредиттөөнү жүзөгө ашырган жооптуу кызматкердин кредиттөө жагында иш стажы/курстардан же такшалуудан өткөндүгү тууралуу маалымат көрсөтүлөт.» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 28-пунктунун биринчи сүйлөмдөгү «үч жылдык» деген сөздөр «төрт жылдык» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 29-пунктунун 7-пунктчасындагы «беш жыл» деген сөздөр «төрт жыл» деген сөздөргө алмаштырылсын.