Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2021-жылдын 8-сентябрындагы
№ 2021-П-14/50-2-(ПС)
токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын
30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебиндеги, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
5. Төлөм системаларынын башкармалыгы:
- ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын жана коммерциялык банктарын тааныштырсын;
- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн белгиленген тартипте жөнөтсүн.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2021-жылдын 8-сентябрындагы
№ 2021-П-14/50-2-(ПС)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын
30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун:
- таблицанын 4-бөлүгүнүн «Бюджеттик эмес мекемелердин жана жеке адамдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, активдер жана милдеттенмелери үчүн төлөөлөр»:
«Башка категорияларга кирбей калган товарлар» 411-тобу төмөнкү редакцияда берилсин:
«
41100000 |
Башка категорияларга кирбей калган товарлар |
41100100 |
Түрү боюнча классификацияланбаган почта пакеттери |
41100200 |
Түрү боюнча классификацияланбаган атайын операциялар жана товарлар |
41100300 |
Монетардык эмес алтын (алтын кендеринен жана кошулмаларынан башка) |
41100400 |
Кеңсе товарларын сатып алуу |
41100500 |
Күйүүчү-майлоочу материалдарын (бензин, дизель, башка күйүүчү отун) сатып алуу |
41100600 |
Запастык бөлүктөрдү сатып алуу |
»;
«Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү» 46-категориясы төмөнкү редакцияда берилсин:
«
46000000 |
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү |
46001100 |
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү |
46001200 |
Басмаканалардын кызмат көрсөтүүлөрү |
46001300 |
Жарнама-басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр |
46001400 |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
46001900 |
Жана башка кызмат көрсөтүүлөр |
»;
«Төлөмдөр жана которуулар» 552-тобу төмөнкү редакцияда берилсин:
«
55200000 |
Төлөмдөр жана которуулар |
55201000 |
Банктар аралык которуулар |
55202000 |
Активдер менен алмашуу |
55203000 |
Эсепти толуктоо |
55204000 |
Эсепти тейлегендик үчүн төлөө |
55205000 |
Валютаны нак акчага айландыруу үчүн төлөө |
55206000 |
Банктар аралык клиринг системасынын операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөлөр |
55207000 |
Гросс үчүн төлөөлөр |
55208000 |
Милдеттүү камдык (резервдик) талаптарды сактабагандык үчүн төлөө |
55209000 |
Милдеттүү камдык (резервдик) талаптарды сактагандык үчүн компенсациялар |
55210000 |
Туура эмес же артыкча чегерилген акча каражаттарынын суммасын кайтаруу |
55211000 |
Төлөм тапшырмасында реквизиттердин туура эмес көрсөтүлүшүнө байланыштуу акча каражаттарынын кайтарылышы (сторно) |
55212000 |
Казыналыктын күндөлүк эсебинин сальдосун жабуу |
55213000 |
Туунду компанияларга инвестициялар |
55214000 |
Акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу |
55220000 |
Референдумдун шайлоо / үгүттөө фонддорунун эсептерине акча каражаттарынын түшүүсү: |
55221000 |
- талапкердин жеке каражаттары |
55222000 |
- саясий партиялардын жеке каражаттары |
55223000 |
- жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулугу |
55224000 |
- юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу |
55299000 |
Башка төлөмдөр жана которуулар |
».