Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 15-сентябрындагы  

№ 2021-П-12/51-1-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын тобокелдиктерин  

тескөө жана алардын капиталы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» Нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 17-майындагы №19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2018-жылдын 28-февралындагы № 2018-П-12/7-7-(НПА) «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан 1 (бир) ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Коммерциялык банктар 2022-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун 2.2-пунктунда каралган операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталды эске алуу менен суммардык капитал (К2.1) шайкештигинин коэффициентин эсептөө боюнча талаптарды аткарышсын.  

4. Коммерциялык банктар 2023-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун 2.3-пунктунда каралган левераж коэффициентин (К2.4) эсептөө боюнча талаптарды аткарышсын. 

5. Коммерциялык банктар үчүн төмөнкү маанилерди сактоо белгиленсин: 

1) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун  

3.2-пунктунда каралган Биринчи деңгээлдеги (К2.2) капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенти төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 6,5%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 7,5%; 

2) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун  

3.2-пунктунда каралган Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал (К2.3) жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенти төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 5%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 6%; 

6. Системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн төмөнкү маанилерди сактоо белгиленсин: 

1) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун  

3.2-1-пунктунда каралган суммардык капитал (К2.1) жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенти, төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 12,5%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 14%; 

2) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун  

3.2-1-пунктунда каралган Биринчи деңгээлдеги капитал (К2.2) жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенти төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 7,5%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 9,5%; 

3) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун  

3.2-1-пунктунда каралган Биринчи деӊгээлдеги Базалык капитал (К2.3) жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенти төмөнкү мөөнөттөрдө

- 2023-жылдын 1-январынан тартып кеминде 6%; 

- 2024-жылдын 1-январынан тартып кеминде 8%. 

7. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун 3.10-пунктунун 2-пунктчасынын техникалык жана программалык продукттар менен байланыштуу материалдык эмес активдерди алып салуу бөлүгүн колдонуу мөөнөтү 2024-жылдын январь айына чейин белгиленсин. 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 

3-пункту Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын ушул токтому күчүнө киргенден тартып күчүн жоготкон катары таанылсын. 

9. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

10. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан Банктарынын Союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

11. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

 

 

 

Председатель Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 15-сентябрындагы  

№ 2021-П-12/51-1-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын тобокелдиктерин  

тескөө жана алардын капиталы маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- 3.2-пунктунун: 

үчүнчү абзацындагы «6 %» деген сан «7,5 %» дегенге алмаштырылсын; 

төртүнчү абзацындагы «4,5 %» деген сан «6 %» дегенге алмаштырылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3.2-1-пункт менен толукталсын: 

«3.2-1. Системалуу мааниге ээ банктар үчүн капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттери төмөнкүнү түзүүгө тийиш: 

- суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.1) кеминде 14%; 

- Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) кеминде 9,5%; 

- Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.3) кеминде 8%.»; 

- 3.3-пунктундагы «8 %» деген сан «6 %» дегенге алмаштырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 2.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1.2. Өздүк (жөнгө салуучу) капитал Биринчи деңгээлдеги капитал болуп саналат.»;  

- 2.2-пунктунун: 

«а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.1) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.1 = (ЧСК / (ЧРА + П * Кор))*100%, мында: 

 

ЧСК  

– 

таза суммардык капитал, ал Биринчи деңгээлдеги капиталдын жана Экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасы катары аныкталат. 

ЧРА 

– 

потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган атайы камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкары милдеттенмелердин суммасы. 

П 

– 

коммерциялык банктар үчүн - 8,33 (100%:12%), системалуу мааниге ээ банктар үчүн - 7,14 (100%:14%) чегинде белгиленген көрсөткүч (суммардык капитал шайкештиги коэффициентине көбөйтүлүүчү сан); 

Кор 

– 

операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы пайдалануу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.»; 

 

«б» пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:»; 

«в» пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат:»; 

- 2.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Левераж (К2.4) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.4 = (КПУ / (СА+ЗО) *100%, мында: 

 

СА 

– 

материалдык эмес активдерди жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен банктын суммардык активдери; 

ЗО 

– 

ушул Нускоодо аныкталган кредиттик конверсиянын факторлорун эске алуу менен ал боюнча банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсы болбосун учурда шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ, аларга карата мындай баланстан тышкаркы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 10% өлчөмүндө кредиттик конверсия фактору колдонулушу мүмкүн болгон ошол милдеттенмелерди кошпогондо, баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

Мында, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдардын суммасы баланстан тышкаркы милдеттенмелерден (кредиттик конверсия факторлору колдонулгандан кийин) өлчөнгөн баланстан тышкаркы милдеттенмелер суммасынын чегинде алынып салынат.»; 

- 3.10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.10. Таза Суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги), Биринчи деңгээлдеги капитал, Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин жана Левераж коэффициентин эсептөөгө чейин Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдан төмөнкү элементтер алынып салынат: 

1) өтүп жаткан жылдын чыгымдары; 

2) кардарлардын санын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн арттырууга багытталган техникалык жана программалык продукттар (мисалы, биометрикалык идентификациялоо үчүн, смарт контракттар ж.б.) менен байланыштуу активдерди эске албаганда, материалдык эмес активдер, алар төмөнкү талаптарга ылайык келет: 

- чечим жаңыча болууга же учурдагы сунуштардан кыйла айырмаланып турууга же болбосо учурдагы технологияларды жаңыча пайдалануу сунушталууга тийиш, алар рынокту изилдөөлөр жана технологиянын негизги мүнөздөмөлөрүн салыштыруу менен тастыкталат; 

- чечим кардарларга анык тике же кыйыр пайда алууну сунуштоого (мисалы, жогору коопсуздукту камсыздаган техникалык тапшырма, тейлөө сапаты, натыйжалуу, продукциянын сапаты, кыйла төмөн баалар, жогоруда айтылгандардын айкалышы) жана зарыл учурларда банктын сандык баа берүүлөргө салыштырма талдап-иликтөөсү менен бекемделүүгө тийиш. 

Техникалык тестирлөөнүн натыйжалары бар болгон учурда, алар Улуттук банкка жеткиликтүү болууга тийиш. Альтернатива катары көз карандысыз үчүнчү тараптан аталган чечимдин техникалык ишенимдүүлүгүнүн тастыктамасы берилиши мүмкүн.  

Аталган техникалык жана программалык продукттар банк тарабынан баланстык наркы боюнча эске алынууга тийиш. 

3) башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарына, ошондой эле финансы эмес уюмдарга инвестициялар (акциялар же капиталда үлүштүк катышуу түрүндө). Эгерде банк ушул уюмдарга Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталды же Экинчи деңгээлдеги капиталды инвестициялаган болсо, бул инвестициялар тиешелүү капиталдан алынып салынууга тийиш; 

4) убакыт айырмалары менен байланыштуу мөөнөтү жылдырылган салыктык активдерди эске албаганда, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) 12 негизинде эсептелинген, келечекте алынуучу кирешеден көз каранды болгон, мөөнөтү кийинкиге жылдырылган бардык салыктык активдер. Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык активдер, эгерде ФОЭС 12 шарттары аткарылса, мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелер менен бирге эсепке алынышы мүмкүн; 

5) өздүк акцияларга тике же кыйыр инвестициялар. Банк акцияларды сатып алгандан кийин аларды сатып өткөрүү үчүн акцияларды сатуу жөнүндө алдын ала келишим түзсө жана өздүк акцияларды сатып алуу чечими кабыл алынган күнгө чейинки беш жыл ичинде банктын иши чыгым тартуусуз жүзөгө ашырылган шартта, банк өздүк акцияларын аларды кийинчерээк кыйла жогору баада сатуу үчүн гана сатып алуу укугуна ээ. Банк бул акцияларды алар сатылып бүткүчө эсептен чыгарып турат. 

Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталды эсептөөдө банктар бирдей ыкманы пайдалануу менен инвестицияларды өзүнүн Биринчи деңгээлдеги өздүк Кошумча капитал эсебине чыгарууга жана өзүнүн Экинчи деңгээлдеги Капиталын эсептөөдө инвестицияларды алардын өздүк Экинчи деңгээлдеги Капиталына чыгарууга тийиш. 

Банктын капиталдык позициясынын жасалма көбөйүшүнө алып келген капиталдык өз ара кайчылаш ээлик кылуу толук көлөмдө алынып салынууга тийиш. Банктар башка банктардын, башка финансы жана камсыздандыруу уюмдарынын капиталына мындай инвестициялар үчүн «алып салууга тиешелүү ыкманы» колдонууга тийиш. Бул алып салуу эгерде ал банктын өзү тарабынан чыгарылган болсо, ал үчүн капитал ушундай эле квалификацияланган капиталдын ошол эле компонентине колдонулууга тийиш дегенди түшүндүрөт.». 

- 4.3-пункттун: 

1-пунктчасынын «и» пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

4-пунктчасынын «г» пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5-глава төмөнкү мазмундагы 5.3-1-пункт менен толукталсын: 

«5.3-1. Банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ баланстан тышкаркы милдеттенмелерге карата 10% өлчөмүндө кредиттик конверсия фактору колдонулат.»; 

- Нускоого карата тиркеменин: 

«Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» бөлүгү

төмөнкү мазмундагы 595-статья менен толукталсын: 

« 

595 

Банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ милдеттенмелер 

 0 

10% 

 

»; 

600-статья төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

600 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер бардыгы болуп (510-595-ст. суммасы) 

 0 

 

 

». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 4.1.1-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1.1. Келишимге ылайык алар боюнча камсыздоо активдин негизги суммасын жана активдин негизги суммасынан келип чыккан катары эсептелинген пайыздык чендин жана жылдык мааниде номиналдык пайыздык чендин суммасын толук көлөмдө жапкан активдер нормалдуу активдер деп аталат (мисалы, активдин негизги суммасы 100 миң сомду, ал эми пайыздык чен 10% түзөт, демек, ордун жабуу суммасы 110 миң сомду түзүүгө тийиш). Мындай камсыздоо төмөнкүлөрдөн турат:»; 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары МБК) (эгерде МБКлардын ордун жабуу мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, банк күрөөлүк камсыздоо катары МБКлардын ордун жабуудан алынган акча каражаттарды, же болбосо ушул сыяктуу кошумча МБКлары камсыздоо катары кабыл алууга тийиш);»;  

5-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) активдерди камсыз кылган депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же жалпы жол берилген жана алгылыктуу валюта котировкаларынын негизинде, кыргыз сомуна эркин конвертациялануучу валютада болууга тийиш;»; 

- 4.1.3-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4.2.2-пунктунун: 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 30-пунктунун талаптарына ылайык келген, андан өндүрүп алууга боло турган мүлктүк камсыздоо жана/же гарантия/кепилдик болсо;»; 

- 5.3.2-пунктунун: 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- алардын тизмеги террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган оффшордук аймактардын субъекттерине активдерди сунуштоо.». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 2-тиркемесиндеги: 

14-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«14-БӨЛҮК 

ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕРДИН ЖАНА БАНК КАПИТАЛЫНЫН КОШУМЧА ЗАПАСЫН КОЛДОО («КАПИТАЛ БУФЕРИ» ИНДЕКСИ) ТАЛАБЫНЫН САКТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

1-таблица.  

Экономикалык ченемдердин жана банк капиталынын кошумча запасын колдоо («капитал буфери» индекси) талабынын аталышы 

Белгилениши 

Ченемди эсептөө  

Ченемди айкын мааниси  

Ченемдин белгиленген мааниси  

Белгиленген ченемден четтөө  

Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

К1.1 

СЗ 

-----  ----- 

ЧСК 

  

20% жогору эмес 

  

К1.2 

СЗ 

-----  ----- 

ЧСК 

  

15% жогору эмес 

  

K1.3 

СЗ 

-----  ----- 

ЧСК 

  

30% жогору эмес 

  

К1.4 

СЗ 

-----  ----- 

ЧСК 

  

15% жогору эмес 

  

Капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) ченеми  

К2.1 

ЧСК 

-----  ----- 

ЧРА + П * Кор 

  

12% /14% кем эмес** 

  

К2.2 

КПУ 

-----  ----- 

ЧРА 

  

7,5% /9,5% кем эмес** 

  

К2.3 

БКПУ 

-----  ----- 

ЧРА 

  

6% /8% кем эмес** 

  

К2.4 

КПУ 

-----  ----- 

СА + ЗО 

  

6% кем эмес 

  

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)  

К3.1 

ЛА 

-----  ----- 

ОБ 

  

45% кем эмес 

  

Банктын капиталынын кошумча запасы («капитал буфери» индекси) 

  

ЧСК 

-----  ----- 

ЧРА 

  

___% кем эмес (маанисин көрсөтүү керек) 

  

Чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчү  

ПЛ 

ЛАВ 

-----  ----- 

ОБВ 

  

  

----- 

  

----- 

Эскертүү

П коммерциялык банктар үчүн 8,33 (100%:12%), системалуу мааниге ээ банктар үчүн 7,14 (100%:14%) чегинде белгиленген көрсөткүч (суммардык капитал шайкештиги коэффициентин кайтаруучу сан); 

Кор операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы пайдалануу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат; 

КПУ Биринчи деңгээлдеги Капитал; 

БКПУ Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал; 

** - системалуу мааниге ээ банктар үчүн маани.  

 

2-таблица. 

  

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани  

1-жума  

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

6-жума  

ЛА Ликвиддүү активдер 

  

  

  

  

  

  

  

ОБ Банктын милдеттенмелери 

  

  

  

  

  

  

  

К3 ченеми = ЛА / ОБ 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

3-таблица. 

  

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани  

1-жума  

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

6-жума  

ЛА Чет өлкө валютасындагы ликвиддүү активдер  

  

  

  

  

  

  

  

ОБВ Чет өлкө валютасындагы банктын милдеттенмелери  

  

  

  

  

  

  

  

Көрсөткүч (ПЛ) = (ЛАВ / ОБВ) * 100 

  

0,0% 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

0,0% 

 

4-таблица. Операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө  

 

1 жыл ичинде таза киреше 

… 

2 жыл ичинде таза киреше 

… 

3 жыл ичинде таза киреше 

… 

б 

15% 

Кор 

 

»; 

- 15.5. «Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» бөлүгү

төмөнкү мазмундагы 595-статья менен толукталсын: 

« 

595 

Банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ милдеттенмелер 

 0 

10% 

 

»; 

600-статья төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

600 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер бардыгы болуп (510-595-ст. суммасы) 

 0 

 

 

». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелеринин: 

- 1.4-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) мындай компаниялардын каттоодон өтүүсү жана/же өз ишин жүзөгө ашыруусу алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар белгиленип, алар Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон мамлекеттерде жана аймактарда болжолдонууда;». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 9-пунктундагы биринчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Мында, банктын ички документтеринде карыз алуучу юридикалык жактын ишмердүүлүгүнө ал анык иш алып баруусун, атап айтканда рынокто белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруусун жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосун баалоо жол-жобосу камтылууга тийиш.»; 

- 34-2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафтты бере албайт жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карттарына кредиттик лимиттерди белгилей албайт. Ошол кредиттер боюнча төлөмдөрдү кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт.». 

- 41-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Кредиттик келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- тараптардын аталышы; 

- келишимди колдонуу мезгил аралыгы; 

- кредиттин негизги шарттары - суммасы, ордун жабуу мөөнөтү, камсыздоо, жылдык эсептөөдө пайыздык чен, кредит берүү формасы: нак (касса аркылуу) жана/же нак эмес түрдө (анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кардардын эсебине которуу ж.б.); 

- кредиттин максаттуу багыты; 

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- кардар кредитти кайтаруу күнүнө чейинки 30 (отуз) календардык күн мурда банкка ал тууралуу алдын ала жазуу жүзүндө билдирүү жөнөткөн шартта, айыптык санкцияларды төлөөсүз (комиссия жана башка төлөмдөр) кредитти толугу менен же кайсыл болбосун убакта мөөнөтүнөн мурда бөлүп төлөө укугу. Мындай шартта мөөнөт белгиленет, ал мөөнөт өткөндөн кийин (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) карыз алуучу кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөшү мүмкүн. Мөөнөтүнөн мурда төлөө күнүнө чейин кеминде 30 (отуз) календардык күн мурда банкка билдирүү жөнөтүлгөн шартта билдирүүдө башка мөөнөтүнөн мурда төлөө күнү көрсөтүлүшү мүмкүн. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары жазуу жүзүндө макулдук берген шартта гана кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бирине мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жол берилет; 

- кредиттик бюрого кардар жөнүндө маалыматты берүү шарттары, ошондой эле кардар жөнүндө маалымат мыйзам талаптарына ылайык колдонулуучу башка учурлар; 

- тараптардын кайсыл биринин өз милдеттенмелерин бузгандыгы үчүн санкциялар, кредиттик келишимди токтотуу учурлары. 

Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бири өзүнө тиешелүү кредит бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда, ал ошол кошо жоопкерчиликтүү топтун курамында алынган кредит толугу менен төлөнгөнгө чейин кепилдик келишими боюнча биргелешип жоопкерчилик тартуу шарты сакталып турат. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары жана банк макулдук берген учурда, ошондой эле кошо жоопкерчиликтүү топтун курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда, кредит боюнча өзүнө тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу биргелешип жоопкерчилик тартуудан бошотулушу мүмкүн.». 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин: 

- 7-пунктундагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктар/ФКУлар кредит боюнча күрөөлүк камсыздоонун ар кандай түрлөрү менен иш алып баруунун негизги принциптерин жөнгө салган, камсыздоолордун ар кандай түрлөрүнө байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон негизги тобокелдиктерди ачып көрсөткөн ички ченемдик документтерди милдеттүү түрдө иштеп чыгууга тийиш.»; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- тизмеги террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган, оффшордук аймактарда катталган жана/же жайгаштырылган активдер.». 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу операциялардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу үчүн банктар банк ишинин татаалдыгына жана масштабына ылайык келген жана милдеттүү түрдө жана толугу менен сакталууга тийиш болгон, анын ичинде кардар менен түз байланышуусуз аралыктан жүргүзүлүүчү операцияларды ички контролдоо саясаттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга милдеттүү.»; 

- 11-пункту: 

төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кайрылман статусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  

23-июнундагы №402 токтому менен бекитилген «Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүүгө болот»

он алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы.»

төмөнкү мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын

«Кайрылман күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  

23-июнундагы №402 токтому менен бекитилген «Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүүгө болот»

- 22-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- анык эмес документтер берилди.»; 

- 22-4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«22-4. Банк кардардын, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, бенефициар ээсинин жана кардардын контрагентинин идентификациялоо маалыматтарын алар Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) катышкандар тууралуу маалыматтарга тиешеси бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү. Мындай текшерүү кардар менен ишкердик мамилелерди белгилөөгө чейин жана аны жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жана (же) кардардын кайсы болбосун операциясын (бүтүмүн) жүзөгө ашырууга чейин жүргүзүлөт. 

Эгерде кардар же бенефициар ээси кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) катышкандыгы жөнүндө маалымат бар болсо, банк кардар жүргүзүп жаткан операцияны (бүтүмдү) дароо токтотуп, операция (бүтүм) токтотулган учурдан тартып 

3 (үч) саат ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.  

Операциялар (бүтүмдөр) Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык мыйзамдарга ылайык кабыл алынган мүлккө арест коюу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин токтотулат.  

Мүлккө арест коюу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, токтотулган операция (бүтүм) белгиленген тартипте жана финансылык чалгындоо органынын буйруусунун негизинде жүргүзүлөт.»; 

- 43-пункттун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) кол тамга үлгүлөрү карточкасында көрсөтүлгөн, келишимдерге жана финансылык документтерге биринчи жана экинчи кол коюуга ыйгарым укук берилген жактар тарабынан кол коюлган жана юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган, ошондой эле төмөнкү маалымат камтылган эсеп ачууга өтүнүч кат: 

- толук аталышы, ошондой эле кыскартылган аталышы жана эгерде болсо, чет тилде аталышы; 

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, катталган жер; 

- салык төлөөчүнү идентификациялоо номери; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан «Жалпы республикалык ишканалар жана уюмдар классификаторуна» ылайык төлөөчүнүн коду; 

- жайгашкан жери; 

- почта дареги; 

- байланышуу үчүн телефондор жана факс номерлери; 

- ишкердик түрү

- банк менен ишкердикти жүргүзүү максаты жана болжолдуу багыты; 

- банктын талабы боюнча башка маалыматтар;»; 

- 53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53Банк төмөнкү учурларда бул шарттарды келишимде милдеттүү түрдө чагылдырып жана эсеп жабылганга чейинки бир календардык ай мурда ал тууралуу кардарга билдирүү менен бир тараптуу негизде банктык эсеп келишимин же банктык аманат (депозит) келишимин токтотууга укуктуу, эгерде:  

- кардардын эсебиндеги акча каражаттардын суммасы банктык эсеп келишиминде каралган минималдуу өлчөмдөн төмөн болсо;  

- келишимде белгиленген мөөнөт ичинде кардардын эсебинде акча каражаттары болбосо же эсеп боюнча кардардын буйруусу менен операциялар жүргүзүлбөсө.»; 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 53-1-пункт менен толукталсын: 

«53-1. Банк төмөнкү учурларда бул шарттарды келишимде милдеттүү түрдө чагылдыруу менен бир тараптуу негизде банктык эсеп келишимин же банктык аманат (депозит) келишимин токтотууга укуктуу, эгерде

кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо талаптарын аткаруу, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн башка чаралары, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон, ишке ашырылып жаткан операциянын экономикалык максаттуулугун жана кардардын айкын экономикалык иш алып баруу аныктыгын тастыктаган тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

анык эмес документтер берилсе.»; 

- Нускоого карата 1-тиркеменин: 

5-пунктундагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жеке адамдардын инсандыгын тастыктоо үчүн банк төмөнкү документтердин бирин пайдаланат:»; 

төмөнкү мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын: 

«5) кайрылмандар үчүн кайрылмандын күбөлүгү.»; 

12-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын

«Банк жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун, ошондой эле кардардын жана бенефициар ээсинин акча каражаттарын алуу булагын аныктоо максатында, кардар кошумча документтерди, анын ичинде контрагент жөнүндө маалыматты сунуштоосу үчүн акыл ченемдүү, бирок 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттөрдү белгилөөсү зарыл. Эгерде кардар белгиленген мөөнөт ичинде банк тарабынан талап кылынган документтерди сунуштабаса, банк эсеп боюнча операцияны жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш. 

Эгерде кардардын операциялары шектүү катары таанылса жана/же кардарга карата жогору тобокелдик деңгээли ыйгарылган болсо, талап кылынган документтерди күтүү убактысы ичинде кардар тиешелүү документтерди сунуштаганга чейин банк кардардын эсеби боюнча кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.»; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

3-пунктундагы: 

биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Оффшордук аймактардын тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.». 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 20-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чечимдерди кабыл алууда Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү калыс болууга жана өз кызыкчылыгында же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын таламында эмес, банктын таламында иш алып барууга тийиш.»; 

- 24-пункт төмөнкү мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын: 

«7) банк кардарлардын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатка ээ болбогон жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрү жана операциялары (бүтүмдөрү) жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында банкта натыйжалуу контролдоо системасын уюштурууга.»; 

- 30-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Өз ишин жүзөгө ашырууда банк Башкармасынын мүчөлөрү алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоо менен калыс болууга жана биринчи кезекте, өз таламында же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын таламында эмес, банктын таламында иш алып барууга тийиш.»; 

- 32-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«банк кардарлардын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатка ээ болбогон жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрү жана операциялары (бүтүмдөрү) жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында бардык чараларды көрүүгө.». 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 6-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатта банктын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатына ээ болбогон (бүтүм банкка кандайдыр бир пайда алып келбесе, бүтүм/операция чаташтырылган жана башкача мүнөздө болсо, операция кардардын адаттагы ишине дал келбесе жана/же шектүү операция белгилери жана башка критерийлер байкалса) жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрдү жана операцияларды ишке ашырууну чектеген методдор (ыкмалар) каралууга тийиш.». 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

28-февралындагы № 2018-П-12/7-7-(НПА) «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобонун: 

- Жобого карата 1-тиркеменин: 

2.17-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банкта ачылган депозиттик эсептериндеги Банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын үчүнчү жактардын жана алардын тизмеги террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда катталган ФКУлардын пайдасына которууга тыюу салынат.». 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 

14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- мамлекеттик тилдеги 3-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы өз функцияларын дароо аткаруу максатында анын карамагында иштеген кызматкерлерге ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө укуктуу. Мындай учурда кызмат адамы өз функцияларын талапка ылайык аткаруу жоопкерчилигинен бошотулбайт.»; 

- 32-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«Банк жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун, ошондой эле кардардын жана бенефициар ээсинин акча каражаттарын алуу булагын аныктоо максатында, кардар кошумча документтерди, анын ичинде контрагент жөнүндө маалыматты сунуштоосу үчүн акыл ченемдүү, бирок 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттөрдү белгилөөсү зарыл.». 

- мамлекеттик тилдеги 47-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банктын Башкармасы андан аркы иштин, анын ичинде операция (бүтүм) жана/же кардар менен ишкердик мамиле өз убагында токтотулушу үчүн жоопкерчилик тартат.».