Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 24-ноябрындагы  

№ 2021-П-14/64-6-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/8 «Кыргыз Республикасында аз өлчөмдөгү чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринги системасы жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2007-жылдын 22-августундагы № 38/11 «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2008-жылдын 30-июлундагы № 30/6 «Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/6 «Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.   

 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күндөн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага К. Боконтаев 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 24-ноябрындагы  

№ 2021-П-14/64-6-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик  

укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

15-декабрындагы № 37/8 «Кыргыз Республикасында аз өлчөмдөгү чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринги системасы жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө» жобонун: 

- 2-главасындагы: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Жөнөтүүчү жөнөтүүчү банк, ошондой эле системанын системага төлөм документин же билдирүүнү демилгелөөчү катышуучусу.»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Алуучу алуучу банк, ошондой эле системанын системадан төлөм документин же билдирүүнү алуучу катышуучусу.»; 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Төлөөчү кардар жөнөтүүчүнүн кардары, мында анын акча каражаттарынын эсебинен эсептешүүлөр жүзөгө ашырылат.»;  

тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Алуучу кардар алуучунун кардары, мында эсептешүүлөрдүн натыйжасында акча каражаттары анын пайдасына келип түшөт.»; 

- отузунчу абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Бардыгы же эч нерсе» принциби» системанын катышуучуларынын чекене төлөм системаларында эсептелген таза позицияларын акыркы эсептешүүдө колдонулат. Эгерде системанын катышуучуларынын кеминде бирөөсүндө өзүнүн таза дебеттик позициясы үчүн төлөөгө каражаты жетишсиз болсо, алар толугу менен жөнгө салынганга чейин система бардык катышуучулардын таза позициялары үчүн акыркы эсептешүүнү жүргүзбөйт.»; 

 

- 4.2 жана 4.3-пункттарында «файлдарын» деген сөз «пакеттерин» дегенге алмаштырылсын; 

 

6.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.7. Системага катышуу жөнүндө келишимди бузуу системанын катышуучусу статусунан ажыроого алып келет, андан кийин катышуучу системадан чыгарылат. Улуттук банктын баалоосу боюнча финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон катышуучу келишимди бузбастан, клирингдик борбордун тиешелүү буйруусу менен банктар аралык төлөм системасына катышуу укугунан убактылуу ажыратылышы мүмкүн.»; 

 

- 7.3-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча, ар кандай жөндөмөдөгү «жөнөтүүчү-банк» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «жөнөтүүчү» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 7.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«7.5. Системага жөнөтүлгөн төлөм документтери же билдирүүлөр пакеттерге бириктирилет. Пакет системада Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген форматка ылайык түзүлөт. Пакетке электрондук кол тамга коюлат, ал ошол пакеттеги бардык төлөмдөрдү же билдирүүлөрдү күбөлөндүрөт.»; 

 

- 7.6-пунктундагы «файлдарын» деген сөз «пакеттерин» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 7.7-пунктундагы «санариптик» деген сөз алынып салынсын; 

 

- 7.9-пунктундагы «файл/» деген сөз алынып салынсын; 

 

- 7.10 жана 7.11-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.10. Төлөм документтеринин пакеттери Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленген системада төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелеринде жана тартибинде аныкталган убакыт ичинде ушул система боюнча алуучуларга берилет. Туура эмес төлөм аныкталган учурда, алуучу андан баш тартып, Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында аныкталган убакыт ичинде кайра жөнөтүүчүгө өткөрүп бере алат. Баш тартылган төлөмдөр алуучу тарабынан системага жөнөтүүчүнүн туура эмес төлөм документин идентификациялоочу кошумча бардык реквизиттери камтылган жаңы төлөм документтери катары берилет. 

7.11. Жөнөтүүчү системада жөнөтүлгөн төлөмдү жокко чыгаруу жөнүндө буйруу берүү менен мурда жөнөтүлгөн төлөмдү кайтарып алышы мүмкүн. Төлөм документтерин жокко чыгаруу же кайтарып алуу жөнүндө буйрууну кабыл алуу, ушул система боюнча Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленген системада төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелеринде жана тартибинде аныкталган убакыт ичинде жүргүзүлөт.»; 

 

- 7.14 жана 7.15-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.14. Жыйынтык таза позициялар Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн өткөрүлүп, «бардыгы же эч нерсе» принциби боюнча системада иштелип чыгат. 

7.15. Алуучу туура эмес документтер алынган учурда акыркы эсептешүүдөн кийин кайтарым төлөмдөрдү түзөт жана аны кийинки клирингдик күндөн кечиктирбестен системага берет. Кайтарым төлөмдөр алуучу тарабынан системага жөнөтүүчүнүн  туура эмес төлөм документтерин идентификациялоочу кошумча бардык реквизиттерди камтуучу жаңы төлөм документтери катары берилет.»; 

 

- 7.17 жана 7.18-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.17. Төлөөчү кардар үчүн төлөм тастыктама жана/же аны аткарууга кабыл алынгандыгы жана анын эсебин дебеттөө жөнүндө белгиси менен төлөм документинин нускасы алынган учурдан тартып кайтарылгыс жана айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына таза позициялар боюнча акыркы эсептешүүлөр өткөрүлүп, жөнөтүүчүнүн корреспонденттик/күндөлүк эсебин дебеттөөдөн кийин акыркы болуп саналат. 

7.18. Алуучу үчүн төлөмдөр ал боюнча жыйынтык таза позициясын эсептөө мезгили келип жеткенден кийин кайтарылбаган жана айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында таза позиция боюнча акыркы эсептешүүнү өткөрүүдөн жана аны корреспонденттик/күндөлүк эсепте дебеттөөдөн кийин акыркы болуп саналат.»; 

 

- 7.19-пунктунда «алуучу банк» деген сөздөр «алуучу» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 7.20-пунктунда «алуучу банк» деген сөздөр «алуучу» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 8.5-пунктунда «санариптик» деген сөз алынып салынсын; 

 

- 8.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«8.6. Системанын катышуучусу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында бекитилген тарифтерге ылайык клиринг боюнча кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында төлөөнү камсыз кылат.»; 

 

- 8.7 жана 8.8-пунктулар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 9.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9.3. Системада катышуучулардын таза дебеттик позициясына лимиттердин эки түрү белгиленет: 

Дебеттик таза позицияга эсептөө лимити (мындан ары эсептөө лимити) күн сайын өткөн чейрек үчүн статистикалык маалыматтардын негизинде эсептелинген катышуучунун дебеттик таза позициясына акча каражаттарынын максималдуу резерви өлчөмүндө клиринг сессиясын ачуудан кийин белгиленет. 

Дебеттик таза позицияга акча каражаттарынын резерви (мындан ары резерв) катышуучу тарабынан күн сайын өз корреспонденттик/күндөлүк эсебиндеги, системадагы клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча дебеттик таза позицияны жыйынтыктап эсептөө үчүн зарыл болгон каражаттардын бөлүгүн резервге коюу аркылуу белгиленет.»; 

 

- 9.7-пунктундагы «финансы-кредиттик мекемелерди» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдарын» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 9.8-пунктундагы «2 сааттын ичинде» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 9.10-пунктундагы «санариптик» деген сөз алынып салынсын; 

 

- «Кыргыз Республикасында майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын  

22-августундагы № 38/11 «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү» Нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- «Мазмуну» күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2.2-пунктунда: 

пунктунун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «файл» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «пакет» дегенге алмаштырылсын; 

пунктунун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «жөнөтүүчү банк» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «жөнөтүүчү» дегенге алмаштырылсын; 

пунктунун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «алуучу банк» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «алуучу» дегенге алмаштырылсын; 

пунктунун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «банк» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «системанын катышуучусу» дегенге алмаштырылсын; 

төртүнчү абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

он төртүнчү абзацтагы «банкка» деген сөз «системанын катышуучусуна» дегенге алмаштырылсын; 

жыйырманчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Электрондук таблица Форматтарды толтуруу эрежелеринде белгиленген форматта түзүлгөн жана суб-катышуучу менен системанын катышуучусунун ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык суб-катышуучу тарабынан системанын катышуучусуна берилүүчү төлөмдөр жөнүндө электрондук маалымат (эмгек акыларды, пенсияларды, камсыздандыруу төлөмдөрүн, бюджеттик, коммуникациялык төлөмдөрдү ж.б. төлөө боюнча.).»; 

 

- 3.2 жана 3.3-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2. Кагаз же электрондук формадагы баштапкы төлөм документи кардар тарабынан даярдалып, кардар менен жөнөтүүчү ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык, жөнөтүүчүгө берилет.   

3.3. Төлөмдөр жөнүндө маалыматты камтыган электрондук таблица суб-катышуучу тарабынан түзүлөт, жооптуу адамдардын электрондук кол тамгалары коюлат же атайын каражаттар менен шифрленет жана суб-катышуучу менен жөнөтүүчүнүн ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык, байланыш каналдары же маалыматты кайсы болбосун алып жүрүүчү каражат боюнча жөнөтүүчүгө берилет.»; 

 

- 4-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Жөнөтүүчүдө алгачкы төлөм документтерин кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

4.1. Жөнөтүүчү кардардан кагаз жүзүндөгү төлөм документин эки нускада кабыл алат. Кагаз түрүндөгү төлөм документинин бир нускасы жөнөтүүчүдө калтырылат, экинчиси аны аткарууга кабыл алуу жөнүндө белги менен кардарга кайтарылып берилет.  

4.2. Эмгек акы долбоорлору, коммуналдык төлөмдөр жана бюджетке төлөмдөргө тиешелүү болгон учурларда, жөнөтүүчү Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын  

25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 3-сентябрында 82-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Төлөм документтерин толтуруу эрежелери жөнүндө нускоого ылайык, Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлүшү үчүн, субэсептерди жана жеке эсептердин тилкелерин кошо алганда баштапкы төлөм документи бардык тилкелеринин туура жана толук толтурулгандыгын текшерүүгө тийиш.  

4.3. Эгерде кардар менен жөнөтүүчүнүн ортосундагы төлөм документтерин алмашуу электрондук формада жүзөгө ашырылып жаткан болсо, жөнөтүүчү жөнөтүүчү менен кардардын ортосундагы келишимдин шарттарына, ошондой эле жөнөтүүчүнүн ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык төлөм документинин алынгандыгын кардарга тастыктайт.  

4.4. Төлөм документинде каталар табылган учурда жөнөтүүчү кардарга төлөм документтерин жөнөтүүчүнүн ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык, кайтаруу себептерин көрсөтүү менен кайтарып берет.»; 

 

- 5-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Жөнөтүүчү тарабынан ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү даярдоо жана системага өткөрүп берүү  

5.1. Жөнөтүүчү электрондук төлөм документинин пакеттерин жана билдирмелерди форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык даярдайт. Коммуналдык, бюджеттик жана эмгек акы төлөмдөрү болгон учурларда жөнөтүүчү ар бир төлөөчү үчүн ЭТДны түзөт.  

5.2. ЭТД пакеттерин жана билдирүү даярдоодон кийин жөнөтүүчү ага ыйгарым укуктуу пайдалануучулардын электрондук кол тамгасын коюп, системага байланыш каналдары боюнча берет.  

5.3. Жөнөтүүчү учурдагы клиринг күнүнүн регламентине ылайык ЭТД пакеттерин системага өткөрүп берет. Бир күн ичинде жөнөтүүчү тарабынан берилүүчү ЭТД пакеттеринин саны чектелбейт.  

5.4. ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү түзүү мүмкүн эмес болгон учурда жөнөтүүчү алгачкы төлөм документтеринен маалыматтарды ПКСке киргизүүнү жүзөгө ашыруу жана Сервистик бюрону пайдалануу менен ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү түзүү үчүн КБга кайрыла алат. Пакеттерди түзүү жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр КБ жана системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдик мамилелерде чагылдырылат. 

5.5. Сервистик бюро кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, КБ менен тике байланышка ээ болгон катышуучулардын биринин байланыш каналын пайдалануу менен системага ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү берүүгө болот. Система менен тике байланышка ээ катышуучу аркылуу ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү берүү боюнча жөнөтүүчүнүн өз ара мамилеси КБ жана системанын катышуучуларынын ортосундагы тиешелүү келишимдерде чагылдырылат.  

5.6. Клиринг борборуна берилген электрондук төлөм документтеринин пакеттериндеги төлөмдөрдүн саны жөнөтүүчү кардарлардан кабыл алган төлөм документтеринин санынан жана жөнөтүүчүнүн өздүк төлөмдөрүнүн санынан турган баштапкы төлөм документтердин санына дал келүүгө тийиш (кагаз жүзүндө электрондук формада).»; 

 

- 6-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу тартиби»; 

 

- 6.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.1. Клиринг күнүнүн регламенти 

6.1.1. Электрондук төлөм документтеринин пакеттерин жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу клиринг күнүнүн регламентине ылайык ишке ашырылат, ал бир клиринг сессиясынан турат жана төмөнкүдөй мезгил аралыктарына бөлүнөт: 

 

Иштеп чыгуу мезгилинин аталышы 

Мезгил аралыгынын башталган/аяктаган убакыты 

Мезгил аралыгы 

Клиринг күнүн ачуу   

8:30 8:45 

15 мүнөт 

Электрондук төлөм документтеринин пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу   

8:45 13:30 

4 саат 45 мүнөт 

Баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу   

13:30 13:50 

20 мүнөт 

Кайра клирингден өткөрүү мезгили 

13:50 14:10 

20 мүнөт 

Клиринг мезгили 

14:10 14:20 

10 мүнөт 

Акыркы эсептөөлөр мезгили   

14:20 14:30 

10 мүнөт 

Клиринг күнүн жабуу   

14:30 15:00 

30 мүнөт 

ПКС жөнүндө жобого ылайык клиринг күнү ичинде бир нече клиринг сессиясын өткөрүүгө болот. Клиринг күнүнүн регламентин (клиринг сессиясынын саны жана алардын мезгил аралыгы) өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкса Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынат.  

6.1.2. Системанын катышуучусу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, иш регламентинин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

6.1.3. Операциялык күндүн мезгилдеринин кечеңдеп жатышынын себептери жөнүндө катышуучунун жетекчисинин колу коюлган расмий катты сунуштоо менен катышуучунун кайрылуусу боюнча гана клиринг күнүнүн регламенти узартылышы мүмкүн. Ошол эле учурда, катышуучунун кардарлары (юридикалык жана жеке жактар, бюджеттик уюмдар) түзүлгөн келишимдерге ылайык келип чыккан бардык маселелерди аларды тейлеген катышуучу менен чечет жана КБга түздөн-түз байланыша албайт. Бул талаптын аткарылышы үчүн жоопкерчилик жана контролдук катышуучуга жүктөлөт.  

6.1.4. Эгерде катышуучу кайсы бир жумуш күндөрүндө же Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан жарыяланган дем алыш күндөрүндө (майрамдарда) иштебесе, катышуучу 3-5 күн мурун катышуучунун жетекчисинин колу коюлган катты КБга берүүгө тийиш, мында, Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборун (ББПБ) кошо алганда, Пакеттик клиринг системасынын бардык катышуучуларын милдеттүү түрдө билдирүү зарыл. Бул учурда системада катышуучу үчүн «Катышуучунун майрам күнү» опциясы белгиленет, мында карттык төлөмдөрдү кошо алганда, катышуучудан/катышуучуга бардык төлөмдөр система тарабынан четке кагылат.»; 

 

- 6.2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«6.2.2. Системада автоматтык түрдө катышуучулардын эсептик лимит мааниси коюлат»;  

 

- 6.3-пунктунда «файлдарын» деген сөз «пакеттерин» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 6.3.1., 6.3.2 жана 6.3.3-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.3.1. КБ жөнөтүүчүдөн ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл алат, пакеттердин электрондук кол тамгасынын тууралыгы жана белгиленген форматтарга ылайык келе тургандыгы боюнча текшерет. Ар бир пакетти текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, система пакеттин кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү түзөт, анда пакетти кабыл алуу, иштеп чыгуу күнү, убактысы чагылдырылат. Ар бир пакет боюнча анын статусу жөнүндө маалымат система тарабынан кабыл алынган жана четке кагылган төлөмдөрдүн суммасын жана жалпы санын көрсөтүү менен жөнөтүлөт. Билдирүүлөргө системанын электрондук кол тамгасы коюлат жана жөнөтүүчүнүн дарегине байланыш каналдары боюнча жөнөтүлөт.  

6.3.2. Клиринг борбору ББПБдан таза позициялар топтомдорун кабыл ала алат. Ар бир пакетти текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, система пакеттин кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү түзөт, анда пакетти кабыл алуу, иштеп чыгуу күнү, убактысы чагылдырылат. Ар бир өзүнчө пакет боюнча анын статусу жөнүндө маалымат суммасын көрсөтүү менен жөнөтүлөт. Билдирүүгө системанын электрондук кол тамгасы коюлат жана белгиленген байланыш каналдары боюнча ББПБ дарегине жөнөтүлөт. Ошол эле учурда таза позициясы ББПБ тарабынан берилген системанын катышуучуларына топтомдун суммасы, кабыл алынган жана иштелип чыккан убактысы жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Катышуучунун дебеттик утурумдук таза позициясы (мындан ары УТП) белгиленген эсептик лимиттен/резервден ашкан учурда, бардык катышуучулардын таза позицияларынын пакеттери системага «Активдүү эмес» статусу менен кабыл алынат.  

6.3.3. Жөнөтүүчүдөн алынган пакеттин электрондук кол тамгасын аутентификациялоо мүмкүн болбогон же пакетте же болбосо өзүнчө төлөмдө аларды иштеп чыгууга мүмкүндүк бербеген каталар табылган учурда, каталарды көрсөтүү менен тиешелүү билдирүү түзүлөт. Билдирүүгө системанын электрондук кол тамгасы коюлуп, жөнөтүүчүнүн дарегине тиешелүү байланыш каналдары боюнча жөнөтүлөт. Жөнөтүүчү пакеттин же болбосо өзүнчө төлөмдүн кабыл алынбагандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин, клирингдик сессиянын ишинин белгиленген регламентинин чегинде пакеттин же төлөмдүн жаңы идентификатору менен оңдолгон пакетти түзүп, жөнөтөт.»; 

 

- 6.3.10, 6.3.11, 6.3.12 жана 6.3.13-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.3.10. Жөнөтүүчү каталар табылып калган учурда системага мурда берилген пакетти же өзүнчө төлөмдү жокко чыгара алат (кайтара алат). Эгерде жок кылынуучу төлөм мурда УТПны эсептөөгө камтылган болсо, жөнөтүүчү төлөмдү алып салууга билдирүү даярдайт, система ага «Алынып коюлган» статусун ыйгарып, катышуучулардын УТП бул төлөмсүз кайра эсептейт жана жөнөтүүчүгө төлөмдүн жокко чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт. Эгерде бул төлөм мурда УТПны эсептөөгө камтылбаган, б.а. «Активдүү эмес» статусуна ээ болгон болсо, система ага «Алынып коюлган» статусун ыйгарып, жөнөтүүчүгө төлөмдүн жокко чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт.  

6.3.11. Алуучу кредиттик операциялар боюнча каражаттар туура эмес чегерилген учурда бул каражаттарды жөнөтүүчүгө кайтара алат. Бул операция кардардын эсеби бөгөттөлүп же жабылып калган учурда кардардын эсеби туура эмес көрсөтүлгөн шартта катышуучу тарабынан алынган каражаттарды кайтарып берүү үчүн багытталган.  

6.3.12. Төлөмдөрдүн статусу, таза позициялар, эсептик лимит жөнүндө маалымат ар бир катышуучуга айкын убакыт ыргагында, ошондой эле сурам боюнча, ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун бүтүндөй мезгили ичинде берилет. Катышуучу пакеттик клиринг системасынан берилген маалыматтарга көз салып турууга жана бул системада клиринг сессиясынын бүтүшүнүн жыйынтыгы боюнча дебеттик таза позицияны жыйынтыктап эсептөөнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү, өз корреспонденттик эсебиндеги каражаттардын бөлүгүн, өз учурунда резервге коюуга милдеттүү.  

6.3.13. ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана иштеп чыгуу мезгили аяктары менен төлөм документтери системага кабыл алынбайт.»; 

 

- 6.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.4. Кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгил аралыгы 

«6.4.1. Кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгил ичинде ЭТД пакеттери кабыл алынбайт.  

6.4.2. Бул мезгилдин башында КБ алуучу боюнча төлөмдөрдүн алдын ала чыгыш пакеттерин түзөт. Чыгыш пакеттер УТП эсептөөгө камтылган төлөмдөрдү камтыйт. Эсептик лимиттин же резервдин артышына байланыштуу «Активдүү эмес» статусу менен төлөм пакеттери жана эсептөөнүн келечектеги датасы менен төлөмдөрдүн пакеттери чыгыш пакеттерге киргизилбейт. Ар бир чыгыш пакетке системанын электрондук кол тамгасы коюлуп, байланыш каналдары боюнча алуучуларга жөнөтүлөт.  

6.4.3. Алдын ала чыгыш пакетти алгандан кийин алуучу анын реквизиттери туура эмес болгон учурда бул мезгил ичинде төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн жана кабыл алуудан баш тартылган төлөмдү түзө алат.  

6.4.4. Кабыл алуудан баш тартылган төлөм алынгандан кийин КБ анын алынып салынгандыгы жөнүндө жөнөтүүчүгө жана алуучуга маалымат берет, ошондой эле кабыл алуудан баш тартылган төлөмдү эске алуу менен катышуучулардын УТП кайра эсептейт.  

6.4.5. Системада ГСРРВдан алынган билдирүүнүн негизинде катышуучуларга резерв белгиленет. 

6.4.6. Кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин, кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөр кабыл алынбайт.»; 

 

- 6.5.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.5.1. Преклиринг мезгили учурунда система ЭТД пакеттерин жана билдирүүлөрдү кабыл албайт.»; 

 

- 6.5.2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 6.5.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.5.4. Катышуучулардын кайсы бири резервден ашкан учурда, система төлөмдөргө УТП катышуучуларына кошулгандарга «Активдүү эмес» деген статус берет, кайрадан эсептеп, бардык катышуучулардын УТПсын жыйынтык резервдердин чегинен ашырып кетүүсүн текшерет жана бардык тиешеси бар катышуучуларга тиешелүү кабар берет. Катышуучу бул мезгилдин акырына чейин бир күндүк кредитти алуу, финансы рынокторунда карыз алуу же корреспонденттик эсепти нак акчаларды салып толуктоо жолу менен дебеттик таза позициянынын ордун толтуруу үчүн ГСРРВындагы корреспонденттик эсепте акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алат.»; 

 

- 6.5.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.5.5. Эгерде резервдер жеткиликтүү болсо, анда система менен кабыл алынган бирок УТПнын эсебине киргизилбеген (активдүү эмес пакеттер) төлөм пакеттери автоматтык түрдө УТПнын эсебине кирет.»; 

 

- 6.6 жана 6.7-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.6. Клиринг мезгил аралыгы 

6.6.1. Система катышуучулардын УТПны резерв менен текшерет жана жыйынтык таза позициясын түзөт (мындан ары ЖТП).  

6.6.2. Эгерде катышуучунун дебеттик УТП жыйынтык резервден ашып кетсе, система катышуучунун УТПга кирген төлөмдөргө артыкчылык берилген багыттарга ылайык жана FIFО принциби боюнча «Активдүү эмес» статусун берет жана ЖТПны кайрадан эсептейт.  

6.6.3. Катышуучулардын ЖТП эсептелгенден кийин система ЖТП боюнча билдирүү түзүп, ага системанын электрондук кол тамгасын коюп, акыркы эсептешүү жүргүзүү үчүн ГСРРВга өткөрүп берет.  

6.6.4. Катышуучулардын жыйынтык таза позициялары боюнча акыркы эсептешүү «бардыгы же эч нерсе» принциби боюнча системасынын катышуучуларынын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептери боюнча каражаттарды алып салуу же чегерүү жолу аркылуу ГСРРВда жүргүзүлөт. ЖТП катышуучулардын корреспонденттик эсептеринде эсептешүү үчүн резервде турган каражаттарды пайдалануу менен эсептелгендиктен, ЖТП аткарылбай калышы мүмкүн болгон ошол жагдай өзгөчө учур болуп саналат.  

6.6.5. Система жыйынтыктоочу чыгыш пакеттерди түзөт. Жыйынтыктоочу пакеттерге, кабыл алуудан баш тартылгандарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу этабында жөнөтүлгөндөрдү кошо алганда, ЖТП эсебине кирген бардык төлөмдөр камтылат. Ар бир чыгыш пакетке системанын электрондук кол тамгасы коюлуп, системанын катышуучуларына жөнөтүлөт.  

6.6.6. Бир нече клиринг сессия болгон учурда, ЖТП кирбеген төлөм пакеттери кийинки клиринг сессиясына өткөрүлөт. 

6.7. Акыркы эсептөөлөр мезгили 

6.7.1. Мезгилдин башында система ЖТП боюнча көчүрмөлөрдү катышуучуларга өткөрүп берет. 

6.7.2. Акыркы эсептөөлөр мезгилинде «Активдүү эмес» деген статусу менен бардык пакеттер система тарабынан четке кагылат. Четке кагылган төлөмдөрдүн пакеттери тууралуу билдирүү түзүлүп, жөнөтүүчүгө жана алуучуга жөнөтүлөт.»; 

 

- 6-главасы төмөнкү мазмундагы 6.8-пункту менен толукталсын: 

«6.8. Клиринг күнүн жабуу мезгили 

«6.8.1. КБ системанын статистикалык отчетторун даярдап, клиринг күнүнүн ичинде алынган жана жөнөтүлгөн маалыматтардын архивин түзөт (ЭТД пакеттери, билдирүүлөр жана төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча операциялар).  

6.8.2. КБ системанын катышуучуларына клиринг күнүнүн жабылгандыгы жөнүндө маалымдайт.»; 

 

- 7-глава күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 8-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Алуучу тарабынан ЭТД пакеттерин иштеп чыгуу»; 

 

- 8.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.1. Алуучу системадан анын дарегине келип түшкөн бардык ЭТД пакеттерин электрондук кол тамганын тууралыгы, бүтүндүгү жана алардын белгиленген форматка ылайык келе тургандыгы боюнча текшерет. Алынган ЭТД пакеттерин ийгиликтүү текшерүүдөн кийин алуучу кардардын эсебине каражаттарды чегерүүнү жүзөгө ашырат жана мыйзамдарга жана алуучунун ички ченемдик документтерине, жол-жоболоруна ылайык төлөм жөнүндө маалыматты кардарларга берет.»; 

 

- 8.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.3. Алынган кириш пакетинин бүтүндүгү же түзүмү бузулган учурда алуучу КБ менен байланышат. КБ алуучунун дарегине чыгыш пакетти кайрадан жөнөтөт. Кириш пакеттерин алуу мүмкүн болбогон учурда алуучу Сервистик бюро аркылуу системадан кириш пакеттерин алуу үчүн Сервистик бюрого кайрылат.»; 

 

- 8.5 жана 8.6-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.5. Эгерде алуучу менен кардардын ортосунда төлөм документтерин алмашуу электрондук формада жүзөгө ашырылган болсо, анда алуучу алуучу менен кардардын ортосундагы келишимдин шарттарына, ички ченемдик документтерге жана жол-жоболорго ылайык алынган ЭТД пакетинин негизинде электрондук билдирүүнү түзүп, алуучу кардарга берет.  

8.6. Алуучу ЭТД пакетин кандайдыр бир каталар менен алган болсо - (каражаттарды башка жакка багыттаса, эсепке бөгөт коюлуп же эсеп жок болгон болсо ж.б.) ал кийинки клирингдик күндөн кечиктирбестен акча каражаттарын кредиттик которуу аркылуу кайтарып берет. Мында төлөмдүн багытынын тилкесине жол берилген каталар көрсөтүлөт.»; 

 

- 9.2-пунктунда «файлдарын» деген сөз «пакеттерин» деген сөзгө алмаштырылсын; 

 

- 10.1-пунктунда «санарип» деген сөз алып салынсын; 

 

- «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» нускоонун  

1-тиркемесинин 1-главасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Катышуучунун статусу жана позициясы жетекчиликтин көрсөтмөсүнүн жана/же Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация, ликвидация сыяктуу атайын режимдерди киргизүү жөнүндө токтомдорунун негизинде, клиринг борборунун ыйгарым укук чегерилген персоналы тарабынан белгиленет.  

Системада катышуучулардын төмөнкүдөй статустары аныкталган: «Активдүү», «Токтотулган», «Активдүү эмес (Блокировланган же жокко чыгарылган)».  

Катышуучуга «Активдүү» статусу системада төлөмдөрдү өткөрүү боюнча эч кандай чектөөлөр киргизилбеген учурда белгиленет. Бул статуста катышуучунун төлөмдөрү, багытына көз карандысыз, толук функционалдуу иштеп чыгууга жана таза позицияларды эсептөөгө камтылууга тиешелүү болот.  

Катышуучуга «Токтотулган» статусу ПКСке катышууга чектөөлөр киргизилип, ал эми ГСРРВга катышууга чектөөлөр киргизилбеген учурда белгиленет. Катышуучунун «Токтотулган» статусунда төлөмдөр төмөнкүчө иштетилет:  

- жаңы төлөмдөр жана билдирүүлөр «Токтотулган» статусу менен кабыл алынат; 

- кабыл алынган жана таза позицияларды эсептөөгө камтылган төлөмдөр «Активдүү» статусундагы сыяктуу эле иштелип чыгат;  

- кабыл алынган, бирок таза позицияларды эсептөөгө камтылбаган төлөмдөр катышуучунун статусу «Активдүүгө» же «Активдүү эмеске» өзгөргөнгө чейин «Токтотулган» деген статуска которулат.».  

Катышуучунун «Активдүү эмес (блокировкаланган же жокко чыгарылган)» деген статусунда катышуучунун бардык төлөмдөрү жана катышуучунун дарегине төлөмдөр система тарабынан четке кагылат.  

ПКСке катышуу сыяктуу эле, ГСРРВга катышуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү учурунда системада катышуучунун позициясына чектөөлөр белгиленет. Позиция төмөнкү абалдардын бирине ээ болот: активдүү, дебеттөө/кредиттөө үчүн блокировкаланган. 

«Активдүү» чектөөлөр жок учурда белгиленет жана төлөмдөрдүн багытына көз карандысыз, бардык ЭТДны толук функционалдуу иштеп чыгуу дегенди түшүндүрөт.  

«Блокировкаланган» катышуучунун чыгыш/кириш төлөмдөрүнө чектөөлөр киргизилген учурда белгиленет. Бул позицияда УТПны эсептөөгө камтылган, катышуучудан/катышуучуга төлөмдөр жана системага позицияларга бөгөт коюлгандан кийин келип түшкөн төлөмдөр «Токтотулган» төлөм статусун кабыл алат жана төмөнкүчө иштелип чыгат:  

- система УТП катышуучуларын кайра санап чыгат; 

- жаңы төлөмдөр «Токтотулган» статусун алышат;  

- дебет/кредит боюнча позицияларды блоктон чыгаруу учурунда системага келип түшкөн төлөмдөр 1-тиркеменин 2-пунктуна ылайык УТПны эсептөөгө камтылат;  

- эгерде клиринг мезгилине чейин дебет/кредит боюнча позициялар блоктон чыгарылбаса, «Токтотулган» статусундагы төлөмдөр жыйынтык эсеп мезгилинде системадан четтетилет жана кийинчерээк бул тууралуу катышуучуга маалымдалат.»; 

 

- 1-тиркеменин 2-главасында «файлдардын» деген сөз «пакеттердин» дегенге алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын  

30-июлундагы № 30/6 «Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринде: 

- 1.4-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 2.2.1-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча, ар кандай жөндөмөдөгү «файл» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «пакет» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 2.1.3 жана 2.2.4-пунктуларында «иштеп чыгуу» деген сөз «эсептешүү» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 2.3-пунктунда «файлдарды» деген сөз «пакеттерди» деген сөзгө алмаштырылсын; 

 

- 2.3.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3.1. Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрү менен пакетти Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык келе тургандыгын текшерет.»; 

 

- 2.3.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3.3. Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү жүргүзүүгө төлөм документтеринин пакеттерин текшергенден кийин, система аларды иштеп чыгуу күнүнө чейин сактайт.»; 

 

- 2.4-пунктунда «файлдар» деген сөз «пакеттер» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 2.4.1-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «файл» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «пакет» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 2.4.2-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «файл» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «пакет» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 2.4.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4.3. Көрсөтүлгөн реквизиттер туура эмес болсо же төлөөчүнүн эсебинде акча каражаттары жок болсо банк-төлөөчү төлөөчүнүн банк эсебине карата коюлган тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн баш тартууну билдирген тиешелүү форматтагы пакетти түзөт. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн баш тартуу клиринг күнүнүн регламентине ылайык банк-төлөөчү тарабынан Системага төлөмдү иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күндөн тартып эсептешүү күнү кошо алынган күнгө чейинки мезгил ичинде жөнөтүлөт.»; 

 

- 2.5-пунктунда «файл» деген сөз «пакет» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 2.5.3-пунктунда «файл» деген сөз «пакет» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 6.1-пунктунда «файл» деген сөз «пакет» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 6.4 жана 6.5-пунктулар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

6.10-пунктунда “иштеп чыгуу” деген сөз “эсептөө” дегенге алмаштырылсын; 

- 6.11-пунктунда «иштеп чыгуу» жана «файлдарын» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «эсептешүү» жана «пакеттерин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

- 7.4-пунктунда «ашырат» деген сөз «ашырылат» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 7.6-пунктундагы «ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрүн кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили» деген сүйлөм «Баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 8.1-пунктунда «файлдар» деген сөз «пакеттер» дегенге алмаштырылсын; 

 

- 8.4-пунктунда «иштеп чыгуу күнүнө» деген сөздөр «эсептешүү күнүнө» дегенге алмаштырылсын; 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын  

25-июлундагы № 36/5 «Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген Төлөм документтерин толтуруу эрежелери жөнүндө нускоонун: 

3.4.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «г)» пунктчасы менен толукталсын: 

«г) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан пенсияларды төлөп берүүдө, машинада окулуучу форматтагы жыйынтык ведомость-тапшырманын электрондук файлдары ушул Нускоонун 7-тиркемесине ылайык формада колдонулат.»; 

 

- төмөнкү мазмундагы 7-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген Төлөм документтерин толтуруу эрежелери жөнүндө нускоого карата 7-тиркеме 

 

 

Пенсияларды төлөөдө колдонулган жыйынтык  

ведомость-тапшырманын электрондук файлдарынын формасы 

№ 

Тилкенин аталышы 

Маалыматтын түрү/форматы 

Эскертүү 

1. 

Коду 

IDDoc 

GUlD 

Документтин уникалдуу идентификатору 

2. 

Документтин номери 

NumDoc 

Сабы (6) 

Документтин номери префикси жана суффикси жок жана баштапкы нөлдөрү жок 

3. 

Датасы 

DateDoc 

Датасы 

Документтин датасы 

4. 

СФРБ 

SFDivision 

Сабы (З) 

СФРБ коду 

5. 

Жөнөтүүчү банк 

BIC 

Сабы (6) 

Документтин «Эсептешүү эсеп» тилкесинде көрсөтүлгөн эсептешүү эсептин жөнөтүүчү банкынын БИК 

6. 

Жөнөтүүчү банктын аталышы 

SenderBank 

Сабы (100) 

Документтин «Эсептешүү эсеп» тилкесиндеги эсептешүү эсептин банкынын аталышы 

7. 

Жөнөтүүчү кардар эсеби 

SenderAccount 

Сабы (100) 

Документтин «Эсептешүү эсеп» тилкесинен эсептешүү эсеп  

8. 

СФРБ ИНН  

INN 

Сабы (14) 

Учурдагы документ таандык болгон Социалдык фондунун бөлүмүнүн ИННи 

9. 

СФРБ ОКПО  

ОКРО 

Саны (8,0) 

Жөнөтүүчү кардардын ОКПО коду көрсөтүлөт. Учурдагы документ таандык болгон Социалдык фонддун бөлүмүнүн ОКПО көрсөтүлөт. 

10. 

СФРБ СФ номери 

SFOND 

Сабы (14) 

Жөнөтүүчү кардардын Социалдык фондундагы каттоо номери көрсөтүлөт. Учурдагы документ таандык болгон Социалдык фонддун бөлүмүнүн каттоо номери көрсөтүлөт 

11 

Жалпы сумма 

Sum 

Саны (15.2) 

Бул файлдагы бардык төлөмдөрдүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт 

12. 

Төлөмдөрдүн саны 

Qty 

Саны (10) 

Файлдагы төлөмдөрдүн саны көрсөтүлөт 

13. 

Комментарийлер 

Comment 

Сабы (100) 

Документтен ушул эле аталыштагы тилкесинин мааниси 

 

«Суммалар» (lt Sums) таблицалык бөлүгү 

№ 

Тилкенин аталышы 

Маалыматтын түрү/форматы 

Эскертүү 

1. 

Саптын номери 

Row 

Сабы (5) 

Бир файлдын ичинде уникалдуу сап номери 

2. 

Алуучу банктын БИКи 

RecipientBlC 

Сабы (6) 

«Төлөмдөрдүн орду» тилкесинде учурдагы сапта көрсөтүлгөн Банктын БИКи 

3. 

Алуучу банктын аталышы 

RecipientBank 

Сабы (100) 

«Төлөмдөрдүн орду» тилкесинде учурдагы сапта көрсөтүлгөн банктын аталышы 

4. 

Төлөм коду 

PurposeCode 

Саны (8) 

Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык, багыты боюнча төлөмдүн санариптик коду. Код учурдагы сапта көрсөтүлгөн төлөөлөрдүн түрү боюнча аныкталат. Төлөм коду «Төлөөлөрдүн багыты» маалымдамасынан алынат. 

5. 

Алуучунун эсеби 

RecipientAccou nt 

Сабы (16) 

«Төлөөлөр» таблицалык бөлүгүнүн учурдагы сабынын «Эсеп номери» тилкесинен эсептешүү эсеп көрсөтүлөт. 

6. 

Алуучу 

Recipient 

Сабы (14) 

Төлөөлөрдү алуучунун PIN же ИНН 

7. 

Алуучунун аталышы 

RecipientName 

Сабы (100) 

Учурдагы саптан алуучунун аты-жөнү/аталышы көрсөтүлөт 

8. 

Делосу 

File 

Сабы (13) 

Пенсиялык делонун номери 

9. 

Пенсионер 

Pensioner 

Сабы (14) 

Пенсионердин PIN коду. Пенсиянын түрү «багуучусунан ажырагандыгы боюнча» болсо жана төлөөлөр түрү «бир жолку төлөөлөр» же «сөөк коюуга» көрсөткүчүнө барабар болбосо, көрсөтүлбөйт. 

10. 

Пенсия түрү 

kindPension 

Саны (1) 

Пенсия түрүнүн коду. 

1 жашы боюнча; 

2 майыптыгы боюнча; 

3 багуучусунан ажырагандыгы боюнча; 

4 аскер кызматчысынан ажырагандыгы боюнча 

11. 

Айы, жылы 

MonthYear 

Саны (6) 

Саптын суммасы таандык болгон ЖЖЖЖАА форматында ай-жыл.  

12. 

Бөлүк 

Section 

Саны (1) 

Саптагы төлөмдүн суммасы таандык болгон бөлүктүн коду:  

1 биринчи бөлүк; 

2 өткөн айлар; 

3 учурдагы бөлүк; 

4 келерки айлар  

13. 

Төлөөлөрдүн түрү 

TypePayment 

Саны (1) 

Саптагы төлөмдүн суммасы тиешелүү болгон төлөм түрүнүн коду  

1 пенсия; 

2 топтолмо пенсиялык фонду

3 кармап калуу; 

4 компенсация; 

5 бир жолку төлөөлөр; 

6 сөөк коюуга; 

7 кошумча суммалар 

14 

Кошумча 

Addlnfo 

Сабы (5) 

Бир жолку төлөмдөрдүн коду. 

Бир жолку төлөм жүргүзүлгөн учурда көрсөтүлөт 

15. 

Төлөөлөрдүн суммасы 

SumPayd 

Саны (18.2) 

Төлөнгөн негизги сумма