Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 8-декабрындагы  

№ 2021-П-13/68-3-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобонун: 

- 16-пунктунун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Коммерциялык банктарда зыянга учураган банкнотту/монетаны алмаштыруудан же бир нарктагы жарактуу банкнотту/монетаны башкасына алмаштыруудан мыйзамсыз баш тарткан учурда, коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 300-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.»; 

- 20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы акчалары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкнотторуна /монеталарына түшүрүлгөн сүрөттөрдү же сүрөттөр түшүрүлгөн кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) мыйзамсыз пайдаланган жана көчүрүп чыгарган жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.». 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

 

3. Юридика башкармалыгы: 

 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

 

 

Төрага К. Боконтаев