Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 8-декабрындагы  

№ 2021-П-14/68-7-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө 

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат: 

1. "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Бул токтом 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коомун тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 8-декабрындагы  

№ 2021-П-14/68-7-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

"Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу тартиби, анын катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелер, ошондой эле накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда коммерциялык банктар тарабынан колдонулган төлөм документтерин тариздөө формалары жана талаптары аныкталат.  

2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.  

3. Бул Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө юридикалык жактарга жана жеке адамдарга таркатылат.  

4. Чет өлкө валютасында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына жана эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган ишкердикти жүргүзүү эрежелерине ылайык, кардарлар менен банктардын ортосундагы келишимдерде белгиленет. 

 

2-глава. Түшүнүктөр жана аныктамалар 

5. Ушул Жобонун максатында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:  

Акцепт төлөөчүнүн акчалай жана товардык документтерди төлөөгө макулдугу. Акцепт товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн эсептешүүлөрдө колдонулат, мында төлөм сунуштоочу тарабынан жазылган эсептешүү документтери боюнча төлөөчүнүн макулдугу (акцепти) менен жүргүзүлөт. 

Алуучу төлөмдүн жана эсептешүүнүн натыйжасында анын пайдасына акча каражаттары келип түшкөн жеке адам же юридикалык жак. 

Кардар банк менен банктык эсеп келишимин түзгөн жеке адам же юридикалык жак. 

Корреспонденттик эсеп банктар аралык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн коммерциялык банктар тарабынан Улуттук банкта ачылган эсеп. 

Накталай эмес төлөм төлөөчү тарабынан накталай акчаны колдонуусуз, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген формада банктык эсептен акча каражаттарын которуу аркылуу акча милдеттенмесинин аткарылышы. 

Накталай эмес эсептешүү акча жүгүртүү формасы, мында акча каражаттарынын жылышы накталай акчаны колдонуусуз, берилген төлөм документтерине ылайык, акча каражатын төлөөчүнүн банктык эсебинен алып салуу жана аны алуучунун банктык эсебине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат, ошондой эле электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Эсептешүү төлөмдүн аяктоосу болуп саналат. 

Төлөөчү төлөмдүн демилгечиси болуп саналган жеке адам же юридикалык жак, анын акча каражаттарынын эсебинен эсептешүү жүргүзүлөт. 

Электрондук төлөм документи эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматты камтыган жана электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн, электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү.  

Эсептешүү берилген төлөм документтерине ылайык, акча каражаттарын төлөөчүнүн банктык эсебинен алып салуу жана алуучунун банктык эсебине чегерүү жүргүзүлгөн акыркы жол-жобо.  

Эсептешүүүндөлүк) эсеби бул, акча каражаттарын сактоо жана банктардан тышкары, юридикалык жактар менен жеке ишкерлер (акчалай түшүүлөр, төлөөлөр, башка жеке адамдар жана юридикалык жактар менен өз ара эсептешүүлөр, башка финансы-кредит уюмдарына которуулар), ошондой эле жеке адамдар (резиденттер) айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык, банктык эсеп келишими боюнча банктык төлөм карттарын колдонуу менен жүргүзүлүп жаткан эсептешүүлөрдү кошо алганда, күндөлүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган эсеп. 

 

3-глава. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу  

боюнча негизги жоболор 

6. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, жана төлөм инструменттеринин колдонулуучу формасы менен шартталган болсо, кардарлардын тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө, банктык эсеп ачуу жана тейлөө жөнүндө келишимдердин негизинде эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө лицензиясы бар банктар тарабынан жүргүзүлөт.  

7. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр төлөөчү-кардар накталай акча каражаттарын алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу жолу менен жөнөтүүчү банкка салган учурда жүзөгө ашырылат. Бул эсептешүүлөр ишкердик ишке байланыштуу болбоого тийиш. Ошол банкта эсеби ачылбаган кардарга акча каражаты келип түшсө, банк кардарды толук идентификациялоо менен акча каражаттарын накталай түрдө берет. Банктар эсеп ачуусуз операцияларды жүргүзгөн кардарлар тууралуу ар бир төлөм боюнча толук маалыматты (ведомость, журнал ж.б.) эсепке алат. 

8. Банк эсебин ачуусуз акча которуулар боюнча накталай эмес эсептешүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.  

9. Накталай эмес эсептешүүлөр электрондук же кагаз формасында сунушталуучу төлөм документтеринин негизинде жүзөгө ашырылат  

10. Кагаз жүзүндө же электрондук төлөм документи түрүндө таризделген төлөм документи төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) төлөөчүнүн акча каражаттарын өз эсебинен алып салуу жана аларды акча каражаттарын алуучунун эсебине которууга буйруусу; 

2) акча каражаттарын алуучунун (өндүрүп алуучунун) акча каражаттарын төлөөчүнүн эсебинен алып салуу жана алуучу көрсөткөн эсепке, эсеп ээсинин (төлөөчүнүн) макулдугу боюнча гана же банк менен анын кардарынын ортосундагы келишимдин негизинде которууга буйруусу; 

3) накталай акча каражаттарын салууга буйруу (билдирүү) же акча каражаттарын берүүгө арыз. 

11. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда накталай эмес эсептешүүлөрдүн жана төлөм инструменттеринин төмөнкүдөй формалары колдонулат: 

- төлөм тапшырмасы; 

- төлөм талабы (Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген учурларда); 

- аккредитив; 

- тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасы (кайра авторизацияланган);  

- инкассо тапшырмасы; 

- эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чек; 

- банктык төлөм карт; 

- электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр. 

12. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө буйруу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: 

- кагаз жүзүндө толтурулган төлөм документинин түп нускасын көрсөтүү аркылуу; 

- байланыштын тиешелүү электрондук каналдарын пайдалануу менен буйрууну электрондук ыкмада жөнөтүү аркылуу; 

- төлөөчүгө төлөм шилтемесин (төлөм маалыматын берүү үчүн символдордун тексттик топтому) жөнөтүү аркылуу. 

13. Накталай эмес эсептешүүлөр эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) белгилерин жана төлөм шилтемелерин колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.  

14. Кардардын анын эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү жөнүндө буйруулары банкка Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банк менен кардар ортосундагы келишимдин негизинде, интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг аркылуу айкын убакыт ыргагында өткөрүлүп берилиши мүмкүн.  

15. Накталай эмес эсептешүүлөр төмөнкүлөр аркылуу банктык эсептер боюнча жүзөгө ашырылат: 

- акча каражаттарын төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен алып салуу жана алуучулардын банктык эсептерине акча каражаттарын чегерүү

- төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен акча каражаттарын алып салуу жана акча каражаттарын алуучулардын электрондук акчасынын калдыгын көбөйтүү

- электрондук акча ээсинин эсебинен акча каражаттарын алып салуу жана алуучулардын банктык эсептерине акча каражаттарын чегерүү

16. Эгерде банктар менен кардарларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкасы каралбаса, акча каражаттарын эсептен алып салуу эсеп ээси тарабынан ушул Жобонун талаптарына ылайык эсептеги акча каражаттарынын чегинде түзүлгөн төлөм документтеринин негизинде банк аркылуу жүзөгө ашырылат. 

17. Накталай эмес эсептешүү, банк төлөм документи аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктоону төлөөчүдөн алган учурда, төлөөчү кардар үчүн кайтарымсыз болуп саналат жана акча каражаты төлөөчүнүн эсебинен алынып салынган учурда акыркы болот. 

18. Накталай эмес эсептешүү акча каражатын алуучунун эсебине банк алуучу чегерген учурда же башка (ички) банк эсебинен ушул банкта эсеби жок алуучу кардарга акча каражаты берилген учурда алуучу үчүн акыркы болот.  

19. Накталай эмес эсептешүүлөр банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2004-жылдын  

11-мартындагы № 144/1/6 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрүн белгилөө жана алардын өтүү мөөнөттөрүн бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө" токтомунда белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.  

20. Коюлган талаптардын бардыгын канааттандыруу үчүн эсептеги акча каражаттары жетишсиз болсо, акча каражаттары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген кезекте келип түшүүсүнө жараша алынып салынат. 

21. Банк Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамында каралган учурларда жана тартипте, кардарга накталай эмес төлөмдү жана эсептешүүнү жүргүзүү жөнүндө буйрууну аткаруудан баш тартууга укуктуу. 

22. Улуттук валютадагы бардык банктар аралык төлөмдөр төлөм системасынын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери аркылуу гана ишке ашырылат. Төлөм системасынын катышуучулары тарабынан бири-биринде улуттук валютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча тике корреспонденттик эсептерди ачуусуна жол берилбейт. 

23. Банктардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча жүргүзүлгөн эсептешүү акыркы болуп эсептелет. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат. 

24. Корреспонденттик мамилелер системасы эл аралык (чек ара аркылуу) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жана финансы-кредит уюмдарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди жүргүзүү жөнүндө келишимдердин (агенттик макулдашуулардын) негизинде пайдалануучуларга башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмаларын түшүндүрөт. Эл аралык (чек ара аркылуу) акча которуулар банк тажрыйбасында пайдаланылган акча каражаттарын которуунун адистештирилген системасы аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  

Улуттук банк эл аралык (чек ара аркылуу) акча которууларды жүзөгө ашыруу тартибине, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык колдонулган банк эсебинин номерлерине жана электрондук билдирүүлөрдүн форматтарына карата талаптарды белгилөөгө укуктуу. 

25. Банктар төмөнкүлөрдү камтыган ички документтерди бекитүүгө тийиш: 

- буйрууну түзүү тартибин; 

- буйрууларды аткарууга кабыл алуу, кайтарып алуу жана аткарууну убактылуу токтотуу тартибин; 

- буйрууларды аткаруу тартибин; 

- накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу тууралуу башка жоболорду. 

26. Ички документтер Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына дал келүүгө тийиш. 

27. Банктардын ички инфраструктурасы ири төлөмдөр системасында жана банктар аралык чекене төлөмдөр системасында өз кардарларынын төлөмдөрүнүн түздөн-түз иштелип чыгуусуна (STP) гарантия берүүгө тийиш. 

 

4-глава. Төлөм документтерин тариздөө тартиби 

28. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтери Улуттук банк Башкармасынын  

2007-жылдын 25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген "Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүндө" нускоодо белгиленген форма боюнча милдеттүү реквизиттерди көрсөтүү менен бланктарда таризделет. 

29. Төлөм документин электрондук ыкмада сунуш кылуу, эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, электрондук төлөм документтеринин форматтарын, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системаларын пайдалануу жана кардар менен анын банкынын же банктар менен төлөм системаларынын операторлору ортосунда программалык-криптографиялык коргонуу системасын жана электрондук кол тамганы же коргоонун башка эквиваленттүү каражаттарын пайдалануу тууралуу келишимдин (макулдашуунун) негизинде жүзөгө ашырылат. 

30. Электрондук төлөм документи жөнөтүүчү тарабынан электрондук төлөм документин мыйзамдуу тариздөө фактысын тастыктаган жана аны өткөрүп берүү жана иштеп чыгуу процессинде электрондук төлөм документинин өзгөрүлбөстүгүн гарантиялаган (электрондук кол тамга, коргоонун башка эквиваленттүү каражаттары) маалымат коопсуздугунун каражаттарын колдонуу менен түзүлгөн учурда гана иштетүүгө кабыл алынат.  

31. Электрондук кол тамга же коргоонун башка эквиваленттүү каражаттары менен күбөлөндүрүлгөн формат боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын ырастаган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлгөн төлөмдүн негизинде жүзөгө ашырылуучу электрондук төлөм документи (баштапкы электрондук төлөм документи), ошондой эле товарлар/кызмат көрсөтүүлөр, айыптык төлөмдөр жана башка накталай эмес формадагы төлөмдөр (тастыктоочу электрондук төлөм документи) үчүн төлөөлөрдү жүргүзүү фактысы боюнча түзүлүүчү, анын ичинде банктык төлөм карттарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган электрондук төлөм документи (карт-чек, SMS-билдирүү, электрондук билдирүү), коюлган талаптарга ылайык ырасталган кагаз төлөм документтеринин юридикалык статусуна барабар юридикалык статуска ээ жана соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары кабыл алынууга тийиш.  

Электрондук кол тамганы колдонуу Кыргыз Республикасынын "Электрондук колтамга жөнүндө" мыйзамына ылайык ишке ашырылат. 

32. Товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө, айыптык төлөмдөргө, салыктарга, мамлекеттик кызматтарга жана башка төлөмдөргө накталай эмес формада төлөө фактысы боюнча түзүлгөн электрондук төлөм документиндеги (карт-чек, SMS-билдирүү, электрондук почта) күн (дата), төлөм жүргүзгөн дата болуп саналат жана алуучунун пайдасына, анын ичинде үчүнчү жактар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүү фактысын тастыктоо үчүн кызмат кылат. 

33. Төлөм документи мамлекеттик жана (же) расмий тилде түзүлөт. Банк менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде белгиленген учурларда төлөм документтерин башка тилдерде кошумча түзүүгө жол берилет. 

34. Банк төлөм документтерин кабыл алганда, алардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келиши текшерилет. 

35. Белгиленген талаптарды бузуу менен таризделген төлөм документтери, банк тарабынан аткарууга кабыл алынбайт жана бир операциялык күндөн кечиктирбестен жөнөтүүчүгө кайтарылып берилет.  

Банк кабыл алынган, бирок тигил же бул себептерден улам аткарылбаган кагаз жүзүндөгү төлөм документтерин кайтарып берген учурда, биринчи нускасынын арткы бетинде кайтаруунун себеби белгиленет, кайтаруу күнү, банктын штампы, ошондой эле жооптуу аткаруучунун жана банктын контролдоочу кызматкеринин аты-жөнүн көрсөтүү менен кол тамгасы коюлат. Бул талап товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө, айыптык төлөм жана башка төлөмдөргө накталай эмес формадагы төлөө фактысы боюнча түзүлүүчү электрондук төлөм документтерине (карт-чек, SMS-билдирүү, электрондук билдирүү) жайылтылбайт. 

 

5-глава. Төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

36. Төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда төлөөчү өз эсебинен акча каражаттарынын белгилүү бир суммасын ошол же башка банкта ачылган алуучунун эсебине чегерүү (которуу) жөнүндө буйрууну тейлөөчү банкка берет. Төлөм тапшырмасы жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютадагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн өткөрүү учурунда колдонулат. 

37. Төлөм тапшырмасы банк тарабынан документте көрсөтүлгөн күнгө ылайык же болбосо банктык эсеп келишиминде каралган мөөнөттө аткарылат. 

38. Кагаз түрүндө төлөм тапшырмасы "Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүндө" нускоодо белгиленген форма боюнча бланктарда таризделет. 

39. Юридикалык жактар жана жеке адамдар сатып алган товарлары, аларга көрсөтүлгөн кызматтар үчүн байланыш ишканалары аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле финансы органдары тарабынан кирешелерди бюджетке кайтарууда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталган, акцепттелген төлөм тапшырмаларын пайдалануунун эрежелерине жана тартибине ылайык, акцепттелген төлөм тапшырмалары пайдаланылышы мүмкүн. 

 

6-глава. Салык төлөө талабын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

40. Салык төлөө талабы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын салык органдары тарабынан салык төлөөчүнүн банктык эсебине же салык төлөөчүгө карыз болгон үчүнчү жактын эсебине салык боюнча карызды төлөө максатында коюлат. 

41. Салык төлөө талабы банк тарабынан салык төлөө талабы банкка келип түшкөн күндөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирилбестен, салык төлөөчүнүн эсебинен, анын ичинде валюталык эсебинен, анын салык карызын төлөө эсебинен алып салуу жолу менен жүзөгө ашырылат. 

42. Салык төлөө талабын банк алган күнгө карата салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болсо, мындай талап бул эсепке акча каражаттарынын түшүшүнө жараша, ушундай ар бир каражат түшкөн күндөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирилбестен аткарылат. 

 

7-глава. Төлөм тапшырмасын тике дебеттөөгө (кайра авторизацияланган)  

колдонуу менен эсептешүүлөр  

43. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу накталай эмес эсептешүүлөр утурумдук төлөмдөрдү (коммуналдык ишканалардын эсептери боюнча төлөмдөр) жана (же) белгиленген сумма (камсыздандыруу төгүмдөрү, ипотека ж.б.) менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банк кардарлары тарабынан колдонулат.  

44. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу жүзөгө ашырылган төлөм кардар жана анын банкы ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, ага ылайык кардар жогоруда көрсөтүлгөн келишимге тиешелүү документтерди тиркөө менен, аткарылган иштерге, же болбосо көрсөтүлгөн кызматтарга, сунушталган товарларга төлөө үчүн кардардын банктык эсебине карата алуучунун чыгарылган буйруулардын негизинде анын эсебинен акча каражаттарын алып салууга алдын ала уруксат берет. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу төлөм жөнөтүүчүнүн демилгеси менен да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

45. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда кардардын жана банктын укуктары жана милдеттери төлөөчү менен банк ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн учурдан тартып келип чыгат. 

46. Төлөөчү төлөөчүнүн банкында төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы алуучунун банкы аркылуу алуучу тарабынан демилгелөөсүнө буйрууну (макулдук берүүнү) жазуу формасында алуучуга сунуштоого тийиш.  

47. Төлөм алуучу эсепти кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзгөнгө чейинки мезгил аралыгында белгиленген кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жөнүндө эсеп-квитанцияны төлөөчүгө жөнөтүүгө тийиш.  

48. Алуучу өз банкына төлөөчүнүн эсебин тике дебеттөө жөнүндө буйрууну сунуштайт. Алуучунун банкы эсепти тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы белгиленген күнү эсептешүү жүргүзүү үчүн төлөөчүнүн банк эсебине жөнөтөт. 

49. Төлөөчүнүн банкы алуучу банктын анын кардарынын эсептешүү эсебине коюлган тапшырмасын кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасынын чегинде жана (же) кардар менен келишилген келишимде каралган мезгил аралыгында аткарууга тийиш.  

50. Төлөөчү өзүнүн кайра авторизацияланган тике дебеттөө жана башка операциялар боюнча коюлган тапшырмалар боюнча төлөмдөрдү төлөөнү камсыздоо үчүн банктагы өз эсептеринде акча каражаттарынын жетиштүү калдыгын кармап турууга тийиш.  

51. Алуучунун тике дебеттөө эсептешүү эсебинин тапшырмасында көрсөткөн төлөмдүн төлөнүп берилүүгө тийиш болгон суммасы төлөөчү күткөн суммадан айырмаланса, анда төлөөчү кайра авторизациялоону Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык токтотууга укуктуу.  

52. Төлөөчүнүн банкы алуучунун банкына көрсөтүлгөн сумманы төлөөнү камсыздоо үчүн төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражаттар жок болгон учурда, тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы кайтаруу аркылуу төлөмдүн аткарылбагандыгы, кардар тарабынан кайра авторизациялоо токтотулгандыгы жөнүндө же кардар менен түзүлгөн келишимде каралган башка себептерди билдирет.  

 

8-глава. Аккредитивди колдонуу менен эсептешүүлөр 

53. Аккредитив кардардын келишим боюнча анын контрагентинин пайдасына берилүүчү банктын шарттуу акчалай милдеттенмесин билдирет. Ал боюнча аккредитив (банк-эмитент) ачкан банк, сунуштоочуга төлөм аткарат же башка банкка аккредитивде каралган документтерди ага берген шартта жана аккредитивдин башка шарттарын аткарганда мындай төлөмдөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берет. 

54. Аккредитив менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын "Аккредитивдер жөнүндө" мыйзамы, ошондой эле  

1993-жылдагы же андан кийинки редакциядагы Эл аралык соода палатасы тарабынан даярдалган "Документтик аккредитивдер үчүн бир түргө келтирилген эрежелер жана адаттар" менен жөнгө салынат. 

55. Банктын ички документтеринде аккредитивдер менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча так эрежелерди белгилеген ченемдер каралууга тийиш. 

56. Аккредитив кайтарылып алынуучу же кайтарылып алынгыс болушу мүмкүн. Түрү көрсөтүлбөгөн учурда аккредитив кайтарылып алынгыс катары эсептелет. 

57. Каражаттарды алуучуга алдын ала билдирүүсүз, банк-эмитент тарабынан өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн болгон аккредитив кайтарылып алынуучу аккредитив болуп таанылат. Аккредитивди кайтарып алуу каражаттарды алуучунун алдында банк-эмитенттин кандайдыр бир милдеттенмелерин пайда кылбайт. 

58. Каражаттарды алуучунун макулдугусуз өзгөртүүгө же жокко чыгарууга мүмкүн болбогон аккредитив кайтарылып алынгыс аккредитив болуп таанылат.  

59. Аккредитив боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, төлөөчүнүн аккредитивди ачуу буйруусу боюнча жана анын көрсөтмөсүнө ылайык иш алып барган банк (банк-эмитент), каражаттарды алуучу аккредитивде каралган документтерди тапшырган жана аккредитивде макулдашылган шарттарды аткарган учурда, акча каражаттарын алуучуга которууга милдеттенет. 

60. Банк-эмитент башка банкка аккредитивди аткарууга (аткаруучу банк) же ырастоого (тастыктоочу банк) ыйгарым укук бере алат. Эгерде аткаруучу банк тастыктоочу банк болуп саналбаса, аткаруучу банк менен атайын макулдашылган учурларды кошпогондо, ага аккредитив боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилбейт, бул тууралуу маалымат бенефициарга/акча каражаттарын алуучуга берилүүгө тийиш. Мында тастыктоочу банк өз милдеттенмесин аккредитив боюнча төлөмгө кошот. 

61. Аккредитив обочолонгон жана негизги келишимге көз каранды эмес. Аккредитив төлөөчүнүн банк белгилеген тартипте түзүлүүчү аккредитивди ачуу жөнүндө арызынын негизинде банк-эмитент тарабынан ачылат. Аткаруучу банктын аккредитивди аткарууга макулдугу анын банк-эмитент тарабынан аткарылуусуна тоскоолдук жаратпайт. 

62. Аккредитивдин реквизиттери жана формасы банк тарабынан белгиленет. Аккредитивде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: 

- аккредитивдин номери жана күнү;  

- аккредитивдин суммасы; 

- төлөөчүнүн реквизиттери; 

- банк-эмитенттин реквизиттери; 

- каражат алуучунун реквизиттери; 

- аткаруучу банктын реквизиттери; 

- аккредитив түрү

- аккредитивдин колдонуу мөөнөтү

- аккредитивди аткаруу ыкмасы; 

- каражат алуучу тарабынан сунушталуучу документтердин тизмеги, аларга карата талаптар; 

- төлөм багыты; 

- документтерди сунуштоо мөөнөтү

- тастыктоо зарылчылыгы (эгер болсо); 

- банктардын комиссиялык сый акысын төлөө тартиби. 

Аккредитивде башка маалымат көрсөтүлүшү мүмкүн. 

63. Банк-эмитенттен аккредитивди аткаруу ыйгарым укугу менен аккредитив алган учурда аткаруучу банк аккредитивди аткарууга ыйгарым укукту кабыл алууга макул болбогон учурда, банк-эмитентке бул тууралуу баш тартуу себептерин көрсөтүү менен тезинен билдирүүгө милдеттүү

64. Аткаруучу банк банк-эмитенттен келип түшкөн аккредитивдин шарттарын каражаттарды алуучуга маалымдайт. Банк-эмитент тарабынан сунушталган ыйгарым укуктарга ылайык, аткаруучу банк аккредитивдин шарттарын билдирүү үчүн башка банкты, анын ичинде каражаттарды алуучуга аккредитив шарттарын билдирүү күнү тууралуу аткаруучу банкка маалымдаган каражаттарды алуучунун банкын ишке тартышы мүмкүн.  

65. Аккредитив шарттары өзгөргөн учурда, же аны чакыртып алуу өтүнүчү бар болгон учурда, төлөөчү банк-эмитентке тиешелүү арыз берет. Алынган тиешелүү арызга ылайык, банк-эмитент аткаруучу/тастыктоочу банкка аккредитивдин шарттары өзгөргөндүгү же аккредитивди кайтарып алуу жөнүндө өтүнүч жөнөтөт. Аткаруучу банк банк-эмитенттен келип түшкөн билдирүүнүн негизинде каражаттарды алуучуга аккредитивдин шарттарды өзгөргөндүгү жөнүндө же аккредитивди кайтарып алуу жөнүндө өтүнүчү түшкөндүгү жөнүндө маалымдайт. Каражаттарды алуучунун аккредитивдин шарттарынын өзгөрүүлөрүн жарым-жартылай кабыл алуусуна жол берилбейт. 

66. Аккредитивди аткаруу үчүн бенефициар/каражаттарды алуучу банк-эмитентке/аткаруучу/тастыктоочу банкка аккредитивдин шарттарында каралган документтерди аккредитивди колдонуу мөөнөтү аралыгында жана документтерди сунуштоо үчүн аккредитив шарттарында каралган мөөнөт чегинде сунуштайт. Эгерде документтерди сунуштоо үчүн аккредитивди колдонуу мөөнөтү аяктаган күн жумуш эмес күнгө туура келсе, бенефициар/каражаттарды алуучу документтерди тиешелүү мөөнөт аяктаган күндөн кийинки биринчи жумуш күнү бере алат. 

67. Банк-эмитент/аткаруучу/тастыктоочу банк, берилген документтердин тышкы белгилери боюнча алардын аккредитив шарттарына шайкештигин жана документтер ортосунда карама-каршылыктардын жоктугун текшерет. 

68. Берилген документтердин аккредитивдин шарттарына шайкештиги аныкталган учурда, банк-эмитент/аткаруучу/тастыктоочу банк, бенефициарга/акча алуучуга төлөм жүргүзөт. 

69. Аккредитивди аткаруу акча каражаттарын банк-эмитент/аткаруучу/тастыктоочу банктын төлөм тапшырмасы менен бенефициардын/каражаттарды алуучунун банктык эсебине которуу жолу менен же болбосо аткаруучу/тастыктоочу банктагы бенефициардын/каражаттарды алуучунун банктык эсебине тиешелүү сумманы чегерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.  

70. Аккредитив аткарылгандан кийин, аткаруучу/тастыктоочу банк аткарылган сумманы көрсөтүү жана берилген документтерди тиркөө менен банк-эмитентке аккредитивдин аткарылгандыгын жөнүндө билдирүү жөнөтөт.  

71. Эгерде банк-эмитент, аткаруучу/тастыктоочу банк тарабынан кабыл алынган документтерди алып, аларды тышкы белгилери боюнча аккредитив шарттарына туура келбейт деп эсептесе, анда аларды кабыл алуудан баш тартууга жана аткаруучу/тастыктоочу банктан аккредитив шарттарын бузуу менен бенефициарга/каражаттарды алуучуга төлөнгөн сумманы талап кылууга, ал эми орду жабылбаган аккредитив боюнча төлөнгөн суммалардын ордун жабуудан баш тартууга укуктуу. 

Аткаруучу банктагы аккредитив төмөнкү учурларда жабылат: 

- аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда; 

- бенефициардын каражаттарды алуучунун аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин пайдалануудан баш тартуу жана банк-эмитенттин берилген аккредитив боюнча милдеттенмелеринен бошотуу жөнүндө арызы боюнча, эгерде мындай баш тартуу аккредитив шарттарында каралган болсо; 

- төлөөчүнүн аккредитивди толук же бир бөлүгүн кайтарып алуу жөнүндө талабы боюнча, эгерде мындай кайтарып алуу аккредитив шарттарында мүмкүн болсо; 

- мөөнөтүнөн мурда бенефициар тарабынан берилген, тиешелүү түрдө таризделген документтер боюнча аккредитивдин суммасы аткаруучу банк тарабынан толук төлөнгөндөн кийин, б.а. аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин. 

72. Аккредитив жабылгандыгы жөнүндө аткаруучу/ырастоочу банк банк-эмитентке билдирүүгө тийиш. Депондоштурулган аккредитивдин каражаттарынын колдонулбаган суммасы аккредитивдин жабылышы менен бир убакытта банк-эмитентке кайтарылууга тийиш. Банк-эмитент каражаттар депондоштурулган төлөөчүнүн эсебине кайтарылган суммаларды чегерүүгө милдеттүү

 

9-глава. Инкассо тапшырмасын колдонуу менен эсептешүүлөр 

73. Инкассо тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдө кардар өз банкына (банк-эмитентке) төлөөчүдөн төлөм тапшырмасын алуу боюнча кардардын эсебинен аракеттерди жүзөгө ашыруу тууралуу тапшырма жөнөтөт. 

74. Инкассо тапшырмасы боюнча эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Эл аралык соода палатасы (ICC Publication № 522) тарабынан даярдалган Инкассо боюнча бирдейлештирилген эрежелерге ылайык жөнгө салынат (мындан ары Бирдейлештирилген эрежелер). 

75. Банктын ички документтеринде инкассо тапшырмасы менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча так эрежелер белгиленген ченемдер каралууга тийиш. 

76. Кардар төлөөчүнүн эсебине карата инкассо тапшырмасын жана бардык документтерди банк-эмитент аркылуу төлөөчүнүн эсебине көрсөтөт. Бардык документтер инкассо тапшырмасы менен коштолууга тийиш, анда бул инкассо тапшырмасы Бирдейлештирилген эрежелерге баш ийе тургандыгы, анда так жана толук нускоо камтылгандыгы көрсөтүлөт. Инкассо нускоолорунда төлөөчү кайсы болбосун аракеттерди аткара турган мезгил так көрсөтүлүшү зарыл. 

77. Инкассо тапшырмасында төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш: 

- инкассо тапшырмасын алган банк (принципал инкассациялоо боюнча операцияны тапшырган банк-эмитент) тууралуу маалыматтар; 

- принципал (инкассациялоо боюнча операцияны банк-эмитентке тапшырган тарап) жөнүндө маалыматтар; 

- төлөөчү жөнүндө маалыматтар (инкассо тапшырмасына ылайык сунушталган адам); 

- эгерде аткаруучу банк болсо, ал тууралуу маалыматтар (төлөөчүгө сунуштоочу инкассациялоо жүргүзүүчү банк); 

- инкассациялоо жүргүзүлүүчү сумма (суммалар) жана валюта (валюталар); 

- ар бир документтин барагынын санын көрсөтүү менен тиркелген документтердин тизмеги; 

- төлөм жана/же акцептти алуу мөөнөтү жана шарттары; 

- инкассо жүргүзүлүүчү документтерди өткөрүп берүү шарттары; 

- бир бөлүгүн төлөөнү кабыл алуу жөнүндө нускоо; 

- акцепт берилбеген же төлөнбөгөн учурда каршылык (протест) билдирүү же башка юридикалык аракеттер жөнүндө нускоо. Мындай нускоолор болбогон учурда инкассого катышуучу банктар каршылык (протест) билдирүүгө же башка юридикалык аракеттерди көрүүгө милдеттүү эмес; 

- инкассо менен байланышкан чыгашалардын ордун жабуу жана (же) сый акы төлөө тартиби жана эрежелер жөнүндө нускоолор. 

78. Банк-эмитент инкассо тапшырмасынын туура жана толук таризделишин жана тиркелген документтердин болушун текшерет. 

79. Инкассо тапшырмасын алган банк-эмитент, аны аткаруу үчүн башка банкты (аткаруучу банкты) ишке тартууга укуктуу. Аткаруучу банк, төлөөчүнүн акцептине банк-эмитенттен алган инкассо боюнча документтерди сунуштайт. Эгерде акцепт, же болбосо төлөм алынбаган болсо, кардарга бул тууралуу дароо билдирип, мындан аркы аракеттер боюнча андан көрсөтмө суроо зарыл. 

80. Белгиленген мөөнөттө мындан аркы аракеттер жөнүндө кардардан көрсөтмө берилбеген учурда, аткаруучу банк банк-эмитентке документтерди кайтарып берүүгө укуктуу. 

81. Инкассо тапшырмасын аткаруу үчүн төлөөчү аны тейлеген банкка төлөм тапшырмасын сунуштайт. 

82. Келип түшкөн инкассо жүргүзүлгөн сумманы, эгер башкасы каралбаса, аткаруучу банк, өз кезегинде аны принципалдын эсебине чегерген банк-эмитенттин пайдасына чегерет. Аткаруучу банк жана банк-эмитент ага тиешелүү сый акы суммасын жана чыгашалардын ордун толтурууну инкассацияланган суммадан кармап калууга укуктуу. 

83. Инкассо жүргүзүлүүчү сумманын бир бөлүгү, инкассо тапшырмасында тиешелүү нускоолор камтылганда гана төлөнүшү мүмкүн. Мындай документтер жол болгон учурда, документтер аткаруучу банк тарабынан толук төлөнгөндөн кийин гана төлөөчүгө өткөрүлүп берилет. 

 

10-глава. Эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чекти  

колдонуу менен эсептешүүлөр 

84. Чектер менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

85. Чекте Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген реквизиттер камтылууга тийиш, ошондой эле банк тарабынан аныкталуучу реквизиттер камтылышы мүмкүн. Чектин формасы жана аны толтуруу тартиби банк тарабынан аныкталат. 

 

11-глава. Банктык төлөм картын колдонуу менен эсептешүүлөр 

86. Банктык төлөм карттарын колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөр товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, салыктарды, айыптык төлөмдөрдү, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү банкоматтар, терминалдар жана/же мобилдик банкинг, интернет-банкинг аркылуу башка аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу төлөөдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

87. Банктык картты колдонуу менен товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде бюджетке салыктарды, айыптык төлөмдөрдү, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча транзакция жүргүзүү учурунда терминал, банкомат жана/же мобилдик банкинг, интернет-банкинг аркылуу башка аралыкта орнотулган түзүлүш аркылуу түзүлгөн кагаз жана/же электрондук түрдөгү документ төлөө ишке ашырылгандыгын тастыктоо болуп саналат.  

88. Кыргыз Республикасынын аймагында карттарды колдонуу менен ишке ашырылган бардык эсептешүүлөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

89. Ар башка төлөм системаларынын банктык төлөм карттарын колдонуу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын аймагында (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) жүргүзүлөт. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүлөт. 

90. Банктык төлөм карттарын колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү, анын ичинде банктык төлөм карттарын колдонуу менен төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

91. Банктык төлөм карттарын колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүсү, системанын иш регламентине жана тартибине жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, айкын убакыт ыргагында банктар аралык эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жүзөгө ашырылат.  

 

12-глава. Электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүүлөр 

92. Электрондук акчаларды колдонуу менен төлөмдөр жана эсептешүүлөр  

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 

 

13-глава. Банктык гарантиялар менен эсептешүүлөр 

93. Банктык гарантия акча милдеттенмелери боюнча камсыздоонун формаларынын бири болуп саналат жана өз милдеттенмелерин тараптардын бири аткарбаган учурда мүмкүн болуучу жоготууларды азайтуу максатында колдонулат. 

94. Банктык гарантиялар банктар тарабынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна банктын лицензиясына карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмегинде аталган операция болгон учурда берилет. Банктын ички документтеринде банктык гарантиялар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча так эрежелерди белгилөөчү ченемдер каралууга тийиш. 

95. Банктык гарантия мөөнөттүү жана кайтарылып алынгыс мүнөзүнө ээ, эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, гарант өзүнө алынган милдеттенмелерден бир тараптуу тартипте баш тартууга укугу жок. 

96. Кредиторго акчалай сумманы төлөө шартына жараша гарантия биринчи эле талабы боюнча (шартсыз) жана шарттуу болушу мүмкүн. Шарттуу гарантия учурунда гарант, гарантия келишиминде айтылган шарттар келип чыккан учурда, кредитордун жазуу түрүндөгү талабы боюнча гарантия боюнча төлөм жүргүзүүгө тийиш.  

97. Дайындалышына жараша гарантиялар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: 

- тендердик гарантия; 

- аткаруу гарантиясы; 

- аванстык төлөмдү кайтаруу гарантиясы; 

- төлөм гарантиясы; 

- контргарантия; 

- бажы гарантиясы. 

98. Гаранттын банктык гарантияда каралган кредитор алдында милдеттенмеси, гарантияда милдеттенмеге шилтеме берилсе дагы, аны аткарууга камсыздоо катары берилген негизги милдеттенмеге көз каранды эмес жана ал обочолонгон болуп саналат. 

99. Банктык гарантия келишиминде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: 

- принципал жөнүндө маалыматтар (милдеттенмелерди аткаруу гарантия менен камсыздалган тарап); 

- кредитор тууралуу маалымат (анын пайдасына гарантия берилген тарап); 

- гарант жөнүндө маалымат (гарантия берүүчү тарап); 

- гарантиялык учурдун келип чыгуу шарттары; 

- гарантия суммасы; 

- гарантия мөөнөтү

Маалыматтар тизмеги банктык гарантия келишимине тараптардын макулдашуусу боюнча толукталышы мүмкүн. 

100. Банктык гарантия принципалдын банктык гарантия берүү жөнүндө банкка берген арызынын негизинде берилет. Арызга негизги келишимдин же болбосо аны аткаруу менен банктык гарантия камсыздалган негизги милдеттенме камтылган башка документтин көчүрмөсү тиркелет. 

101. Банктык гарантияны берүү, ошондой эле банктык гарантия боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча талаптарды коюу жазуу жана электрондук формада таризделиши мүмкүн. 

102. Гарантиялык учур келип жеткен учурда кредитор банктык гарантия боюнча төлөмдүн жазуу түрүндөгү талабын жөнөтөт. Гарантия боюнча талапка кредитордун арызы жана гарантияда каралган башка документтер тиркелүүгө тийиш.  

103. Банктык гарантия боюнча төлөм талабын алган учурда гарант принципалга коюлган талап жөнүндө билдирет жана банктык гарантия боюнча төлөм талабынын жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн өткөрүп берет. 

104. Эгерде банктык гарантия боюнча коюлган төлөм талабы талаптагыдай болсо жана гарантиянын шарттарына туура келсе, гарант кредитордун пайдасына төлөмдү жүзөгө ашырат. 

105. Гаранттын гарантия боюнча кредитор алдындагы милдеттенмеси төмөнкү учурларда токтотулат: 

- гарантия берилген сумманы кредиторго төлөп берүү

- берилген гарантияда аныкталган мөөнөттүн аякташы; 

- кредитордун гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартуусу жана аны гарантка кайтарып берүүсү

- гарантты милдеттенмелеринен бошотуу жөнүндө жазуу түрүндөгү арызы аркылуу кредитордун гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартуусу. 

 

14-глава. Накталай эмес төлөмдөрдүн катышуучуларынын  

укуктары жана милдеттери 

106. Банктын кардарлары, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкасы каралбаса, кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган шарттарда банктык эсептер боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу банктардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөшөт.  

107. Банктар кардарлардын эсептеринен (эсептерине) акча каражаттарын өз убагында алып салбагандыгы (чегербегендиги) үчүн Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына жана кардарлар менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жоопкерчилик тартышат.  

108. Кыргыз Республикасынын банктары, банктык операциялардын өзүнчө түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдар, чет өлкө банктары (финансы институттары) ортосунда жүзөгө ашырылуучу төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө байланыштуу мамилелер алар ортосунда түзүлгөн келишимдер менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгү боюнча жөнгө салынат.  

109. Акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөм ката же уруксатсыз жасалды деп таанылган учурда, системанын эрежелери ката кеткен жана/же уруксатсыз төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жоболорду караштырат. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын иштөө тартибинде/эрежелеринде жана регламентинде белгиленет.  

110. Кардар төлөм инструменттерин колдонуу боюнча эрежелердин жана төлөм документтерин тариздөө тартибинин сакталышы үчүн ченемдик укуктук актыларга ылайык жоопкерчилик тартат. 

111. Эгер төлөм аякталбаган болуп саналса, анда буга чейинки катышуучудан алган төлөмдү жүргүзүү боюнча көрсөтмөнү аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган катышуучу катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жоопкерчилик тартат. Мында жөнөтүүчүнүн банкы кардардын талабы боюнча төлөм жүргүзүү боюнча көрсөтмөнү аткарбаган же болбосо талапка ылайык аткарбаган катышуучу жөнүндө, ошондой эле төлөмдүн аяктабагандыгынын себеби жөнүндө маалыматты берүүгө жана кардардын талабы боюнча төлөмдү аягына чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө же жөнөтүүчүгө акча каражаттарын кайтарып берүүгө милдеттүү. Эгерде төлөм алуучунун күнөөсү боюнча аягына чыгарылбаса, жөнөтүүчү алуучу алдында жоопкерчилик тартпайт.