Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 15-декабрындагы  

№ 2021-П-12/70-2-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 «Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу нускоону бекитүү жөнүндө»

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 15-декабрындагы  

№ 2021-П-12/70-2-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме  

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 6.5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул отчетко банктын жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп, электрондук форматта Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө берилет.».  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө нускоонун: 

- 1-тиркемесиндеги эскертүү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«(*) Эгерде, банкта ири тобокелдиктер жок болсо же алар 15тен аз болсо, анда толтурулгандан кийин калган башка тилкелерде чогуу алгандагы эң чоң  карыз кемүү тартибинде көрсөтүлөт. Эгерде, банкта 15тен көп ири тобокелдиктер болсо, анда алардын жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган тизмесин электрондук форматта, ушул эле тартипте жана формада өзүнчө көрсөтүү зарыл.»; 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 «Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу нускоонун

- 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1. ПБ-1 жана ПБ-2 формалары боюнча отчеттор ушул нускоонун талаптарын эске алуу менен жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп, электрондук форматта Улуттук банкка берилет.»;  

- 2.3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Отчеттук мезгилдин башталышына жана акырына карата ПБ-1К, ПБ-1Н,  

ПБ-1СИ формалары боюнча каражаттар калдыгы жөнүндө маалымат жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп, электрондук форматта берилет жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:»; 

- 2.4-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган отчеттун бул формасы электрондук форматта берилет.»; 

- 3.16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.16. Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган электрондук форматтагы отчеттордун формасында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:»; 

- 3.17-пунктунун төртүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«ПБ-2 формасы боюнча отчет жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп, электрондук форматта берилет.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1. Ар бир банкта ПРБОнун мазмуну толук берилгендиги, белгиленген мөөнөттө сунушталышы жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. Бул кызматкерге ПРБОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жана отчетторду электрондук форматта берүүдө бир нече кызмат адамдарынын кол тамгасы коюлуучу отчетторду ички макулдашуу үчүн да жоопкерчилик жүктөлөт. 

Банктын жетекчилиги жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган отчеттор үчүн толук жоопкерчилик тартат.»; 

- 4.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2. ПРБО Улуттук банкка ушул Жобого карата 2-тиркемеде келтирилген формада жана Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычын тастыктоо борбору катары иш алып баруусу жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, ар бир отчет үчүн белгиленген мөөнөттө, электрондук байланыш системасы (маалымат сакталган электрондук каражаттар) аркылуу жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп берилүүгө тийиш.»;  

- 4.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3. Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган электрондук форматтагы отчеттор Улуттук банкка белгиленген мөөнөттөрдө сунушталат.»; 

- 4.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.4. ПРБОнун 1-37-бөлүктөрүнүн электрондук версиялары Улуттук банкка берилет. Мында ПРБОнун 19-37-бөлүктөрүнүн электрондук версиялары электрондук кол тамгалар менен коштолууга тийиш. ПРБОнун бардык бөлүктөрүнө карата белгиленген форматтагы коштомо каттарга да электрондук кол тамгалар коюлууга жана электрондук форматта берилүүгө тийиш.»;  

- 4.5-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган, корректировкаланган электрондук форматтагы отчеттор Улуттук банкка: күндө берилүүчү жана жумалык отчеттор - 2 жумуш күнү ичинде, калган бардык отчеттор 5 жумуш күнү ичинде берилүүгө тийиш.»; 

- 4.7-пунктунун биринчи абзацындагы «жана кагаз түрүндө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 4.11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.11. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет белгиленген формада жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп берилүүгө тийиш.». 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 9-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул кызматкерге ПРБОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жана отчетторду электрондук форматта берүүдө бир нече кызмат адамдарынын кол тамгасы коюлуучу отчетторду ички макулдашуу үчүн жоопкерчилик да жүктөлөт.»; 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. ПРБО Улуттук банкка ушул Жобого карата 2-тиркемеде келтирилген формада жана Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычын тастыктоо борбору катары иш алып баруусу жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, ар бир отчет үчүн белгиленген мөөнөттө, электрондук байланыш системасы (маалымат сакталган электрондук каражаттар) аркылуу жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп берилүүгө тийиш.»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган электрондук форматтагы отчеттор Улуттук банкка белгиленген мөөнөттөрдө сунушталат.»; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. ПРБОнун 1-31-бөлүктөрүнүн электрондук версиялары Улуттук банкка берилет. Мында ПРБОнун 19-31-бөлүктөрүнүн электрондук версиялары электрондук кол тамгалар менен коштолууга тийиш. ПРБОнун бардык бөлүктөрүнө карата белгиленген форматтагы коштомо каттарга да электрондук кол тамгалар коюлууга жана электрондук форматта берилүүгө тийиш.»; 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө нускоонун: 

- 1-тиркемесиндеги эскертүү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«* Эгерде, ислам банкында ири тобокелдиктер жок болсо же алар 15тен аз болсо, анда толтурулгандан кийин калган башка тилкелерде чогуу алгандагы эң чоң карыз кемүү тартибинде көрсөтүлөт. Эгерде, ислам банкында 15тен көп ири тобокелдиктер болсо, анда алардын жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган тизмесин электрондук форматта, ушул эле тартипте жана формада өзүнчө көрсөтүү зарыл.». 

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптардын: 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Эгерде, кредит портфели боюнча талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан күрөө катары кабыл алынса, анда банк күрөө жөнүндө келишимдин талаптарына ылайык, жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган электрондук форматтагы кредит портфели боюнча отчетту отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен ай сайын Улуттук банкка берип турат.».