Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 22-декабрындагы  

№ 2021-П-33/72-12-(НФКУ) 

Токтому 

 

 

 

 

 

Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын  

бекитүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ассоциацияларын, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарын жана кредиттик союздарын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 22-декабрындагы  

№ 2021-П-33/72-12-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары  

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (мындан ары Стратегия) банк инфраструктурасы, технологиялары, пайыздык чендери жана ар түрдүү продуктылар Кыргызстандын аймагындагы реалдуу долбоорлорду кредиттөөгө өбөлгө түзүшү керек деп аныкталат. 

Стратегияга ылайык, экономиканын реалдуу өндүрүш сектору менен иштөөгө, технологиялык модернизацияга салым кошууга жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө карай алып-сатарлык жана сүткорлук кредиттөөнүн калыптанып калган практикасын өзгөртүү зарыл. Мындан тышкары, финансы секторунда атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү, кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана аларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле ислам каржылоо принциптерин ишканаларды кредиттөөнүн кошумча булагы катары колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиленет. Стратегияга ылайык, банк системасы өзүнүн инфраструктурасын, продуктуларынын ар түрдүүлүгүн камтууга, өлкөнүн бардык калкынын финансылык ресурстарга адилеттүү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Мында негизги принцип финансы рыногу тарабынан социалдык адилеттүүлүк жана финансылык сабаттуулугун жогорулатууга тийиш болгон жарандардын аң-сезимдүү жоопкерчилиги болууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында (мындан ары Улуттук программа) банк системасынын финансылык ортомчулугунун деңгээлин жогорулатууга, санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзүү аркылуу калкка жана чарба субъекттерине финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну улантуу зарылчылыгы белгиленген. Программада ошондой эле санариптик улуттук валютаны (санариптик сом) колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгы белгиленген. Мындан тышкары, Программага ылайык, кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү жана банктык кызматтардын сапатын жогорулатуу маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Улуттук программага ылайык, жарандардын бардык категорияларынын суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн жаңы финансылык продуктылар ислам принциптерин, жашыл ипотекалык инструменттерди колдонууну, колдонуудагы турак жайларды кеңейтүүнү, бүткөн жана курулуп жаткан турак-жайды сатып алуу каралган рыноктун жаңы тенденцияларын эске алуу менен иштелип чыгат. Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары микрокаржылоо секторунун учурдагы абалына баа берүүнү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк (мындан ары Улуттук банк) Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-11/51-4-(БФКУ) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2018-2021-жылдарга микрокаржылоо секторунун өнүгүүсүнүн негизги багыттарын ишке ашырууну камтыйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк), ошондой эле мамлекеттик стратегиялык программалар менен аныкталган багыттарга ылайык келген микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт.  

Бул документте микрокаржылоо дегенден улам сектору микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, ошондой эле кредиттик союздарды кредиттөө менен алектенген «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААК түрүндөгү банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ) түшүнүлөт.  

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын максаты калктын ишкердик демилгесин колдоонун маанилүү куралы катары туруктуу, ишенимдүү, социалдык жоопкерчиликтүү жана кардарларга багытталган микрокаржылоо секторун институционалдык өнүктүрүү үчүн алгылыктуу экономикалык, мыйзамдык жана жөнгө салуучу чөйрөнү камсыз кылуу жана колдоо, анын өзүн өзү иш менен камсыз кылуу, каржылоо калктын бакубаттуулугун жогорулатуу максатында чакан бизнести жана жеке ишкерликти өнүктүрүү.  

Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү каралган: 

1) микрокаржылоо секторунун катышуучуларынын институционалдык өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, жаңы финансылык продуктыларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү, анын ичинде сунушталган продуктыларды жана кызматтарды санариптештирүү, ошондой эле БФКУларды каржылоо булактарын кеңейтүү аркылуу; 

2) микрокаржылоо чөйрөсүндө жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын рационалдаштыруу жана өркүндөтүү

3) микрокаржылоо секторун институционалдык өнүктүрүү, анын туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу, алар көрсөткөн кызматтардын спектрин кеңейтүү, ошондой эле алардын баасын жана географиялык жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; 

4) микрофинансылык уюмдардын тобокелдиктерин эске алуу менен микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөргө баа түзүүгө мамилени түзүү, натыйжалуулугу жана акыркы технологияларды колдонууга даярдыгы менен айырмаланган кызматтарды көрсөтүү

5) микрокаржылоо секторунда өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарды жана апекстик институттарды өнүктүрүү

6) микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу. 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ийгиликтүү ишке ашыруу микрофинансы рыногунун бардык катышуучуларынын, анын ичинде Улуттук банктын, бизнес-ассоциациялардын жана БФКУлардын натыйжалуу, ырааттуу жана координацияланган ишинен көз каранды. 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу Улуттук банк тарабынан кызыкдар тараптар менен биргеликте Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын 1-тиркемесине ылайык конкреттүү иш-чараларды жана аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

2-глава. Кыргыз Республикасынын банк эмес финансы-кредит уюмдары секторунун учурдагы абалы 

 

§ 2.1. Жалпы макроэкономикалык жана социалдык-экономикалык чөйрө 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программанын максаты болуп өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн чөйрөнү түзүү аркылуу жарандардын жыргалчылыгын жакшыртуу, кризиске каршы чараларды ишке ашыруу жана өнүгүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына ийгиликтүү жетүү үчүн негиздерди түзүү саналат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгына ылайык, негизги максаттарга жетүү үчүн бир катар көрсөткүчтөр аныкталган: реалдуу экономикалык өсүштүн жылдык арымдарын орточо эсеп менен 5% деңгээлинде камсыз кылуу; калктын жан башына ИДӨнүн кеминде 1500 АКШ долларына жетишүү; калктын жакырчылык деңгээлин 20%га, анын ичинде балдардын жакырчылыгынын деңгээлин 20%ке чейин төмөндөтүү, жумушсуздуктун деңгээлин 5%ке чейин төмөндөтүү ж.б. 

COVID-19 пандемиясынын кесепеттери жана 2020-жылдын октябрь айындагы саясий башаламандыктар Кыргыз Республикасынын экономикалык абалына терс таасирин тийгизди. Өлкөнүн экономикасы 2020-жылы ИДӨ өндүрүшүнүн 8,4%га кризистик төмөндөшүн башынан өткөрдү, бул акыркы эки он жылдыктагы эң начар көрсөткүч. Калктын жан башына ИДӨ 1224 АКШ долларын түздү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында деңгээли боюнча төмөн болгон. 

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар ишкердик активдүүлүктүн кескин төмөндөшүнө алып келди. Чакан жана орто ишкерликтин, курулуш, транспорт, бир катар өнөр жай ишканаларынын иши дээрлик толугу менен токтотулду.  

Мындан тышкары, өнөктөш-мамлекеттердин, атап айтканда Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында экономикалык активдүүлүктүн басаңдашы акча которуулардын азайышына жана ички суроо-талаптын төмөндөшүнө алып келди. «Кыргыз Республикасынын төлөм балансы» басылмасынын маалыматтары боюнча учурдагы трансферттердин (мамлекеттик жана жеке менчик) таза көлөмү 1,1% га кыскарган, ал эми калктын реалдуу кирешелери 5,1%га кыскарган, бул ички керектөөгө жана курулуш иштерине олуттуу таасирин тийгизген. Кытай Эл Республикасынан импорттун кескин төмөндөшү эки эседен ашык ички өндүрүшкө, реэкспорттук ишмердүүлүккө терс таасирин тийгизип, натыйжада мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскарышына алып келген. 

Жогоруда саналып өткөн бардык фактылар өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн олуттуу начарлашына алып келген. Экономика тармактары боюнча ИДӨнүн 8,4%га төмөндөшү курулуш өндүрүшүнүн 15,6%га, чекене сооданын 14,8%га төмөндөшү менен шартталган. Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу сыяктуу багыттарда көрсөтүлгөн кызматтын көлөмүнүн дээрлик эки эсе түшүшү аныкталган. Өнөр жай өндүрүшү 7,0%га кыскарды, ал эми тоо-кен казып алуу өнөр жайында төмөндөө 18,5% түздү

Керектөө баасынын өсүшү орточо жылдык эсептөөдө 6,3% ды түздү. Узак мөөнөттүү туруктуулуктан кийин алмашуу курсу төмөндөп, улуттук валютанын АКШ долларына карата девальвациясы 18,9%ды түздү, бул акча которуулардын кыскарышы жана реэкспорттук операциялардын көлөмүнүн кыскарышы менен байланышкан. 

Жакырчылыктын деңгээли акыркы жылдары төмөндөдү. Бирок 2020-жылдагы экономикалык кризис калктын жакырчылык көрсөткүчүнүн 25,3%га чейин өсүшүнө алып келди. Балдардын жакырчылыгынын деңгээли 31,8%ды түздү1.  

Айыл чарбасында 2020-жылы өсүш 0,9 пайызды, ал эми 2019-жылы 2,5 пайызды түзгөн.  

Акыркы бир нече жылда мамлекеттик тышкы карыз өстү жана 2020-жылы ИДӨгө карата 58,3% түздү. Тышкы карызды тейлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү мамлекеттик бюджеттин бардык чыгаша бөлүгүнүн 9,4%ын же ИДӨнүн 2,7%ын түзөт. 

2020-жылы соода балансынын тартыштыгы 1,7 миллиард долларды же ИДӨнүн 22%ын түздү. 2021-жылдагыдай эле, Кыргыз Республикасы үчүн жакынкы жылдар COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүү мезгили болот. Бир катар антикризистик иш-чараларда коронавирустук инфекциянын жайылышынан тышкары улуттук экономиканы калыбына келтирүү, анын ичинде экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү милдеттери коюлган.  

 

§ 2.2. Микрокаржылоо секторунун учурдагы абалы жана анын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири 

2021-жылдын үчүнчү чейрегинин акырына карата микрокаржылоо сектору төмөнкү түзүмдө көрсөтүлгөн: 135 микрофинансылык уюм, 90 кредиттик союз жана «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы. 2018-2021-жылдары БФКУлардын сандык курамында салыштырмалуу туруктуулук белгиленет. 

Микрокаржылоо секторунун 2018-2021-жылдагы ишинин негизги көрсөткүчтөрү туруктуу өсүш менен мүнөздөлөт, мында иштин негизги сапаттык көрсөткүчтөрүнүн туруктуу сакталышы белгиленет.  

2021-жылдын үчүнчү чейрегинин акырына карата микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын чогуу алгандагы кредиттик портфели 27 612 млн сомду түзгөн. Акыркы 3 жылда салыштырмалуу өсүш дээрлик 60% түздү. Каралып жаткан мезгилде микрофинансылык рыногунун катышуучу-карыз алуучуларынын саны 21% га өсүп, 2021-жылдын үчүнчү чейрегинин акырына карата 439,8 миң субъектти түзгөн. Карыз алуучулардын арасында 56%ын аялдар ээлейт. 

2020-2021-жылдар өткөн мезгилдерге салыштырмалуу портфелдин тобокелдик үлүшүнүн салыштырмалуу өсүшү менен мүнөздөлөт, бул коронавирустук инфекциянын жайылышынын кесепеттери менен байланышкан. 

Микрокредиттердин чоң үлүшү (32%) керектөө максаттарына, 27% айыл чарбага микрокредиттер, ал эми соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө бардык берилген микрокредиттердин 21% туура келет. Микрофинансылык уюмдарынын кредит портфелинин калган бөлүгү курулушка, өнөр жайга, ФКУ кредиттерине жана башка чөйрөлөргө туура келет. 

1-таблица. БФКУнун өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү 

млн сом 

Көрсөткүчтөр 

2018 

2019 

2020 

2021

Активдер 

20 532 

26 853 

28 786 

32 342  

Кредит портфели 

17 377 

22 483 

23 484 

27 610 

Тобокелдикке дуушар болгон портфель, кредит портфелинен % 

4,6% 

4,8% 

7,4% 

7,0% 

Капитал жана пайда 

10 187 

12 936  

14 727 

16 185 

Милдеттенмелер 

8 957 

12 242 

12 468 

14 423  

Карыз алуучулардын саны (адам) 

364 142 

438 837 

427 640 

439 765 

МФУ саны 

142 

137 

134 

135 

КС саны 

106 

95 

92 

90 

Калкты микрокредиттөө менен камтуу 

5,8% 

6,8% 

6,5% 

6,6% 

 

2-таблица. Региондор боюнча БФКУлардын кредит портфели  

 

2018 

2019 

2020 

2021 

 

млн. сом 

үлүш % 

млн. сом 

үлүш % 

млн. сом 

үлүш % 

млн. сомов 

үлүш % 

Бишкек ш. 

4 456 

26,3% 

5 666 

25,6% 

5 604 

24,2% 

6 457 

23,4% 

Чүй областы 

2 498 

14,7% 

3 103 

14,0% 

3 449 

14,9% 

4 136 

15,0% 

Талас областы 

478 

2,8% 

582 

2,6% 

644 

2,8% 

749 

2,7% 

Ош областы 

3 724 

22,0% 

5 023 

22,7% 

5 118 

22,1% 

6 574 

23,8% 

Жалал-Абад областы 

2 010 

11,8% 

2 694 

12,2% 

2 958 

12,8% 

3 396 

12,3% 

Нарын областы 

1 142 

6,7% 

1 410 

6,4% 

1 510 

6,5% 

1 732 

6,3% 

Баткен областы 

809 

4,8% 

1 218 

5,5% 

1 439 

6,2% 

1 743 

6,3% 

Ысык-Көл областы 

1 846 

10,9% 

2 404 

10,9% 

2 420 

10,5% 

2 824 

10,2% 

Бардыгы болуп 

16 963 

100,0% 

22 100 

100% 

23 143 

100,0% 

27 610 

100,0% 

Бүгүнкү күндө микрокаржылоо секторунун активдеринин жана кредиттеринин банк тутумунун активдеринин жана кредиттеринин жалпы суммасына катышы тиешелүүлүгүнө жараша 10 жана 15 пайызды түзөт. 

Микрофинансы рыногунун катышуучуларынын иши алардын өздүк капиталынын эсебинен сыяктуу эле, тартылган каражаттардын эсебинен да жүзөгө ашырылат. Жогорудагы каржылоо булактарынын катышы болжол менен 50/50. 

Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын төлөнгөн уставдык капиталынын жалпы көлөмү 2021-жылдын үчүнчү чейрегинин акырына карата 5 159 миллион сомду түздү, бул 2018-жылга салыштырмалуу 1 118 миллион сомго же 28%га көп. Ошол эле учурда БФКУлардын өздүк капиталы 16 185 млн сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу дээрлик 60%га өскөн. 

Микрофинансылык уюмдардын (мындан ары МФУ) (МФК, МКК, МКА) кредит портфелинин жалпы көлөмүндө БФКУнун кредит портфелинин жалпы көлөмүндө үлүшү 95,5 пайызды түзөт. Кредит портфелинин калган бөлүгү кредиттик союздар тарабынан берилген. 

2021-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 92 кредиттик союз иш алып барган. Кредиттик союздардын катышуучуларынын саны 12,5 миң субъектти түзгөн, анын ичинен 6,2 миңи кредиттик союздардын карыз алуучулары болуп саналат. Кредиттик союздардын кредит портфели 910 миллион сомду түзөт жана 2018-жылдан бери кредиттик портфелдин деңгээлинин туруктуу төмөндөшү байкалууда. Акыркы үч жылда кредиттик союздардын кредит портфели 10%га кыскарды. 

Кредиттик союздарды каржылоонун негизги булактары болуп алардын өздүк капиталы, ошондой эле «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКтын каржылоосу саналат. Айрым кредиттик союздар өлкөнүн башка финансы-кредит уюмдарынан жана башка булактардан каражаттарды тартат. 

2021-жылдын аягына карата анча чоң эмес депозиттик базасы бар алты кредиттик союз гана депозиттерди тартууга лицензия алышкан. КСК ишмердүүлүгүнүн мезгилинде филиалдык тармактарды жана тейлөө түйүндөрүн өнүктүрүүгө жетише элек, ал эми кредиттөө негизинен айыл чарбасына жана соодага багытталган. 

МФУ чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле ишкердик жигердүүлүктү колдоого жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошту. Пандемия учурунда жана постпандемия мезгилинде МФУлар калктын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда жана керектөөчүлөрдүн турмуштук керектөөлөрүн канааттандырууда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүштү. Мындан тышкары, айрым МФУлар пандемия учурунда тобокелдикке барышкан, келечектеги кирешени эске алуу менен карыздын жүгүн эсептеп алышкан. Ошентип, МФУ өздөрүнүн кардарларынын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн эске алуу менен коммерциялык гана эмес, социалдык жоопкерчиликтүү жана кардарларга багытталган уюмдар экенин көрсөтүштү

Төмөндө орто мөөнөттүү келечекте микрокаржылоо секторунун күчтүү, алсыз жактарын, коркунучтары менен мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторуна SWOT-анализ келтирилген. 

 

Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторунун SWOT анализи 

ЧАБАЛ ЖАКТАРЫ: 

- финансылык туруктуулуктун төмөн деңгээли менен олуттуу сандагы чакан БФКУлардын болушу; 

- каржылоо булактарына жетүүнүн чектелгендигинен жана тышкы каржылоонун жогорку наркынан улам шайкеш эмес ресурстук камсыздоо; 

- чакан жана орто БФКУлардын олуттуу санын башкаруунун жана корпоративдик маданияттын төмөн деңгээли; 

- мигранттардын кирешесинен, акча которууларынан көз карандылыктын жогору болушу, доллардын курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү

- кесиптик ассоциациялардын жана экинчи деңгээлдеги уюмдардын начар институттук потенциалы. 

КҮЧТҮҮ ЖАКТАРЫ: 

- кеңири филиалдар тармагы; 

- калктын аз камсыз болгон топторунун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн сунушталган продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча шарттар: 

- билдирмелерди кыска мөөнөттө кароо ; 

- күрөөсүз кредиттөө

- ыңгайлуу төлөө графиги; 

- кардар багытынын жогорку деңгээли ж.б.; 

- «старт-аптарды» жана ишкердик демилгелерди колдоо. 

- айыл калкын, өзгөчө аялдарды тейлөө боюнча билим жана тажрыйба; 

- валюталык тобокелдиктердин төмөн деңгээли (кредиттер негизинен улуттук валютада берилет. 

КОРКУНУЧТАР: 

- микрокаржылоо секторуна коммерциялык банктардын активдүү кириши; 

- тышкы экономикалык жана геосаясий соккулардын таасирине алсыздык; 

- алгылыксыз бизнес-климат (жумушсуздуктун өсүшү, жеке ишкердиктин жана чакан жана орто бизнестин өсүш арымынын төмөндүгү); 

- экономиканы калыбына келтирүүнүн туруксуздугу жана аны коштоп жүргөн аялуу секторлорго жакыр жана айылдык үй чарбаларына терс таасир тийгизүү

- мыйзамдардын тез-тез өзгөрүшүнө байланыштуу укуктук тобокелдиктер; 

- коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттери менен байланышкан белгисиздик 

МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР: 

- микрокаржылоонун ийгиликтүү эл аралык практикасын киргизүү даярдыгы жана БФКУлардын ишинин ачык-айкын жүрүшүнө пропагандалоо; 

- ишмердүүлүккө санариптик технологияларды киргизүүгө даярдыгы жана кардарларды аралыктан тейлөө

- жашоого жөндөмдүү банктык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана жаңы технологияларды, продуктыларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн тиешелүү маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду көп тармактуу өнөктөштөр менен интеграциялоо; 

өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары менен өнөктөштүк жана финансылык жана финансылык эмес кызматтарга жетүү

- финансылык эмес кызматтарды кеңири көрсөтүү 

 

§ 2.3. Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары ишке ашырууга баа берүү  

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-11/51-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген. 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын негизги максаты чакан бизнести жана жеке ишкердикти өнүктүрүүнү каржылоонун, иш менен камсыз кылуунун жана калктын жыргалчылыгын жакшыртуунун маанилүү куралы катары жөндөмдүү, туруктуу жана социалдык жоопкерчиликтүү микрокаржылоо секторун институционалдык өнүктүрүү үчүн алгылыктуу экономикалык, мыйзамдык жана регулятивдик чөйрөнү камсыз кылуу. 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө, микрокаржылоо секторунда жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын чыңдоого, институционалдык өнүктүрүүгө, микрокаржылоо рыногунун инфраструктурасын чыңдоого жана түзүүгө, микрокаржылоо рыногунун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган иш-чаралар өткөрүлдү

Мыйзам чыгаруу жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жаатындагы иш-чаралардын алкагында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ислам каржылоо принциптерине ылайык МФУнун ишин жөнгө салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди, атап айтканда, инвестицияларды жана ресурстарды тартуу үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү үчүн товардык мурабаха операцияларын жүргүзүү тартиби боюнча ченемдер киргизилди. БФКУларды каржылоо булактарын кеңейтүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү, тобокелдикке багытталган көзөмөлгө өтүүнүн алкагында БФКУлардын отчеттуулугун жакшыртуу максатында микрофинансылык уюмдарды жөнгө салуу алкагында Улуттук банктын бир катар ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Микрофинансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кардарларды аралыктан тейлөөнү камсыз кылуу максатында Микрофинансылык уюмдардын кардарларын дистанциялык режимде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби бекитилген. 

Инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жаңы продуктыларды киргизүү үчүн алгылыктуу шарттарды түзүүнүн алкагында Улуттук банк «М Булак» МКК ЖЧКсы үчүн төмөнкү банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө үчүн атайын регулятивдик режим түзүлгөн: 

- накталай эмес формадагы кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын (мындан ары «Элкарт» улуттук төлөм системасы) алдын ала чыгарылган чектелген функционалдык кредиттик карталарын чыгаруу; 

- «М Булак» МККсынын POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын эквайринг, анын ичинде сатылган товарлар, жумуштар жана кызматтар үчүн төлөм каражаты катары соода жана тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотууга келишимдерди түзүү/QR коддорун колдонуу жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын кабыл алуу, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдер боюнча соода жана тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында БФКУларды жөнгө салууну оптималдаштыруу максатында БФКУлардын активдерин классификациялоого жана БФКУларга таасир этүү чараларын колдонууга карата талаптар унификацияланган, кредиттик тобокелдикти жөнгө салууга өзгөртүүлөр киргизилген. 

Каржылоо секторунун кийинки кадамдарын изилдөө жана аныктоо максатында төмөнкүдөй изилдөөлөр жүргүзүлгөн: 

өзүн-өзү жөнгө салуу уюмдардын, апекстердин ишке ашырылышы, иштеши, ченемдик укуктук жана мыйзам актыларын иштеп чыгуу маселелери боюнча алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны изилдөө

- «Микрофинансы уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана алардын ишинин жакырчылыкты жоюуга тийгизген таасирин баалоо: микрокаржылоонун карыз алуучулардын бакубаттуулугуна социалдык таасиринин методологиясын иштеп чыгуу» темасында изилдөө

- микрокамсыздандыруунун өнүгүү потенциалын изилдөө

Жогорудагы изилдөөлөрдүн натыйжалары Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгууда эске алынган. 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын максаттарына жетишүү деңгээлин баалоо төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде пландаштырылган: 

1) калктын микрофинансылык кызматтар менен камтуу деңгээли 6,6% түздү (4,89% пландаштырылган); 

2) кардарлардын жалпы саны 439 миң адамды түздү. (313 миң адам күтүлүүдө); 

3) микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрү менен географиялык камтылышы 63 пайызды түздү (60% пландаштырылган); 

4) ИДӨгө карата активдердин көлөмү 32,3 млрд сомду же 6%ды түздү (2021-жылдын акырына карата активдердин көлөмү 35,4 млрд сом же ИДӨгө карата 5 пайызды түзөрү күтүлгөн); 

5) ички жыйымдарды мобилизациялоо көрсөткүчү 16,2 млрд сомго жетти (14,7 млрд сом күтүлгөн). 

Жогорудагы маалыматтардын негизинде, микрофинансылык уюмдардын жалпы активдеринин индикаторунан тышкары, жалпысынан Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын максаттуу сандык көрсөткүчтөрүнө жетишилген деп белгиленет, бирок бул көрсөткүчтүн өлкөнүн ИДӨсүнө карата катышынын деңгээлине ылайык, бул көрсөткүч да жетишилди деп айтууга болот. 

 

3-глава. Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары 

 

§ 3.1. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү  

микрокаржылоо секторунун ролу 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, МФУнун иш максаты жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, иш менен камсыз кылуунун деңгээлин көтөрүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык мобилизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн микрокаржылоо боюнча калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү берүү болуп саналат. 

Бүгүнкү күндө микрокаржылоо чакан бизнести өнүктүрүүнү каржылоонун жана ишкердикти колдоонун, керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруунун, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу максатында иш менен камсыз кылуунун маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат. 

Микрокаржылоо сектору бир катар социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө катышып жатат: 

1. Микрокаржылоо чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эффективдүү механизми катары каралат, бул экономикалык өсүштүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын экономикасында чакан чарбалык субъекттер басымдуулук кылат, алардын көпчүлүгүн, фермерлер, жеке ишкерлер жана чакан ишканалар түзөт жана алар БФКУнун потенциалдуу кардарлары болуп саналат. Мамлекеттик өнүктүрүү программаларында чакан жана орто бизнести колдоо багыттары, анын ичинде ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү аркылуу аныкталган. 

2. Микрокаржылоо калктын аялуу катмарына, айыл тургундарына, алыскы райондордун тургундарына, жаштарга ж.б. үчүн финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Кеңири филиалдык тармагы, кредиттерди берүүдөгү жөнөкөйлөштүрүлгөн талаптар, БФКУ тарабынан көрсөтүлүүчү күрөөсүз кредиттөө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жогоруда аталган категориялары үчүн финансылык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. 

3. Микрокаржылоо жакырчылык менен күрөшүүдө мамлекетке көмөк көрсөтүү үчүн инструменттердин бири болуп саналат. Жакырчылыктын деңгээли акыркы жылдары төмөндөдү. Бирок 2020-жылдагы экономикалык каатчылык калктын жакырчылык деңгээлинин 25,3%га чейин өсүшүнө алып келди. Калктын өзүн-өзү иш менен камсыз кылууну колдоо жана материалдык абалын жакшыртуу максатында микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн географиялык камтылышын жогорулатуу жана күрөөлүк камсыздоо боюнча тоскоолдуктарды жоюу аркылуу микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарыл. Микрокредиттерди туура пайдалануу аркылуу карыз алуучулар ишкердик демилгелерди гана эмес, жашоо сапатын да жакшырта алышат. 

4. Микрокаржылоо гендердик теңчиликти илгерилетүүнүн жана аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн эффективдүү механизми экендигин далилдеди. Бүгүнкү күндө иштеген аялдардын үлүшү жогору эмес 42% жана өндүрүмдүүлүгү төмөн тармактарда топтолгон. Аялдардын 61%дан ашыгы формалдуу эмес сектордо иштешет. 

5. Кредиттик союздар аркылуу микрокаржылоо айыл жеринде кооперативдик кредит берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Кредиттик союздардын 15 пайызы гана Ош жана Бишкек шаарларында, калган кредиттик союздар айылдарда, кичи шаарларда жана ага чектеш аймактарда жайгашкан, алар аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө каражаттар жумшалат. 

§ 3.2. Микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары  

Узак мөөнөттүү келечекте финансылык секторду өнүктүрүүнүн маанилүү милдеттеринин бири болуп финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана финансылык институттардын туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Бул милдеттин аткарылышы ошондой эле продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн диверсификацияланган спектри менен ар түрдүү институттарды камтыган микрофинансы рыногунун ишенимдүү жана натыйжалуу моделин түзүү менен шартталган. Орто мөөнөттүү келечекте микрофинансылык институттардын интеграциясын жана институционалдык өнүгүшүн күчөтүүнү талап кылат, бул микрофинансылык ишмердиктин масштабын олуттуу жогорулатууну да, калкты микрофинансылык кызматтар менен камтууну олуттуу кеңейтүүнү да талап кылат. 

Микрокаржылоо рыногунун катышуучуларын андан ары өнүктүрүү жана интеграциялоо максатында туруктуу, социалдык жоопкерчиликтүү жана кардарларга багытталган микрофинансылык институттарды өнүктүрүү үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү, ошондой эле микрофинансылык кызматтарга калктын жеткиликтүүлүгүн кардарларды тейлөөдө санариптик технологиялар аркылуу жогорулатуу боюнча иш-чараларды улантуу зарыл.  

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында көрсөтүлгөн иш-чаралардын комплекси ишкердикти жана чакан бизнести өнүктүрүүнү каржылоонун маанилүү куралы катары микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнү андан ары колдоону, үй чарбаларынын эмгек шарттарын жана турмушун жакшыртууну, калктын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүүнү жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууну карайт. Микрокаржылоо рыногунун катышуучулары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүүгө, алардын туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууга, инфраструктураны жана институционалдык өнүгүүнү чыңдоого өзгөчө маани берилет. 

1. Микрокаржылоо секторунун катышуучуларынын институционалдык өнүгүүсүнө жана жаңы финансылык продуктыларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө көмөктөшүүчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

Калктын микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана микрокаржылоо секторун туруктуу өнүктүрүүгө дем берүү максатында БФКУлардын ченемдик укуктук жана методологиялык базасын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу зарыл. 

Орто мөөнөттүү келечекте микрокаржылоо секторун сапаттуу институционалдык өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл жана бул багытта төмөнкү чараларды ишке ашыруу зарыл: 

- ресурстук базаны жана БФКУларды каржылоонун альтернативдүү булактарына жетүүнү кеңейтүү үчүн ченемдик укуктук базаны талдоо жана өркүндөтүү

- микрокаржылоо секторунун продуктыларынын жана кызматтарынын спектрин кеңейтүүгө жана жайылышы деңгээлине таасир этүүчү жөнгө салуу алкактарын талдоо; 

- инновациялык продуктыларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн «жөнгө салуучу аянтчаны» түзүү

Кредиттик союздар системасын андан ары өнүктүрүүгө шарттарды түзүү үчүн КС жана «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү, анын ичинде кооперативдик кредиттөө, жыйымдарды топтоо нормаларын жана КС башкаруу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.  

Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторунда ислам банк иши жана каржылоо принциптерин андан ары өнүктүрүү үчүн мыкты эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана ишке киргизүү, аларды өркүндөтүү максатында колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды талдоо боюнча иштерди улантуу зарыл. Ошондой эле жаңы ислам банкинг операцияларын киргизүү максатында, анын ичинде ислам микрокамсыздандыруу жана баалуу кагаздар боюнча изилдөө жана талдоо жүргүзүү. Аткарылган иштердин алкагында борбордук Шариат кеңеши институтун түзүүнүн шарттарын да изилдөө зарыл. 

2. Микрокаржылоо секторунда жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын күчөтүү үчүн шарттарды түзүү. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмду түзүү

Микрокаржылоо секторун андан ары прогрессивдүү өнүктүрүү жана потенциалын чыңдоо үчүн алгылыктуу шарттарды түзүүнүн маанилүү шарты болуп тобокелдикке негизделген мамиленин негизинде БФКУнун ар кандай түрлөрү үчүн ченемдик стандарттарды киргизүү, жаңы продуктыларды жана альтернативдүү технологияларды киргизүү, анын ичинде дүйнөлүк каржылоодо санариптик технологияларды жигердүү илгерилетүү аркылуу микрофинансылык рынокту жөнгө салуучу таасирди оптималдаштыруу жана өнүктүрүү саналат.  

Орто мөөнөттүү келечекте жөнгө салуучу таасирди оптималдаштыруу максатында микрокаржылоо системасын өзүн-өзү жөнгө салуу институтун түзүү пландаштырылууда. Мындай институттун түзүлүшү ресурстарды бириктирүү, рыноктун катышуучуларынын бизнес-процесстерин жакшыртуу жана каржылоого жеткиликтүүлүктү жогорулатуу аркылуу БФКУлардын потенциалын жогорулатууга көмөктөшөт. 

Өзүн-өзү жетиштүү жана туруктуу өзүн-өзү жөнгө салуу институтун түзүүнүн милдеттүү шарты болуп системанын катышуучуларынын ишмердүүлүгүндө белгилүү бир сапат стандарттарын колдоо жана корпоративдик башкарууну өнүктүрүү болуп саналат Ал ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн түрткү болот жана өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун да, анын катышуучуларынын да ишмердүүлүгүн жогорулатат. 

Сапат стандарттарын жана корпоративдик башкаруу принциптерин сактоо, натыйжада БФКУлардын ишинин ачыктыгы микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жардам берет. 

Микрокаржылоо секторунда өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн анын иш концепциясын даярдоодо жана өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмду түзүү жана жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базасын иштеп чыгууда чагылдырылган даярдык иштеринин комплексин жүргүзүү зарыл.  

Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм киргизилгенден кийин Улуттук банк микрофинансы рыногунун жөнгө салуучусу катары микрофинансы рыногунун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында тобокелдикке негизделген мамилени эске алуу менен микрокаржылоо рыногунун негизги стандарттарын аныктайт, системалуу мааниге ээ БФКУларга тиешелүү көзөмөлдү жүзөгө ашырууну, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жагындагы мамилелерди жөнгө салууну аныктайт. Өз кезегинде МККга көз карандысыз мекеме катары Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн микрофинансы уюмдарынын - өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлөрүнүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген пруденциалдык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча функциялары берилет, ошондой эле ишмердүүлүккө карата талаптарды аныктайт жана микрокаржылоо секторунун мындан аркы туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. 

Эл аралык жеке инвесторлордун жана донорлордун МФУларга кредиттерди жана насыяларды берүүгө олуттуу кызыгуусуна карабастан, алар биринчи кезекте финансылык туруктуу уюмдар менен өнөктөштүккө кызыкдар экенин эске алуу керек. БФКУлардын ресурстук базасын чакан капитал менен камсыздоо маселелерин чечүү үчүн апекстик уюмдардын ишин уюштуруу сунушталат. Эл аралык практикада апекс институттары уюмдардан каражаттарды тартуу жана ФКУга дүң кредиттерди берүү түрүндөгү негизги функцияларды аткаруудан тышкары, валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө, консультациялык жана техникалык жардам көрсөтөт. Апекс институттары аркылуу экономиканын айрым тармактарын стимулдаштыруу, жаңы ыкмаларды киргизүү ж.б. программалар ишке ашырылат. 

3. Микрокаржылоо секторун институционалдык өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөрдү жана шарттарды түзүү, алар көрсөткөн кызматтардын спектрин кеңейтүү, ошондой эле алардын баасын жана географиялык жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. 

Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм ишке ашырууну пландаштырууга байланыштуу БФУлардын институционалдык өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл, бул корпоративдик башкарууну жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин киргизүү сыяктуу ишмердүүлүктүн кесиптик стандарттарын киргизүүсүз мүмкүн эмес. БФКУлардын институционалдык өсүшүн камсыз кылуу үчүн корпоративдик башкаруунун принциптерин, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапат стандарттарын жана жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин ишке ашыруу боюнча талаптарды киргизүү сунушталууда. Ошону менен бирге, уюмдардын жетекчилигинин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу зарылчылыгы белгиленет. 

Жогорудагы стандарттарды жана принциптерди сактоо эл аралык инвесторлордун жана кредиторлордун каражаттарын тартууга көмөктөшөт. Белгилүү болгондой, эл аралык инвесторлор каражаттарды берүү учурунда сандык келишимдерге гана эмес, корпоративдик башкаруу, жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин сактоо жана сапат стандарттарын сактоо сыяктуу уюмдардын сапаттык мүнөздөмөлөрүнө да өзгөчө көңүл бурушат. 

Акыркы убакта эл аралык донорлор потенциалдуу карыз алуучулардын туруктуу жана жашыл каржылоо принциптерине берилгендигине көңүл бурушууда. Ушуга байланыштуу микрокаржылоо сектору курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү пайдалануу, жашыл экономиканын өсүшүнө көмөк көрсөтүү, адамдарды жана коомчулуктарды коргоо, финансылык инклюзивдүүлүккө көмөк көрсөтүү, этикалык каржыны жана корпоративдик башкарууну илгерилетүү, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту илгерилетүү принциптерине негизделген туруктуу каржылоо маданиятын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүсү зарыл,. 

Орто мөөнөттүү келечекте БФКУлардын өздөрүнүн масштабдуу жана туруктуу өсүшү үчүн БФКУлардын ички ресурстарын мобилизациялоо зарылчылыгы белгиленген. Депозиттерди тартуу укугун пайдалануу менен кредиттик союздардын системасын андан ары өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жолу менен калктын аманаттарын тартууга өзгөчө көңүл буруу керек. Мындан тышкары, БФКУлардын уставдык капиталына карата талаптарды этап-этабы менен жогорулатуу пландаштырылууда, бул өз кезегинде БФКУлар тарабынан берилген микрокредиттин максималдуу өлчөмүн көбөйтүүгө таасирин тийгизет. БФКУларды мүмкүн болгон чыгымдарды жана жоготууларды төлөөгө кудуретсиздик коркунучун жабууга жөндөмдүү (адекваттуу) капитал менен камсыз кылуу максатында БФКУлардын уставдык капиталына талаптарды жакшыртуу менен бирге БФКУлардын капиталынын түзүмүн өзгөртүү пландаштырылууда. Капитал өз кезегинде финансылык кудуретсиздиктин (төлөө жөндөмсүздүгү) кесепеттерин жана ашыкча тобокелдик жагдайларын алдын алган каражат болуп саналат. 

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын алкагында калкты компетенттүү финансылык жүрүм-турумга, анын ичинде «топтоо жана үнөмдөө психологиясына» үйрөтүү зарыл. 

БФКУлардын ички ресурстарын мобилизациялоо жана каржылоонун узак мөөнөттүү жана арзан булактарына жетүүнү кеңейтүү микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Иш-чаралар планында кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган, анын ичинде каржылоонун исламдык принциптерине ылайык БФКУнун баа саясатын өркүндөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу каралган. 

Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн физикалык жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле филиалдык тармакты түзүүгө жана колдоого кеткен чыгымдарды кыскартуу зарыл. МФУлардын санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн операторлору менен өз ара аракеттенүүсүнүн жана операцияларынын стандарттарын иштеп чыгууну кошо алганда, аралыктан банк ишин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. 

Бүткүл цивилизациялуу дүйнө үчүн сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын финансы рыногу үчүн да COVID-2019 коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттери көйгөйлөрдү жана колдон чыгарылып кеткен мүмкүнчүлүктөрдү гана алып келбестен, мындан аркы көрүнүштөр боюнча көз караштарды кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн да ачты. Демек, аралыктан тейлөөнү өнүктүрүү, микрофинансылык уюмдардын ишмердүүлүгүн санариптештирүү реалдуулуктан улам келип чыккан зарылчылык болуп саналат. 

Орто мөөнөттүү келечекте БФКУлардын продуктыларын жана кызматтарын аралыктан көрсөтүүнү өнүктүрүүгө, микрокаржылоо секторунун санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн операторлору менен өз ара аракеттенүүсүнө, БФКУларды санариптештирүүгө басым жасоо зарыл. 

Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу БФКУнун персоналын тийиштүү түрдө окутуу жана БФКУнун продуктыларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн санариптик сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу камсыз кылынат. 

Санариптештирүү жана телекоммуникация кызматтарын алдыга жылдыруу микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлоөрүнүн баасын сыяктуу эле, географиялык жеткиликтүүлүгүн да жакшыртууга өбөлгө түзөт. 

Аралыктан тейлөөнү ишенимдүү жана туруктуу өнүктүрүүнүн шарттарынын бири маалымат коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. 

4. Микрофинансы рыногунун ачыктыгын камсыз кылуу жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо. 

Калктын микрофинансылык кызматтар менен камтылышын жогорулатуу максатында калктын БФКУларга болгон ишенимин жогорулатууга жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун алкагында окутуу жана маалыматтык программалар аркылуу БФКУлардын маалыматтык иш аброюн жакшыртууга багытталган бир катар чараларды көрүү зарыл. 

Кесиптик ассоциациялар адистештирилген эл аралык маалымат аянтчаларында өз мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу менен сектордун ачыктыгын камсыз кылууга олуттуу салым кошо алат. 

Финансы системасынын өнүгүшү финансылык талаш-тартыштардын санынын көбөйүшүнө алып келет. Республиканын финансы секторунун туруктуулугун жана андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында финансылык данакер/акыйкатчы институтун түзүү барган сайын актуалдуу болуп баратат. 

Орто мөөнөттүү мезгилде финансылык данакер институтун түзүү жана ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу, финансылык данакер ишин баштоо пландаштырылууда. 

Рыноктун ачыктыгын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу микрокаржылоо секторунун катышуучуларын институционалдык өнүктүрүү боюнча чаралар менен бирдикте жүргүзүлүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу микрокаржылоо рыногунун катышуучуларынын жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптерин, корпоративдик башкаруу принциптерин, ошондой эле сунушталган продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын стандарттарын кармануусу рыноктун ачыктыгын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча ченемдик документтердин талаптары менен айкалыштырып иштеп чыгууга тийиш. 

 

§ 3.3. Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу Улуттук банк, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы, «ФККС» ААКсы, КС жана БФКУнун ассоциациялары тарабынан Иш-чаралар планынын негизинде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун мониторинг системасы үзгүлтүксүз отчеттуулук жана баалоо процессин түзүү аркылуу камсыз кылынат. Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын милдеттерин ишке ашырууга талаптагыдай баа берүү үчүн Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо үчүн Улуттук банктын, кесиптик ассоциациялардын, микрокаржылоо секторунун катышуучуларынын жана эксперттик коомчулуктун катышуусу менен жыл сайын жолугушууларды өткөрүү сунушталат. Бул жолугушуулардын алкагында корректировкалоо аракеттерин көрүү жана Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына толуктоолорду/өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн микрокаржылоо рыногун өнүктүрүү боюнча бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин изилдөө уюштурулат. 

 

4-глава. Күтүлгөн натыйжалар 

Иш-чаралар планынын алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышына алып келет. Чакан жана орто бизнести, анын ичинде өндүрүш тармагындагы ишкердикти, сооданы жана кызмат көрсөтүүнү финансылык жактан колдоо жакырчылыкты жана жумушсуздукту кыскартуунун, аймактарды өнүктүрүүнүн, гендердик теңчиликти өнүктүрүүнүн жана башка көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорунун бири болуп калат. Туруктуу жана социалдык жоопкерчиликтүү микрокаржылоо системасын өнүктүрүү аркылуу калктын социалдык жактан аялуу катмарына финансылык кызматтарга жетүү көйгөйлөрүн чечүүгө, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүн болот. 

Иш-чаралар планын ишке ашыруу төмөнкүлөр үчүн шарттарды түзөт: 

- микрокаржылоо секторунун катышуучуларын андан ары институционалдык өнүктүрүү үчүн эффективдүү ченемдик укуктук чөйрөнү түзүү

- микрофинансылык уюмдардын ресурстук жана инфраструктуралык потенциалын жогорулатуу; 

- микрокаржылоо секторуна узак мөөнөттүү негизде депозиттер жана сактык үлүштөр түрүндөгү жеке адамдардын каражаттарын тартуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүү

- микрокаржылоо рынокто тобокелдиктерди азайтуу; 

- микрофинансы рыногунун ачык-айкындыгынын, туруктуулугунун жана ишенимдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, БФКУлар үчүн финансылык ресурстардын наркын төмөндөтүү

- микрофинансылык продуктыларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу; 

- микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу, акыркы керектөөчү үчүн кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү

- туруктуу жана жашыл каржылоону өнүктүрүү

- ислам принциптери боюнча каржылоону өнүктүрүү

- микрофинансылык продуктыларды жана кызматтарды көрсөтүүнү санариптештирүү

Күтүлгөн натыйжаларга жетишүү 2025-жылдын аягына карата микрокаржылоо секторунун төмөнкү көрсөткүчтөрүнүн негизинде бааланат: 

1. калктын микрофинансылык кызматтар менен камтылышынын деңгээли 8 пайызды түзөт; 

2. кардарлардын жалпы саны 500 миң адамды түзөт; 

3. активдердин суммасы 42 млрд сомду түзөт; 

4. кредит портфели 38 млрд сомду түзөт; 

5. ички жыйымдарды мобилизациялоо көрсөткүчү 21 млрд сомго жетет. 

Бул көрсөткүчтөр макроэкономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн болжолунун жана микрокаржылоо секторунун өнүгүү тенденцияларынын негизинде аныкталган. 

 

 

 

 

 

 

  

 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн   

негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча  

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ  

 

№ п/п 

Иш-чаранын аталышы  

Иш-чара/иш-аракет  

Күтүлүүчү натыйжалар  

Аткаруу мөөнөттөрү  

Жооптуу аткаруучулар  

Эскертүү 

 

1. Микрокаржылоо чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жана көзөмөл системасы 

 

1.1.  

Депозиттерди тартпаган МФУлар үчүн Өзүн-өзү жөнгө салуу институтун ишке ашыруу 

1) Өзүн-өзү жөнгө салуу институтун концепциясын даярдоо; 

2) өзүн-өзү жөнгө салуу схемасын түзүү жана ишке ашыруу боюнча мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу; 

3) Өзүн-өзү жөнгө салуу институтун жайылтуу 

- БФКУлардын жоопкерчилигин жогорулатуу; 

- БФКУлар үчүн жөнгө салуучу чөйрөнү жакшыртуу; 

1) 2022-ж.  

2) 2023-ж.  

3) 2024-ж  

1-2) "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси; Улуттук банк 

3) "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси, МФУ 

 

1.2. 

Aпекс институтун (AИ) түзүү  

1) АИ концепциясын даярдоо;  

2) АИни түзүү жана ишке ашыруу үчүн мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;  

3) АИни ишке ашыруу. 

- ресурстарды бириктирүү аркылуу МФУлардын потенциалын жогорулатуу; 

- МФУда процесстерди жана кардарлар менен иштөөнү жакшыртуу; 

- Каржылоого жеткиликтүүлүктү жогорулатуу 

1-2) 2022-ж 

3)2023-ж. 

"Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси 

 

1.3. 

Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен кредиттик союздар жана СФКУлар жаатындагы мыйзамдарды жана жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын өркүндөтүү 

1) Мыйзамдарды инвентаризациялоо жана эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү.  

2) Кредиттик союз тарабынан сунуштарды даярдоо.  

3) Кредиттик союздар системасынын андан ары талаптагыдай жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу.  

4) Кредиттик союздардын системасын мындан ары сапаттуу жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу. 

- Мыкты эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү жана мыйзамдарды жана жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча концепцияны даярдоо; 

- Региондорду өнүктүрүү, инвестициялык нукка жыйымдарды мобилизациялоо үчүн кредиттик кооперациянын потенциалын натыйжалуу пайдалануу; 

- Кредиттик союздардын системасынын туруктуу иш алып баруусу; 

- Кредиттик союздардын инфраструктура системасын түзүү (ИКТ, аудит, камсыздандыруу). 

2022-2025-жж. 

1) Улуттук банк, КС ассоциациясы; 

2-3) КС, КС ассоциациясы, ФККС; 

4) Улуттук банк, ФККС, КС. 

 

1.4. 

БФКУлардын капиталына карата талаптарды өркүндөтүү 

1) БФКУлардын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча сунуштарды изилдөө, талдоо жана даярдоо. 

2) Эки деңгээлдик капиталга бөлүү боюнча сунуштарды изилдөө, талдоо жана даярдоо. 

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу. 

- Банк эмес секторун сапатын жогорулатуу; 

- микрокредиттин минималдуу өлчөмүн көбөйтүү, ал ошондой эле БФКУлардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө байланышкан; 

2022-2025-жж. 

Улуттук банк 

 

 

2. Санариптештирүүнү өнүктүрүү 

 

 2.1. 

БФКУларда банк операцияларын санариптештирүү 

1) Аралыктан жана электрондук операциялар боюнча мыйзамдарга сунуштарды даярдоо; 

2) Мыйзамдарды кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу 

- Калктын санариптештирүүнүн эсебинен каржылоого жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу 

2022-2025-жж 

"Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси  

Улуттук банк 

 

2.2. 

Санариптик профилдик системага туташуу үчүн шарттарды түзүү 

1) Изилдөө, талдоо жана сунуштарды даярдоо. 

2) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу. 

- БФКУларды аралыктан тейлөө системасын өнүктүрүү жана санариптик технологияларды колдонууну жана микрофинансылык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү 

2022-2025-жж  

Улуттук банк 

 

 

3. «Жашыл каржылоону» өнүктүрүү 

 

3.1. 

Туруктуу каржылоо принциптерин ишке ашыруу («жашыл» каржылоо) 

1) Изилдөө, талдоо жана сунуштарды даярдоо. 

2) Финансы секторуна жашыл экономиканын принциптерин киргизүү жана өнүктүрүү

3) Микрофинансылык секторуна туруктуу каржылоону практикалык жактан киргизүү 

- Финансы секторунун ишинин жашыл экономиканын принциптерине шайкеш келиши; 

- «жашыл» экономика боюнча иш-чараларды туруктуу каржылоо механизмин киргизүү

- «жашыл» каржылоо боюнча милдеттенмелерди ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн глобалдык климаттык фонддордон «жашыл» инвестицияларга Кыргыз Республикасынын БФКУларын тартуу мүмкүнчүлүгүн алуу. 

 Экологиялык абалды жакшыртууга көмөктөшүү, бул гүлдөп өнүгүүнүн ачкычы. 

2022-2025-жж 

1) "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси, МФУ 

2-3) Улуттук банк 

2)  

 

4. Микрокаржылоо секторун анын туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн институционалдык өнүктүрүү, алар көрсөткөн кызматтардын спектрин кеңейтүү, ошондой эле алардын баа жана географиялык жактан жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу 

 

4.1. 

Микрокамсыздандыруу боюнча агенттик кызматтарды көрсөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароого алуу  

1) Микрокамсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талапты жана сунушту изилдөө.  

2) Камсыздандыруу компаниясынын агенти катары иш алып барууга БФКУга уруксат берүү үчүн укуктук тоскоолдуктарга баа берүү жана ченемдик укуктук актыларга сунуштарды иштеп чыгуу.  

3) БФКУга микрокамсыздандыруу боюнча кызматтарды сунуштоого мүмкүн кылган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү  

- БФКУнун ишин диверсификациялоо, алардын ишинде орун алган тобокелдиктерди азайтуу; 

- Финансылык жактан кеңири жайылтылышын арттыруу  

2022-2025-жж 

1), 2) и 3) "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси, Улуттук банк 

 

4.2. 

Башка БФКУларга кыска мөөнөттүү насыяларды берүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо (капиталына жараша) 

1) Талдоо жана сунуштарды даярдоо. 

2) Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

- БФКУларга башка БФКУлардан насыя алуу мүмкүнчүлүгүн берүү

- Ликвиддүүлүккө жетүү

2022-2025-жж. 

1) "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси 

2) Улуттук банк 

 

 

5. Микрофинансылык кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо 

 

5.1.  

БФКУнун социалдык миссиясын маалыматтык коштоп жүрүү 

БФКУлардын өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири жөнүндө жылдык отчет 

Сектордогу БФКУлардын маалыматтык аброюн жакшыртуу 

2022-2025-жж  

"Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси 

 

5.2.  

Финансылык данакер (ФД) схемасын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү 

1) Финансылык данакер схемасын түзүү жана ишке ашыруу үчүн мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;  

2) Финансылык данакер схемасын ишке ашыруу  

Кардарлар менен ФКУнун ортосундагы маселелерди (даттанууларды) натыйжалуу жана максаттуу кароо жана чечүү үчүн институтту түзүү 

1) 2022-ж. 

2) 2023-ж. 

"Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси, Улуттук банк 

 

5.3.  

Кардарлардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу 

Финансылык сабаттуулук боюнча жылдык конференциялар 

Сектордогу БФКУлардын маалыматтык аброюн жакшыртуу 

2022-2025-жж. 

"Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси