Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 29-декабрындагы  

№ 2021-П-14/75-4-(НПА) токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8  

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом, 2022-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кире турган ушул токтомго карата тиркеменин 12-пунктунун биринчи абзацын жана 2024-жылдын 4-майынан тартып күчүнө кире турган ушул токтомго карата тиркеменин 46-пунктун эске албаганда, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты, банк эмес финансы-кредит уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөн, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 29-декабрындагы  

№ 2021-П-14/75-4-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8  

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

1) 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Бул жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: 

Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы (төлөм терминалы) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине нак жана нак эмес формадагы төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, банктын кардарларынан/кардарларына, карт ээлеринен/ээлерине, сервистерди пайдалануучулардан/пайдалануучуларга нак акча каражаттарын кабыл алуу (cash-in) /берүү (cash-out) үчүн каралган терминал. 

Авторизациялык талап эквайерден системада белгиленген эрежелерге ылайык транзакцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн карттын эмитентине жөнөтүлгөн талап.  

Авторизация  эмитенттин карт ээсинин банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө ыйгарым укугун же автордук укугун тастыктоо жол-жобосу, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин карттарды пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документин аткарууга эмитенттин эквайер алдында милдеттенмеси келип чыгат. Авторизация автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш аркылуу (телефон байланышы менен) ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болсо, анда ошол операцияны ишке ашырууга эмитенттин кардарга берген уруксаты авторизация болуп саналат. 

Аутентификация  сунушталган идентификатордун (PIN-код, сыр сөз ж.б.) мүнөздөмөлөрүн тактоо жана салыштырып текшерүү аркылуу пайдалануучунун инсандыгын тастыктоо жол-жобосу.  

Банктык төлөм карты (карт) товарларды, кызматтарды сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча алууда, акча каражаттарын которууда, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар (аралыкта орнотулган жабдуулар) аркылуу электрондук акча түрүндө эсептешүү үчүн колдонулган төлөм каражаты.  

Банк күркөсү аралыкта орнотулган жабдуу жайгаштырылган атайын курулма/жабдуу. 

Банктык эсеп  бул, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарды тейлөөгө байланыштуу операцияларды чагылдыруу ыкмасы.  

Банкомат (ATM Automated teller machine) нак акча берүү жана/же кабыл алуу, ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматты алуу жана картты колдонуу же башка аралыктан тейлөө инструменттери менен башка операцияларды аткарууга каралган аппараттык-программалык комплекс. 

Байланышсыз төлөм маалыматтарды байланышсыз берүү технологияларын (NFC (Near field communication ж.б.) колдонуу менен аралыкта орнотулган жабдуу менен карттан же башка аралыктан тейлөө инструментинен жакын арада маалыматты окуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу транзакция. 

Виртуалдык карт ээлик кылган адамды катыштырбастан электрондук түрдө чыгарылган атайын карт. 

Виртуалдык POS-терминалы бул POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөө системасы менен өз ара аракеттенүүчү веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал ички ченемдик документтериндеги банк тобокелдигинин даражасынын (деңгээлинин) баалоо критерийлерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоону эске алуу менен банктык эсептерин толуктоо үчүн да колдонулушу мүмкүн. 

Банктык эсеп ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсеп ачуу жөнүндө келишим түзгөн жеке адам/юридикалык жак/жеке ишкер. 

Дебеттик карт банктык эсептеги өздүк каражаттардын жана/же банктык эсебинде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда эмитент тарабынан берилген кредиттин эсебинен операцияларды жүргүзүү үчүн каралган карт (овердрафт). Овердрафт кызматы дебеттик карттар боюнча гана көрсөтүлөт. 

Карт ээси эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде карттарды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ, анын ичинде эсеп ээси-юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан ыйгарым укук чегерилген банктын кардары, жеке адам.  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары Процессинг борбору)  «ЭЛКАРТ» карттарын, ошондой эле башка системалардын, анын ичинде Процессинг борбору системасы менен интеграцияланган системалардын карттарын колдонуу аркылуу ишке ашырылган транзакциялардын процессинги/клиринги үчүн каралган Кыргыз Республикасынын «ЭЛКАРТ» улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык комплекси.  

Индент мөөр  карттын жеке таандыгын белгилөө ыкмасы, мында карттын бетине рельефсиз ар түрдүү символдор басылат, б.а. карттын бетиндеги символдор колго урунбайт. 

Карт-чек (чек) - транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналган жана анын ишке ашырылгандыгын тастыктаган, карттарды же аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен транзакцияларды ишке ашырууда аралыкта орнотулган жабдуу менен түзүлгөн кагаз жүзүндөгү жана/же электрондук түрдөгү документ. Алдамчылык тобокелдиктерине жол бербөө үчүн чекте карттын номери тууралуу толук маалымат болбоого тийиш. 

Ко-бейджингдик карт  эки төлөм системасынын алкагында чыгарылган карт.  

Ко-брендингдик карт  банк башка бир уюм/уюмдар менен бирге чыгарган карт. 

Кредиттик карт банк кредиттик келишимдин шарттарына ылайык белгиленген лимиттин чегинде карт ээсине берген акча каражаттардын эсебинен алар боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлгөн операцияларды ишке ашыруу үчүн каралган карт. 

БФКУнун кредиттик карты эмитент менен кредиттик келишимдин/каржылоо келишиминин шарттарына ылайык, өздүк берилүүчү кредиттер боюнча кредит берүү/ордун жабуу боюнча банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ, банк аларды андан ары жайылтуу үчүн банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ) үчүн чыгарган алдын ала чыгарылган кредиттик карт.  

Локалдык төлөм системасы  Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы. Локалдык системалардын карттары, катышуучулар менен система ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу тейлениши мүмкүн.  

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы (эл аралык төлөм системасы) ошол системалардын операторлорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык эмитирленген жана тейленген эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы.  

Көп факторлуу аутентификация өркүндөтүлгөн аутентификация, мында пайдалануучу тиешелүү маалыматты алуу үчүн бир нече идентификаторду көрсөтүүсү талап кылынган контролдоо ыкмасы. 

Мобилдик POS-терминал (mPOS) транзакция жүргүзүүгө мүмкүндүк берген, смартфондор/планшеттик компьютерлер жана башка жабдуулар үчүн каралган түзүлүш жана/же программалык камсыздоо. 

Улуттук карт улуттук төлөм системасынын оператору менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун эмитентирезиденти тарабынан чыгарылган «ЭЛКАРТ» төлөм системасынын карты.  

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасы Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун аппараттык-программалык комплексинин базасында иштеген, «ЭЛКАРТ» улуттук төлөм системасынын карттарын пайдалануу менен операциялар боюнча эсептешүү системасы. 

Жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсеп жеке белгилерин көрсөтүүсүз баалуу металлдарды эсепке алуу жана баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп. 

Овердрафт кыска мөөнөттүү кредит формасы, ал банк менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган сумманын жана шарттардын чегинде, кардардын эсебиндеги суммадан ашкан өлчөмдө төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга кардарга мүмкүндүк берет. 

Улуттук төлөм системасынын оператору «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому («БПБ» ЖАК). 

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү системасынын оператору Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар, банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын ишин камсыз кылган жана катышуучулар менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ага ылайык оператор жана системанын катышуучулары өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасынын алкагында жүргүзүүгө милдеттенишет. 

Аралыкта орнотулган жабдуулар терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин кабыл алуу жана тейлөө үчүн техникалык инфраструктураны түзгөн башка жабдуулар. 

Персонализация банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган идентификациялык маалыматтарды картка жана/же микропроцессордун эс тутумуна жана/же карттын магниттик тилкесине киргизүү жол-жобосу. 

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн төлөм системасы (картты пайдалануу менен эсептешүү системасы) картты пайдалануу менен эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, стандарттардын, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. Төлөм системалары локалдык, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. 

БФКУнун картын пайдалануучу БФКУ ага түзүлгөн келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын (кредит/каржылоо) берген жана ордун жабууну кабыл алган кардар (жеке адам/юридикалык жак). 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу сатып өткөрүлгөн товарлар, аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр үчүн кардардын акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер. 

Алдын ала чыгарылган карт банктын/БФКУнун филиалында (БФКУнун кредиттик карттары) карттын бетинде карт ээсинин аты-жөнүн көрсөтүүсүз жана 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө, ошондой эле эсептен пайдалануу мүмкүндүгү берилген, белгилүү бир кардар үчүн ачылган жана акча которууларды алуу, аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу каражаттарды нак алуу, соода түйүндөрүндө нак эмес төлөө аркылуу сатып алуулар үчүн төлөө, интернет аркылуу операцияларды ушул Жобонун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү үчүн каралган дароо чыгарылуучу карт.  

Алдын ала төлөнгөн карт программалык-техникалык түзүлүштөр аркылуу электрондук акчаны товарларды/кызматтарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана нак акчага алмаштырууга мүмкүндүк берген төлөм инструменти. Карт, карт ээсинин электрондук акча эмитентине карата анын милдеттенмелери боюнча талап кылуу укугун күбөлөндүрөт. 

Процессинг финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди камтыган лицензияланган иш. 

Процессинг борбору процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак. 

Эсептешүү агенти картты пайдалануу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылган уюм. 

Стоп-баракча алар боюнча операциялардын бардык түрлөрү токтотулган же убактылуу токтотулган, блокировкаланган карттардын тизмеси. 

Терминал - бул карттан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен маалыматтарды окуу аркылуу соода операцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген аппараттык-программалык комплекс. Терминал төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: POS-терминал; POS-терминал-ПВН; виртуалдуу POS-терминал, мобилдик POS-терминал жана ПВН-терминал. 

ПВН-терминал бул карттардан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен нак акча берүү, ички ченемдик документтерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо, банктын тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эсепке алуу менен, банктын бөлүмдөрүндө жана анын агенттеринде банктык эсептерин карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу толуктоо үчүн каралган терминал. Андан ары төлөмдү ишке ашыруу үчүн каралган ПВН-терминалы аркылуу акча алуу үчүн комиссия карт ээсине чегерилбөөгө тийиш. 

Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, өз товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим түзүлгөн шартта жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн. 

Транзакция картты жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, акча каражаттарын которуу, валюталарды алмаштыруу же нак акча каражаттарын алуу), анын натыйжасында карт ээсинин эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы өзгөрөт. 

Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары эмитент, карт ээси, эквайер, соода-тейлөө ишканалары, процессинг борбору жана эсептешүү агенти. 

Чарджбек кайтарылуучу же талап кылынуучу төлөм, эмитенттин төлөм системасынын эрежелерин бузуу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча төлөмдү ишке ашыруудан баш тартуу (транзакцияны териштирүү). Чарджбек регламентте белгиленген аткаруу мөөнөтү ичинде тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине ылайык талап кылынган документтерди тариздөө менен талаш келип чыккан суммага эквайердин эсебин дебеттөө аркылуу ишке ашырылат.  

Эквайер технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эквайринг ишке ашырууга уруксат алган банк, өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүндүгүн берген аралыкта орнотулган жабдуулар тармагынын ээси.  

Эквайринг технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөргө байланыштуу, аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү, ошондой эле соода-тейлөө ишканалары менен келишимдик мамилелерди түзүү мүмкүндүгүн берген банк иши.  

Эмбоссирлөө картка рельефтик белгилер түрүндө маалыматтарды чагылдыруу. 

Карттарды эмиссиялоо банк аларды андан ары таркатуу үчүн карттарды чыгаруу иши. 

Эмитент технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карттарды чыгарган банк.  

CVV2-код (Card verification value) интернет аркылуу төлөөдө жана башка операцияларды жүзөгө ашырууда карттын аныктыгын текшерүү үчүн каралган үч сандан турган код. 

PIN-код (Personal identification number) операцияны аткаруу үчүн колдонуучунун аныктыгын тастыктоого мүмкүндүк берген жеке идентификациялык номер. 

POS-терминалы (Point of sale) соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, ошондой эле карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу банк эсебин толуктоо үчүн каралган терминал. 

POS-терминал-ПВН эки функцияны аткарган терминал: POS-терминал жана ПВН-терминал.»; 

 

2) 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Төлөм системасынын регламентине жана тартибине, ошондой эле эсептешүү схемасынын түрүнө жараша карт дебеттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик болушу мүмкүн. Карт эмитент тарабынан электрондук түрдө да чыгарылышы мүмкүн (виртуалдык карт). Коммерциялык банктарда виртуалдык карттар менен операцияларды жүргүзүү боюнча ички жол-жоболор, анын ичинде аларды коопсуз жүргүзүү жана эсептешүү эрежелери болушу керек. 

Карт анын ээсине товарлар жана кызматтар үчүн төлөө, интернетте сатып алууларды кошо алганда, нак акча алуу боюнча операцияларды аралыкта орнотулган жабдуу же башка жабдуулар аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле банк эсебиндеги акча каражаттарын ээси тарабынан башкаруу үчүн банк эсебине кирүү каражаты катары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана карт ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык эмитентте ачылган ээси аныкталбаган металл эсебине жайгаштырылган баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү үчүн кызмат кылат.»; 

 

3) 8-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Конвертациялоо шарттары карт ээси менен түзүлгөн келишимде белгиленүүгө тийиш.»; 

 

4) 13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Карттын бетинде төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш: эмитенттин аталышы, карттын номери, карт ээсинин аты-жөнү, компаниянын аталышы (юридикалык жактардын/жеке ишкерлердин эсептерине байланыштырылган карт үчүн, эгерде колдонулса), картты колдонуу мөөнөтү, төлөм системасына таандыгы жана тиешелүү төлөм системасынын талаптарында каралган башка реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш. Бул пункттун талаптары банк ичиндеги бир эмитенттүү жабык системаларга жана виртуалдык карттарга таркатылбайт.  

Эгерде карт алдын ала чыгарылган карт болсо анда карт ээсин банк-эмитентте/БФКУда идентификациялоо учурунда, карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшүнө жол берилет. 

Аралыкта орнотулган жабдуулар жана төлөм системасынын катышуучуларынын мобилдик тиркемелери аркылуу алдын ала чыгарылган карт аркылуу транзакцияларды жүргүзүү PIN-кодду, паролдорду же аутентификациялоонун башка ыкмаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.»; 

 

5) 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашырууга укуктуу:  

- соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү;  

- банкоматтардан/ПВН-терминалдарында жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине (карттан картка же электрондук капчыкка) акча каражаттарын которуу;  

- акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуу системалары аркылуу жүзөгө ашыруу;  

- төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзүү;  

- банктардын кассасы, банктык кеңири чекене кызмат көрсөткөн агенттер, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо.»; 

 

6) 15-1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

7) 16-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Соода-тейлөө ишканалары өздөрүнүн товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөгө карттарды кабыл алат жана электрондук авторизациялоону милдеттүү түрдө жүргүзүү менен ошол ишканадагы аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу эквайер менен маалымат алмашат.»; 

 

8) 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт аркылуу ишке ашырылган төлөм, электрондук төлөм документи статусуна ээ жана төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылган чекти тариздөө менен тастыкталат: 

- документтин номери, операция ишке ашырылган күнү жана убактысы; 

- соода түйүнүнүн/банкомат жана эквайердин аталышы (коду); 

- төлөм суммасы; 

- төлөм валютасы; 

- операциянын авторизацияланышын тастыктаган код; 

- комиссиялык төлөм же жеңилдиктер өлчөмү (системанын тарифтерине ылайык); 

- төлөм системасынын коопсуздук эрежелерине ылайык, төлөм картынын реквизиттери; 

- карт ээсинин кол тамгасы (Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык операция ПВН-терминалы же POS-терминал аркылуу ишке ашырылган шартта). Операция PIN-кодду чагылдыруу аркылуу ишке ашырылса, анда карт-чекте тиешелүү маалымат камтылууга тийиш, мында карт ээсинин кол тамгасы талап кылынбайт. 

Эгерде бул тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган болсо, чекте кошумча реквизиттер камтылышы мүмкүн. 

Бул талап байланышсыз төлөмдөргө жана электрондук коммерция операцияларына таркатылбайт.»; 

 

9) 18- пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«18. Эквайер алдамчылык аракеттерине бөгөт коюу жана карттагы маалыматтардын сакталышы максатында аралыкта орнотулган жабдууларды коргоо каражаттары менен камсыз кылууга тийиш. Эквайер карттагы маалыматтардын сакталышын камсыз кыла албаса, (микропроцессорго ээ карттарды тейлөө, көп фактордук аутентификация, коргоо каражаттары менен жабдылган жабдууларды аралыкта орнотуу, ж.б.), анда ал карт эмитентине, эквайер жабдуусунда маалыматтардын корголушу талабын аткара албагандыктан келип чыккан чыгым ордун толуктап берүүгө милдеттүү. Мындай учурда эмитент эквайердин жабдуусунда көйгөйлүү маселе келип чыккандыгы фактысын ага маалымдоого (көрсөтүүгө) тийиш. 

Эквайер эмитентке маалымдаган учурдан тартып, ошондой эле эгерде эмитент карт боюнча кошумча коргоо каражаттарын колдоого албаса жана эквайердин иш-аракетинде санкциясыз аракеттерди жүзөгө ашыруу белгилери байкалбаса, карт боюнча келип чыккан чыгымдардан бошотулат. 

Карт ээси алдында компроментацияланган карттар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»; 

 

10) 19-пунктундагы биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөм жаңылыш же санкциясыз катары таанылган учурда, төлөм системасында карт ээсине анын банктык эсебине акча каражаттарын милдеттүү түрдө кайтаруу жана мындай төлөмдөр боюнча талаш маселелерди андан ары жөнгө салуу боюнча өзүнчө жол-жобо жана БФКУнун кредиттик картын пайдаланган, банктык эсеби жок карт ээлерине, анын ичинде мобилдик тиркемелер жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобо каралууга тийиш.»; 

 

11) 22-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү «банктык» деген сөз алынып салынсын; 

 

12) 24-пунктундагы:  

«50 пайыздан жогору» деген сөздөр алынып салынсын; 

«карты» деген сөз «төлөм системасы» дегенге алмаштырылсын; 

«Элкарт» деген сөз «ЭЛКАРТ» дегенге алмаштырылсын; 

 

13) 25-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк төмөнкүдөй ар түрдүү эсептешүү схемаларына (программаларына) ээ карттарды чыгарышы мүмкүн: дебеттик, дебет-кредиттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик, жана ошондой эле виртуалдык.»; 

 

14) 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Эмитент картты чыгарып, эсеп ээсинин тиешелүү өтүнүч катынын жана эсеп ээси менен түзүлгөн банктык эсеп келишиминин негизинде карт ээсине картты берет. Банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп саналат жана ал карт ээсине келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга берилет, картты колдонуу мөөнөтү аяктаганда же кардардын банктык эсеби жабылган шартта карт эмитент тарабынан блокировкаланат/алынат. 

Картты берүүдө банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоо жана верификациялоону жүргүзөт.  

Карт ээсине PIN-кодду, виртуалдык картты берүү (карттын, PIN-коддун реквизиттери жана башка маалыматтар) коопсуздук чараларын сактоо учурунда эмитенттин ички ченемдик документтеринде жана төлөм системасынын эрежелеринде белгиленет. 

Банк тарабынан БФКУ үчүн чыгарылган кредиттик карттар эмитенттин менчиги болуп саналат, бул банк менен БФКУ ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш. Карттарды андан ары пайдалануу үчүн кардарларга берүү жана колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин же тейленбей калган учурда колдонуудан чыгаруу процесси БФКУ тарабынан жүзөгө ашырылат.»; 

 

15) 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Алдын ала чыгарылган карттардан тышкары, банктык төлөм карттарды кайра чыгаруу банктык эсеп ээсинин өтүнүч катынын негизинде, ошондой эле эгерде ушул карт боюнча санкциясыз операцияларга жол берилсе же карт ээси доо менен кайрылган учурда банк бардык жоопкерчиликти өзүнө алса, банктын демилгеси боюнча эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Банктык эсеп ээсинин картты кайра чыгаруу жөнүндө өтүнүч каты факс, электрондук дарек же электрондук арыз түрүндө аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу эсеп ээсинин кол тамгасы коюлган, сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү түрүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле банктын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна жана кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык банкка берилиши мүмкүн.»; 

 

16) 31-пунктундагы биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, аларды БФКУ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, карт ээлерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү.»; 

 

17) 31-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31-1. Эмитент БФКУ үчүн карттарды чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талапка ылайык текшерүү тартиби жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы №2019-П-33/43-6-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жоболорго ылайык, БФКУ менен анын кардарларын талапка ылайык текшерүү жана үчүнчү тараптарга ишеним артуу боюнча келишим түзүүгө тийиш.»; 

 

18) 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Эмитент жана БФКУ картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү:  

- келишим шарттары менен;  

- картты коопсуз пайдалануу эрежелери менен;  

- сунушталган кызматтар үчүн тарифтер менен;  

- ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууга жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары менен;  

- иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) банк жана БФКУ менен байланышуусу үчүн байланыш маалыматтары менен;  

- БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды эсептөө учуру жөнүндө (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызматтарды сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып);  

- кредит дем алыш же майрам күндөрү нак эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби менен;  

- карт жоголгон учурда, банктын/БФКУнун кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби менен. 

Банктын/БФКУнун кардары кат жүзүндө же аралыктан банктык тейлөөнү колдонуу менен көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш.»; 

 

19) 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Картты берүү учурунда карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат: 

1) эсеп ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтери) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн эсеп ээсинин башка маалыматтары; 

2) карт ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтин маалыматтарын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн карт ээсинин башка маалыматтары; 

3) карт ээсинин жана эмитенттин карт менен ишке ашырылган операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

4) карт ээси төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдөрдүн түрү жана өлчөмү, ошондой эле кардарларды тарифтердин, карттын колдонуу мөөнөтүнүн өзгөрүшү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жана башка маалымат тууралуу маалымдоо тартиби; 

5) эмитент тарабынан акча каражаттарынын жылышы жана банк эсебиндеги калдыктар жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмасы жана мөөнөтү жөнүндө

6) карт ээси тарабынан коопсуздуктун сакталышы боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголуп же уурдалып кеткен учурда карт ээсинин көргөн аракеттери); 

7) карттын жоголушу, уурдалып кетиши же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан алардын пайдаланышы жөнүндө эмитентке маалымдоо жол-жобосу; 

8) карттар жоголуп, уурдалып же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан санкциясыз операцияларды кошо алганда пайдаланылган учурда жоопкерчиликтерди тараптар ортосунда бөлүштүрүү

9) эмитент тарабынан карттын блокировкаланышы жана аны алып коюу шарттары; 

10) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берген учурда тобокелдиктердин жана жоопкерчиликтердин тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшү

11) талаш маселелерди/ даттанууларды кароо тартиби; 

12) келишимди токтотуу жана картты жокко чыгаруу тартиби. 

Эмитент карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системасынын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. 

Эмитент жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен операциялардын болушу тууралуу карт ээлерине маалымдоого тийиш, системанын эрежелерине ылайык алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эмес жана/же дооматтарды кароо иши каралган эмес. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокко түшүрүлүүгө жана карт ээсинин талабы жана макулдугу боюнча гана берилүүгө тийиш. Карт продукттарын бөлүштүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, карттын өзүндө билдирүү болгон шартта жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган операцияларга берилген көрсөткүчтөр боюнча туташтыруу жана карт ээсине билдиргенде жана макулдугу менен виртуалдык карттарды чыгарууга жол берилет. Мындай карттарды утурумдук төлөөлөрдүн (эмгек акы долбоорлору, пенсиялар, жөлөк пулдар, депозит төлөө ж.б.у.с.) алкагында колдонууга болбойт. 

Келишимде кошумча шарттар да каралышы мүмкүн.»; 

 

20) 33-1-пунктунун:  

4-пунктчасындагы «ПИН» деген сөз «PIN» дегенге алмаштырылсын; 

6-пунктчасындагы «алдамчылык» деген сөз «санкциясыз» дегенге алмаштырылсын; 

 

21) 34-пунктундагы үчүнчү сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин

«Эмитент, банк эсебин ачуу учурунда ээлерин «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинде бекитилген «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарына жана колдонулган эрежелердин негизинде, кошумча карт ээлерин идентификациялоого милдеттүү

 

22) 35-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

35-1. БФКУнун кредиттик картын берүүдө, акча каражаттары (кредит) БФКУнун кредиттик карттарын эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишим шарттарына ылайык, тейлөөчү банк тарабынан анда ачылган БФКУнун эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет.  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүнү пайдалануусуз, БФКУнун кредиттик картына кредиттин түшкөндүгүнүн тастыктамасы катары макулдук берилген кредит суммасына БФКУ кредиттик лимитти ачуу саналат.  

Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү БФКУ менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат. 

PIN-кодду, паролдорду же башка аутентификациялоо ыкмаларын пайдалануу менен төлөм системаларынын катышуучуларынын аралыкта орнотулган жабдуулар жана мобилдик тиркемелер аркылуу БФКУнун кредиттик карттары менен транзакцияларды жүргүзүү.  

БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин/каржылоонун максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу.»; 

 

23) 37-пунктундагы биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эмитент карт ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) жана ички эрежелерине/жол-жоболоруна ылайык, жүргүзүлгөн транзакциялардын негизинде эсеп боюнча акча каражаттарын чегерүү же банктык эсептен алып салуу аркылуу картты пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт.»; 

 

24) 39-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «(айына кеминде бир жолу)» деген сөздөр алынып салынсын; 

 

25) 40-пунктунун биринчи абзацындагы «коюшу мүмкүн» деген сөздөр «коюуга укуктуу» дегенге алмаштырылсын; 

 

26) 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Эмитент/БФКУ (БФКУнун кредиттик карты болсо) карттын реквизиттерин карт ээсинен аны жоготуп койгондугу, уурдалып кеткендиги же картты санкциясыз пайдалануу учурлары тууралуу өтүнүч кат келип түшкөн шартта, системанын стоп баракчасына каттоого тийиш. Карт ээси банкомат тарабынан картты алуу жөнүндө билдирүү алган учурда, эмитент/процессинг борбору карт ээси/БФКУнун кредиттик картынын колдонуучусу келишимдин шарттарына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык карттын реквизиттерин стоп баракчага киргизгенге же картты кайтарып берүү тууралуу өтүнүч кат бергенге чейин убактылуу блокко коёт.»; 

 

27) 42-пунктунун үчүнчү сүйлөмүндөгү «жоготулган же уурдалган банктык картты» деген сөздөр «жоголгон же уурдалган картты» дегенге алмаштырылсын; 

 

28) 43-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «банктык» деген сөз алынып салынсын

экинчи абзацындагы «ПИН» деген сөз «PIN» дегенге алмаштырылсын; 

 

29) 48-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

30) 51-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«51. Карттарды колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген төлөм системаларынын эрежелерине жана эмитентти ички контролдоо программасына ылайык, санкциясыз операциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, эквайер кардарга карата тобокелдиктердин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен акча каражаттарын нак акчага айландыруу операцияларынын көлөмү боюнча аралыкта орнотулган жабдууларга чек коюуга тийиш. Банкомат аркылуу карт ээси тарабынан жүргүзүлгөн бир операциянын суммасы улуттук валютадагы 400 (төрт жүз) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпоого тийиш.»; 

 

31) 53-пунктунун сегизинчи абзацындагы «ПИН» деген сөз «PIN» дегенге алмаштырылсын; 

 

32) 54-пунктунун биринчи абзацындагы «карт-чекте» деген сөз «чекте» дегенге алмаштырылсын; 

 

33) төмөнкү мазмундагы 63-3-пункт менен толукталсын: 

«63-3. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын колдонуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн эл аралык төлөм системасы оффшордук зонада катталган болсо, анда ал Улуттук банкта каттала албайт.»; 

 

34) 66-пунктундагы «документтер» деген сөздөн кийин «жана алардын көчүрмөлөрү» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

35) төмөнкү мазмундагы 67-2-пункт менен толукталсын: 

«67-2. Эгерде эл аралык төлөм системасынын каттоосу жокко чыгарылса, документтерди кайра каттоо үчүн 1 жылдан кийин тапшырылышы мүмкүн.»; 

 

36) 10-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10-глава. Процессингге жана процессинг борборуна карата жалпы талаптар, жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби»; 

 

37) төмөнкү мазмундагы 68-1-пункт менен толукталсын: 

«68-1. Процессинг иши финансылык маалыматты сактоону жана карттарды колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучуларына карттарды колдонуу менен жасалган бүтүмдөр боюнча маалыматты жөнөтүүнү, ошондой эле карттарды колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосундагы тиешелүү келишимдерде каралган башка функцияларды аткарууну камтыйт.»; 

 

38) 69-пунктундагы «кошумча лицензиясыз» деген сөздөр «Улуттук банктын лицензиясы/уруксаты жок» дегенге алмаштырылсын; 

 

39) 71-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«71. Процессинг борборунун функциясын системанын катышуучусу болуп саналган жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдер менен белгиленген регламентке жана иш тартибине ылайык иштеген төлөм системасынын оператору аткара алат.»; 

 

40) 72-пунктундагы экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Системанын катышуучуларынын улуттук карттарды пайдалануу менен төлөөлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрү системанын иш регламентине жана тартибине ылайык, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасында Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат.»; 

 

41) төмөнкү мазмундагы 72-1-пункт менен толукталсын: 

«72-1. Улуттук банк улуттук карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча эсептешүү агенти болуп саналат.»; 

 

42) 73-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«73. Эл аралык карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессинги мамлекет ичиндеги төлөмдөрдөн тышкары ошол системалардын регламентине жана иш тартибине, келишимдерине ылайык эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан жүзөгө ашырылат.»; 

 

43) 75-пунктундагы «тиешелүү документтер менен (карт-чектер)» деген сөздөр «тиешелүү документтер (чектер) менен » дегенге алмаштырылсын; 

 

44) 80-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«80. Процессинг борборлору келишимдик мамилелерге ылайык эмитенттерге жана эквайерлерге кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн (кардарлар үчүн карттарды персонализациялоо, кардарлар жана соода-тейлөө ишканалары боюнча маалыматтар базасын жүргүзүү ж.б. кызмат көрсөтүүлөр) да сунуштоосу мүмкүн.»; 

 

45) 83-пунктундагы «Карттар менен» деген сөздөр «Карттарды пайдалануу менен» дегенге алмаштырылсын; 

 

46) төмөнкү мазмундагы 10-1-глава менен толукталсын: 

«10-1-глава. Мамлекет ичинде төлөмдөр жана акыркы эсептешүүлөр процессингине жана аларды жүргүзүү тартибине карата талаптар 

83-1. Мамлекет ичиндеги төлөмдөргө Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм системаларынын карттарын пайдалануу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөмдөр кирет. Мында, эмитент, эквайер, соода-тейлөө ишканалары Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналат жана төлөмдөр карт ээсинин банктык эсебинин валютасына карабай, улуттук валютада жүзөгө ашырылат. 

83-2. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган банктык төлөм карттарын пайдалануу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөөлөр боюнча финансылык маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону (транзакциялардын процессингин) Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы/уруксаты бар процессинг борбору жүзөгө ашырат. 

83-3. Эмитенттердин, эквайерлердин, мамлекет ичиндеги төлөөлөр боюнча карттарды колдонуу менен эсептешүүлөр системаларынын операторлорунун авторизацияланган суроо-талаптары/жооптору улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу өткөрүлүүгө тийиш жана банктык төлөм карттарын колдонуу менен тиешелүү эсептешүүлөр системасына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. 

83-4. Мамлекет ичиндеги төлөөлөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүлөт жана жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөө, системанын иш регламентине жана тартибине ылайык, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасында жүзөгө ашырылат. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүү Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

83-5. Мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби, катышуучулардын жана банктык төлөм карттарын колдонуу менен эсептешүү системаларынын, улуттук төлөм системасынын операторунун, Улуттук банктын өз ара иш алып баруусу, тараптардын укуктары жана жоопкерчилиги тиешелүү келишимде/келишимдерде белгиленет.»; 

 

47) 93-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«93. Эмитент жобонун 7-тиркемесинде белгиленген формага жана тартибине ылайык чыгарылган жана тейлөөгө алынган карттардын түрлөрү жана типтери жөнүндө, анын ичинде алардын эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы тууралуу маалыматтарды отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формага жана тартибине ылайык отчетторду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө тийиш.»; 

 

48) 94-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«94. Эквайер жобонун 3-тиркемесинде белгиленген формага жана тартибине ылайык, аралыкта орнотулган жабдуулар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен; Жобонун 6-тиркемесинде берилген формага жана тартибине ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн аралыкта орнотулган жабдуулардын функциялары бар экендиги жөнүндө отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формага жана тартибине ылайык маалымдоого тийиш.»; 

 

49) 95-пунктундагы «карттар менен» деген сөздөр «картты пайдалануу менен» дегенге алмаштырылсын; 

 

50) 97-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «бере алышат» деген сөздөр «берүүгө укуктуу» дегенге алмаштырылсын; 

 

51) 2-тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча «Банктык төлөм карттар боюнча эквайринг» деген сөздөр «Банктык төлөм карттардын эквайринги» дегенге алмаштырылсын.  

 

52) Жобо төмөнкү мазмундагы 6- жана 7-тиркемелери менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» 

жобого карата 6-тиркеме 

 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн функциялары бар аралыктан орнотулган жабдуулардын саны жөнүндө 

ОТЧЕТ 

№ 

Областтын аталышы 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн функциялары бар аралыктан орнотулган жабдуулардын саны 

Бардыгы болуп орнотулган банкоматтардын саны 

Бардык орнотулган банкоматтардын ичинен: 

Бардыгы болуп орнотулган POS-терминалдардын саны 

орнотулган POS-терминалдардын ичинен: 

Бардыгы болуп орнотулган төлөм терминалдардын саны 

Орнотулган төлөм терминалдарынын ичинен 

Көзү азиздерге арналган баскычтардын болушу (5-саны томпок болушу) 

аудио функциясынын болушу(операцияларды коштоо) 

анын ичинде иштеп жаткан аудио функциясынын болушу (операцияларды коштоо) 

аудио функциясынын жок болушу 

тоскоолдук бар (тепкич, көтөрүлүү / түшүү) жана пандус бар 

тоскоолдук бар (тепкич, көтөрүлүү / түшүү), бирок пандус жок 

тоскоолдук жок (тепкич, көтөрүлүү / түшүү), пандус орнотуунун кажети жок 

Көзү азиздерге арналган баскычтардын болушу (5-саны томпок болушу) 

байланышсыз төлөө функциясы бар 

аудио функциясынын болушу(операцияларды коштоо) 

анын ичинде иштеп жаткан аудио функциясынын болушу (операцияларды коштоо) 

аудио функциясынын жок болушу 

Тоскоолдук 

бар (тепкич, көтөрүлүү / түшүү) жана пандус бар 

Тоскоолдук 

бар (тепкич, көтөрүлүү / түшүү), бирок пандус жок 

Тоскоолдук 

жок (тепкич, көтөрүлүү / түшүү), пандус орнотуунун кажети жок 

Бишкек ш. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Отчетко тиркемеси менен коштомо кат тиркелиши зарыл. 

 

 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого карата 7-тиркеме 

 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны жана алардагы акча каражаттарынын калдыгы жөнүндө  

ОТЧЕТ 

Төлөм системасынын аталышы 

Карт ээлеринин саны 

Карттын түрү 

Карттын статусу 

Отчеттук мезгилдин аягындагы карт эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 

магниттик карт 

чип коюлган карт 

чип коюлган NFC карт 

виртуалдык 

карт 

активдүү 

активдүү эмес 

блокировкаланган 

сом 

АКШ доллары 

евро 

рубль 

теңге 

n… 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

Төлөм системасынын аталышы көрсөтүлгөн 

Төлөм системасында тейленген карт ээлеринин саны көрсөтүлөт 

Жүгүртүүдөгү магниттик карттардын саны көрсөтүлөт 

Жүгүртүүдөгү чип коюлган карттардын саны көрсөтүлөт 

Жүгүртүүдөгү байланышсыз карттардын саны көрсөтүлөт 

Жүгүртүүдөгү виртуалдык карттардын саны көрсөтүлөт 

Отчеттук мезгилдин аягында активдүү (1 жылдын ичинде) карттардын саны көрсөтүлөт 

Отчеттук мезгилдин аягында активдүү эмес (1 жылдан ашык) карттардын саны көрсөтүлөт 

Отчеттук мезгилдин аягында блокировкалган карттардын саны көрсөтүлөт 

Миң бирдикте валюталардын номиналында сан менен көрсөтүлөт 

 

Отчетко тиркемеси менен коштомо кат тиркелиши зарыл.»