Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 24-февралындагы  

№ 2022-П-12/9-4-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 «Ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу».  

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 24-февралындагы  

№ 2022-П-12/9-4-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобонун: 

2-тиркемесинин: 

- 11-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган товар үчүн кезектеги төлөмдү графикте белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн шартта, ал карыз суммасынан ______% өлчөмдө айыптык төлөм төлөйт.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-глава менен толукталсын: 

«3-глава. Иджара мунтахийя биттамлик келишими 

3.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими бул иджара келишимин камтыган бүтүм, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү (активди) келишимге ылайык иджара мезгили аяктаганда же болбосо иджара мезгил аралыгында бара-бара сатып алууга милдеттенет. 

3.1.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими төмөнкү документтерден турат:  

- кардардын иджара келишиминин предмети боюнча билдирмеси;  

- негизги иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата иджара келишими;  

- иджара мунтахийя биттамлик келишимине кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы; 

- иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча менчик укукту өткөрүп берүү убадасы.  

3.2. Келишимдин жалпы жоболору 

3.2.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими кардардын билдирмесинин, ошондой эле келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл финансылык жана юридикалык документтердин негизинде банк тарабынан түзүлөт. 

3.2.2. Келишим тараптары болуп Ижарачы жана Ижарага берүүчү саналат. Кардар Ижарачынын, ал эми Банк Ижарага берүүчүнүн милдетин аткарат. 

3.2.3. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети катары кайсы гана болбосун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, же болбосо банктын жана Ижарачынын өнөктөш же өнөктөш эмес экендигине карабастан, алардын бөлүнбөй турган менчик үлүшүндөгү айрым активдердеги үлүшү болушу мүмкүн.  

3.2.4. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети камсыздандырылышы мүмкүн. 

3.2.5. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети анын коопсуздугун камсыз кылуу менен колдонулушу мүмкүн, ал эми иджара мунтахийя биттамлик келишимин аткаруудан алынган пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шариат талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

3.2.6. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предметине менчик укугун өткөрүп берүү үчүн негиз болуп бул жөнүндө белекке берүү же сатуу келишиминде көрсөтүлөт, анда мүлккө менчик укугун төмөндөгү ыкмалардын бири менен өткөрүп берүү убадасы камтылган: 

1) макулдашылган акыга же ижара акысынын калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө аркылуу сатуу; 

2) себебин көрсөтүүсүз белекке берүү (өткөрүп берүү); 

3) бардык төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүү

3.2.7. Мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү иджара мунтахийя биттамлик келишиминен жана берилген убададан өзүнчө түзүлгөн белек кылуу же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат. 

3.2.8. 3.2.6-пунктта каралган ыкмалардын бири аркылуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө убада, убада берген адам тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Ошого карабастан убада берүү бир тарап үчүн гана милдеттүү болуп саналат, ал эми экинчи тарапка тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Бул өз ара убада берүүгө (милдеттендирүүгө) жол бербөө үчүн зарыл, анткени бул келишим шарттарына окшош, ал эми шариат нормаларына ылайык мындай шарттарга тыюу салынган. 

3.2.9. Келишимде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда келишимди аткаруу шарттары каралууга тийиш. 

3.3. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

3.3.1. Ижарачынын укуктары жана милдеттери: 

1) ушул Келишимде көрсөтүлгөн шарттарда ижарага алынган мүлккө ээлик кылуу жана аны пайдалануу; 

2) мүлктү ижарага алууда Ижарага берүүчүгө карата ижаранын сапатына жана толуктугуна тиешелүү талаптарды коюу; 

3) Банктын чыгымын, ошондой эле мүлктү сатып алууга жана тариздөөгө байланыштуу бардык чыгашаларын төлөп берген шартта Келишимге кол коюлгандан тартып мүлктү өткөрүп алганга чейин ижарага алынган мүлктөн баш тартууга; 

4) Мүлктү колдонуу мөөнөтүнө, шарттарына, методдоруна жана ыкмаларына сыяктуу эле, аны күтүүгө да ак ниет мамиле кылууга;  

5) мүлктү шариат стандарттарына ылайык гана пайдаланууга, аны күтүүгө жана колдонуу эрежелерин сактоого; 

6) мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө ижара берүүчүдөн жазуу жүзүндө макулдук алган учурларды эске албаганда, мүлктүн бүтүндүгүнө таасир тийгизген олуттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө;  

7) Ижарачынын күнөөсү боюнча Ижарага берүүчүгө келтирилген зыян үчүн жооп тартат; 

8) тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин аткаруунун гарантиясы катары белгилүү бир сумманы салуу. Ижарачы милдеттенмесин аткарбаган учурда салынган сумма зыяндын ордун жабуу үчүн гана колдонулат. Банк Ижарачы менен макулдашуу аркылуу банк жана Ижарачы ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде аны инвестициялоо үчүн колдоно алат. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө эсебине кабыл алынышы мүмкүн; 

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана шарияттын талаптарын эске алуу менен Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен ижара келишиминен айырмаланган шарттарда субижара келишимин түзүү

3.3.2. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери: 

1) мүлктү камсыздандырууда камсыздандыруу чыгашалары Ижарага берүүчүгө жүктөлөт, ал Ижарачы тарабынан Ижарага берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш. Эгерде мүлктү шариат стандарттарына ылайык камсыздандыруу мүмкүн болбосо, банктын шариат кеңешинин тиешелүү макулдугу болсо, мүлк адаттагы ыкмада камсыздандырылышы мүмкүн. Келишимге кол коюлгандан кийин Ижарага берүүчү Ижарачыдан белгиленген ижара акысынан ашыкча каражат талап кыла албайт, буга кечиктирилген ижара акысы үчүн айып пулду кошпогондо. Ошондой эле Ижарага берүүчү Ижарачыны Ижарага берүүчүнүн эсебинен мүлктү камсыздандыруу үчүн агент катары дайындай алат; 

2) Ижарага берүүчү Ижарачынын билдирмеси боюнча мүнөздөмөдө көрсөтүлгөн мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн; 

3) Ижарага берүүчү буга чейин иджара мунтахийа биттамлик келишими түзүлгөндүгү жөнүндө үчүнчү жакка маалымдоо жана бул тууралуу Ижарачыга 30 календардык күн мурда билдирүү менен ижарага алынган мүлктү сатышы мүмкүн. Бул учурда, келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер мүлктүн жаңы менчик ээсине өтөт; 

4) Ижарага берүүчү иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча негизги капиталдык оңдоону жүргүзөт. Ошону менен бирге, ижарага төлөө графигине келтирилген чыгымдарга ылайык өзгөртүүлөр киргизилет. Ижарачы иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү учурдагы же мезгил мезгили менен (кадимки) техникалык оңдоону өз эсебинен жүргүзүп турууга тийиш; 

5) Ижарачы ижарага алынган мүлккө карата кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттерге же шалаакы мамилеге жол бербесе, иджара мунтахийя биттамлик келишими колдонулган учурда ижарага алынган мүлк үчүн Ижарага берүүчү жооп берет. 

3.4. Келишимдин мөөнөтү

Иджара мунтахийя биттамлик келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү бузулса же аны төлөө токтотулса; 

3) ижарага алынган мүлк бузулган учурда; 

4) иджара мунтахийя биттамлик келишиминин мөөнөтү бүткөндө

5) мүлктү Ижарачыга сатуу учурунда. 

Тараптардын бири каза болгон учурда иджара мунтахийя биттамлик келишиминин аракети токтотулбайт. Ижарачы каза болгон учурда анын иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча укуктары жана милдеттери мураскорго өтөт. Бирок ижарага алуучунун мураскорлору, эгерде иджара мунтахийя биттамлик келишиминин аткарылышы оор экендиги жөнүндө далилдерди келтирсе же мураска калтыруучу каза болгондон кийин иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүү зарылдыгы жок болсо, иджара мунтахийя биттамлик келишимин токтотушу мүмкүн. 

Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин документтеринин типтүү үлгүлөрү «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобого карата 3-тиркемеде келтирилген. 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобого карата 

3-тиркеме 

 

Кардардын иджара келишиминин предмети боюнча  

БИЛДИРМЕСИ 

 

_____________________________________ төмөнкү мүлктү иджара келишими боюнча төмөнкү шарттарда сатып алууну жана өткөрүп берүүнү суранат:  

Иджара келишиминин предмети жөнүндө маалымат 

Келишим предметинин аталышы (маркасы, модели ж.б.)  

 

Наркы 

 

Саны 

 

Келишим предметинин кардар үчүн зарыл болгон башка маанилүү мүнөздөмөлөрү  

 

Келишим предметинин абалы (жаңы же колдонулган) 

 

Иджара келишиминин предметин берүүчү/сатуучу жөнүндө маалымат 

 

 

Бүтүм шарттары 

 

 

 

Иджара келишимине билдирме берилген күн 2021-жылдын «__» ____________  

____________________ 

(кол тамгасы) 

 

Негизги иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата 

ИДЖАРА КЕЛИШИМИ 

 

____________ шаары 20___-жылдын «____» ___________  

 

 

Мындан ары «Банк» деп аталуучу, __________________________________________ атынан ______________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________негизинде иш алып барган ____________________________________ бир тараптан, жана  

мындан ары «Ижарачы» деп аталуучу, _____________________________________________ атынан ____________________________________________________________________ негизинде иш алып барган _______________________________________________________ 

экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүштү

 

1. Келишим предмети 

1.1. Ушул келишимге ылайык Ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча ___________________________________________________________ сатуучудан ___________________ (мындан ары - мүлк) менчигине сатып алат жана аны акы төлөө негизинде Ижарачыга убактылуу ээлик кылууга жана макулдашылган мөөнөт ичинде пайдаланууга берет. 

1.2. Ижарага берүүчү Ижарачыга: ___________________________________________ максатта пайдалануу үчүн ___________________________________ берет. 

1.3. Мүлктүн Ижарачыга берилип жаткан учурдагы мүнөздөмөсү Өткөрүп берүү актысында (1-тиркеме) көрсөтүлөт. 

1.4. Ижара акысы келишим түзүлгөн учурдан тартып милдеттүү түрдө төлөнүүгө тийиш. Ижарага берүүчүнүн ижара төлөмдөрүн алуу укугу өткөрүп берүү-кабыл алуу актына кол коюлгандан кийин жана Ижарачы мүлктү пайдалана баштаган учурдан тартып же Ижарага берүүчү Ижарачыга мүлктү пайдаланууга берген учурдан тартып келип чыгат. Ижарачы ижара боюнча төлөмдөрдү ушул келишимдин 1.6-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөөгө милдеттенет.  

1.5. Келишим предмети ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Ижарага берүүчүнүн жеке менчиги болуп саналат, ал эми Ижарачы мүлктү пайдалануучу болуп эсептелет.  

1.6. Мүлктү ижарага берүү мөөнөтү 20 ___- жылдын «__» ___________ баштап 20 ___- жылдын «__» ___________ чейин белгиленет. 

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

2.1. Ижарачы төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.1.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн шарттарда ижара мүлкүнө ээлик кылууга жана пайдаланууга. 

2.1.2. Ижарага берилген мүлктү кабыл алуу учурунда анын сапатына жана толуктугуна байланыштуу талаптарды Ижарага берүүчүдөн талап кылууга. 

2.1.3. Ижарага алынган мүлктү келишимге кол коюлган учурдан тартып Ижарага берүүчүгө мүлктү катоого байланышкан чыгымдардын ордун толтурган шартта пайдаланууга алганга чейин алуудан баш тартууга. 

2.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү

2.2.1. Мүлктү колдонуу мөөнөтүнө, шарттарына, методдоруна жана ыкмаларына сыяктуу эле, аны күтүүгө да ак ниет мамиле кылууга. 

2.2.2. Мүлктү шариат стандарттарына ылайык гана пайдаланууга, аны күтүүгө жана колдонуу эрежелерин сактоого. 

2.2.3. Мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө ижара берүүчүдөн жазуу жүзүндө макулдук алган учурларды эске албаганда, мүлктүн бүтүндүгүнө таасир тийгизген олуттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө.  

2.2.4. Ижарачынын күнөөсү боюнча Ижара берүүчүгө келтирилген зыян үчүн жооп берүүгө

2.2.5. Тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин аткаруунун гарантиясы катары белгилүү бир сумманы салуу. Ижарачы милдеттенмесин аткарбаган учурда салынган сумма зыяндын ордун жабуу үчүн гана колдонулат. Ижарага берүүчү Ижарачы менен макулдашуу аркылуу Ижарага берүүчү жана Ижарачы ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде аны инвестициялоо үчүн колдоно алат. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө эсебине кабыл алынышы мүмкүн. 

2.2.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана шарияттын талаптарын эске алуу менен Ижара берүүчүнүн макулдугу менен ижара келишиминен айырмаланган шарттарда субижара келишимин түзүү

2.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.3.1. Ижарага берүүчү мүлккө карата менчик укугун Ижарачыга өткөрүп бергенге чейин мүлккө менчик укугуна ээ болууга. 

2.3.2. Ушул келишим боюнча өзүнүн бардык укуктарын жана милдеттерин тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү ижара мунтахийя биттамлик келишимин милдеттүү түрдө түзүү менен тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө

2.3.3. Ушул келишимге ылайык, келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган убакта ижарага берилген мүлктүн максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө

2.3.4. Эгерде Ижарачы банктын шариат кеңеши тарабынан колдоого алынган ички саясатына ылайык, сумма кайрымдуулук максатына жумшалат деп көрсөтүү менен ижара акысын негизсиз кечиктирсе, белгиленген ижара акысынан ашык сумманы же белгиленген суммадан кошумча үлүш алууга.  

2.3.5. Ижарачыдан ижара төлөмдөрүнүн кийинки бөлүгөн негизсиз кечиктирген учурда, Ижарачыга төлөө мөөнөтү жөнүндө эскерткен шартта, мөөнөтү өтүп кеткен ижара төлөмдөрүн төлөөнү талап кылууга. 

2.4. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү

2.4.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн шарттарда Ижарачыга мүлктү берүүгө

2.4.2. Ижарачы бардык милдеттенмелерин аткаргандан кийин ага мүлктү өткөрүп берүү үчүн мүлккө карата менчик укугун тастыктаган документтердин түп нускасынын толук сакталышын камсыз кылууга. 

2.4.3. Ижарачынын кат жүзүндө кайрылуусунун негизинде эсеп көчүрмөсүн берүүгө

2.4.4. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү Ижарачы менен макулдашуу боюнча негизги капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө. Бул учурда, ижара төлөө графигине келтирилген чыгымдарга ылайык өзгөртүүлөр киргизилет. 

2.4.5. Эгерде Ижарачы ижарага алынган мүлккө карата кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерди же шалаакы мамиле жасабаса, ижарага алынган мүлк үчүн келишим бүткөнгө чейин жооп берүүгө

 

3. Ижараны камсыздоо 

3.1. Кардардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерин талапка ылайык аткаруу ушул келишимдин тараптары ортосунда түзүлгөн _______________________ № _____ күрөө жөнүндө келишим менен камсыз кылынат. 

3.2. Карызды, башка жыйымдарды толугу менен жана өз убагында төлөө, ошондой эле ушул келишим боюнча Ижарачынын башка милдеттенмелеринин талаптагыдай аткарылышы күрөө менен камсыздалат. 

3.3. Ижарачы ушул келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талапка ылайык аткарбаса, Ижарага берүүчү күрөө келишиминде белгиленген тартипте күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу. 

 

4. Келишим боюнча милдеттенмелерди токтотуу жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

4.1. Талаш маселелер жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Талаш маселелерди тараптардын макулдашуусу боюнча чечүү мүмкүн болбосо, алар белгиленген тартипте сот органдарына өткөрүлүп берилет. 

4.2. Бул келишим төмөндө көрсөтүлгөн учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү сакталбаса же төлөө токтотулган учурда; 

3) ижарага алынган мүлк бузулган учурда; 

4) иджара мунтахийя биттамлик келишиминин мөөнөтү бүткөн учурда; 

5) мүлк Ижарачыга сатылганда. 

 

5. Ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор) 

5.1. Эгерде Ижарачы бул келишим боюнча милдеттенмелерин суу ташкындары, өрт, жер титирөө жана башка табигый же техногендик кырсыктар, ошондой эле аскердик аракеттер, блокада, мамлекеттик органдардын аракети, өзгөчө кырдаалдын киргизилиши, массалык баш аламандыктар ж.б. натыйжасында аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, Ижарачынын ушул келишим боюнча милдеттенмелери токтотулбайт жана аткаруу мөөнөттөрү банктын макулдугу менен мындай жагдайлар орун алып турган учурга жараша кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. 

5.2. Эгерде тараптар ал жеткис күч (форс-мажордук) жагдайларынан улам ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай же талаптагыдай аткара албай калса ал боюнча жоопкерчиликтен бошотулат, мындай ал жеткис күч жагдайлары ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик орган тарабынан жазуу жүзүндө тастыкталат.  

Эгерде мындай тастыктоону алуу мүмкүн болбосо, форс-мажордук жагдайды далилдөө милдети бузууга жол берген тарапка жүктөлөт. 

5.3. Форс-мажордук кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет: табигый кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрт жана башка табигый же техногендик кырсыктар), эпидемиялар, тиешелүү аймакка согуш абалынын киргизилиши, массалык баш аламандыктар. 

Бул учурларда, келишим боюнча кандайдыр бир милдеттенмелерди аткарбаган же өз убагында аткарбаган тарап форс-мажордук кырдаалдардын орун алгандыгы жана алардын кесепети жөнүндө экинчи тарапка жазуу жүзүндө дароо билдирүүгө жана аталган жагдайлардын кесепетинен келип чыккан терс натыйжаларды максималдуу чектөө максатында бардык чараларды көрүүгө милдеттүү

 

6. Корутунду жоболор 

6.1. Ижарачы бул келишимдин мазмуну менен таанышып чыккандыгын тастыктап, анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды кабыл алат, ошондой эле Ижарага берүүчүдөн милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун кесепети жөнүндө түшүндүрмө алгандыгын тастыктайт. 

6.2. Бул келишим тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана Ижарачы ушул келишим боюнча бардык милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот. 

6.3. Бул келишим ___ нускада, тараптардын ар бири үчүн түзүлдү. Тараптар кол койгон ушул келишимдин текстинин бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ. 

6.4. Бул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптар кол койгон кошумча келишим менен таризделет жана ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошол эле учурда бул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, ошондой эле шариат эрежелерине жана принциптерине каршы келбөөгө тийиш. 

6.5. Тараптар ушул келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин, бири-бирине дооматы болбойт.  

6.6. Бул келишимдин тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

 

1. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары 

Ижарага берүүчү 

Ижарачы 

 

 

 

 

 

 

______________________(кызмат орду) 

 

______________________ (аты-жөнү

 

_____________________ (кол тамга, мөөр) 

 

 

 

 

20__-жылдын «____» ___________ № __ иджара келишимине карата  

 

 

1-тиркеме 

КАБЫЛ АЛУУ-ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АКТЫСЫ 

 

Биз, төмөндө кол койгондор, ____________ атынан бир жагынан жана ____________ атынан экинчи жагынан, банк төмөнкүлөрдү өткөрүп бергендиги, ал эми Ижарачы кабыл алгандыгы тууралуу ушул актыны түздүк: 

 

Катар № 

Жабдуунун/мүлктүн аталышы 

Жабдуунун/мүлктүн сыпатталышы 

Саны 

Эскертүү 

 

 

 

 

  

  

Бул акт 20__-жылдын «____» __________ эки нускада, тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлгөн. 

1. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары 

Ижарага берүүчү 

Ижарачы 

 

 

 

 

 

 

______________________(кызмат орду) 

 

______________________ (аты-жөнү)  

 

_______________________ (кол тамга, мөөр) 

 

 

Иджара келишими боюнча менчик укукту өткөрүп берүү 

УБАДАСЫ 

 

_________ шаары 20____-жылдын «____» ________________  

 

Мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталуучу, __________________________ атынан _______________________________________________________________________ негизинде иш алып барган ______________________________________________________ 20____-жылдын «___» ___________ №_______________ иджара мунтахийя биттамлик келишимине ылайык төмөнкүлөр боюнча убада берет:  

 

2. Убада предмети 

1.1. Ижарага берүүчү иджара мунтахийя биттамлик келишиминин бардык шарттары бузууларсыз аткарылган шартта, анын мөөнөтү аяктагандан кийин банктан Ижарачыга _____-жылдын «____»_________ № __________ келишимге карата мүлккө менчик укукту өткөрүп берүү жөнүндө убадасын берет.  

1.2. Бул бир тараптуу убада, ага ылайык Ижарачы бардык ижара төлөмдөрүн өз убагында жана толук төлөгөн учурда, Ижарага берүүчү милдеттенме алат (төмөндөгү варианттардын бири тандалат): 

1) ижара акысынын калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө аркылуу сатууга;  

2) себебин көрсөтпөстөн, аны белекке берүүгө (өткөрүп берүү); 

3) келишим боюнча бардык төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин, аны белекке берүүгө

1.3. Убада бир тараптуу жана Ижарага берүүчү үчүн гана милдеттүү болуп саналат. 

1.4. Бул милдеттенме эки нускада түзүлгөн, бир нускасы Ижарачыга берилет. 

 

3. Ижарага берүүчүнүн реквизиттери 

Ижарага берүүчү 

 

 

 

______________________(кызмат орду) 

______________________ (аты-жөнү)  

_______________________ (кол тамга, мөөр) 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

23-сентябрындагы №38/8 «Ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2.4.1-глава менен толукталсын: 

 

Глава 2.4.1 Иджара сервис бүтүмү 

2.4.1.1. Иджара Cервис бул эки келишимден турган, кардарга макулдашылган мөөнөт ичинде жана белгиленген акыга кызматтан пайдалануу укугун сунуштоо боюнча келишим: 1) кызмат көрсөтүүчү банкка көрсөткөн кызматты пайдалануу укугу жөнүндө келишим; 2) банк менен кардандын ортосундагы ырааттуу төлөм негизинде кардарга кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим. 

2.4.1.2. Иджара сервис бүтүмү ижарага алынган кыска мөөнөтүү каржылоо үчүн банк менен кардар ортосундагы мамилелерди карайт, бул жерде тейлөө арендага алынат жана бул тейлөө материалдык эмес болушу керек. Банк ар кандай кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерге ээ болот, мында банк кардарга керектүү кызматтарды ижарага алат жана аларды кардарга ижара негизинде субарендага берет. 

2.4.1.3. Иджара сервис бүтүмүн финансы-кредит уюмдары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү оңдоо, саякаттоо, майрамдоо, бизнести өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, консалтинг ж.б. кызматтарын сунуштоо үчүн колдонушу мүмкүн. 

2.4.1.4. Бүтүм тараптары катары жалдоого берүүчү жана жалдоочу эсептелет. Банк жалдоого берүүчү катары иш алып барат. 

2.4.1.5. Иджара Сервис келишиминин предмети пайда (кызмат же жумуш) саналат. 

2.4.1.6. Кызмат/жумуш так аныкталган жана ачык болууга тийиш, объективдүү аткарылууга жана Шариат стандарттарына ылайык келүүгө тийиш. 

2.4.1.7. Сый акы эч кандай талаш-тартыштын келип чыгышын шарттабаган жана акча каражаттары түрүндө болууга тийиш. Сый акы суммасы толугу менен же бөлүп төлөнүшү мүмкүн. 

2.4.1.8. Банктын кызмат көрсөтүү үчүн төлөө боюнча милдеттенмеси келишимге кол коюлган учурдан тартып келип чыгат. Кардардын банкка төлөө боюнча милдети пайда алынган учурдан тартып келип чыгат. 

2.4.1.9. Банк жалдоочудан келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу ниетинин олуттуулугунун кепилдиги катары белгилүү бир өлчөмдө күрөөлүк сумманы төлөөнү талап кылууга укуктуу. Салынган сумма келишим боюнча карызды төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Жалдоочу милдеттенмелерди аткаруудан баш тарткан учурда, кепилдик депозиттен иш жүзүндө келтирилген зыян өлчөмү гана алынат. 

2.4.1.10. Ижара Сервис бүтүмүнүн натыйжасында банк алган каражаттар Шарият стандарттарына туура келген операцияларга колдонулушу керек. 

2.4.1.11. Иджара сервис бүтүмү боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Мында келишим толук аракетке жөндөмдүү/укук жөндөмдүүлүгүнө ээ тараптар ортосунда гана түзүлөт. 

2.4.1.12. Эки тарап макулдашуусу боюнча Иджара Сервис келишими белгиленген мөөнөткө түзүлөт. 

2.4.1.13. Иджара сервис келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) тараптардын макулдашуусу боюнча; 

2) келишимдин мөөнөтү аяктаганда; 

3) макулдашылган шарттар бузулганда жана/же пайдалануу укугу үчүн төлөмдөр токтотулганда; 

4) келишимдин тараптары мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда толугу менен аткарганда. 

2.4.1.14. Иджара сервис келишимин, баштапкы мөөнөт аяктаганга чейин же андан кийин узартылгандыгына/узартылбагандыгына карабастан, жаңы мөөнөткө узартууга жол берилет. 

2.4.1.15. Келишим шарттары бузулган же күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурларды эске албаганда, келишимди бир тараптуу тартипте бузууга жол берилбейт.