Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 9-мартындагы  

№ 2022-П-12/12-3-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн. 

 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 9-мартындагы  

№ 2022-П-12/12-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) 

«Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилген: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 130-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Жогоруда көрсөтүлгөн билдирүүлөрдү банк өзүнүн расмий электрондук почта дарегинен Улуттук банктын расмий электрондук почта дарегине жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.»; 

- 140-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«140. Шариат кеңешинин мүчөсү кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломго ээ болуу;  

2) Кыргыз Республикасынын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар жагында билимге ээ болуу;  

3) ислам банк иши жана каржылоо принциптери багыты боюнча окутуудан ийгиликтүү өткөндүгүн күбөлөндүргөн, тастыкталган документтер (сертификаттар) менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында билим деңгээлине ээ болуу;  

4) Шариат кеңешинин мүчөлөрү шариаттык корутундуларды чыгаруу тажрыйбасы менен финансы-кредит уюмдарында 1 (бир) жылдан кем эмес, же окуу жайларда 2 (эки) жылдан кем эмес, диний уюмдарда же мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилеген эл аралык уюмдарда 2 (эки) жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болуу.  

Шариат кеңешинин төрагасы буга кошумча укук жана/же соода жүргүзүү маселелерин камтыган багыт боюнча шариат чөйрөсүндөгү жогорку билими жөнүндө дипломго (жалпы таанылган жогорку окуу жайларынын), ошондой эле ислам банкынын жана «ислам терезесине» ээ банктын /ислам финансы уюмунун Шариат кеңешинде кеминде 1 (бир) жылдан кем эмес, же банктарда 5 (беш) жылдан кем эмес, анын ичинде жетектеген кызматтарда 1 (бир) жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш; 

5) ушул Жобонун 20-главасындагы шарттарга кирбөөгө.»;  

- 141-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Шариат кеңешинин мүчөлөрү бир эле учурда Кыргыз Республикасында катталган бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмдарынын Шариат кеңешинде мүчө боло алышат.»;  

- 145-пунктунун 3-абзацындагы «звать» деген сөз «знать» деген сөзгө расмий тилинде алмаштырылсын; 

- 158-пунктунун: 

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) 21-тиркеменин формасы боюнча анкеталар, кийин ушул анкетада чагылдырылган маалымат өзгөргөн шартта, кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын резиденти 10 (он) жумуш күнү ичинде, ал эми Кыргыз Республикасынын резидент эмеси өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бул тууралуу кат же электрондук түрдө билдирүүгө тийиш.»; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банк мыйзамдарда белгиленген максаттарга жетүү, ошондой эле белгилүү бир милдеттерди чечүү үчүн туунду банктын башкарма мүчөсү кызмат ордуна алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түздөн-түз зарыл болгон багыттар боюнча квалификацияга жана компетенцияга ээ, кынтыксыз ишкердик аброй талаптарына жана ушул Жобонун 144-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларына жооп берген талапкерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.»; 

- 159-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«159. Талапкердин мурунку иши жөнүндө маалымат алуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, Улуттук банк талапкер акыркы иштеген үч мекемеден бир же бир нече сунуштама каттарын талап кылууга укуктуу. Шариат кеңешинин мүчөлөрү кызмат ордуна талапкерлерден Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин же Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мүчөлөрүнөн же ислам финансы-кредит уюмдарынын жана финансы уюмдарынын (анын ичинде чет өлкөлүк финансы-кредит уюмдарынын жана финансы уюмдарынын) Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн, эл аралык уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн сунуштама каттар талап кылынышы мүмкүн. Сунуштама катта аны сунуштап жаткан адамдын аты-жөнү, атасынын аты, иштеген жери жана дареги, кызмат орду, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, талапкерге берилген мүнөздөмө, ал талапкер менен кайсы жерде жана качан иштегендиги жөнүндө маалыматтар, ошондой эле сунуштамага кол коюлган күн көрсөтүлүүгө тийиш. Сунуштап жаткан адамдын кол тамгасынын аныктыгы ал иштеген жер боюнча же нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Мындай талапты сунуштама уюмдун фирмалык бланкында берилген жана ага уюмдун мөөрү коюлган учурда аткаруу милдеттүү эмес. Ошол эле учурда сунуштамаларды төмөнкүлөрдүн берүүсүнө жол берилбейт:  

1) Улуттук банктын кызматкерлеринен;  

2) кайсы болбосун туугандарынан;  

3) талапкерди макулдашуу жөнүндө өтүнүч кат берген банктын жетекчилеринен жана кызматкерлеринен;  

4) өтүнүч кат берип жаткан банктын аффилирленген компанияларынын кызмат адамдарынан;  

5) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишти жүзөгө ашырууга катышы бар деп табылган адамдардан жана ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына акыркы жолу макулдашуудан өтүү жол-жобосунда макулдашуудан баш тартылган адамдардан.»; 

- 270-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Көрсөтүлгөн документтерди банк расмий электрондук почта дарегинен Улуттук банктын расмий электрондук почта дарегине жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.». 

- 274-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Көрсөтүлгөн документтерди банк расмий электрондук почта дарегинен Улуттук банктын расмий электрондук почта дарегине жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.»; 

- 275-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Көрсөтүлгөн документтерди банк расмий электрондук почта дарегинен Улуттук банктын расмий электрондук почта дарегине жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.»; 

- 277-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Көрсөтүлгөн документтерди банк расмий электрондук почта дарегинен Улуттук банктын расмий электрондук почта дарегине жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.»; 

337-пунктунун «жөнүндө» деген сөзүнөн кийин «маалыматты» деген сөз менен толукталсын; 

- Жобого карата 15-тиркеменин 1.11-пунктунун 7-пунктчасынын 2-абзацындагы «укук бузууларга» деген сөздүн алдында «административдик» деген сөз алып салынсын; 

- Жобого карата 16-тиркеменин 17-пунктунун 7-пунктчасынын 2-абзацындагы «укук бузууларга» деген сөздүн алдында «административдик» деген сөз алып салынсын; 

- Жобого карата 17-тиркеменин 16-пунктунун 7-пунктчасынын 2-абзацындагы «административдик бузуулар» деген сөз «укук бузуулар» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- Жобого карата 21-тиркеменин 2.6-пунктунун 7-пунктчасынын 2-абзацындагы «укук бузууларга» деген сөздүн алдында «административдик» деген сөз алып салынсын.