Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 10-мартындагы  

№2022-П-12/13-2-(НПА) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө  

 

 

Өлкөнүн банк системасында туруктуулукту сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин коммерциялык банктар үчүн: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун 4.3-пунктунун 6-пунктчасында тизмеленген, жаңыдан берилген кредиттер боюнча кредиттик тобокелдик деңгээли 300 пайыз өлчөмүндө белгиленсин;  

- акча каражаттарын сактоо максатында банк-резиденттер менен чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө уруксат берилсин. 

 

2. Ушул токтомдун алкагында жаңыдан берилген кредиттерге төмөнкүлөр кирбейт:  

- аларды берүү тууралуу чечимдер коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ушул токтом күчүнө кирген күнгө чейин (күчүнө кирген күндү кошо алганда) кабыл алынган кредиттер (кредиттик линиялар);  

- ушул токтом күчүнө кирген күнгө чейин (күчүнө кирген күндү кошо алганда) жактырылган кредиттик линиялар боюнча кредиттик транштар; 

- карыз алуучунун чогуу алгандагы жалпы кирешесинин көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешелердин үлүшү 75 пайыздан жогору болгон кредиттер.  

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.  

 

4. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

 

 

Төрага К. Боконтаев