Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 23-мартындагы  

№ 2022-П-12/17-5-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу кошумча чаралар жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 23-мартындагы  

№ 2022-П-12/17-5-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:  

- 15-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 40-пунктунун: 

3-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын;  

3-пунктчасынан кийинки сүйлөм алынып салынсын; 

- 41-пунктунун: 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) дыйкан (фермердик) чарбалар банкка жерди пайдалануу укугун күбөлөндүргөн документтерди же малдын бар экендиги жөнүндө документти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык беришет;»; 

3-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын.  

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун: 

- 12-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 39-пунктунун: 

3-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын;  

3-пунктчасынан кийинки сүйлөм алынып салынсын; 

- 40-пунктунун: 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) дыйкан (фермердик) чарбалар банкка жерди пайдалануу укугун күбөлөндүргөн документтерди же малдын бар экендиги жөнүндө документти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык беришет;»; 

3-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын.