Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 23-мартындагы  

№ 2022-П-12/17-4-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» Нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү тууралуу»; 

- 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобону жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 23-мартындагы  

№ 2022-П-12/17-4-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» Нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоонун: 

- 7.3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.3. Отчеттун көпчүлүк статьяларынын аталышы Улуттук банктан лицензия алган коммерциялык банктарда жана финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуунун эсептер планындагы айрым эсептердин жана эсептер тобунун аталыштарына толугу менен шайкеш келет. Бирок айрым статьялар айрым өзгөчөлүктөргө ээ. Алсак, «Баалуу кагаздар портфели» (130-230-статьялар) бөлүгүнүн ар бир статьясында алардын классификациялангандыгына карабай, баалуу кагаздардын тиешелүү түрүнүн номиналдык наркы дисконтту/сый акыны жана адилет наркты корректировкалоону эске алуу менен чагылдырылат. Мисалы, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар» деп аталган 130-статьяда, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар; пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар; башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар катары классификациялануучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банк тарабынан дисконтту/сый акыны жана адилет наркты корректировкалоону эске алуу менен чыгарылган баалуу кагаздардын номиналдык наркынын суммасы көрсөтүлөт.»; 

- төмөнкү редакциядагы 8.1-1-пункт менен толукталсын: 

«8.1-1. Дивиденддер суммасын эсептөө үчүн банк ФОЭСке жана пруденциалдык талаптарга ылайык эсептелген таза пайданын ичинен эң эле төмөн чоңдугун пайдаланууга тийиш.»; 

- 8.4-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Документтерге банктын дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча планы, ФОЭСке жана пруденциалдык талаптарга ылайык эсептелген таза пайда көрсөткүчү, жана экономикалык ченемдерди аткаруу боюнча эсептер, ошондой эле пландаштырылган дивиденддерди төлөө суммасын эске алуу менен эсептелген «капиталдын буфери» индекси тиркелүүгө тийиш.».  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 2-тиркемесинин: 

- 2-бөлүгүнүн «Пайда жана чыгым жөнүндө отчет» деген А бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« (миӊ сом) 

 

Өтүп жаткан мезгил 

Жыл башынан бери 

А. Пайыздык кирешелер  

 

 

1. Коммерциялык банктарда депозиттер жана эсептер боюнча пайыздык кирешелер 

2. Улуттук банктагы корреспонденттик эсеп боюнча пайыздык кирешелер  

3. Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер

4. Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер

5. Амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер

6. Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер 

7. Финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер  

8. Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер, анын ичинде:  

а) өнөр жай  

б) айыл чарба жана кайра иштетүү  

в) соода жана коммерциялык операциялар  

г) ипотекадан тышкары, курулуш  

д) ипотека 

е) жеке адамдар  

ж) башкалар 

9. Репо-келишимдери боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер 

10. Башка пайыздык кирешелер 

11. Бардыгы болуп пайыздык кирешелер 

 

 

»; 

- 5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5-бөлүк. Баалуу кагаздар портфели  

(миң сом) 

Статьянын аталышы 

Бардыгы  

Чет өлкө валютасы  

1. Мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар, анын ичинде: 

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдери жана башка мамлекеттик баалуу кагаздар  

б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар 

в) жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар 

г) КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

д) ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар 

е) башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

2. Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу башка карыздык баалуу кагаздар, анын ичинде: 

а) жергиликтүү компаниялардын карыздык баалуу кагаздары  

а1) жергиликтүү ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  

б) чет өлкө компанияларынын карыздык баалуу кагаздары  

б1) чет өлкө ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  

3. Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу капиталдык баалуу кагаздар, анын ичинде: 

а) жергиликтүү компаниялардын капиталдык баалуу кагаздары  

а1) жергиликтүү ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздары  

б) чет өлкө компанияларынын капиталдык баалуу кагаздары  

б1) чет өлкө ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздары  

4. Мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар, анын ичинде: 

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдери жана башка мамлекеттик баалуу кагаздар  

б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

в) жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

г) КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

д) ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

е) башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

5. Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу башка карыздык баалуу кагаздар, анын ичинде: 

а) жергиликтүү компаниялардын карыздык баалуу кагаздары  

а1) жергиликтүү ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  

б) чет өлкө компанияларынын карыздык баалуу кагаздары  

б1) чет өлкө ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  

6. Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу капиталдык баалуу кагаздар, анын ичинде: 

а) жергиликтүү компаниялардын капиталдык баалуу кагаздары  

а1) жергиликтүү ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздары  

б) чет өлкө компанияларынын капиталдык баалуу кагаздары  

б1) чет өлкө ислам банктарынын капиталдык баалуу кагаздары  

7. Мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар, анын ичинде: 

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдери жана башка мамлекеттик баалуу кагаздар  

б) Улуттук банк тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар в) жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

г) КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

д) ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

е) башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар  

8. Амортизацияланган нарк боюнча баалануучу башка карыздык баалуу кагаздар, анын ичинде: 

а) жергиликтүү компаниялардын карыздык баалуу кагаздары  

а1) жергиликтүү ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  

б) чет өлкө компанияларынын карыздык баалуу кагаздары  

б1) чет өлкө ислам банктарынын карыздык баалуу кагаздары  

9. Баалуу кагаздарга жалпы РППУ  

10. Баалуу кагаздарга атайын РППУ  

11. Баалуу кагаздардын таза наркы  

Маалымат үчүн: өткөн мезгилге салыштырганда баалуу кагаздардын наркынын өзгөрүүсү, анын ичинде:  

a. Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

б. Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

в. Амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

 

 

». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планында: 

1-класс. Активдер: 

«10300 Төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10300-топ. Амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

 

10301 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

10302 10301 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10303 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

10304 10303 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10311 Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

10312 10311 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10321 Чет өлкө өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

10322 10321 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10331 Коммерциялык уюмдар-резиденттер тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

10332 10331 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10341 Коммерциялык уюмдар-резидент эместер тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

10342 10341 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор»; 

- «10400 Соодалык карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10400-топ. Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар 

 

10401 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

10402 10401 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10403 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

10404 10403 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10411 Жергиликтүү бийлик органдарынын пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

10412 10411 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10421 Чет өлкө өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

10422 10421 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10431 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

10432 10431 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10441 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

10442 10441 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10451 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары 

10452 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары 

10461 Резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарынын адилет наркын корректировкалоо 

10462 Резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарынын адилет наркын корректировкалоо»; 

- «10500 Сатууга жарактуу карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10500-топ. Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар 

 

10501 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

10502 10501 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10503 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

10504 10503 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10511 Жергиликтүү бийлик органдарынын башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

10512 10511 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10521 Чет өлкө өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

10522 10521 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10531 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

10532 10531 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10541 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары  

10542 10541 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

10551 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары 

10552 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары 

10561 Резиденттердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарынын адилет наркын корректировкалоо 

10562 Резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарынын адилет наркын корректировкалоо»; 

- «11400 Баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11400-топ. Баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

 

11401 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11402 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11403 Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11404 Коммерциялык уюмдар тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11411 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11412 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11413 Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11414 Коммерциялык уюмдар тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11421 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар  

11422 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11423 Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11424 Коммерциялык уюмдар тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

11425 РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар»; 

6-класс. Кирешелер:  

- «60000 Карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60000-топ. Карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык киреше 

 

60001 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60002 Чет өлкө өкмөттөрүнүн амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60003 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60004 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60011 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60012 Чет өлкө өкмөттөрүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60013 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60014 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60021 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60022 Чет өлкө өкмөттөрүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60023 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

60024 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси»; 

- «60300 Кайра баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым)» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60300-топ. Кайра баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым) 

 

60301 Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым) 

60302 Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым) 

60303 Чет өлкө валютасын кайра баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым) 

60304 Фьючерс операцияларын кайра баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым) 

60305 Форвард операцияларын кайра баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым) 

60306 Опцион операцияларын кайра баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым)»;  

- «60800 Инвестициялардан жана соодалык операциялардан кирешелер (сальдо)» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60800-топ. Инвестициялардан жана баалуу кагаздар менен операцияларынан кирешелер (сальдо) 

 

60801 Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздардан киреше (чыгым) 

60802 Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздардан киреше (чыгым) 

60811 Туунду компаниялардан таза киреше (чыгым) 

60812 Ассоциацияланган компаниялардан таза киреше (чыгым) 

60813 Акцияларга жана пайларга салымдардан дивиденддер»; 

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясына карата 1-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата 1-тиркеме»; 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясына карата 1-тиркеменин: 

1-класс. Активдер: 

- «10300 Төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10300-топ. Амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар  

Бул топто төмөнкү шарттар аткарылган учурда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары ФОЭС) ылайык, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар категориясына классификациялануучу карыздык баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн эсептер камтылат: 

- баалуу кагаздар бизнес моделдин негизинде тескөөгө алынат, анын максаты катары баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарында каралган акча агымына ээ болуу саналат; 

- баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарында белгиленген күнү карыздын негизги суммасына жана карыздын негизги суммасынын төлөнбөгөн бөлүгү үчүн пайыздарды төлөө эсеби болуп саналган акча агымдарына ээ болуу каралат.  

Баалуу кагаздар номиналдык баадан жогору же төмөн баада сатылып алынышы мүмкүн (сый акы же дисконт менен). Эгерде баалуу кагаз сый акысы менен сатылып алынган болсо, төлөнгөн сый акы ай сайын амортизацияланат жана банктын кирешесинин азаюусуна чегерилет. Эгерде баалуу кагаз дисконт менен сатылып алынса, дисконт амортизацияланат жана банктын кирешесинин көбөйүүсүнө чегерилет. 

Баалуу кагаздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында баалуу кагаздын чет өлкө валютасындагы наркы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

10301 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

Бул эсепте банк тарабынан сатылып алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карыздык баалуу кагаздары эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10302 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтторду эске алуу менен номиналдык нарк боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдо маанисинде болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми баалуу кагаздар сатылган же төлөнгөн учурда, эсеп кредиттелет. 

 

10302 10301 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10301 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акылар суммасы жана дисконтту ар айлык амортизация чагылдырылат, ал эми кредит боюнча дисконттун суммасы жана сый акыны ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10303 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, банк тарабынан сатылып алынган карыздык баалуу кагаздар эсепке алынат. Бул эсепте баалуу кагаздар 10304 эсебинде чагылдырылган сый акыларды же дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болушу зарыл. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, баалуу кагаздар сатылган учурда же төлөнгөн учурда эсеп кредиттелет. 

 

10304 10303 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10303 эсебинде эске алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыны ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10311 Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

Бул эсепте банк тарабынан сатылып алынган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу жергиликтүү бийлик органдарынын карыздык баалуу кагаздарын эсепке алынат. Бул эсепте баалуу кагаздар 10312 эсебинде чагылдырылган сый акыларды же дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болушу зарыл. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда алар кредиттелет. 

 

10312 10311 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10311 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10321 Чет өлкө өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

Бул эсепте чет өлкө өкмөттөрүнүн амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздарына инвестициялар эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10322 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздарды сатып алууда эсеп дебеттелет, ал эми алар сатылган же төлөнгөн учурларда эсеп кредиттелет. 

 

10322 10321 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10321 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10331 Коммерциялык уюмдар-резиденттер тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар  

Бул эсепте банк тарабынан сатылып алынган коммерциялык уюмдар-резиденттердин амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10332 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда эсеп кредиттелет. 

 

10332 10331 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10331 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10341 Коммерциялык уюмдар-резидент эместер тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

Бул эсепте банк тарабынан сатылып алынган коммерциялык уюмдар-резидент эместердин карыздык баалуу кагаздары эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10342 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда кредиттелет. 

 

10342 10341 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор  

Бул эсепте 10341 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат.»;  

- «10400 Соодалык карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10400-топ. Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар 

Бул топто ФОЭСке ылайык пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар, анын ичинде соода үчүн каралган баалуу кагаздар категориясына классификациялануучу карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн эсептер камтылат. 

Баалуу кагаздар номиналдык баадан төмөн же жогору баада сатылып алынышы мүмкүн (сый акы же дисконт менен). Эгерде баалуу кагаз сый акы менен сатылып алынса, төлөнгөн сый акы ай сайын амортизацияланат жана банктын кирешелеринин азаюусуна чегерилет. Эгерде баалуу кагаз дисконт менен сатылып алынса, анда дисконт амортизацияланат жана банктын кирешелеринин көбөйүүсүнө чегерилет. 

Баалуу кагаздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттуулук максатында чет өлкө валютасындагы баалуу кагаздын наркы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

10401 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10402 эсебинде чагылдырылган сый акыларды же дисконтту эске алуу менен номиналдык нарк боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздарды сатып алууда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда эсеп кредиттелет.  

 

10402 10401 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10401 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10403 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздардын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10404 эсебинде чагылдырылган сый акыларды же дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда эсеп кредиттелет. 

 

10404 10403 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10401 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат.  

 

10411 Жергиликтүү бийлик органдарынын пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

Бул эсепте жергиликтүү бийлик органдарынын пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10412 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда эсеп кредиттелет 

 

10412 10411 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10411 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат.  

 

10421 Чет өлкө өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

Бул эсепте чет өлкө өкмөттөрүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10422 эсебинде чагылдырылган сый акыларды же дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда эсеп кредиттелет.  

 

10422 10421 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10421 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10431 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

Бул эсепте коммерциялык уюмдар-резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10432 эсебинде чагылдырылган сый акыларды же дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда кредиттелет.  

 

10432 10431 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10431 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат.  

 

10441 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

Бул эсепте коммерциялык уюмдар-резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10442 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эсепке алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда эсеп кредиттелет.  

 

10442 10441 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10441 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат.  

 

10451 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары 

Бул эсепте коммерциялык уюмдар-резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар адилет наркы боюнча кайра баа берүүнү эске алуу менен сатып алуу наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган учурларда эсеп кредиттелет.  

 

10452 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары 

Бул эсепте коммерциялык уюмдар-резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар адилет наркы боюнча кайра баалоону эске алуу менен сатып алуу наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган учурларда эсеп кредиттелет.  

 

10461 Резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарынын адилет наркын корректировкалоо 

Бул эсепте резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарын кайрадан баалоодон алынган реализацияланбаган пайданын/чыгымдын суммасы чагылдырылат. Бул эсеп пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздардын эсептерине карата контр-эсеп болуп саналат. Бул эсеп кредиттик сыяктуу эле, дебеттик сальдого ээ болушу мүмкүн. Баалуу кагаздардын адилет наркы жогорулаган шартта эсеп дебеттелет. Баалуу кагаздардын адилет наркы төмөндөгөн шартта эсеп кредиттелет. 

 

10462 Резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарынын адилет наркын корректировкалоо  

Бул эсепте резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарын кайрадан баалоодон алынган реализацияланбаган пайданын/чыгымдын суммасы чагылдырылат. Бул эсеп, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздардын эсептерине карата контр-эсеп болуп саналат. Эсеп кредиттик сыяктуу эле, дебеттик сальдого ээ болушу мүмкүн. Баалуу кагаздардын адилет наркы жогорулаган шартта эсеп дебеттелет. Баалуу кагаздардын адилет наркы төмөндөгөн шартта эсеп кредиттелет.»; 

- «10500 Сатууга боло турган карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10500-топ. Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар 

Бул топто төмөнкү шарттар аткарылган учурда ФОЭСке ылайык, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар категориясына классификациялануучу үлүштүк жана карыздык баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн эсептер камтылат: 

- баалуу кагаздар бизнес моделдин негизинде тескөөгө алынат, анын максаты катары баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарында каралгандай, акча агымына ээ болуу сыяктуу эле, баалуу кагаздарды сатуу да саналат; 

- баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарында белгиленген күнү карыздын негизги суммасына жана карыздын негизги суммасынын төлөнбөгөн бөлүгү үчүн пайыздарды төлөө эсеби болуп саналган акча агымдарына ээ болуу каралат.  

Баалуу кагаздар номиналдык баадан жогору же төмөн баа боюнча сатылып алынышы мүмкүн (сый акы же дисконт менен). Эгерде баалуу кагаз сый акы менен сатылып алынган болсо, төлөнгөн сый акы ай сайын амортизацияланат жана банктын кирешесинин азаюусуна чегерилет. Эгерде баалуу кагаз дисконт менен сатылып алынган болсо, дисконт амортизацияланат жана банктын кирешесинин көбөйүүсүнө чегерилет. 

Баалуу кагаздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында баалуу кагаздын чет өлкө валютасындагы наркы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

10501 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10502 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эсепке алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда кредиттелет.  

 

10502 10501 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10501 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10503 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздардын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10504 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда эсеп кредиттелет.  

 

10504 10503 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10503 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10511 Жергиликтүү бийлик органдарынын башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

Бул эсепте жергиликтүү бийлик органдарынын башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10512 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда эсеп кредиттелет.  

 

10512 10511 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10511 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат.  

 

10521 Чет өлкө өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

Бул эсепте чет өлкө өкмөттөрүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10522 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда кредиттелет.  

 

10522 10521 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10521 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат.  

 

10531 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары 

Бул эсепте коммерциялык уюмдар-резиденттердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10532 эсебинде чагылдырылган сый акыларды же дисконтту эске алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда кредиттелет.  

 

10532 10531 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10531 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат. 

 

10541 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары  

Бул эсепте коммерциялык уюмдар-резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10542 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтту эсепке алуу менен номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган же төлөнгөн учурларда кредиттелет. 

 

10542 10541 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор 

Бул эсепте 10541 эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздарга сый акылар жана дисконттор эсепке алынат. Эсептин дебети боюнча сый акы суммасы жана дисконттун ар айлык амортизациясы, эсептин кредити боюнча дисконттун суммасы жана сый акыга ар айлык амортизациясы чагылдырылат.  

 

10551 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары 

Бул эсепте коммерциялык уюмдар-резиденттердин жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар адилет наркы боюнча кайрадан баалоону эске алуу менен сатып алуу наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган учурларда эсеп кредиттелет. 

 

10552 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздары 

Бул эсепте коммерциялык уюмдар-резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу үлүштүк баалуу кагаздарынын наркы эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар адилет наркы боюнча кайрадан баалоону эске алуу менен сатып алуу наркы боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми сатылган учурларда эсеп кредиттелет. 

 

10561 Резиденттердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарынын адилет наркын корректировкалоо 

Бул эсепте резиденттердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарын кайрадан баалоодон алынган, реализацияланбаган пайданын/чыгымдын суммасы чагылдырылат. Бул эсеп жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар эсептерине карата контр-эсеп болуп саналат. Эсеп кредиттик сыяктуу эле, дебеттик сальдого ээ болушу мүмкүн. Баалуу кагаздардын адилет наркы жогорулаган шартта эсеп дебеттелет. Баалуу кагаздардын адилет наркы төмөндөгөн шартта эсеп кредиттелет. 

 

10562 Резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарынын адилет наркын корректировкалоо  

Бул эсепте резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарын кайрадан баалоодон алынган, реализацияланбаган пайданын/чыгымдын суммасы чагылдырылат. Бул эсеп жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздардын эсептерине карата контр-эсеп болуп саналат. Эсеп кредиттик сыяктуу эле, дебеттик сальдого ээ болушу мүмкүн. Баалуу кагаздардын адилет наркы жогорулаган шартта эсеп дебеттелет. Баалуу кагаздардын адилет наркы төмөндөгөн шартта эсеп кредиттелет.»; 

- «11400 Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11400-топ. Баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул топ пайыздар түрүндө киреше алып келген активдер боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздарды эсепке алуу үчүн каралган. Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар номиналдык валютада эсепке алынат. Финансылык отчеттулуктун максатында чет өлкө валютасындагы алууга карата кошуп эсептелинген пайыздардын суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентине которулууга тийиш.  

 

11401 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга карата пайыздар суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет

 

11402 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет

 

11403 Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынган. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет

 

11404 Коммерциялык уюмдар тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте коммерциялык органдар тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет.  

 

11411 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте Улуттук банк тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет

 

11412 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет.  

 

11413 Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет.  

 

11414 Коммерциялык уюмдар тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте коммерциялык уюмдар тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет. 

 

11421 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар  

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет.  

 

11422 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет.  

 

11423 Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет

 

11424 Коммерциялык уюмдар тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

Бул эсепте коммерциялык уюмдар тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет

 

11425 РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар  

Бул эсепте РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга каралган пайыздардын суммасын чегерүүдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө акча каражаттары келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет.»; 

- «60000 Карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык киреше» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60000-топ. Карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык киреше  

Бул топто банктын баалуу кагаздардан жана облигациялардан пайыздык кирешелерин эсепке алуу үчүн эсептер камтылат. Пайыздык кирешелерди эсепке алуу улуттук валютада жүргүзүлөт.  

 

60001 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60002 Чет өлкө өкмөттөрүнүн амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын чет өлкө өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет.  

 

60003 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын коммерциялык уюмдар-резиденттер тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60004 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын коммерциялык уюмдар-резидент эместер тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздары боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60011 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60012 Чет өлкө өкмөттөрүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын чет өлкө өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздары боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60013 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын коммерциялык уюмдар-резиденттер тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60014 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын коммерциялык уюмдар-резидент эместер тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет.  

 

60021 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздары боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60022 Чет өлкө өкмөттөрүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын чет өлкө өкмөттөрү тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздары боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60023 Коммерциялык уюмдар-резиденттердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын коммерциялык уюмдар-резиденттер тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет.  

 

60024 Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси 

Бул эсепте банктын коммерциялык уюмдар-резидент эместер тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет.»; 

«60300 Кайра баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым)» эсептер тобундагы «60301 Сатууга боло турган баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым)» жана «60302 Соодалык баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым)» эсептер төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60301 Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым) 

Бул эсепте банктын башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон алынган кирешенин (чыгымдын) суммасы эсепке алынат. Эсеп дебеттик же болбосо кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Чыгым келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. 

 

60302 Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым) 

Бул эсепте банктын пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон алынган кирешенин (чыгымдын) суммасы эсепке алынат. Эсеп дебеттик же болбосо кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Чыгым келип чыккан учурда эсеп дебеттелет.»; 

«60800 Инвестициялардан жана соодалык операциялардан кирешелер (сальдо)» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60800-топ. Инвестициялардан жана баалуу кагаздар менен операцияларынан кирешелер (сальдо) 

 

60801 Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздардан киреше (чыгым) 

Бул эсепте пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарды сатуудан жана алардын наркынын начарлашынан банктын реализацияланган жана реализацияланбаган кирешелеринин/чыгымдарынын суммасы эсепке алынат. Эсеп дебеттик сыяктуу эле, кредиттик сальдого ээ болушу мүмкүн. Киреше түшкөндө жана финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп кредиттелет. Чыгаша келип чыкканда жана финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60802 Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздардан киреше (чыгым) 

Бул эсепте пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздарды сатуудан жана алардын наркынын начарлашынан банктын реализацияланган жана реализацияланбаган кирешелеринин/чыгымдарынын суммасы эсепке алынат. Эсеп дебеттик сыяктуу эле, кредиттик сальдого ээ болушу мүмкүн. Киреше түшкөндө жана финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп кредиттелет. Чыгаша келип чыккан жана финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60811 Туунду компаниялардан таза киреше (чыгаша) 

Бул эсепте туунду компаниялардын ишинин натыйжасында банктын алган кирешелеринин/чыгашаларынын суммасы эсепке алынат. Эсеп дебеттик сыяктуу эле, кредиттик сальдого ээ болушу мүмкүн. Киреше пайда болгон жана финансы жылынын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп кредиттелет. Чыгаша келип чыккан жана финансы жылынын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60812 Ассоциацияланган компаниялардан таза киреше (чыгаша) 

Бул эсепте ассоциацияланган компаниялардын ишинин натыйжасында банктын алган кирешелеринин/чыгашаларынын суммасы эсепке алынат. Эсеп дебеттик сыяктуу эле, кредиттик сальдого ээ болушу мүмкүн. Киреше пайда болгон жана финансы жылынын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп кредиттелет. Чыгаша келип чыккан жана финансы жылынын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет. 

 

60813 Акцияларга жана пайларга салымдардан дивиденддер 

Бул эсепте туунду жана ассоциацияланган болуп саналышпаган компаниялардын акцияларына жана пайларына салымдардан алынган дивиденддердин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше пайда болгон учурда эсеп кредиттелет. Финансы жылынын акырында убактылуу эсептерди жабуу учурунда эсеп дебеттелет.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө» жободо: 

3.2-пунктунун: 

тогузунчу абзацынан тартып он үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар 

Бул топто төмөнкү шарттар аткарылган учурда ФОЭСке ылайык, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар категориясына классификациялануучу карыздык баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн эсептер камтылат: 

а) баалуу кагаздар бизнес моделдин негизинде тескөөгө алынат, анын максаты катары баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарында каралган акча агымына ээ болуу саналат; 

б) баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарында белгиленген күнү карыздын негизги суммасына жана карыздын негизги суммасынын төлөнбөгөн бөлүгү үчүн пайыздарды төлөө эсеби болуп саналган акча агымдарына ээ болуу каралат.  

Баалуу кагаздар номиналдык баадан жогору же төмөн баада сатылып алынышы мүмкүн (сый акы же дисконт менен). Эгерде баалуу кагаз сый акысы менен сатылып алынган болсо, төлөнгөн сый акы ай сайын амортизацияланат жана банктын кирешесинин азаюусуна чегерилет. Эгерде баалуу кагаз дисконт менен сатылып алынса, дисконт амортизацияланат жана банктын кирешесинин көбөйүүсүнө чегерилет. 

Баалуу кагаздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында баалуу кагаздын чет өлкө валютасындагы наркы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

- Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар 

Бул топто ФОЭСке ылайык пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар, анын ичинде соода үчүн каралган баалуу кагаздар категориясына классификациялануучу карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн эсептер камтылат. 

Баалуу кагаздар номиналдык баадан төмөн же жогору баада сатылып алынышы мүмкүн (сый акы же дисконт менен). Эгерде баалуу кагаз сый акы менен сатылып алынса, төлөнгөн сый акы ай сайын амортизацияланат жана банктын кирешелеринин азаюусуна чегерилет. Эгерде баалуу кагаз дисконт менен сатылып алынса, анда дисконт амортизацияланат жана банктын кирешелеринин көбөйүүсүнө чегерилет. 

Баалуу кагаздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттуулук максатында чет өлкө валютасындагы баалуу кагаздын наркы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

- Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар 

Бул топто төмөнкү шарттар аткарылган учурда ФОЭСке ылайык, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар категориясына классификациялануучу үлүштүк жана карыздык баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн эсептер камтылат: 

а) баалуу кагаздар бизнес моделдин негизинде тескөөгө алынат, анын максаты катары баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарында каралган акча агымына ээ болуу сыяктуу эле, баалуу кагаздарды сатуу да саналат; 

б) баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарында белгиленген күнү карыздын негизги суммасына жана карыздын негизги суммасынын төлөнбөгөн бөлүгү үчүн пайыздарды төлөө эсеби болуп саналган акча агымдарына ээ болуу каралат.  

Баалуу кагаздар номиналдык баадан жогору же төмөн баа боюнча сатылып алынышы мүмкүн (сый акы же дисконт менен). Эгерде баалуу кагаз сый акы менен сатылып алынган болсо, төлөнгөн сый акы ай сайын амортизацияланат жана банктын кирешесинин азаюусуна чегерилет. Эгерде баалуу кагаз дисконт менен сатылып алынган болсо, дисконт амортизацияланат жана банктын кирешесинин көбөйүүсүнө чегерилет. 

Баалуу кагаздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында баалуу кагаздын чет өлкө валютасындагы наркы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш.»; 

- сексен тогузунчу жана токсончу абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Инвестициялардан жана баалуу кагаздар менен операциялардан кирешелер (сальдо) 

Бул топ адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздардан кирешелерди (чыгымдарды), туунду компаниялардан таза кирешелерди (чыгымдарды), ассоциацияланган компаниялардан таза кирешелерди (чыгымдарды) жана акцияларга жана пайларга салымдардан дивиденддерди эсепке алуу үчүн колдонулат.». 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун: 

үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын башкы компаниялары (башкы компаниялары)-резиденттерине карата таркатылат. 

Убактылуу администрация режиминдеги банк да ушул жобого ылайык финансылык отчеттуулукту сунуштайт.»; 

төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«Бул жобо жоюу процессинде турган банктарга карата таркатылбайт.»; 

- 3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Банктын финансылык отчеттуулугу банктын Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатына ылайык түзүлөт.»; 

-  «Финансылык отчеттуулукка жана анын компоненттерине карата жалпы талаптар» деген 2-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Финансылык отчеттуулуктун түзүмүнө жана мазмунуна карата жалпы талаптар»; 

-  7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банктын финансылык отчеттуулугу төмөнкү компоненттерден турат: 

1) мезгил аяктаган датага карата финансылык абал жөнүндө отчет; 

2) бир мезгил үчүн жыйынды кирешелер жөнүндө отчет; 

3) бир мезгил үчүн өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; 

4) бир мезгил үчүн акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет; 

5) финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөр; 

6) буга чейинки мезгилге салыштырылган маалымат.»; 

- 8-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Банк финансылык отчеттуулуктун ар бир компонентин так аныктоого тийиш. Сунушталган маалыматты так түшүнүү үчүн финансылык отчетто төмөнкү маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- банктын толук аталышы жана башка идентификациялоо белгилери; 

- бул финансылык отчеттуулук өзүнчө бир банктын отчетубу же банктык топтун консолидацияланган отчетубу; 

- отчеттук мезгил аяктаган дата же финансылык отчеттуулуктун ушул комплекти камтылган мезгил; 

- финансылык отчеттуулукта суммаларды көрсөтүүдө валюта жана өлчөө бирдиги.»; 

- 12-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Банктардын финансылык отчет үчүн отчеттук мезгил катары 1-январдан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил саналат.»; 

- 13-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде башкы жана туунду компаниянын отчет берүү датасы дал келбесе, туунду компания консолидациялоо максатында башкы компаниянын отчеттук мезгили аяктаган датага карата кошумча финансылык отчет даярдайт.»; 

- 14-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Статьялардын ар бир олуттуу классы финансылык отчеттуулукта өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. Статьялар олутуу эмес болгон учурду эске албаганда, банк мүнөзү же багыты боюнча айырмаланган статьяларды өзүнчө сунуштоого милдеттүү. Финансылык отчеттуулукта аны өзүнчө көрсөтүү үчүн ал анчалык олуттуу болбогон статья финансылык отчеттуулукка карата Түшүндүрмөлөрдө чагылдырууга тийиш.»; 

- 17-пункттагы «сандык» деген сөз алынып салынсын; 

- 18-2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18-2. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүү учурунда башкы компания башкы жана туунду уюмдардын финансылык отчетторун активдердин, милдеттенмелердин, капиталдын, кирешелердин жана акча каражаттар агымдарынын окшош статьяларын кошуу аркылуу, сап боюнча консолидациялайт.»; 

- 18-5 жана 18-6-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18-5. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө топ ичиндеги активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер, чыгашалар жана банктык топ ичиндеги акча агымдары толугу менен чыгарылууга тийиш. 

18-6. Туунду компаниянын финансылык отчету төмөнкү себептерден улам консолидацияланган финансылык отчеттон чыгарылбайт: 

- туунду компаниянын иши банктык топтун башка катышуучуларынын ишинен айырмаланып турат; 

- инвестор катары тобокелдик капиталына, өз ара фондго, трастка же окшош түзүмгө ээ уюм иш алып барат.»; 

- 18-7-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 18-8-пунктундагы «өз ара мамилелер» деген сөздөр «өз ара мамилелер мүнөзү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 18-9 жана 18-10-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18-9. Эгерде ошол банктын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башкы компаниясы консолидацияланган финансылык отчетту ФОЭСке жана Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүп, сунуштаса, банк консолидацияланган финансылык отчетту тапшыруудан бошотулат. 

18-10. Алар сатуу үчүн кармалып турган катары классификацияланган же ушул методду ФОЭСке ылайык колдонуу зарылчылыгынан бошотулган учурларды эске албаганда, ассоциацияланган жана биргелешкен (көз каранды жана байланыштуу) компанияларга инвестициялар үлүштүк катышуу ыкмасында чагылдырылат.»; 

- 20-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 22-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 23-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын финансылык отчеттуулугу, анын ичинде финансылык отчеттуулукка карата бардык компоненттер жана аудитордук корутунду банктын расмий интернет-сайтында жарыяланууга тийиш.»; 

- 26-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мында финансылык отчет жана ага карата түшүндүрмөлөр менен банктын расмий интернет-сайтында, башкы офисинде, филиалдарында, сактык кассаларында толук таанышууга боло тургандыгы жөнүндө шилтеме милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.»;  

- 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Ай сайын берилүүчү финансылык абал жана жыйынды кирешелер жөнүндө отчеттор (ай сайын берилүүчү финансылык отчеттуулук) кийинки айдын 10унан кечиктирилбестен, кардарлар үчүн банктын расмий интернет-сайтында жана маалымат тактасында (башкы офистин, филиалдардын, сактык кассаларынын) жайгаштырылууга тийиш. 

Эгерде бир ай ичинде, банктын финансылык абалына олуттуу таасирин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон операциялар жүзөгө ашырылган болсо, анда банк бул жагдайды ачык-айкын көрсөтүүсү зарыл.»; 

- 31-пункттагы «веб-сайтында» деген сөз «расмий интернет-сайтында» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 31.3-пункт менен толукталсын: 

«31.3. Буга кошумча банк/банктык топ финансылык отчеттуулукту/консолидацияланган финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө электрондук түрдө Ачык депозитарийге (ыйгарым укуктуу орган) сунуштайт.»; 

- 34, 35, 36 жана 37-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер жана милдеттенмелер алардын мүнөзү боюнча алардын салыштырмалуу ликвидүүлүгүн чагылдырган тартипте топтоштурулат (ликвиддүүлүгүнүн кемүү деңгээли же төлөө мөөнөтү боюнча). 

35. Активдин статьясы финансылык абал жөнүндө отчетто милдеттенмелер статьясы менен өз ара чегерилишүүгө же тескерисинче, аткарылышы ФОЭС тарабынан талап кылынган же уруксат берилген учурлардан тышкары, түшүндүрмөлөрдөгү бул фактылар ачып көрсөтүлүүгө тийиш эмес. 

36. Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, башка банктар, акча рыногундагы башка өнөктөштөр жана кредиторлор, карыз алуучулар менен өз ара мамилелери, алардын бири-бирине көз карандылыгы боюнча туура түшүнүк берүү үчүн өзүнчө чагылдырылууга тийиш. 

37. Финансылык абал жөнүндө отчетто кардарларга кредиттер жана финансылык ижара, күтүлүүчү кредиттик чыгымдар боюнча түзүлгөн кам өлчөмүн жана камды чыгаруу менен ошол активдердин наркын өзүнчө көрсөтүү зарыл.»; 

- 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Финансылык абал жөнүндө отчетто, банктарга жана кардарларга кредиттерди жана финансылык ижараны кошпогондо, бардык активдер чыгым алдында баалоо камын алып салуу менен көрсөтүлөт.»; 

- 50 жана 51-пункттардагы «же финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 57-төмөнкү редакцияда берилсин: 

«57. Банк акча каражаттарынын курамын жана акча каражаттарынын эквивалентин аныктоого жана аларды финансылык отчеттуулукта ачып көрсөтүүгө тийиш. Мындан тышкары банк, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто берилген суммаларды, финансылык абал жөнүндө отчетто келтирилген эквиваленттүү статьялар менен салыштырып текшерүүгө тийиш.».  

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун: 

- 11-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) банктын баалуу кагаздарды тескөө боюнча бизнесин-моделин (мисалы, акча каражаттарын алуу үчүн баалуу кагаздарды кармап туруу, акча каражаттарын алуу үчүн баалуу кагаздарды кармап туруу же сатуу, башка бизнес-моделдер) жана аларды сатып алуу максатын (мисалы, ликвиддүүлүктү колдоо, киреше алуу, күрөөлүк талаптарды сактоо ж.б.) чагылдыруу;  

- 18-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындай маалыматтар амортизацияланган нарк бонча баалануучу, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча өз-өзүнчө маалыматтарды даярдоо үчүн зарыл.».  

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобону жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобонун: 

2-тиркемесинин: 

2-бөлүгүнүн «Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет» деген А бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« (миӊ сом) 

 

Башкы/башкаруучу компаниянын көрсөткүчтөрү 

Банктык топтун катышуучуларынын көрсөткүчтөрү 

Мезгил аралыгы боюнча жыйынтык 

өтүп жаткан мезгил  

жыл башынан тартып 

___ топтун катышуучусу  

___ топтун катышуучусу  

өтүп жаткан мезгил  

жыл башынан тартып 

өтүп жаткан мезгил 

жыл башынан тартып 

өтүп жаткан мезгил 

жыл башынан тартып 

А. Пайыздык кирешелер 

 

 

 

 

 

 

 

 

1. Коммерциялык банктардагы депозиттер жана эсептер боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

 

 

 

 

2. Улуттук банктагы корреспонденттик эсеп боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

 

 

 

 

3. Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер

 

 

 

 

 

 

4. Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер 

 

 

 

 

 

 

5. Амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

 

 

 

 

6. Кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

 

 

 

 

7. Финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

 

 

 

 

8. Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер, анын ичинде:  

а) өнөр жайына 

 

 

 

 

 

 

б) айыл чарбасына жана кайра иштетүүгө  

 

 

 

 

 

 

в) соода жана коммерциялык операцияларга  

 

 

 

 

 

 

г) ипотекадан тышкары, курулушка 

 

 

 

 

 

 

д) ипотека 

 

 

 

 

 

 

е) жеке адамдар  

 

 

 

 

 

 

ж) башкалар 

 

 

 

 

 

 

9. РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

 

 

 

 

10. Башка пайыздык кирешелер  

 

 

 

 

 

 

11. Бардыгы болуп, пайыздык кирешелер  

»; 

- 4-бөлүгүнүн «Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө консолидацияланган отчет» деген А бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« (миӊ сом) 

А. Пайыздык кирешелер 

өтүп жаткан мезгил  

жыл башынан тартып  

1. Коммерциялык банктардагы депозиттер жана эсептер боюнча пайыздык кирешелер 

 

 

2. Улуттук банкта корреспонденттик эсеп боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

3. Пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер

 

 

4. Башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер 

 

 

5. Амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

6. Кыска мөөнөткө жайгаштыруулар боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

7. Финансы-кредит уюмдарына кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

8. Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара боюнча пайыздык кирешелер, анын ичинде:  

а) өнөр жайына  

 

 

б) айыл чарба жана кайра иштетүүгө  

 

 

в) соода жана коммерциялык операцияларга  

 

 

г) ипотекадан тышкары, курулушка  

 

 

д) ипотекага 

 

 

е) жеке адамдарга  

 

 

ж) башкалар  

 

 

9. РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер  

 

 

10. Башка пайыздык кирешелер  

 

 

11. Бардыгы болуп, пайыздык кирешелер 

».