Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 29-мартындагы  

№ 2022-П-14/18-3-(ПС) токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы  

банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын  

26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 7 (жети) жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана банк эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын.  

5. Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары өз ишин ушул токтомго ылайык келтиришсин.  

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 29-мартындагы  

№ 2022-П-14/18-3-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 8-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Келишимге милдеттүү түрдө карт ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы тиркелүүгө тийиш, ал схема менен карт ээси таанышып чыгып, кол коюуга тийиш.»; 

- 32-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«- карт ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы менен;»; 

- 33-пункту төмөнкү мазмундагы 4-1-пунктча менен толукталсын: 

«4-1) карта ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы, ошондой эле конвертациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардарларга алмашуу курсу жөнүндө маалымдоо тартиби;»; 

- 33-1-пункту төмөнкү мазмундагы 31-1-пунктча менен толукталсын: 

«3-1) карта ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы, ошондой эле конвертациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардарларга алмашуу курсу жөнүндө маалымдоо тартиби;»; 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Дебеттик-кредиттик же кредиттик карттарды берүү учурунда эмитент кош келишим же өзүнчө кошумча макулдашуу түзүүгө укуктуу, анда карт ээсинин кредит же овердрафт алуу мүмкүнчүлүгү, аларды берүү тартиби жана мөөнөттөрү, алуу ыкмалары, кармалып калуучу комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү, карта ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы, жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык башка шарттар каралат.».