Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 18-апрелиндеги  

№ 2022-П-14/24-1-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом 2022-жылдын 19-апрелинен тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, облустук башкармалыктарын жана Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 18-апрелиндеги  

№ 2022-П-14/24-1-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна 

өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасындагы акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелеринде: 

- 1.2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которуулар алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынан айырмаланган валютасында - сом менен берилет. 

Ошондой эле эл аралык акча которуу системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада алуу/жокко чыгаруу мүмкүн.»; 

- 2.3-пунктунун бешинчи абзацындагы «чет өлкө валютасында» деген сөздөр «жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- эрежелер төмөнкүдөй мазмундагы 3.9-пункт менен толукталсын:  

«3.9. Акча которуулар системасынын оператору өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып 1 (бир) жумушчу күндүн ичинде системалардын эрежелеринин өзгөрүшү жөнүндө Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.»; 

- 4.6-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:  

«3) которулган каражаттардын валютасынын курсу жана акча каражаттарын жөнөтүүдө/кабыл алууда мүмкүн болуучу чектөөлөр, анын ичинде валюталык чектөөлөр жөнүндө;».