Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 20-апрелиндеги  

№ 2022-П-14/25-3-(ПС) токтому 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо бекитилсин (кошо тиркелет). 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

2) 2016-жылдын 27-октябрындагы №43/7 «УлуттукбанкБашкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»; 

3)2017-жылдын24-февралындагы№7/1«УлуттукбанкБашкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»; 

4)2017-жылдын17-майындагы№19/1«УлуттукбанкБашкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

5) 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-5-(НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

6) 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-14/9-4-(ПС) «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

7) 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

8) 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 2020-П-14/66-5-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

3. Ушул токтом менен бекитилип жаткан «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун 2022-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган 63-пунктун эске албаганда, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялагандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, эл аралык электрондук акча системаларын тааныштырсын

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги №2022-П-14/25-3-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» 

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Жободо электрондук акчаны пайдалануу менен локалдык жана эл аралык эсептешүүлөр системаларынын операторлоруна, локалдык жана эл аралык электрондук акча эмитенттерине, алардын агенттерине/субагенттерине карата Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен операцияларды ишке ашыруу тартиби жана талабы белгиленген. 

2. Электрондук акча менен операциялар өзүндө электрондук акчаны чыгарууну, жайылтууну, ордун жабууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоону камтыйт. 

3. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча чыгаруу лицензиялануучу иштин түрү болуп саналат, аны жүзөгө ашыруу үчүн банк Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23/1-(НПА) токтому менен бекитилген «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык Улуттук банктан уруксат алат. Анын негизинде банк электрондук акчаны пайдалануу менен операциялардын төмөнкү түрлөрүн жүзөгө ашыра алат: 

1) электрондук акча чыгаруу, жайылтуу жана ордун жабуу; 

2) электрондук акча ээлеринен интернетти, мобилдик жана башка байланыш каражаттарын колдонуу менен банкка/операторго берилүүчү товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу тапшырмаларын кабыл алуу; 

3) электрондук акчаны пайдалануу менен транзакцияларды иштеп чыгуу (процессинг); 

4) келишим түзүлгөн акцептанттар менен электрондук акча ээлеринин атынан жана алардын тапшырмасы боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. 

4. Эл аралык электрондук акча менен операциялар өзүндө Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтууну жана ордун жабууну камтыйт. 

5. Локалдык жана эл аралык электрондук акча системаларынын операторлору, локалдык жана эл аралык электрондук акча системаларынын эмитенттери жана алардын агенттери/субагенттери Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого жана аткарууга тийиш. 

 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

6. Ушул жобонун максатында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: 

Электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны нак же нак эмес акча каражаттарынын ордун жабууну (алмаштырууну) ишке ашырган, электрондук акчаны жайылткан юридикалык жак же жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти.  

Эл аралык электрондук акча системасынын агенти ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан каттоодон өткөн, эл аралык электрондук акча системаларынын эмитенттери/операторлору менен келишимдик мамилеге ээ банк-резидент.  

Электрондук акча акцептанты (акцептант)- банк-электрондук акча эмитенти же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык электрондук акча менен операциялардын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алган юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти.  

Аутентификация бул, берилген идентификатордун (ПИН-код, логин ж.б.) аныктыгын текшерүү аркылуу ошол адамдын аныктыгын тактоо. 

Электрондук акчаны эсепке алуу боюнча банктык эсеп чыгарылган электрондук акча боюнча акча каражаттарынын суммасын чегерүү жана электрондук акча төлөнгөн учурда акча каражаттарын эсептен чыгаруу операцияларын жүргүзүү үчүн банк-эмитент тарабынан ачылган эсеп. Бул эсептеги калдык чыгарылган бардык электрондук акча боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасына барабар. Бул эсептен акча каражаттарын чыгаруу чектелген жана электрондук акчанын ордун жабуу үчүн акцептанттардын дарегине, ошондой эле бир системанын электрондук капчыгынан башка электрондук акча системасынын электрондук капчыгына которууда гана жүзөгө ашырылат.  

Электрондук акча ээси (ээлик кылуучу) (мындан ары - ээси) электрондук акчаны колдонуучу жана тиешелүү электрондук акча системасынын акцептанттары сунуштаган товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү ишке ашырууда электрондук акчаларды пайдаланган жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер. 

Электрондук акчаны эсептешүүлөрдө колдонуу электрондук акча ээсинин сунушталган товарларга жана/кызмат көрсөтүүлөргө эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө программалык-техникалык каражаттарды колдонуу менен электрондук акчаны берүүсү. Эгерде акча каражаттарынын жылышы нак акчаны колдонуусуз, электрондук акча ээсинин электрондук капчыгынан акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды акцептанттын электрондук капчыгына чегерүү аркылуу, улуттук валютада ишке ашырылса, электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөр нак эмес эсептешүү болуп саналат.  

Электрондук капчыктын идентификациялык номери электрондук капчыктын системада алгач каттоодон өткөн учурунда ыйгарылган кайталангыс (уникалдуу) номери. Электрондук капчыктын идентификациялык номери боюнча электрондук акча ээси өз капчыгындагы электрондук акчанын жылышы жана калдыгы жөнүндө маалымат алууга, ошондой эле зарыл учурларда капчыкты блокировкалоо укугуна ээ.  

Идентификацияланган электрондук капчык электрондук капчык ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо процессинен өткөн электрондук капчык.  

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн локалдык системасы Кыргыз Республикасынын аймагында резиденттер тарабынан чыгарылган электрондук акчалардын жүгүртүлүшүн камсыз кылган банк жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы. 

Электрондук акча ээсинин (ээлик кылуучунун) жеке кабинети электрондук акча ээсинин интернет-ресурсунда же электрондук акча системасынын программалык-техникалык каражаттарын пайдалануу менен персоналдык бөлүмү, анда электрондук капчык менен иштөө үчүн зарыл болгон негизги каражаттар камтылат. 

Эл аралык электрондук акча жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынган) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акча милдеттенмелери. 

Нак акча каражаттары банкнот жана монета түрүндөгү чет өлкө валютасы жана улуттук валюта акча белгилери. 

Идентификацияланбаган электрондук капчык электрондук акча ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификация жана верификация процессинен өтпөгөн электрондук капчык. 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын оператору (мындан ары оператор) электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоону, аппараттык жана түйүндүк жабдууларды орноткон жана/же техникалык жактан колдоого алууну камсыз кылган, ошондой эле банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде процессингди өз алдынча жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барган, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аны ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоо лицензиясына ээ юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти. Банк-эмитент Улуттук банктын тиешелүү уруксаты бар болсо, оператордун функциясын өз алдынча жүзөгө ашырат.  

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында иш алып барган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резидент эмеси, ал Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык электрондук акча/электрондук акча каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоонун, аппараттык жана тармактык жабдууну орнотот жана/же техникалык колдоого алынышын камсыз кылат.  

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасынын оператору төлөм системасынын оператору лицензиясына ээ юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти, анын базасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган «бирдиктүү терезе» түзүлөт. Бул оператордун электрондук акча менен эсептешүүлөр системасы улуттук төлөм системасынын статусуна шайкеш келүүгө тийиш.  

Ордун жабуу электрондук акча ээсинин локалдык электрондук акча системасынын эмитентине, агентке/субагентке, эл аралык электрондук акча системаларынын агентине/субагентине сунуштай турган электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны электрондук капчыкта сакталган электрондук акчанын/эл аралык электрондук акчанын суммасынын калдыгынан ашпаган суммада нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштыруу операциясы. Ордун жабуу аралыкта орнотулган жабдууларды колдонуу менен ишке ашырылышы мүмкүн.  

Дооматтык иш банк-эмитент/оператор тарабынан электрондук капчык ээлеринин электрондук акчаны колдонуу менен жүргүзүлгөн кайсы болбосун санкциясыз операциялар жана жаңылыш операциялар жөнүндө даттанууларын/кайрылууларын кабыл алуу жана иштеп чыгуу процесси. 

Электрондук акча системасынын процессинги электрондук акча системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдерде каралган, өзүнө электрондук акчаларды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана аларды катышуучуларга жөнөтүүнү камтыган иш. 

Электрондук акчаны жайылтуу банк-эмитенттин, анын агентинин/субагентинин, эл аралык электрондук акча системасынын агентинин/ субагентинин электрондук капчыкты толтуруу боюнча кызмат көрсөтүүсү, анын натыйжасында андан ары пайдалануу үчүн электрондук акча ээсинин капчыгында электрондук акчанын калдыгы көбөйөт. 

Электрондук акча системасында каттоодон өтүү банктын, оператордун, эл аралык электрондук акча системасынын жол-жоболоруна ылайык, кардардын өзүнө тиешелүү маалыматтарды киргизүүсү менен милдеттүү аутентификациялоо аркылуу системада каттоодон өтүүсү

Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасы (электрондук акча системасы) электрондук акчанын чыгарылышын жана жүгүртүлүшүн камсыз кылган чогуу алгандагы банктык жана башка институттар, аппараттык-техникалык каражаттар, эрежелер жана жол-жоболор. 

Субагент/эл аралык электрондук акча субагенти бул, агент/эл аралык электрондук акча агенти менен Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны жайылтуу жана ордун жабуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак-резидент же жеке ишкер-резидент. 

Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу бул, капчык ээсине электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн өз электрондук капчыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инструмент (жеке компьютер, уюлдук телефон же башка жабдуу). 

Электрондук акча системасынын катышуучулары бул банк-эмитент, агент, оператор, акцептант, электрондук акча ээси, субагент, эл аралык электрондук акча агенти/субагенти. 

Электрондук акча алдын ала төлөнгөн карттарды жана/же виртуалдык алдын ала төлөнгөн карттарды жана электрондук капчыкты кошо алганда, программалык-техникалык жабдууда электрондук түрдө сакталып турган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акчалай нарк. 

Электрондук капчык электрондук акча суммасы жана алардын ээсине таандыгы жөнүндө маалымат камтылган программалык камсыздоо же башка программалык-техникалык жабдуу түрүндө электрондук акча сакталуучу жабдуу. 

Электрондук акча эмиссиясы (чыгаруу) банк-эмитент андан кийин алардын ордун жабуу милдеттенмеси астында, банктын өз электрондук акчасын нак же нак эмес акча каражаттарынын ордуна жүгүртүүгө чыгаруу боюнча иши. 

Эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык электрондук акча чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган, ал түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишин жүзөгө ашырган банк же юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резидент эмеси. 

Электрондук акча эмитенти (эмитент) Улуттук банк, ошондой эле банктын лицензиясына карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмесине ылайык, электрондук акча чыгарууга уруксат берилген жана электрондук акчанын ордун жабууга сунуштаган акча ээлеринин электрондук акчасынын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган банк. 

 

3-глава. Электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү  

сунуштоо тартиби 

7. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акча улуттук валютада туюндурулууга тийиш. 

Банкка Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө валютасында туюндурулган электрондук акча чыгарууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) туюндурулган эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарууга тыюу салынат.  

Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу иши банк-резидент (эл аралык электрондук акча системасынын агенти) тарабынан жүзөгө ашырылат. Агент эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары жайылтуу үчүн субагенттерди ишке тартууга укуктуу. 

Электрондук акча менен эсептешүү системасы (мындан ары электрондук акча системасы), ошондой эле электрондук капчык өз аталышына ээ болууга тийиш. Расмий аталыштан башка аталышты, ошондой эле мурда чыгарылган же чыгарылып жаткан электрондук акчанын/продукттун аталышына окшош же алмаштырып алгыдай аталышты колдонууга тыюу салынат. Электрондук акча системасынын/электрондук капчыктын аталышы өзгөргөндүгү жөнүндө маалымат аталышын өзгөртүү жөнүндө кабыл алынган чечим күчүнө кире турган күнгө чейинки 30 (отуз) календардык күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. 

8. Электрондук акча системасы электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөгө, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашуу жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы локалдык электрондук акча системаларында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасынын/төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө өз ара иш алып баруу операторунун аппараттык-программалык комплексинин ишине шайкеш келүүгө тийиш. 

9. Электрондук акчаны колдонуу менен төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө болот: 

- акцептанттардан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле төлөө үчүн электрондук капчыкка товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү чыгарылган (сунушталган) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардан сатып алуу боюнча; 

- электрондук акчанын ордун жабуу; 

- электрондук акчаны идентификацияланган электрондук капчыктан башка идентификацияланган электрондук капчыкка ушул же башка электрондук акча системасынын, алдын ала төлөнгөн карттын жана/же электрондук акча ээсинин алдын ала төлөнгөн виртуалдык картынын алкагында которууга. 

Электрондук акчаны эл аралык/чек ара аралык которууда электрондук капчыктардын, алдын ала төлөнгөн карт жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карт ээлери идентификацияланууга тийиш. 

10. Идентификацияланбаган электрондук капчыктар боюнча бардык операцияларга тыюу салынат. 

11. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун абонентинин (колдонуучунун) өздүк эсебинен төлөмдөр, анын негизги ишинин алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун кызмат көрсөтүүсү үчүн гана ишке ашырылат. 

12. Электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоо төмөнкү ыкмалар аркылуу гана ишке ашырылышы мүмкүн: 

- банктык эсептен которуу; 

- идентификацияланган электрондук капчыктан, ошондой эле башка электрондук акча системасынын алкагында идентификацияланган электрондук капчыктан, алдын ала төлөнгөн карттан жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карттан которуу; 

- банктык эсеп ачуусуз эле, Улуттук банкта каттоодон өткөн акча которуу системасы аркылуу акча которуу; 

- автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалына (cash-in), банк-эмитенттин, анын агентинин/субагентинин кассаларына нак акча каражаттарын салуу. 

Ушул пунктта белгиленген толуктоо ыкмаларынын тизмеси толук болуп саналат жана толуктоонун башка ыкмалары каралган эмес. 

Ушул пунктта белгиленген толуктоо ыкмаларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 724-беренесинин талаптарына ылайык берилген электрондук капчыктарга кредиттик каражаттарды жана насыяларды чегерүү инструменти катары пайдаланылышы мүмкүн. 

Өз абоненти (колдонуучусу) алдында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун милдеттеринин азаюусунан улам электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоону товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун өзү сыяктуу эле, аларга абоненттин (колдонуучунун) жана/же анын ишеним көрсөткөн адамынын ишеним каты жана тапшыруусу менен, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен түздөн-түз же кыйыр түрдө келишимдик мамиледе болгон башка жактар ишке ашыра алышпайт.  

Алдын ала төлөнгөн карта жана/же виртуалдык алдын ала төлөнгөн карта ээсинин электрондук капчыгын толуктоо учурунда алдын ала төлөнгөн карта жана/же виртуалдык алдын ала төлөнгөн карта ээсинин электрондук капчыгын толуктаган жак тарабынан нак жана нак эмес акча каражаттарын өткөрүп берүү же которуу ортосундагы мезгил аралыгы жана алдын ала төлөнгөн карта жана/же виртуалдык алдын ала төлөнгөн карта ээсинин электрондук капчыгына электрондук акчалардын келип түшүүсү 1 (бир) календардык күндөн ашпоого тийиш. 

Алдын ала төлөнгөн карта жана/же виртуалдык алдын ала төлөнгөн карта ээсинин электрондук капчыгын товарларды жана кызматтарды сунуштоочунун абонентинин (колдонуучусунун) өздүк эсебинен, анын ичинде алдын ала төлөнгөн карта жана/же виртуалдык алдын ала төлөнгөн карта ээсинин электрондук капчыгына кайтарылуучу авансты чегерүү менен товарларга жана кызматтарга авансты кайтаруу аркылуу электрондук капчыкты толуктоого жол берилбейт. 

13. Банк-эмитент акцептанттар менен акцептанттардын товарларга жана кызматтарга төлөмдөрдү төлөөсүн камсыз кылууга электрондук акчалардын локалдык системасынын электрондук акчаларды кабыл алуу тууралуу келишим түзөт, электрондук акчаны колдонуу менен кызматтардын тизмегин белгилейт. Тараптардын укуктары жана жоопкерчиликтери, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби келишим аркылуу белгиленет. 

Банк-эмитент электрондук акчаны жайылтуу жөнүндө келишимде жана ага кошумча келишимде көрсөтүү менен электрондук акчаны жайылтуу боюнча агентке акцептанттар менен келишим түзүү боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө укуктуу. 

14. Банк-эмитент кеминде төмөнкүлөрдү камтый турган акцептанттар боюнча маалымат базасын түзүүгө милдеттүү

- келишимдин реквизиттери (датасы, номери, келишим мамилелеринин түрү, келишимдин колдонуу мөөнөтү); 

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар, жеке ишкердин паспорт маалыматтары, жеке ишкерди же патентти каттоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери; 

- жайгашкан жери/жашаган дареги, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу дареги; 

- байланыш маалыматтары; 

- юридикалык жактын/жеке ишкердин иш түрү жана көрсөтүлүүчү кызматтар/сатып өткөрүлүүчү товарлардын түрлөрү жөнүндө маалыматтар; 

- финансылык шарттар (тарифтер, комиссиялар, лимиттер жана сый акылар). 

15. Эмгек акы боюнча төлөөлөрдү банк-эмитенттин же анын агентинин аталган коммерциялык уюм үчүн гана идентификацияланган электрондук капчыктарга аталган коммерциялык уюм менен келишими болгон шартта жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары сакталган учурда чегерүүгө болот. 

16. Ушул Жобонун ченемдеринин алкагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда электрондук акчаны колдонуу укугуна юридикалык жак менен келишим түзүлгөн учурда электрондук капчык ички чечимдер же ишеним каттар менен талаптагыдай түрдө таризделген уюштуруу документтерине ылайык аталган электрондук капчыкты колдонуу укугуна ээ ыйгарым укуктуу жакты көрсөтүү менен юридикалык жакка ачылат. 

17. Банк, оператор электрондук акча системасында ээлик кылуучуну милдеттүү түрдө аутентификациялоо менен каттоо учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн чара көрүүгө тийиш. 

18. Ар бир электрондук капчык бир системанын алкагында электрондук акча системасында идентификациялык номерге ээ болууга тийиш. 

19. Электрондук акчаны колдонуу менен жасалган кайсы болбосун операция чек менен, анын ичинде электрондук түрдө, же төлөмдү тастыктоочу башка кайсы болбосун документ, смс-билдирүү, push-кабарлоо, төмөнкү милдеттүү реквизиттерди камтый турган электрондук капчык ээсинин электрондук почтасына билдирүү менен тастыкталууга тийиш:  

- документтин номери, операция жүргүзүлгөн дата жана мезгили; 

- операциянын суммасы; 

- төлөмдүн багыты; 

- комиссия өлчөмү (болгон шартта). 

Электрондук акча системасынын эрежелерине ылайык кошумча маалыматтарды камтый турган тастыктоочу документ.  

Ошол эле учурда электрондук акчаны колдонуу менен жасалган ар бир операция тууралуу маалымат бардык милдеттүү реквизиттери менен электрондук акча ээсинин жеке кабинетинде жеткиликтүү болууга тийиш.  

Электрондук акча ээси электрондук акча системасынын банк-эмитентине/операторго анын электрондук капчыгы боюнча жасалган операциялары тууралуу маалым катты/маалыматты алуу жөнүндө кайрылган учурда (сот органдарына жана талап боюнча башка жерлерге көрсөтүү үчүн), банк/оператор жасалган операциялары тууралуу (көчүрмө, маалым кат) тастыктоочу документ берүүгө милдеттүү.  

§ 1. Электрондук акча чыгарган банкка карата негизги талаптар 

20. Кыргыз Республикасында электрондук акча эмитенти болуп, электрондук акча чыгарган жана төлөөгө электрондук акчаны көрсөткөн ээлик кылуучуларга электрондук акчаларды төлөө боюнча өзүнө шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмени кабыл алган банк эсептелет. 

21. Эгер электрондук акча системасынын товардык белгиси жана/же системасы электрондук акча системасынын операторуна таандык болсо, электрондук акча эмитентинин функциялары/ээлик кылуучуларга электрондук акчаны төлөө боюнча башка банк/эмитентке милдеттенмелери өткөрүлүп берилет.  

22. Электрондук акча эмитентинин функцияларын/ээлик кылуучуларга электрондук акчаны төлөө боюнча өз милдеттенмелерин башка банк/эмитентке өткөрүп берүү төмөнкү шарттарды милдеттүү түрдө сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш:  

1) электрондук акча эмитентинин функцияларын/башка банк эмитенттин электрондук акчаны төлөө боюнча милдеттенмелерин банктын лицензиясына карата уруксат берилген банктык операциялар тизмегине ылайык электрондук акча чыгарууга уруксаты бар банк-эмитент гана өзүнө ала алат;  

2) өткөрүп берүүчү банк-эмитент чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелерди/электрондук акча эмитентинин функцияларын, анкеталарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүүнүн эки тараптуу актысына кол коюу менен жана келишимге ылайык башка банкка электрондук капчык ээлерин идентификациялоону жүргүзүү боюнча документтерди өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;  

3) башка банк-эмитенттин чыгарылган электрондук акчалары боюнча милдеттенмелерин/электрондук акча эмитентинин функцияларын алуу учурунда бардык милдеттенмелер үчүн толук жоопкерчиликти алуучу банк-эмитент өзүнө алат;  

4) электрондук капчык ээлери үчүнчү жакка персоналдык маалыматтарды өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шарттарга макул болууга тийиш. Ушуга байланыштуу өткөрүп берүүчү банк-эмитент электрондук акча системасынын оператору менен биргеликте жазуу жүзүндө макулдук алуу жана/же үчүнчү жакка өздүк маалыматтарды өткөрүп берүү жөнүндө электрондук акча ээлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ формасында макулдук алуу зарыл, же болбосо бул үчүнчү тарапка өздүк маалыматтарды өткөрүп берүү жөнүндө ээлик кылуучулардын макулдук берүүсү тууралуу ченем камтылган ээлик кылуучулар менен келишим мамилелери белгилениши зарыл. 

23. Электрондук акча эмитентинин функцияларын/ээлик кылуучуларга электрондук акчаларды төлөө боюнча милдеттенмелерди өткөрүп берүүчү банк электрондук акча эмитентинин функцияларын/электрондук акчаны төлөө боюнча милдеттенмелерди өткөрүп берүү мөөнөтү келип жеткенге чейин кеминде 3 (үч) ай мурун ЖМК маалыматты жайгаштыруу аркылуу электрондук акча ээлерине кабарлоо боюнча иштерди жүргүзөт, ошондой эле банктын расмий интернет-сайтына маалыматты милдеттүү жайгаштыруу менен төмөндө көрсөтүлгөн ыкмалардын каалаганы менен кошумча маалымдайт:  

- электрондук акча ээсинин жеке кабинетинде кабарлоо; 

- электрондук/кагаз жүзүндө кат жөнөтүү

- sms-билдирүүлөрдү/ussd-таркатууларды/push-кабарлоолорду жөнөтүү.  

24. Өткөрүп берүүчү банк Улуттук банкка өткөрүп берүү боюнча башка жол-жоболорду жүргүзүү жана милдеттенмелерди өткөрүп берүү мөөнөтү келип жеткенге чейин кеминде 3 (үч) ай мурун башка банкка чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелерди/электрондук акча эмитентинин функцияларын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу жөнүндө Улуттук банкка кат жөнөтөт. 

25. Өткөрүп берүүчү банк агенттерге/субагенттерге, акцептанттарга кабарлоолорду жөнөтөт жана түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу жана чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелерди өткөрүп берүү мөөнөтү келип жеткенге чейин кеминде 3 (үч) ай мурун түзүлгөн келишимдердин шарттарын аткаруу боюнча жол-жоболорду жүргүзөт. 

26. Өткөрүлүп берилүүчү системанын агенттери/субагенттер, акцептанттар электрондук акча эмитентинин функцияларын/ электрондук акча системасынын банк-эмитентинин милдеттенмелерин кабыл алуучу банк менен ошол эле шарттарда, кабыл алуучу банк менен тигил же бул шарттарда келишимдерди кайра түзүү менен ишти улантууга укуктуу. Эгерде кабыл алуучу банкка талап кылуу укугу ыйгарылып берилсе, жогоруда көрсөтүлгөн жактар карызды которууга макулдугун берген кабыл алуучу банк менен ишти улантышы мүмкүн.  

27. Эмитент электрондук акчаны чыгарууну, жайылтууну, иштеп чыгууну жана ордун жабууну, электрондук капчык ээси тарабынан электрондук капчыкты кайра тариздөө тартибин, ага кошо электрондук капчыкты жабууну жана жөнгө салуучу эрежелерди иштеп чыгат. Электрондук акча системасынын эрежелери жана электрондук акчанын ар бир системасынын катышуусу (оферта) жөнүндө типтүү келишим банктын жана электрондук акча системасынын расмий интернет-сайтында жайгаштырылышы зарыл.  

28. Катышуу (оферта) жөнүндө типтүү келишим электрондук акча ээси үчүн электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу тартиби жана электрондук акчаны колдонууда келип чыгуучу тобокелдиктер, дооматтарды берүү ыкмалары жана аларды карап чыгуу тартиби, ошондой эле электрондук акчаны колдонуу менен операцияларды ишке ашыруу учурунда алынуучу комиссиялык сый акылардын өлчөмү жана түрлөрү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. 

29. Эгерде банк бир нече оператор менен келишим түзсө, анда банк өзүнүн маалыматтык системасында электрондук акчанын ар бир системасынын ар биринде электрондук акчанын эсебин өз-өзүнчө жүргүзүүгө тийиш. 

30. Банк эмитент катары чыгуучу электрондук акча системаларынын бардыгы тууралуу маалымат, банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылышы зарыл жана өзгөрүүлөр киргизилгендигине жараша актуалдаштырылууга тийиш.  

31. Банк электрондук акча системасынын операторунун функцияларын өз алдынча аткарат жана электрондук акча процессингин жүзөгө ашырат, же оператор менен электрондук акча системасынын талаптарына жана эрежелерине жана ушул Жобого ылайык анын процессинг функцияларын аткаруусуна келишим түзөт. 

32. Банк кандай болбосун өзгөрүүлөр болгон шартта (электрондук акчанын башка системасынын негизинде жаӊы электрондук акчаларды чыгаруу, же башка келишимдин негизинде электрондук акчаны чыгарууга, электрондук акчанын аталышын өзгөртүү, шарттарды же тарифтерди өзгөртүү, оператор менен келишимди кайра түзүүүзүү/жокко чыгаруу) Улуттук банкка чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен расмий кат менен Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.  

33. Банк жана оператор ортосундагы келишим төмөнкү милдеттүү шарттарды камтууга тийиш: 

- оператор банкта камсыздандыруу депозитин ачууда анын өлчөмү тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталууга же алардын ортосунда түзүлгөн келишимде каралган шарттарда, штаттан тышкаркы жагдайларды кошо алганда, мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга каралган кам катары банктык гарантия болууга тийиш; 

- тараптардын ишкердигинин токтотулушуна (лицензияны кайтарып алуу, банкроттук ж.б.), системада орун алган штаттан тышкаркы жагдайларга, ошондой эле форс-мажордук жагдайларга байланыштуу милдеттенмелерди аткаруу шарттары жана жоопкерчиликтери; 

- электрондук акча системасынан пайдалануу милдеттерин жана укуктарын бөлүштүрүү, системанын коопсуздугун камсыз кылуу; 

- системада, ага карата кине коюулар боюнча иш алып баруу шарттары жана тараптардын жоопкерчиликтери; 

- электрондук акча системасынын операторуна карата ушул Жободо каралган талаптарды аткаруунун тартиби; 

- системаны ачуу, иштетүү жана электрондук акча системасын жабууда өз ара эсептешүүлөрдүн жана мамилелердин шарттары. 

- лицензияны колдонуу/тараптардын иши токтотулган/убактылуу токтотулган учурда, тараптардын иш тартиби жөнүндө.  

Бул пункттун талаптары эмитент болуп эсептелген жана электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын операторунун функцияларын өзү жүзөгө ашырган банкка жайылтылбайт. 

34. Банк өз маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана транзакцияларды жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-20/72-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобого ылайык ички ченемдик документтерин (эрежелерди, жол-жоболорду, нускоолорду ж.б.) иштеп чыгууга тийиш. Электрондук акча системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар маалымат коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын кошо алганда, Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү зарыл. Көрсөтүлгөн эрежелер жана жол-жоболор зарыл болгон учурда, бирок 3 (үч) жылда кеминде 1 (бир) жолу кайра каралып, жаңыланууга тийиш. 

35. Банк электрондук акча ээлери жана аларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын жана купуялыгын камсыз кылууга милдеттүү. Электрондук акча ээлери жана алардын электрондук акчасы боюнча ишке ашырылган операциялар тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана үчүнчү жактарга сунушталышы мүмкүн. 

36. Банк лоялдуулук (бонустар) программаларын жана улуттук валютада идентификацияланган электрондук капчыктарга кошуп эсептелинген бонустарды төлөөнү электрондук капчык ээлери менен түзүлгөн келишимге ылайык алдын ала кароого укуктуу. 

37. Электрондук акча операторунун функцияларын жүзөгө ашырган банкта, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү иш-чараларын кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары ПФТД/ЛПД) боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы жана ишке ашырылышы үчүн жооптуу кызмат адамына Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, электрондук акча жагында ПФТД/ЛПД боюнча талаптардын аткарылышын жана сакталышын ички контролдоону уюштуруу функциялары да жүктөлүүгө тийиш.  

Банктын ички контролдоо эрежелеринде агенттерди юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди окутуу программасы жана жол-жобосу, агентти Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзам талаптары менен тааныштыруу, көрсөтүлгөн талаптарды сактоо боюнча агенттерге андан ары мониторинг жүргүзүү жол-жобосу камтылууга тийиш. 

38. Эгерде электрондук акча системасынын оператору башка уюм болсо, эмитент онлайн режиминде мониторинг жүргүзүү жана ички жана комплаенс-контролдоо максаттары, ошондой эле башка функцияларды аткаруу үчүн айкын убакыт ыргагында электрондук акча системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

39. Агенттин/субагенттин, оператордун лицензиясы же ишкердик ишин жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтери кайтарылып алынган жана/же соттук териштирүүлөр учурунда иши токтотулган, анын ичинде оператордун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган учурда, банк-эмитент башка оператор менен келишимди кайра түзүүгө, ошондой эле эгерде электрондук акча чыгарылган товардык белги эмитент-банкка таандык болсо, ал эми анын аппараттык-программалык комплекси электрондук акчаны оператордун/агенттин аппараттык-программалык комплексин пайдалануусуз эле чыгарууга жана ордун жабууга мүмкүндүк берсе, электрондук акчаны чыгарууну жана жайылтууну улантуу максатында, башка агенттерди да тартууга укуктуу. Башка учурда оператордун жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон шартта гана, банк-эмитент башка оператор менен келишим түзөт. 

40. Электрондук акчанын ээси электрондук акча системасынын эмитентке/агентке/операторуна келишимге ылайык тиешелүү арыз берип, электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияга макул эместигин билдириши мүмкүн. Электрондук акча системасынын эмитенти/агенти/оператору тиешелүү электрондук акча системасынын регламентине жана иш тартибине ылайык доо арыз берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Эгерде тиешелүү электрондук акча системасынын регламентинде жана тартибинде белгилүү бир түрдөгү доо иштерин берүү мөөнөтүнө чектөөлөр камтылса, анда электрондук акчанын ээси бул мөөнөт аяктагандан кийин доо ишин берүүгө арыз берген учурда, эмитент бул арызды карабоого укуктуу. 

41. Эл аралык электрондук акча эмитенти/агенти электрондук акча ээлерине тобокелдик деңгээли жогору операциялар бар экендиги, системанын эрежелерине ылайык, алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эместиги жана/же доо иши каралбагандыгы тууралуу маалымдоого милдеттүү. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө өз алдынча тыюу салынып, электрондук акча ээсинин суроо-талабы боюнча гана жол берилүүгө тийиш.  

 

§ 2. Операторго карата коюлуучу негизги талаптар 

42. Оператор өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырат. 

43. Электрондук акча менен операциялар боюнча процессинг функциясын аткаруу үчүн оператор банк менен келишим түзүүгө тийиш. 

44. Эгерде оператор бир нече банк менен келишим түзгөн болсо, анда ал өз маалымат системасында ар бир банк боюнча өзүнчө электрондук акча эсебин жүргүзүүгө тийиш. 

45. Электрондук акча ээлери жөнүндө маалыматтар жана электрондук акчаны колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар электрондук капчык жабылган учурдан тартып кеминде 5 (беш) жыл сакталууга тийиш. 

46. Оператор электрондук акча ээлери жана аларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын жана купуялыгын камсыз кылууга милдеттүү. Электрондук акча ээлери жана алардын электрондук акча менен ишке ашырган операциялары тууралуу маалымат үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана сунушталат. 

47. Электрондук акча системасынын оператору электрондук акча калдыгын программалык камсыздоодо жана/же программалык-техникалык жабдууда гана, анын ичинде электрондук капчыкта, алдын ала төлөнгөн картта жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картта сактоо механизмин камсыз кылууга милдеттүү. Мында электрондук акчанын ээсине товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн ошол программалык камсыздоо жана/же программалык-техникалык жабдуу аркылуу гана төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш. 

48. Оператор электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат. 

49. Оператор өз маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. 

50. Оператор электрондук акча системасында электрондук капчык үчүн лимиттерди банк-эмитент белгилеген лимиттердин чегинде белгилөөгө, ошондой эле банк менен түзүлгөн келишим шарттарына, ушул Жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык электрондук акчаны эсепке алуу шарттарын аткарууга тийиш. 

51. Оператор Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы №2020-П-14/46-4(ПС) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык, ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышына жана ишке ашырылышына, ага кошо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү иш-чараларына жооптуу ички контролдоо кызматына ээ болууга тийиш.  

52. Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатта аныкталган, төлөм системасынын улуттук операторлоруна карата коюлуучу талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасынын оператору өз ара иш алып баруу оператору катары Улуттук банкта каттоодон өтүүгө жана катышуучуларга электрондук капчыктар аркылуу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар (акцептанттардын) пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн анын QR-коддорун пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

53. Процессинг борбору, ошондой эле электрондук акча системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси Кыргыз Республикасынын аймагында турууга тийиш. 

§ 3. Электрондук акча үчүн белгиленген лимиттер 

54. Электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү үчүн, электрондук капчык ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартиптин негизинде идентификацияланышы зарыл. 

Банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун аралыктан тейлөө режиминде жүргүзүүгө укуктуу. 

Банктын агенттери эмитент менен келишимдин/макулдашуунун негизинде банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири чөйрөсүн сунуштоо боюнча электрондук капчык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу. 

Электрондук капчык ээлерин аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосу Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

Эл аралык электрондук акча агенти болуп саналган банк Кыргыз Республикасынын аймагында тейленүүчү эл аралык электрондук акча ээлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жол-жобосунан өткөрүүгө тийиш. Эл аралык электрондук акчанын банк-агенти аларга ээлик кылуучуларды идентификациялоо жана верификациялоо функциясын эл аралык электрондук акча оператору/эмитенти менен макулдашуу боюнча келишимдин/макулдашуунун негизинде, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүн сунуштоо боюнча банктын агенттерине өткөрүп берүүгө укуктуу.  

55. Банк агенттерин, акцептанттарын кошо алганда, өзүнүн бардык электрондук капчык ээлери үчүн электрондук акча менен операциялар боюнча тобокелдиктерди азайтуу максатында, лимиттердин өлчөмүн электрондук капчык ээлеринин категорияларына жараша, өз алдынча белгилөөгө тийиш. Лимиттердин өлчөмү электрондук капчык ээлеринин категориясына жараша, системанын эрежелеринде, ачык жарыялануучу офертада жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына каршы келбеген банктын ички жол-жоболорунда белгиленүүгө тийиш. 

56. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш. 

57. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялардын максималдуу өлчөмү бир банктык күн үчүн 5000 (беш миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Бул суммадан жогору операциялар ушул юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин банктык эсептери аркылуу өтүүгө тийиш.  

 

§ 4. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды (төлөмдөрдү) эсепке алуу тартиби 

58. Электрондук акчаны пайдалануу менен операциялар электрондук акча системасынын катышуучулары тарабынан электрондук акча системасынын ички эрежелерине жана катышуучулар ортосунда түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген келишим шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

59. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча акча каражаттарды эсепке алуу, банктын бардык чыгарылган электрондук акчаны эсепке алуу үчүн каралган электрондук акча эсебин жүргүзүү боюнча өзүнчө банктык эсепте ишке ашырылат. 

60. Электрондук акча системасында чыгарылган электрондук акча көлөмү жана суммасы банктын бухгалтердик балансында, демек, электрондук акчаны эсепке алуу боюнча банктык эсепте чагылдырылган көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш. 

61. Оператор банкка электрондук капчык ээлери жана айкын убакыт ыргагында ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого милдеттүү

62. Банктын, агенттин, оператордун чарба жүргүзүү же башка ишкердик боюнча акча каражаттарын жана өз ара эсептешүүлөрүн, ошондой эле электрондук акчаны кабыл алуу жана тейлөө учурунда алынган кандай болбосун комиссиялык төлөм түрлөрүн эсепке алуу, банкта ачылган, электрондук акчаны эсепке алуу боюнча банктык эсептен айырмаланган өзүнчө эсепте жүзөгө ашырылат. 

63. Банктар чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, ушул Жобого карата 1 жана 2-тиркемелерде белгиленген формага ылайык жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган отчетторду Улуттук банкка электрондук түрдө берип турат. 

64. Улуттук банк туруктуу негизде сунушталуучу отчеттордун негизинде, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча системасынын эрежелеринин жана ушул жобонун талаптарынын сакталышын контролдойт. 

 

§ 5. Электрондук акча агенттери 

65. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 токтому менен бекитилген « Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө » жобого ылайык, агенттик келишим түзө алат: 

1) банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча чекене агенти менен электрондук акчаны жайылтууга жана ордун жабууга;  

2) Банктык кызмат көрсөтүүлөрунүн кеңири чөйрөсүн сунуштоо боюнча чекене агенти менен электрондук акчаны жайылтууга жана ордун жабууга, ошондой электрондук акча ээлерин идентификациялоо жана верификациялоо кызматтарын сунуштоого. 

Банк, банктын ички документтеринде (эрежелерде, жол-жоболордо, нускоолордо ж.б.) электрондук акча агенттерине карата критерийлерди өз алдынча иштеп чыгууга тийиш. 

66. Банк агенттик келишимдин алкагында анын атынан иш алып барган агенттеринин аракеттенүүсү/аракеттенбей коюусу үчүн өз ээлик кылуучулары алдында агенттик келишимге ылайык жана анын чегинде жоопкерчилик тартат. 

67. Агент банктын макулдугу боюнча электрондук акчаны жайылтуу үчүн субагент менен тиешелүү келишим түзүшү мүмкүн. Агент субагенттик келишимдин алкагында банктын, агенттин атынан иш алып барган субагенттеринин аракеттенүүсү/аракеттенбей коюусу үчүн келишимдин чегинде жана ага ылайык банк алдында жоопкерчилик тартат. 

68. Агент ар бир банк менен агенттик келишим түзгөн шартта, бир нече банкка кызматын сунушташы мүмкүн. 

69. Агент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышына жана аткарылышына жооптуу кызмат адамын дайындоого тийиш. Эгерде агент жеке ишкер болуп саналса жана чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүн сунуштаса, банк-эмитент ички контролдоо эрежелерине ылайык аны өз алдынча окутушу мүмкүн жана банктын расмий каты менен өз агентинин окуудан өткөндүгүн тастыктай алат же агент банк-эмитент менен макулдашуу боюнча тиешелүү билим берүү уюмунан сертификат алуу менен окуудан өтө алат. 

70. Банк агенттин аталышын, айкын дарегин, инсандыгын жана юридикалык статусун тастыктаган тиешелүү документтерди, операциялар тизмегин көрсөтүү менен өз агенттери боюнча маалымат базасын жүргүзүүгө жана аны инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө же Улуттук банкка талап кылынган шартта сунуштоого тийиш. 

71. Банк электрондук акчаны жайылтуу үчүн агенттерди тартуу боюнча төмөнкүдөй документтерге ээ болууга тийиш: 

1) агент менен келишимдин көчүрмөсү, анда төмөнкүлөр камтылуусу зарыл:  

- агенттин Улуттук банктын талабы боюнча маалыматты сунуштоо жана ага өз жайларынан, системасынан жана жазууларынан (лог) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу милдеттенмелери; 

- электрондук акчаны жайылтууда тараптардын укуктары жана милдеттери; 

өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана банкка сый акы төлөө тартиби, ошондой эле келишим шарттары аткарылбаган же карызы болгон учурда тараптардын жоопкерчилиги; 

- анын ичинде штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда, акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби/жол-жобосу; 

- тараптардын ишинин токтотулушуна байланыштуу жагдайлар (лицензияны кайтарып алуу, банкроттук ж.б.), система менен иштөө боюнча штаттан тышкаркы жагдайлар, ошондой эле доомат коюу ишиндеги форс-мажордук кырдаалдар келип чыккан учурда, тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча шарттары жана жоопкерчиликтери; 

- ПФТД/ЛПД жагында талаптарды сактоо боюнча милдеттенме жана ички документтер. 

2) электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана өз агенттери аркылуу алардын ордун жабуу боюнча ички ченемдик документтер (жоболор, жол-жоболор, колдонмолор ж.б.), анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды сактоо саясаты жана жол-жобосу, ошондой эле тиешелүү жоболор жана колдонмолор; 

3) тобокелдиктерди кыскартуу үчүн колдонулган контролдоо чараларын кошо алганда, электрондук акча менен кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү жана агенттер аркылуу алардын ордун жабуу тууралуу документ; 

4) агенттерди окутууда пайдаланылуучу колдонмо жана кандай болбосун материалдар; 

Банк Улуттук банктын талабы боюнча тиешелүү маалыматтарды белгиленген мөөнөттө агенттерге берүүгө тийиш. 

72. Электрондук акчаны пайдалануу менен кызматтарды сунуштаган агентти ишке тарткан банк төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен анын эсебин жүргүзүүгө/жазууларды чагылдырууга тийиш: 

- юридикалык жактын же жеке ишкердин аталышы; 

- тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ; 

- агенттин юридикалык жана айкын дареги тууралуу маалымат жана телефон номерлери. 

73. Электрондук акчаны пайдалануу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агент менен иш алып барууда банк төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

1) агенттин ички контролдоо уюму бар экендигине ынануу; 

2) өз агентин техникалык окутуудан өткөрүү, ошондой эле кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуз жана натыйжалуу сунушталышын камсыз кылуу боюнча саясатты, эрежелерди жана операциялык колдонмону берүүгө

3) түзүлгөн агенттик келишимдин алкагында өз агенттеринин ишин контролдоого; 

4) ар бир агент тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын санынын жана көлөмүнүн эсебин жүргүзүүгө жана электрондук акча системасындагы операциялар жана банктын бухгалтердик балансындагы, ага жараша, электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча агенттин банктык эсебиндеги көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш болгон электрондук акча калдыктары боюнча кеминде күнүнө бир жолу салыштырып текшерүүлөрдү жүргүзүүгө

74. Агент банк-эмитент менен макулдашуунун негизинде лоялдуулук (бонустар) программасын жана идентификацияланган улуттук валютадагы электрондук капчыктарга кошуп эсептелинген бонустарды төлөөнү кароого укуктуу. 

 

§ 6. Электрондук акчаны жайылтуу тартиби 

75. Электрондук акча банк, агент жана субагент тарабынан жайылтылышы мүмкүн. Эл аралык электрондук акчаны жайылтуу эл аралык электрондук акчанын агенти-банк тарабынан жана анын субагенттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

Жайылтуу нак же нак эмес акчаны эмитент чыгарган электрондук акчага алмаштыруу жана төлөөчү белгилеген электрондук капчыкка түшкөн акча каражаттарынын суммасына барабар электрондук акчанын суммасын чегерүү жолу менен жүзөгө ашырылат. 

Электрондук акчаны жайылтууда агент, субагент, эл аралык электрондук акча агенти/субагенти эмитент/оператор менен түзүлгөн келишимге ылайык жана кардар операция жүргүзгөнгө чейин комиссиялык төлөмдүн суммасын көрсөтүү менен электрондук акчаны жайылтуу үчүн комиссиялык төлөм алууга укуктуу. 

76. Электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны жайылтууда банк агенттер, субагенттер жана эл аралык электрондук акчанын субагенттери тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү талаптардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш. 

77. Электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны жайылтууда банк, агент, субагент жана эл аралык электрондук акчанын субагенти электрондук капчык ээсин тараптардын укуктары жана милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчанын өзгөчөлүктөрү жана ээсинен электрондук акча үчүн төлөм алынганга чейин сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө карата белгиленген тарифтер менен тааныштырууга тийиш. 

78. Электрондук акчаны жайылтуу үчүн агент/субагент ага банк тарабынан берилген электрондук акчанын эмиссиясынын суммасына барабар акча каражатын банкка которот. Агентке берилүүчү сый акы өлчөмү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө ыкмасы банк менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде каралат. 

79. Банк, агент жана субагент ортосунда бардык өз ара эсептешүүлөр алардын банктык эсептешүү эсептери жана/же электрондук капчыктары аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш. 

 

§ 7. Электрондук акчанын ордун жабуу тартиби 

80. Банк чыгарылган электрондук акчанын ордун нак акча каражаттарына алмаштыруу же болбосо башка электрондук акча системасынын электрондук капчыгына которуу, нак акча каражаттарын акча ээсинин банк эсебине же ал тарабынан көрсөтүлгөн эсепке кошумча акы жана комиссияларды алуусуз, банктын келишимде белгиленген тарифтери боюнча ордун жабууга милдеттүү

81. Электрондук акча ээсине берилүүгө тийиш болгон акчанын тиешелүү суммасы электрондук акча ээсинин банктык эсебине чегерилген, ага касса аркылуу накталай акча берилген же болбосо башка электрондук акча системасында катталган капчыгына которулган учурдан тартып эмитент тарабынан электрондук акчанын орду жабылган болуп эсептелет. 

82.  Системанын эрежелеринде белгиленген мезгил ичинде (электрондук капчык боюнча акыркы операция ишке ашырылган күндөн тартып 6 (алты) айдан кем эмес) электрондук капчыктын балансында калдык жок болсо же болбосо электрондук капчык аркылуу операциялар ишке ашырылбаса, банк электрондук капчыкты жабууга чейинки 30 (отуз) календардык күн мурда электрондук акча ээсине жашаган жери боюнча кат/же электрондук дарегине кат жөнөтүү аркылуу электрондук капчыкты бир тараптуу негизде жабууга жана талап кылынбаган электрондук акчанын калдыгын (эгерде бар болсо) атайын эсепке которууга укуктуу. 

Эгерде электрондук акча системасынын оператору катары башка уюм саналса, банк электрондук капчыкты электрондук акча системасынын оператору менен бирге нак акча түрүндө жабат.  

83. Талап кылынбаган электрондук акча электрондук капчыктардын идентификацияланган ээлерине инсандыгын күбөлөндүргөн документти көрсөткөн учурда касса аркылуу накталай түрдө берүү же болбосо анын арызы боюнча кардардын эсептешүү/банктык эсебине которуу аркылуу кайтарылып берилет.  

Идентификацияланбаган электрондук капчыктардан талап кылынбаган калдыктарды кайтаруу кардар инсандыгын күбөлөндүргөн документти жана кардар менен уюлдук байланыш оператору ортосунда түзүлгөн уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишимди көрсөткөн учурда капчык ачылган номерге которуу аркылуу жүргүзүлөт. Мында уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишими кардар электрондук капчыкты ачканга чейин түзүлүшү керек. 

Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим жок болсо, талап кылынбаган электрондук акча калдыктары идентификацияланбаган электрондук капчык ээси электрондук акча системасынын операторунан алынган электрондук капчык ээсин тастыктаган расмий катты көрсөткөндөн кийин кайтарылып берилет. Банк ички ченемдик документтеринде, ошондой эле системанын эрежелеринде талап кылынбаган электрондук акча калдыктарын кайтаруу тартибин чагылдырууга тийиш.  

84. Электрондук акчанын ордун жабуу банк тарабынан сыяктуу эле, банк менен агенттик/агент менен субагенттик келишим түзгөн агент, субагент тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн, анда электрондук акчанын ордун жабуу шарттары каралууга тийиш. 

Эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу эл аралык электрондук акча агенти жана/же эл аралык электрондук акча субагенти тарабынан эл аралык электрондук акчанын эмитенти/оператору менен түзүлгөн келишимде же болбосо электрондук акча системасынын эрежелеринде белгиленген шарттарга ылайык, белгиленген лимиттерди жана камсыздандыруу инструменттерин эске алуу менен жүргүзүлөт. 

Эл аралык электрондук акча агенти/же субагенти тарабынан эл аралык электрондук акчанын ордун нак түрдө жабуу электрондук акча ээлерине Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүргүзүлөт. 

Эл аралык электрондук акчалардын ордун нак эмес түрдө жабууга Кыргыз Республикасынын резидент банктарында ачылган электрондук акча ээлеринин банктык эсептерине которуу аркылуу жол берилет.  

85. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге бир банктык күн ичинде 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммага гана электрондук акчанын ордун нак түрдө жабууга жол берилет. Бул суммадан жогору сумманын ордун жабуу акча каражаттарын алардын банктык эсептерине которуу аркылуу гана жүзөгө ашырылат. 

86. Электрондук акчанын ордун жабууда, берилип жаткан акчанын суммасы, эгерде бул электрондук акча системанын эрежелеринде жана электрондук акча системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралган болсо, электрондук акчанын ордун жабуу үчүн алынуучу комиссиялык төлөмдү алып салуу орду жабылуучу электрондук акчалардын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында банк агентке агенттик келишимде белгиленген өлчөмдө жана тартипте сый акы төлөйт. 

 

§ 8. Электрондук акча менен операцияларга (транзакцияларга) карата 

санкция белгилөө 

87. Электрондук акча ээси мындай транзакцияны жүргүзүүгө өз макулдугун берген шартта гана электрондук акча менен жүргүзүлгөн операция (транзакция) санкцияланган катары эсептелинет. Электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүүгө макулдук банк, оператор жана электрондук акча ээси ортосунда макулдашылган формада сунушталат. 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн жогору транзакция жүргүзүүдө акча ээси электрондук капчыктын интерфейсинде же смс-билдирүү аркылуу алынган кодду киргизүү менен транзакцияны кошумча тастыктоого тийиш. Мындай макулдук берилбесе транзакция санкциясыз ишке ашырылган катары эсептелинет. 

Операцияларды санкциялоо жөнүндө тиешелүү маалымат системада катталууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык сакталууга тийиш. 

88. Акцептант акча ээсинен электрондук акча системасы боюнча электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү жөнүндө алынган тапшырма банк, электрондук акча оператору тарабынан банктын, оператордун маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген жол-жоболоруна ылайык текшерилүүгө тийиш. 

89. Эгерде транзакцияларды жүргүзүү тапшырмасы коопсуздук талаптарына ылайык берилип, бирок электрондук акча системасында транзакция туура эмес жүргүзүлсө, белгиленген лимиттен ашса, транзакцияны жүргүзүү тапшырмасын кайталаса же башка жаңылыш иштердин жүргүзүлүшүнө жол берилсе, эрежелерде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) эгерде электрондук акча ээси төмөнкүлөрдү тастыктай алса: 

өзү же анын атынан иш алып барган адам коопсуздук талаптарын сактаган болсо; 

- эгерде транзакциялар боюнча акцептант да ушул жол-жоболорду сактаса катаны аныктоо мүмкүн эле, мында электрондук акча ээси ушул пункттун тиешелүү пунктчаларында көрсөтүлгөн тапшырма боюнча төлөм төлөөгө тийиш эмес; 

2) эгерде транзакция туура эмес тапшырманын негизинде ишке ашырылган болсо, анда электрондук акчаны алуучу же акцептант төлөнгөн сумманы тапшырманы жөнөткөн адамга кайтарып берүүгө тийиш; 

3) эгерде транзакция кайталанып, жаңылыш ишке ашырылса, анда эмитент/оператор ашыкча берилген сумманы алуучунун эсебинен алууга жана жөнөтүүчүнүн электрондук капчыгына чегерүүгө укуктуу. 

90. Эгерде банк-оператор электрондук акча менен операция жүргүзүүдө техникалык катага жол берсе, анын натыйжасында эсептен алынган (чегерилген) электрондук акчанын суммасы электрондук акча ээси тарабынан тапшырылган суммага дал келбесе, анын негизинде электрондук акча эсептен чыгарылса, же электрондук акча тиешеси жок электрондук капчыкка чегерилсе, анда ал электрондук акча системасынын жана (же) банк-эмитенттин эрежелерине ылайык, техникалык ката аныкталган күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, электрондук акчанын жетпеген суммасын же акча каражатынын эквиваленттүү суммасын эсептен чыгарат (кайтарып берет).  

91. Эгерде башка электрондук акча системасынын электрондук капчык ээсинин-алуучунун пайдасына кайталанып, жаңылыш транзакция жүргүзүлсө, эмитент-оператор алуучунун электрондук акча системасынын эмитентине/операторуна техникалык ката аныкталган күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, тастыктоочу документтерди тиркөө менен жаңылыш чегерилген сумманы кайтарып берүү жөнүндө кайрылууга укуктуу, ал эми башка электрондук акча системасынын оператору электрондук акча системасынын эрежелерине жана (же) ички эрежелерине ылайык, электрондук акчанын жетпеген суммасын же акча каражатынын эквиваленттүү суммасын эсептен алууга (кайтарып берүүгө) милдеттүү.  

92. Эмитент/оператор натыйжалуу жана ыңгайлуу каражаттарды берүүгө милдеттүү, электрондук акча ээси алар аркылуу банкка/операторго кандай гана болбосун чыгым, электрондук акчаны кыянаттык менен пайдалануу, уурдоо же болбосо башка электрондук түзүлүштү санкциясыз пайдалануу же колдонуу кодунун коопсуздугу бузулгандыгы тууралуу билдириши мүмкүн. 

93. Эмитент/оператор электрондук акча ээси бардык чыгым, электрондук акчаны туура эмес пайдалануу, уурдоо же болбосо башка электрондук түзүлүштү санкциясыз пайдалануу же колдонуу кодунун коопсуздугу бузулгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү, анын ичинде телефон боюнча алгандыгын тастыкташы үчүн жол-жоболорду камсыз кылууга милдеттүү.  

94. Эмитент/оператор электрондук акча ээлери алдында төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: 

1) электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшү жана толуктугу үчүн; 

2) эгерде банк, оператор ушул бөлүктө көрсөтүлгөн электрондук акча системасында орун алган үзгүлтүктөр жөнүндө ээлик кылуучуга билдирүү талабын аткарбаган болсо, электрондук акча ээсинин тапшырмасына ылайык кабыл алынган транзакцияларды жүргүзүү учурунда анын ичинде штаттан тышкаркы жагдайларда, электрондук акча системасынын иштебей калышынан келип чыккан чыгымдар үчүн; 

3) эсептөөдө же эсепке алуу операцияларын жүргүзүүдө жол берилген каталар үчүн. 

95. Эмитент, оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда кандай болбосун жеткиликтүү каражаттар аркылуу электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү системасын же жабдууну пайдалануу мүмкүн эмес экендиги тууралуу электрондук акча ээсине маалымдоого милдеттүү

96. Эмитент, оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда системада мурда аныкталбаган кандай болбосун үзгүлтүктөр жана транзакцияларды жүргүзүү учурунда келип чыккан проблемалар жөнүндө электрондук акча ээсине билдирүүгө милдеттүү

97. Эгерде электрондук акчаны которуу форс-мажордук жагдайлардан улам же анын натыйжасында ишке ашырылбай калса, эмитент акча ээси алдында жоопкерчилик тартпайт. 

 

4-глава. Банктын, оператордун демилгеси боюнча электрондук акча системасын жабуу, банктын лицензиясынын иш-аракети жокко чыгарылган/убактылуу токтотулган учурда электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү жана электрондук акча чыгарууну токтотуу тартиби 

§ 1. Электрондук акча системасын жабуу 

 

98. Банк тарабынан электрондук акча системасынын иш-аракетин токтотуу (жабуу) жөнүндө чечим кабыл алууда (эгерде электрондук акча системасына ээлик кылуу жана пайдалануу укугу банкка таандык болсо, ошондой эле электрондук акча системасынын операторунун функцияларын банк өзү аткарса) банк электрондук акча системасын жабуу мөөнөтү келгенге чейин 3 (үч) ай мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматты жайгаштыруу жолу менен электрондук акча ээлерин маалымдоо боюнча иш-аракеттерди көрөт, ошондой эле банктын сайтына маалыматты милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен төмөндө көрсөтүлгөн ыкмалардын бири менен кошумча маалымдайт: 

- электрондук акча ээсинин өздүк кабинетине кабарлоо; 

- электрондук/кагаз түрүндөгү кат жиберүү

- sms-билдирүү/ussd-жөнөтмө/ push-кабарлоо жөнөтүү, ; 

- массалык маалымат каражаттарында жаңылыктарды жарыялоо. 

Электрондук акча ээсинин арызында көрсөтүлгөн эсептешүү/банктын эсебине же башка электрондук капчыкка чегерүү менен, касса аркылуу электрондук акча ээлерине электрондук акчанын ордун жабууну жүзөгө ашырат.\ 

99. Банк электрондук акча системасын жабуу мөөнөтү келгенге чейин 3 (үч) ай мурун Улуттук банкка электрондук акча системасын жабуу жөнүндө чечим кабыл алуу тууралуу кат жөнөтөт.  

100. Банк агенттерге/субагенттерге, акцептанттарга кабарлоо жөнөтөт жана түзүлгөн келишимдерди бузуу жана келишимде түзүлгөн шарттарды аткаруу боюнча жол-жоболорду өткөрөт.  

101. Эгерде электрондук акча системасынын операторунун функциясын банк-эмитент эмес башка жак аткарган болсо, банк-эмитенти менен оператордун ортосунда түзүлгөн келишимди бузуу жана түзүлгөн келишимдин шарттарын биротоло аткаруу боюнча жол-жобо акыркы капчык жабылгандан кийин ишке ашырылат.  

102. Системаны жабуу мөөнөтү келгенде, электрондук капчыктардагы талап кылынбаган калдыктар: 

- юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин эсептешүү эсептерине/ эмитент-банктын электрондук капчыгына же мурда юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан көрсөткөн башка банкка которулат; 

- жеке жактардын (идентификациялаган жана идентификациялабаган электрондук капчык ээлери) банк-эмитенттеги өзүнчө эсепке которулат. Банк-эмитент банктын системалык эсебинде (балансында) электрондук акча боюнча талап кылынбаган калдыктардын эсебин жүргүзөт. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин, эгерде жабык капчык ээлеринин акча каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө кайрылуусуна байланыштуу акча каражаттарынын агылып чыгуу ыктымалдыгы төмөн болсо, банк жогоруда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди баланстан алып салууга жана аларды ар бир жабык капчык боюнча милдеттүү түрдө системадан тышкары эсепке алуу менен мөөнөтсүз эсепке алууга укуктуу. 

103. Эгерде товардык бели жана /же электрондук акча системасы электрондук акча системасынын операторуна таандык болсо, электрондук акча системасын жабуу жөнүндө чечим кабыл алууда банк оператордон товардык белгиге болгон укукту жана электрондук акча системасын сатып алууга жана оператордун функциясын өзү аткаруу менен (ушул процессингдик, клирингдик борбордун төлөм системаларынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана берүү ишин жүзөгө ашыруу боюнча банктык лицензияга уруксат болгон учурда) же башка операторду ишке тартуу менен аталган системанын электрондук акчасын чыгарууну улантууга укуктуу.  

Банк оператордон товардык белгини жана электрондук акча системасынан пайдалануу укугун сатып алууда, ошондой эле башка иш-аракеттер жөнүндө Улуттук банкка 10 жумуш күндүн ичинде эркин формада кабарлайт жана өзүнүн расмий интернет-сайтына тийиштүү маалыматты жайгаштырат.  

104. Эгерде электрондук акча системасынын оператору электрондук акча системасын жабуу жөнүндө чечим кабыл алса жана банк ушул товардык белги боюнча электрондук акча чыгарууну улантуу максатында, товардык белгини жана электрондук акча системасын пайдалануу укугун сатып алууга ниеттенбесе, банк ушул Жобонун 99-103-пункттарынын талаптарын аткарат.  

Оператор ишкердик ишти жоюу жана токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, банк акыркы капчык жабылганга чейин оператордун функциясын аткаруу үчүн башка уюмду ишке тартууга укуктуу.  

Мында оператордун товардык белгиси боюнча электрондук акча чыгаруу максатында, эмитентке киргизилген кепилдик төлөм эки тараптуу макулдашууга ылайык банкка берилиши мүмкүн.  

 

 

§ 2. Банк-эмитенттин лицензиясы кайтарылып алынган/аракети убактылуу токтотулган/убактылуу администрация киргизилген учурда электрондук акчалардын эмиссиясын жана электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүнү токтотуу 

105. Банк-эмитенттин лицензиясы кайтарылып алынган учурда банк алардын эмитенти болуп саналган бардык электрондук акча системаларынын электрондук акча менен ишке ашырылуучу операцияларын токтотот, ошондой эле жеткиликтүү болгон ыкмада бардык катышуучуларга бул тууралуу маалымдайт. 

106. Банк-эмитенттин лицензиясы кайтарылып алынган учурда алардын ээлерине чыгарылган электрондук акчаларды, агенттердин камсыздандыруу (гарантиялык) төгүмдөрүн жана оператордун төгүмдөрүн төлөө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.  

107. Банк-эмитенттин лицензиясынын (уруксатынын) аракети убактылуу токтотулган учурда, банк алардын эмитенти болуп саналган бардык электрондук акча системаларынын электрондук акча менен ишке ашырылуучу операцияларын токтотот, ошондой эле жеткиликтүү болгон ыкмада бардык катышуучуларга бул тууралуу маалымдайт. 

Лицензиянын (уруксаттын) аракети калыбына келтирилгенден кийин гана электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүгө жол берилет. 

 

5-глава. Эл аралык электрондук акча системасынын  

операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине карата талаптар 

108.  Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаны пайдалануу менен кызматтарды сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.  

 

§ 1. Эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча эмитентин каттоо тартиби 

109. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускаларын же алардын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сунуштайт:  

1) төмөнкү маалыматты көрсөтүү менен каттоодон өтүү жөнүндө арыз:  

- эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин аталышы;  

- электрондук акча системасынын аталышы;  

- электрондук акча инструментинин (маалымат сакталуучу каражаттын) аталышы (бар болсо);  

- оператордун/эмитенттин юридикалык жана айкын даректери тууралуу маалымат;  

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана түзүлгөн өлкөсүн тастыктаган анын мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же ушул сыяктуу башка документтин көчүрмөсү;  

3) электрондук акча системасынын оператору/электрондук акча эмитенти түзүлгөн өлкөнүн бул багытта ишти лицензиялаган/жөнгө салган (эгерде колдонулса) финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген процессинг жана тейлөө ишин жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүчү документтердин (лицензиянын/сертификаттын/каттоо жөнүндө күбөлүктүн ж.б.) көчүрмөлөрү же болбосо ошол органдын/юридикалык компаниянын ал түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы (лицензиялануучу/жөнгө салынуучу ишкердик түрү болуп саналбай тургандыгы) тууралуу жазуу жүзүндө тастыктамасы; 

4) эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин иш алып баруу эрежеси же оператор/эмитент түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылуучу операцияларды жөнгө салуучу башка документ. Эрежеде бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасы, электрондук акчаны пайдаланууда финансылык жана техникалык тобокелдиктерди контролдоону уюштуруу иши да камтылууга тийиш;  

5) эгерде эрежелерде тобокелдиктерди тескөө, маалыматтык коопсуздукту уюштуруу жана терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү ишин жөнгө салган тартип каралбаса, жогоруда аталган талаптар камтылган документтердин көчүрмөлөрү кошумча берилет. 

Системанын эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш. 

110. Эгерде Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, ушул главага ылайык Улуттук банкка тапшырылуучу чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.  

Чет тилдеги документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине которулуп, талапка ылайык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

Бирден көп барактан турган документтердин ар бир бетине номер коюлууга, көктөлүүгө, талаптагыдай кол тамга коюлууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

Зарыл учурда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши зарыл.  

111. Эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөрүүгө арыз Улуттук банк тарабынан 15 (он беш) календардык күн ичинде кароого алынат. Улуттук банк кабыл алынган чечим жөнүндө эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентине чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде жазуу жүзүндө билдирет.  

Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер сунушталган күндөн тартып эсептелет.  

Каттоо үчүн документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча акыркы чечим, эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы көрсөтүлбөсө, Улуттук банк арызды жана башка документтерди кагаз түрүндө алгандан кийин кабыл алынат. 

112. Документтер каттоо үчүн белгиленген талаптарга жооп бербесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса алар жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылат.  

Сын-пикирлерди эске алуу менен кошумча/жеткире иштелип чыккан документтер эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти документтерди жеткире иштеп чыгууга алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Аталган документтер милдеттүү түрдө кагаз түрүндөгү экземплярын кийин жөнөтүү менен алдын ала электрондук формада сунушталышы мүмкүн.  

Документтер экиден көп жолу ушул жобонун талаптарын канааттандыруусуз же болбосо толук эмес көлөмдө тапшырылса, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. 

113. Каттоо жөнүндө арызды кароонун жыйынтыгы боюнча оң чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине каттоо номерин ыйгарат жана ал жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын операторлору/эл аралык электрондук акча эмитенттери реестрине киргизет (мындан ары эл аралык электрондук акча системаларынын реестри). Улуттук банк белгиленген мөөнөттө эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине ыйгарылган каттоо номерин көрсөтүү менен каттоодон өткөндүгү тууралуу катты жөнөтөт. 

Улуттук банк борбордук банк тарабынан белгиленген талапка ылайык катталган локалдык жана эл аралык электрондук акча системаларынын реестрин жүргүзөт. Локалдык жана эл аралык электрондук акчалар боюнча маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланат.  

 

§ 2. Эл аралык электрондук акча системасынын операторун/ 

эл аралык электрондук акча эмитентин каттоодон баш тартуу 

114. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча эмитентин каттоодон баш тартууга укуктуу: 

- арыз ээси оффшордук аймакта катталган/жайгашкан болсо; 

- каттоо үчүн белгиленген талаптарга жооп бербеген, жалган документтер сунушталса жана/же 2 (экиден) көп жолу документтердин топтому толук сунушталбаса; 

- арыз ээси түзүлгөн өлкөсүндө алгылыксыз ишкердик абройго ээ болсо жана ага карата бул өлкөнүн көзөмөл органы тарабынан бир нече жолу санкциялар колдонулган болсо; 

- финансылык чалгындоо органы (же ыйгарым укуктуу орган) тарабынан түзүлүүчү жогорку тобокелдүү мамлекеттердин № 5, 6 жана 7 тизмесине киргизилсе. 

115. Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине баш тартуу себептерин көрсөтүү менен каттоодон баш тартылгандыгы жөнүндө кат жөнөтөт. 

 

§ 3. Эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча эмитентин каттоону жокко чыгаруу 

116. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана тиешелүү жазууну эл аралык электрондук акча системаларынын реестрине киргизет:  

1) эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин түзүлгөн өлкөнүн бул багытта ишти лицензиялаган/жөнгө салган финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан мурда эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине процессинг жана тейлөө боюнча иш алып баруу укугуна берилген уруксат берүүчү документтери (лицезиялар/сертификаттар/каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөр ж.б.) кайтарылып алынса (жокко чыгарылса);  

2) эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди (келишимдерди) Улуттук банкка ушул Жобонун 121-пунктуна ылайык сунуштабаса;  

3) эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Улуттук банкта каттоону жокко чыгаруу (реестрден чыгаруу) жөнүндө арызды же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууну токтотуу жөнүндө башка кат түрүндөгү билдирүүнү Улуттук банкка берсе;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдын талаптарын бузса; 

5) агент (коммерциялык-банк-резидент) менен келишим түзүлгөн күндөн тартып 12 (он эки) айдан ашык убакыт бою эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти катары Кыргыз Республикасынын аймагында ишти жүзөгө ашырбаса; 

6) Эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин катталган/жайгашкан жери Улуттук банкта каттоодон өткөндөн кийин оффшордук аймактар боюнча өзгөргөн учурда. 

117. Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти ушул Жобонун талаптарын аткарбай койгон, анын ичинде ушул Жобонун 119-пунктунун талаптарын бузган учурда, эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча эмитентин каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарууга укуктуу.  

Улуттук банк каттоодон өткөндүгүн жокко чыгаруу жөнүндө эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана зарыл учурда башка кызыкдар тараптарга кат түрүндө билдирет, ошондой эле каттоодон өткөндүгүн жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн каттоосу жокко чыгарылган эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акчаны колдонуу менен кызматтарды сунуштоого каттоосу жокко чыгарылгандан тартып 12 (он эки) айдын ичинде жол берилбейт.  

Каттоодон кайрадан өтүүгө Улуттук банктагы каттоо жокко чыгарылган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин жол берилет. 

118. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылып берилбейт. 

 

§ 4. Эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин ишин жүзөгө ашырууга талаптар 

119. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/ эл аралык электрондук акча эмитенти өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде каттоо учурунда көрсөтүлгөн кайсы болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу Улуттук банкка кат түрүндө билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде, зарыл болгон учурда 3 (үч) жумуш күнү ичинде эл аралык электрондук акча системаларынын реестрине тиешелүү жазууларды киргизет.  

120. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акчанын эмитенти каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин өз сайтын кошо алганда, системадагы документтерден (эрежелер, колдонуудагы тарифтер, типтүү келишимдер, катышууга талаптар, отчеттор ж.б.) туруктуу негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

121. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Улуттук банкта каттоодон өткөн күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирбестен, Улуттук банкка эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди/келишимдерди сунуштоого тийиш. 

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акча системасынын электрондук акчасын жайылтууга жана ордун жабууга жаңы түзүлгөн/бузулган агенттик келишимдер жөнүндө билдирүүгө милдеттүү

122. Жайылтылган жана орду жабылган эл аралык электрондук акчанын эсепке алынышын, ишенимдүү статистикалык маалыматтардын жана отчеттордун Улуттук банкка берилишин, тийиштүү контролдоонун жана мониторингдин, анын ичинде мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу инструменттеринин болушун камсыздоо максатында, эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акчанын эмитенти эл аралык электрондук акча системасынын агентине эл аралык электрондук акча системасына жетүү укугун, тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө тийиш. 

123. Финансылык милдеттенмелер, күн сайын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана башка шарттар эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти менен эл аралык электрондук акча системасынын агентинин ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленүүгө тийиш. 

 

§ 5. Эл аралык электрондук акча  

системасынын агентине/субагентине талаптар 

124. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу жана ордун толуктоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат. 

125. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти электрондук акчаны нак акчага айландыруу жана толуктоо милдеттерин аткаруу үчүн субагенттер менен келишим түзүшү мүмкүн. Юридикалык жактар же жеке ишкерлер эл аралык акча системасынын субагенти катары иш алып барышы мүмкүн. 

Эл аралык электрондук акча системасынын агенти субагенттерди ишке тартууда, ошондой эле анын субагенттери ушул Жобонун 65-73 пункттарынын талаптарын сактоого тийиш.  

126. Субагент тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды контролдоо үчүн эл аралык электрондук акча системасынын агенти субагенттердин, ар бир кардардын белгилүү бир убакыттын ичиндеги операциялары жөнүндө өз алдынча мониторинг жүргүзүү жана маалыматтарды түзүү, кардарлардын анкеталарын, анын ичинде электрондук акча системасында кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. 

127. Эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу анын ээсинин тандоосу боюнча чет өлкө валютасында же улуттук валютада жүргүзүлүшү мүмкүн. Улуттук валютада ордун жабуу учурунда, конвертация эл аралык электрондук акча агенти тарабынан эл аралык электрондук акчаны жайылтуу жөнүндө келишимге ылайык Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган валютанын расмий курсун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Конвертация тартиби жана колдонулган курстар жөнүндө маалымат эл аралык электрондук акча ээсине маалымдалууга жана анын макулдугу алынууга тийиш. 

128. Эл аралык электрондук акча ээсинен келип түшкөн акча каражаттары, эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу үчүн каралган өзүнчө банктык эсепте гана эске алынат. 

129. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өзүнө капчык ээсин аутентификациялоо, кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо, анкеталарды жүргүзүү жана сактоо, жеке маалыматтарды жаңыртуу, лимиттерди сактоо, ПФТД/ЛПД боюнча (шектүү төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү, транзакциялардын бөлүнүшүнө көз салуу жана башка) тартипти, нак акчаны кабыл алуу жана берүү тартиби, эл аралык электрондук акча ээлеринен түшкөн акча каражаттарын эсепке алууну өзүнө камтыган эл аралык электрондук акча менен иштөө боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелерге жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш.  

130. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти отчеттук чейректен кийинки айдын 15ине чейин ушул Жобого карата 3-тиркемеде белгиленген формада Улуттук банкка чейрек сайын отчет берет. 

 

6-глава. Электрондук акчаны пайдалануу  

учурунда тобокелдиктерди тескөө 

131. Электрондук акча системасы системанын ишин жөнгө салган ички эрежелер, электрондук акчаны пайдалануу жол-жоболору жана келишимдик мамилелери менен камсыз болуусу зарыл. Электрондук акча системасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык коопсуздук коркунучунун тобокелдиктерин болтурбоо, алдын алуу жана таануу үчүн техникалык, уюштуруучулук, технологиялык коопсуздуктун тиешелүү механизмдерин камсыз кылууга тийиш. 

132. Электрондук акча системасы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык терроризм жана экстремизм иштерине катыштыгы бар адамдар тизмегине кирген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылган же аларга тиешелүү операцияларды токтотуу жана электрондук капчыктарды блокко коюу, шектүү транзакцияларды (операцияларды) аныктоо жана алдамчылык иш аракеттерден коргонуу механизмдерине ээ болуусу зарыл. 

133. Электрондук акча системасы Улуттук банктын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк жүргүзүүнүн, банктык көзөмөлдөөнүн жана акча-кредит саясатынын чегинде электрондук акча формасындагы акча жүгүртүү жөнүндө статистикалык жана маалыматтык отчетторду түзүү үчүн зарыл маалыматтарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

134. Электрондук акча ээлерине ишеним көрсөтүү жана тиешелүү түрдө маалымдоо максатында, ар бир электрондук акча системасынын сайты тейлөөнүн бардык расмий пункттары (аталышы, актуалдуу дареги, электрондук акчаны толуктоо/ордун жабуу түйүнүнүн телефону) жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Банк-эмитент/оператор электрондук акча системасынын сайтында/өз сайтында өзгөрүүлөр болгондугуна жараша электрондук акча системасын тейлөөнүн бардык расмий түйүндөрү жөнүндө маалыматты актуалдаштыруусу зарыл. 

Электрондук акча системасынын расмий тейлөө түйүнү кардарга көрүнө турган жерде жайгаштырылган, аталган расмий тейлөө түйүнү жөнүндө маалымат менен электрондук акча системасынын расмий баракчасына кирүүгө мүмкүндүк берген QR-код менен камсыз болууга тийиш.  

135. Электрондук акча системасы аны пайдалануу учурунда акцептанттын жана электрондук акча ээлеринин чыгымдарын кыскартуу үчүн маалыматтарды берүүнүн өңчөйлөштүрүлгөн стандарттарды жана төлөмдөр форматын колдонуу менен электрондук акча катышуучуларынын өз ара иш алып барган системасы (акча каражаттарынын жылышын эсепке алуу боюнча ички система) менен натыйжалуу интеграциялануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн. 

136. Электрондук акча системасы электрондук акчаны пайдаланууда катышуучулар үчүн натыйжалуу, электрондук акча ээлери үчүн баасы жеткиликтүү жана колдонууда ыңгайлуу болууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

137. Электрондук акча системасында операциялык тобокелдиктерди тескөө төмөнкү негизги принциптерди ишке ашырууга негизделиши зарыл: 

1) системанын ишинде ички контролдук жана аудит жүргүзүү жол-жобосунун болушу, системанын иши жана ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө сактоо; 

2) кызматтык нускоолорго ылайык, жүктөлгөн жоопкерчиликти аткаруу боюнча талаптарга ылайык келген квалификациялуу персоналдын болушу; 

3) маалыматтардын өз убагында иштелип чыгышын, ар бир транзакция боюнча маалыматтардын эсепке алынышын жана сакталышын, системада сакталышын жана корголушун камсыз кылган маалымат системасынын болушу; 

4) электрондук акча системасынын үзгүлтүксүз иштегенин камсыздоо планынын болушу; 

5) электрондук акча системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар боюнча жол-жобонун болушу. 

7-глава. Корутунду жоболор 

138. Электрондук акча чыгарууну жана/же эл аралык электрондук акчаны жайылтууну жүзөгө ашырган банктар Улуттук банкка алар тарабынан чыгарылган жана тейлөөгө алынган электрондук акча, ошондой эле акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматты Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана формада сунуштайт. 

139. Банк, агент/эл аралык электрондук акча агенти, субагент/эл аралык электрондук акча субагенти, электрондук акча оператору жана эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти/оператору келишим шарттарынын, операцияларды жүргүзүү коопсуздугунун жана электрондук акчаны колдонуу эрежелеринин сакталышын контролдоого милдеттүү

140. Банк, агент/эл аралык электрондук акчанын агенти, субагент/эл аралык электрондук акчанын субагенти, электрондук акчанын оператору жана эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти/оператору тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча алар тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаңылыш жана укугу жок операцияларды токтотуу жана/же алдын алуу үчүн иш-чараларды өткөрүүгө милдеттүү.  

141. Коммерциялык банк маалымат бербегендиги, өз учурунда бербегендиги жана/же анык эмес маалымат бергендиги, ошондой эле отчет формаларын туура эмес толтургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

  

  

 

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого 

1-тиркеме 

 

Электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө  

ОТЧЕТ  

(электрондук капчык ээлери боюнча)  

 

Банк-эмитенттин аталышы 

____________________________________________________ 

Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл) 

____________________________________________________ 

  

№ 

Электрондук акча системасынын аталышы 

Оператор 

Колдонуучулардын түрү (идентификацияланган, идентификацияланбаган) 

Колдонуучулардын (капчыктын) саны 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы 

Которуулар 

Электрондук акчанын ордун жабуу 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Электрондук капчыкты толтуруу жолу менен электрондук акчаларды таратуу 

электрондук акча системасынын ичинде 

башка электрондук акча системаларына 

Башка электрондук акча системаларынан 

нак акча 

банктык эсепке 

бардыгы  

алардын ичинен: бюджеттик төлөмдөр 

нак акчага алмаштыруу 

банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

22 

23 

24 

1-электрондук акча 

  

идентификацияланган 

 

 

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

2-электрондук акча  

  

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

n-электрондук акча  

  

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аткаруучу ____________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.  

Отчет толтуруу тартиби (1-тиркеме)  

Электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө отчет (электрондук капчык ээлери боюнча) отчеттук мезгил ичинде электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт.  

Отчетто алар үчүн банк эмитент болуп саналган ар бир электрондук акча системасы боюнча маалыматтар көрсөтүлөт.  

Саны боюнча маалыматтар бүтүн санга чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт.  

Таблицадагы аталыштар:  

- «Банк-эмитенттин аталышы» электрондук акча эмиссиялоого Улуттук банктын лицензиясына ээ жана электрондук акча системасынын банк-эмитенти болуп саналган банктын тиешелүү аталышы толтурулат;  

- «Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл)» чейрек, жыл сан форматында отчеттук мезгил толтурулат (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 4-чейрегин түшүндүрөт). 

Таблицада:  

- 1-тилке катар номери көрсөтүлөт;  

- 2-тилке электрондук акча системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт;  

- 3-тилке электрондук акча системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт. Эгерде оператор банк-эмитент болсо, анда банк-эмитенттин аталышы көрсөтүлөт;  

- 4-тилке электрондук акча ээсинин: идентификацияланган же идентификацияланбаган түрү көрсөтүлөт;  

- 5-тилке электрондук акча ээлеринин (капчыктарынын) саны көрсөтүлөт;  

- 6-тилке отчеттук мезгилдин акырына карата системадагы электрондук акчанын калдыгы көрсөтүлөт;  

- 7-8-тилкелер отчеттук мезгил ичинде электрондук акча системасынын ичиндеги капчыктардын ортосундагы которуулардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 9-10-тилкелер башка электрондук акча системаларына, анын ичинде эл аралык системаларга каражаттарды чыгаруу аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 11-12-тилкелер башка электрондук акча системаларынан, анын ичинде эл аралык системалардан капчыктагы калдыкты көбөйтүү аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 13-14-тилкелер электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу (электрондук акча системасында калдыкты азайтуу) боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 15-16-тилкелер электрондук акчаны банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу (электрондук акча системасында калдыкты азайтуу) боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 17-18-тилкелер отчеттук мезгил ичинде товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө (бюджеттик төлөмдөрдү кошо алганда) боюнча транзакциялардын жалпы саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 19-20-тилкелер отчеттук мезгил ичинде бюджеттик төлөмдөрдү гана төлөө боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 21-22-тилкелер электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен электрондук акчаларды жайылтуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 23-24-тилкелер банктык эсепте нак эмес каражатка алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен электрондук акчаны жайылтуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт 

  

  

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого 

2-тиркеме 

 

 

Электрондук акчаны жайылтууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө  

ОТЧЕТ 

(юридикалык жактар жана жеке ишкерлер боюнча)  

 

Банк-эмитенттин аталышы 

__________________________________________________ 

Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл) 

__________________________________________________ 

  

№ 

Электрондук акча системасынын аталышы 

Оператор 

Катышуучулардын түрү 

Колдонуучулардын (капчыктын) саны 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы 

Которуулар 

Электрондук акчанын ордун жабуу 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Электрондук капчыкты толтуруу жолу менен электрондук акчаларды таратуу 

электрондук акча системасынын ичинде 

башка электрондук акча системаларына 

Башка электрондук акча системаларынан 

нак акча 

банктык эсепке 

бардыгы  

алардын ичинен: бюджеттик төлөмдөр 

нак акчага алмаштыруу 

банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

 

 

 

1-электрондук акча  

  

Агенттер (анын ичинде алардын субагенттери) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Акцептанттар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

2-электрондук акча  

  

Агенттер (анын ичинде алардын субагенттери) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Акцептанттар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аткаруучу __________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.  

Отчет толтуруу тартиби (2-тиркеме)  

Электрондук акчаны жайылтууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер боюнча) отчет отчеттук мезгил ичинде электрондук акчаны жайылтууга жана жүгүртүүгө байланыштуу транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт.  

Отчетто банк эмитент болуп саналган ар бир электрондук акча системасы боюнча маалыматтар көрсөтүлөт.  

Саны боюнча маалыматтар бүтүн санга чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт.  

Таблицадагы аталыштар төмөнкүдөй толтурулат:  

- «Банк-эмитенттин аталышы» электрондук акча эмиссиялоого Улуттук банктын лицензиясына ээ жана электрондук акча системасынын банк-эмитенти болуп саналган банктын тиешелүү аталышы толтурулат;  

- «Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл)» отчеттук мезгил чейрек, жыл сан форматында (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 4-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат.  

Таблицада:  

- 1-тилкеде катар номери көрсөтүлөт;  

- 2-тилкеде электрондук акча системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт;  

- 3-тилкеде электрондук акча системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт. Эгерде оператор банк-эмитент болсо, анда банк-эмитенттин аталышы көрсөтүлөт;  

- 4-тилкеде катышуучулардын түрү: агенттер, акцептанттар көрсөтүлөт; 

- 5-тилкеде колдонуучулардын (капчыктарынын) саны көрсөтүлөт;  

- 6-тилке отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы көрсөтүлөт;  

- 7-8-тилкелерде отчеттук мезгил ичинде электрондук акча системасынын ичиндеги капчыктардын ортосундагы которуулардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 9-10-тилкелерде отчеттук мезгил ичинде башка электрондук акча системаларына, анын ичинде эл аралык системаларга каражаттарды чыгаруу аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 11-12-тилкелерде отчеттук мезгил ичиндеги электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан, анын ичинде эл аралык системалардан капчыктагы калдыкты көбөйтүү аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 13-14-тилкелерде электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу (электрондук акча системасында калдыкты азайтуу) боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 15-16-тилкелерде электрондук акчаны банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу (электрондук акча системасында калдыкты азайтуу) боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 17-18-тилкелерде отчеттук мезгил ичинде (бюджеттик төлөмдөрдү кошо алганда) товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча транзакциялардын жалпы саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 19-20-тилкелерде отчеттук мезгил ичинде бюджеттик төлөмдөрдү гана төлөө боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 21-22-тилкелерде электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен электрондук акчаны жайылтуу боюнча агенттердин транзакцияларынын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

23-24-тилкелер электрондук акчаны банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен электрондук акчаны жайылтуу боюнча агенттердин транзакцияларынын саны жана көлөмү көрсөтүлөт.  

 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого 

  

 

  

3-тиркеме 

 

 

Эл аралык электрондук акча системаларынын жүгүртүүлөрү менен байланышкан банк-агенттердин иши жөнүндө  

ОТЧЕТ  

(электрондук капчык ээлери боюнча) 

 

Банк-агенттин аталышы 

____________________________________________________ 

Отчеттук мезгил: (чейрек. жыл) 

____________________________________________________ 

  

№ 

Электрондук акча системасынын аталышы 

Оператор 

Колдонуучулардын түрү  

(идентификацияланган, идентификацияланбаган) 

Валюта 

Электрондук акчанын ордун жабуу 

Электрондук капчыкты толтуруу жолу менен эл аралык электрондук акчаны жайылтуу 

нак акча 

банктык эсептерге 

нак акча 

банктык эсептерден 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

10 

11 

12 

13 

1-электрондук акча  

  

идентификацияланган 

KGS 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланган 

USD 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланган 

RUB 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

1-электрондук акча боюнча жыйынтык 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

2-электрондук акча  

  

идентификацияланган 

KGS 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланган 

USD 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланган 

KZT 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

2-электрондук акча боюнча жыйынтык 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ж.б.у.с. 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

n-электрондук акча боюнча жыйынтык 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

эл аралык системалар боюнча жыйынтык 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

Аткаруучу ___________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.  

Отчет толтуруу тартиби (3-тиркеме)  

Эл аралык электрондук акча системаларынын жүгүртүүсүнө байланышкан банк-агенттердин иши жөнүндө (жеке адам-электрондук капчык ээлери боюнча) отчет отчеттук мезгил ичинде эл аралык электрондук акча системаларынын жүгүртүүлөрү менен байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Отчет валюталар боюнча ар бир электрондук акча системасы боюнча түзүлөт.  

Саны боюнча маалыматтар бүтүн санга чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректелген валюталардын номиналында көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасынын тамга түрүндө коду көрсөтүлгөн сапта транзакциялардын көлөмү боюнча маалыматтар Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги орточо арифметикалык эсептик курсу боюнча улуттук валютада сом эквивалентинде чагылдырылат.  

Таблицадагы аталыштар:  

- «Банк-агенттин аталышы» Улуттук банктын лицензиясына ээ жана эл аралык электрондук акча системасы менен тиешелүү келишим түзгөн банктын тиешелүү аталышы толтурулат;  

- «Отчеттук мезгил: (чейрек. жыл)» отчеттук мезгил чейрек. жыл. сан форматында (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 4-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат.  

Таблицада:  

- 1-тилкеде катар номери көрсөтүлөт;  

- 2-тилкеде электрондук акча системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт;  

- 3-тилкеде аталган электрондук акча системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт;  

- 4-тилкеде электрондук акчаны колдонуучулардын түрү: идентификацияланган же идентификацияланбаган колдонуучулар көрсөтүлөт;  

- 5-тилкеде валютанын тамга менен белгиленген коду көрсөтүлөт;  

- 6-7-тилкелерде отчеттук мезгил ичиндеги электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 8-9-тилкелерде отчеттук мезгил ичиндеги электрондук акчаны банктык эсептерде жайгашкан нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 10-11-тилкелерде нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толуктоо жолу менен эл аралык электрондук акчаны жайылтуу боюнча транзакциялардын (субагенттердин транзакцияларын кошо алганда) саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 12-13-тилкелерде банктык эсептерден нак эмес каражатка алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толуктоо жолу менен эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу боюнча транзакциялардын (субагенттердин транзакцияларын кошо алганда) саны жана көлөмү көрсөтүлөт.