Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 18-майындагы  

№ 2022-П-12/31-1-(БС) 

Токтому 

 

 

«Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү  

ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.   

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларды тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 18-майындагы  

№ 2022-П-12/31-1-(БС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө  

ЖОБО 

 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Жобо синдикатталган кредиттөөдө катышкан коммерциялык банктарга, мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуучу микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары банктар) таркатылат жана анда карыз алуучуга биргелешип кредит берүүдөн келип чыгуучу мамилелер жөнгө салынат. 

Мындан тышкары, Жободо камтылган ченемдерге ылайык юридикалык жактардын (резиденттердин, резидент эместердин), анын ичинде эл аралык уюмдардын каражаттары банктардын атынан синдикатталган кредиттер түрүндө берилет. 

2. Бул Жобонун максаты болуп Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартибин аныктоо саналат. 

3. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат: 

уюштуруучу банк милдеттүү түрдө кредитор болуп саналган жана карыз алуучунун кредиттик билдирмесинин негизинде синдикатталган кредиттөөгө катышуу үчүн өнөктөштөрдү издөөнү демилгелеген, ошондой эле синдикатталган кредит берүү боюнча ишти уюштуруу боюнча жооптуу банк (синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун, кредиттик келишимдин, күрөө жөнүндө келишимдин долбоорун даярдоо жана түзүү)

карыз алуучу юридикалык жак (резидент, резидент эмес). Эгерде карыз алуучу резидент болбосо, синдикатталган кредит Кыргыз Республикасынын аймагында өздөштүрүлүүгө тийиш; 

ири долбоор Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүн жана соода чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган долбоор, мында синдикатталган кредиттин өлчөмү уюштуруучу банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 15 пайызынан ашат; 

синдикатталган кредиттөө банктын (же бир нече банктын) өз атынан жана акча каражаттары банктын атынан ири долбоорлор боюнча синдикатталган кредит түрүндө берилген юридикалык жактардын (резиденттер, резидент эместер), анын ичинде эл аралык уюмдардын Улуттук банктын талаптарына ылайык, келишимдик шарттарда карыз алуучуну биргелешип кредиттөөсү, мында эл аралык уюмдардын каражаттары банктарга эл аралык уюмдар тарабынан банктарды каржылоонун атайын программаларынын алкагында берилген учурлар эске алынбайт

синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуу синдикатталган кредит берүү процессинин бардык катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашуу; 

катышуучулар синдикатталган кредиттерди берүү процессине катышкан коммерциялык банктар, анын ичинде уюштуруучу банк, мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуучу микрофинансылык компаниялар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, ошондой эле каражаттары банктын атынан синдикатталган кредиттер түрүндө берилген юридикалык жактар (резиденттер жана резидент эместер), анын ичинде эл аралык уюмдар, мында эл аралык уюмдардын каражаттары банктарга эл аралык уюмдар тарабынан банктарды каржылоонун атайын программаларынын алкагында берилген учурлар эске алынбайт.  

4. Синдикатталган кредит ири долбоорлорду, анын ичинде кайра каржылоону кошпогондо, ири инвестициялык долбоорлорду каржылоо максатында берилет. Ошол эле учурда, синдикатталган кредит катышуучулардын акцияларын (үлүшүн) сатып алуу үчүн тике же кыйыр түрдө колдонулушу мүмкүн эмес. 

Катышуучулар синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык кредиттин үлүшүн талап кылуу укугун башка катышуучуларга өткөрүп берүүгө укуктуу. 

5. Синдикатталган кредиттөө кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк, камсыздоо, мөөнөттүүлүк жана максаттуу пайдалануу шарттарында  ишке ашырылат жана ал карыз алуучу менен банктын (банктардын) ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин (мындан ары - кредиттик келишим) негизинде берилет. Кредиттик келишим синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин түзүлөт. 

6. Синдикатталган кредит берүү мөөнөтү, анын пайыздык чен өлчөмү жана үстөк айыптын (айып пулдун, туумдун) өлчөмү синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун, кредиттик келишимдин шарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык аныкталат.  

7. Уюштуруучу банк синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууну түзгөндөн кийин, белгиленген тартипте 5 (беш) календардык күндүн ичинде Улуттук банкка синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгы тууралуу билдирүүнү катышуучулар кол койгон синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун көчүрмөсү менен берет. 

8. Синдикатталган кредиттөө банктын жалпы кредиттик стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана алардын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банктын ички кредиттик саясатына жана кредиттик стратегиясына ылайык жүзөгө ашырылат

9.  Банк синдикатталган кредиттерди берүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ички жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш, аларды иштеп чыгууда банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга таянууга тийиш

10. Синдикатталган кредиттөөдө банктар Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык стандарттарды жана талаптарды, анын ичинде синдикатталган кредиттерди берүү учурунда белгиленген ченемдердин маанисинин чегинде сактоого милдеттүү

Синдикатталган кредиттер банктар менен аффилирленген жактарга берилбейт. 

11. Синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууда жок дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) синдикатталган кредиттин түзүмүнүн жана максатынын чагылдырылышы; 

2) аталган макулдашууга кол койгон уюштуруучу банкты кошо алганда, катышуучуларды аныктоо жана курамы; 

3) ар бир катышуучунун үлүшүн кошо алганда, берилүүчү синдикатталган кредиттин жалпы суммасы; 

4) синдикатталган кредит берүү мөөнөтү жана шарттары, анын ичинде транш менен кредит берүүдө

5) синдикатталган кредиттин пайыздык чени; 

6) катышуучулардын ортосунда пайыздарды, комиссиялык төлөмдөрдү жана сый акыларды бөлүштүрүү шарттары; 

7) катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүнүн шарттары, эгерде: 

а) катышуучу юридикалык жак (резидент же резидент эмес), анын ичинде эл аралык уюм болсо. Синдикатталган кредиттөөнүн банк болуп саналбаган катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишимдик шарттарда банктын атынан синдикатталган кредиттин алкагында аларды карыз алуучуга берүү максатында акча каражаттарын банкка өткөрүп берет; 

б) синдикатталган кредит катышуучу банктар тарабынан берилсе, анда алар төмөнкүлөргө укуктуу: 

- карыз алуучу менен көп тараптуу кредиттик келишимди жана күрөө жөнүндө келишимди түзүүгө; же 

- уюштуруучу банкка өз укуктарын: 

(1) кредиттик келишимди жана күрөө жөнүндө келишимди түзүүгө

(2) карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоого, кредитке мониторинг жүргүзүүгө (анын ичинде максаттуу пайдаланылышына, күрөөнүн абалына мониторинг жүргүзүүгө) жана бул кредит боюнча мындан ары администрлөөнү жүргүзүүгө өткөрүп берүүгө;  

8) ар бир катышуучунун камсыздоого карата талабы; 

9) мыйзам талаптарына ылайык квалификациялык сертификаттары бар көз карандысыз адистер-баалоочулар же катышуучулардын макулдашуусу боюнча квалификациялык сертификаты бар катышуучу банктардын биринин баалоочусу тарабынан камсыздоонун наркын баалоо шарттары; 

10) синдикатталган кредитти төлөө тартиби, ага кошо карыз алуучунун каражаттары жетишсиз болгон жана кредит боюнча графикке ылайык төлөмдөрдү, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, туум, айып пул төлөө мөөнөттөрү бузулган учурда, ар бир катышуучунун талаптарын канааттандыруу кезегинин тартиби (мисалы, карыз алуучу бул кредит боюнча карызды төлөп жатканда катышуучулардын ортосундагы мамилелердин шарттары, анын ичинде каражат жетишсиз болгон, кредит боюнча төлөмдөрдү төлөө мөөнөтү бузулган учурда ж.б.)

11) катышуучулардын камсыздоону кабыл алуу, бөлүштүрүү (сатуу) тартибине тиешелүү өз ара аракеттенүү шарттары; 

12) тараптардын зарыл болгон макулдукту алуусу үчүн катышуучулардын, анын ичинде юридикалык жактардын (резиденттер, резидент эместер), эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүү шарттары; 

13) белгилүү бир иш-чараларды өткөрүүдө катышуучулардын өз ара аракеттенүү шарттары (анын ичинде синдикатталган кредитке мониторинг жүргүзүү); 

14) катышуучулардын, анын ичинде уюштуруучу банктын ушул макулдашууда каралган талаптар жана шарттар аткарылбаган учурда, синдикатталган кредит берүү ишин уюштуруу үчүн жоопкерчилиги; 

15) маалымат алмашуу шарттары, анын ичинде банктык сырды камтыган маалыматты алмашуу шарттары, катышуучулардын укуктары жана милдеттери, чыр-чатактуу жагдайларды чечүү жолдору; 

16) ал жеткис күч жагдайларынын (форс-мажор) пайда болуу шарттары; 

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир же бир нече катышуучу чыгып кеткен учурда укуктун өтүүсү каралган шарт

18) башка шарттар. 

Катышуучулар түзгөн синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуу, ошондой эле тараптардын макулдугу боюнча, мисалы, банк жана эл аралык уюм тарабынан түзүлгөн башка келишимдер мамлекеттик/расмий жана чет тилде түзүлүшү мүмкүн. 

 

2. Синдикатталган кредиттөөнү уюштуруу 

12. Синдикатталган кредиттөөнү уюштуруу ушул Жободо каралган шарттарда уюштуруучу банк карыз алуучудан синдикатталган кредиттөөнү уюштурууга кредиттик билдирмени алган учурдан тартып башталат.  

13. Банк синдикатталган кредиттөөнү уюштуруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган синдикатталган кредит алууга билдирмелерди кароо тартибин, ошондой эле карыз алуучуга карата минималдуу талаптарды белгилөөгө тийиш. 

14. Уюштуруучу банк карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо жана синдикатталган кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн андан кагаз же электрондук документ түрүндө төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш

- толтурулган кредиттик билдирме: иштин түрү, жүгүртүү каражаттарынын өлчөмү, валюталар боюнча кирешелердин (түшкөн акчанын) түзүмү (чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча), кредитти төлөө планы жана эгерде бар болсо негизги бизнес-өнөктөштөр ж.б.; 

- мыйзамдарга ылайык, көчүрмөлөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү мүмкүн болбогон учурда, нотариус же юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колу менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

- синдикатталган кредиттин бүткүл мөөнөтүн камтууга тийиш болгон акчалай түшүүлөрдүн (акча агымынын) болжолдуу көлөмү милдеттүү түрдө көрсөтүлгөн бизнес-план; 

- тышкы аудитордун ырастоосу менен акыркы отчеттук жыл үчүн карыз алуучунун финансылык отчету (эгерде карыз алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо) жана аралык финансылык отчет (эгерде карыз алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчет берүүгө тийиш болсо); 

- башкаруу отчеттору; 

- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер) ж.б. (эгерде катышуучулар гарантия (кепилдик) берүүнү талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчету (эгерде гарант - юридикалык жак болсо);  

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базасында сакталган карыз алуучу жөнүндө маалымат; 

- күрөөгө коюлган мүлктүн тизмеси, анын түрлөрү андан ары түзүүдө күрөө келишиминде да көрсөтүлүүгө тийиш, ошондой эле менчик укугун (эгер камсыздоо кыймылдуу/кыймылсыз мүлк болсо), пайдалануу укугун тастыктаган документтер жана банктын ички документтерине ылайык башка документтер; 

- банк үчүн зарыл болгон, анын ичинде карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн башка документтер (контракттар, макулдашуулар, сунуш каттары, мамлекеттик реестрден көчүрмөлөр, кредиттик бюронун маалыматы ж.б.), алар электрондук документ же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.  

15. Уюштуруучу банк кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана синдикатталган кредит берүүгө катышууга чакыруу жөнөтөт. Купуя маалыматты (анын ичинде коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтышы мүмкүн) ачып көрсөтүү тартиби банктын ички документтеринде каралууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

Ар бир катышуучу жана карыз алуучу кызыкдар тараптарды синдикатталган кредиттөөгө катышууга өз алдынча чакырууга укуктуу. 

16. Ар бир банк же уюштуруучу банк (эгер катышуучулар өз укуктарын уюштуруучу банкка өткөрүп беришсе) кардарга синдикатталган кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзөт жана башка иш-чараларды өткөрөт (бизнес-планды жана кредиттин кайтарылбай калышы тобокелдигин талдоо). Мында, ар бир банк карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн изилдөө үчүн кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу. 

17. Ар бир банк синдикатталган кредит берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн корутунду даярдайт, анда карыз алуучуга синдикатталган кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугу же баш тартуу себептери көрсөтүлөт. Мында банк белгиленген тартибине ылайык кабыл алынган чечим жөнүндө уюштуруучу банкка билдирүүгө милдеттүү

 

3. Синдикатталган кредитти тариздөө

берүү жана төлөө тартиби 

18. Синдикатталган кредиттөөгө катышуу үчүн синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуу түзүлөт жана ага кол коюлат. 

19. Кредиттик келишим жана күрөө келишими мамлекеттик/расмий жана чет тилдеринде түзүлүшү мүмкүн (карыз алуучуга тилди тандоо укугун берүү менен, ошол эле учурда уюштуруучу банк бул келишимдерди өзү каалаган тилде (тилдерде) түзүүгө карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугун алууга тийиш, ал карыз алуучунун кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат). Ошол эле учурда, бул келишимдердин тексти карыз алуучунун кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш. 

Кредиттик таржымал уюштуруучу банкта түзүлөт жана сакталат. Кредиттик таржымалдын көчүрмөлөрү ар бир катышуучуда сакталышы мүмкүн. 

20. Кредиттик келишимде жок дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) тараптардын аталышы; 

2) ар бир катышуучунун үлүшүн кошо алганда, берилген синдикатталган кредиттин жалпы суммасы

3) синдикатталган кредит берүү мөөнөтү

4) синдикатталган кредиттин максаты; 

5) синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык, синдикатталган кредиттин пайыздык чени, комиссиялык төлөмдөрдүн жана үстөк айыптын (айып пулдун, туумдун) өлчөмү

6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык комиссиялык төлөмдөр жана сый акы тууралуу маалымат; 

7) синдикатталган кредит берүү жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык синдикатталган кредитти төлөө тартиби, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, айып пул, туум төлөө тартиби; 

8) күрөөлүк камсыздоо боюнча шарттар; 

9) синдикатталган кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын алкагында, анын ичинде карыз алуучу синдикатталган кредитти максатка ылайыксыз пайдаланган учурда; 

10) кредиттик келишимде каралган талаптар жана шарттар аткарылбаган учурда тараптардын укуктары/милдеттери жана жоопкерчилиги; 

11) кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби, анын ичинде тараптардын курамын (гаранттар, күрөө коюучулар, кредиторлор) өзгөртүү шарттары жана алардын өз ара мамилелери; 

12) ал жеткис күч (форс-мажор) жагдайларынын келип чыгышынын шарттары; 

13) башка шарттар. 

Банк (банктар) менен карыз алуучунун ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим, ошондой эле тараптардын макулдашуусу боюнча, мисалы, банк (банктар) менен эл аралык уюмдун ортосунда түзүлгөн башка келишимдер мамлекеттик/расмий жана чет тилинде түзүлүшү мүмкүн. 

21. Кредиттик келишимге кошумча күрөө жөнүндө келишим түзүлөт, анда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) кыймылсыз мүлк же каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон мүлк үчүн укугун белгилөөчү документтин реквизитин көрсөтүү менен камсыздоону (камсыздоолорду) идентификациялоо үчүн жетиштүү болгон жалпы маалымат, ошондой эле анын (алардын) наркы (анын күрөөлүк коэффициентин эске алуу менен); 

2) милдеттенменин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү

3) күрөөлүк мүлк тараптардын кимисинде жайгашкандыгын көрсөтүү

4) синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарына жана мыйзам талаптарына ылайык камсыздоонун наркын баалоо шарттары; 

5) карыз алуучу кредитти кайтарып бере албаган учурда, камсыздоо предметин катышуучулардын менчигине өткөрүп берүү шарттары жана тартиби

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын камсыздоого карата милдеттенмелери; 

7) башка шарттар. 

22. Эгерде катышуучулар тарабынан талап кылынган кредиттин суммасын жабуу үчүн камсыздоонун бир түрү жетишсиз болсо, карыз алуучу кредиттин суммасынын жетишпеген бөлүгүн жабуу үчүн камсыздоонун бир же бир нече түрүн аларды бириктирүү жолу менен кошумча бере алат

23. Карыз алуучуга берилген синдикатталган кредиттин өлчөмүнө барабар үлүш синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык ар бир катышуучунун балансында чагылдырылат

24. Карыз алуучу синдикатталган кредитти жана ал боюнча пайыздарды кредиттик келишимде макулдашылган шарттарда өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат

 

4. Синдикатталган кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу жана ага мониторинг жүргүзүү тартиби 

25. Синдикатталган кредит катышуучуларга синдикаттык кредитти берүү жөнүндө макулдашууда, кредиттик келишимде, күрөө жөнүндө келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кайтарылып берилет. 

26. Акчалай милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон төлөм суммасы жарандык мыйзамдарга, синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун жана кредиттик келишимдин шарттарына ылайык белгиленген кезек тартибинде төлөнөт.  

27. Ар бир банк же уюштуруучу банк (эгер катышуучулар өз укуктарын уюштуруучу банкка өткөрүп беришсе) кредиттин өз убагында кайтарылышын, пайыздардын үзгүлтүксүз төлөнүшүн камсыз кылуу жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык кредитти пайдалануунун бүтүндөй мөөнөтү ичиндеги көйгөйлөрдү баштапкы стадиясында аныктоо максатында, төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүүгө тийиш (анын ичинде жеринде)

- карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө, ага кошо анын чарбалык-финансылык ишине жана түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттенмелерин аткаруусуна (мисалы, өндүрүш көлөмүнө, өндүрүштүк эмес чыгашалар жана жоготуулар, жүгүртүүгө кеткен чыгымдардын, пайданын көлөмүнө, жүгүртүүдөгү өздүк каражаттарынын динамикасына ылайык, товардык-материалдык баалуулуктардын запасынын абалына, жүгүртүү каражаттарына жана учурдагы банктык эсептер боюнча жылышына бул көрсөткүчтөрдү карыз алуучунун кредиттик таржымалына жалпылоо менен) талдоо жүргүзүүгө

- синдикатталган кредитти максаттуу пайдалануу; 

- синдикатталган кредит боюнча камсыздоонун (камсыздоолордун) абалы; 

- гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалы. 

Мониторинг жүргүзүү мезгили да Улуттук банктын талаптарына ылайык белгиленет. 

Эгерде синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууда мониторинг жүргүзүүнүн башка жол-жобосу каралбаса, аталган макулдашууда белгиленген шарттарга ылайык, макулдашылган күндөрдө ар бир банктын катышуусунда жеринде мониторинг жүргүзүлөт. Мында мониторинг жүргүзүү датасы карыз алуучу жана башка банктар менен макулдашылууга тийиш (бул макулдашуунун шарты синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууда чагылдырылышы зарыл). 

28. Банк кредиттик келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган учурда, карыз алуучудан мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.  

29. Эгерде синдикатталган кредит проблемалуу деп таанылса, анда синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууда белгиленген шарттар сакталууга тийиш, алар синдикатталган кредитти кайтарууга багытталуусу жана проблемалуу кредитти төлөө процессине терс таасирин тийгизбеши зарыл.  

30. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун өз убагында жабуу үчүн, ошондой эле реалдуу финансылык абалды жана иш натыйжалуулугун аныктоо үчүн, банктар Улуттук банктын классификациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык өз активдеринин сапатын туруктуу негизде баалоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн кам түзүүгө милдеттүү.