Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 22-июлундагы  

№ 2022-П-33/45-2-(НПА) токтому 

 

 

 

Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана дүйнөдө орун алып турган геосаясий кырдаалга жана алардын ички финансылык рынокко таасирине байланыштуу алгылыксыз жагдайларды жана тобокелдиктерди кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары: 

- алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө алмашуу бюросунун бир календардык күн ичинде бир жолу жүгүртүү каражаттарынын чегинде накталай/накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу суммасын чектесин; 

- отчеттук жумадан кийинки дүйшөмбү күнү саат 14.00гө чейин Улуттук банкка ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жума сайын отчет сунушташсын (кошо тиркелет); 

- отчеттук айдан кийинки иш күнү саат 16:00гө чейин ар бир айдын акыркы иш күнүнө карата абал боюнча алмашуу бюросу менен жүргүзүлгөн операциялар накталай/накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу жөнүндө маалыматты Улуттук банкка сунушташсын. 

2. Алмашуу бюролору: 

- коммерциялык банктар менен алмашуу бюронун чогуу алганда жүгүртүү каражаттарынан ашкан суммада накталай чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды бир календардык күндүн ичинде жүргүзүүгө тыюу салынат; 

- коммерциялык банктар менен накталай/накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктарга контролдук-кассалык машинанын (ККМ) чегин тиркеп, алмашуу бюросунун жетекчисинин кол тамгасын койдуруу менен алмашуу бюросунун мурунку күндүн акырына жана/же күндүн башталышына карата жүгүртүү каражаттарынын көлөмүн тастыктаган маалыматтарды жазуу жүзүндө сунушташсын. 

3. Ушул токтомдун талаптары бузулган учурда коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна лицензияны кайтарып алуу, ошондой эле тиешелүү кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын кошо алганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары көрүлөт. 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат. 

5. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

6. 1-Банктык көзөмөл башкармалыгы, 2-Банктык көзөмөл башкармалыгы, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролору ассоциациясын, алмашуу бюролорун тааныштырсын.  

7. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын «22» июлундагы 

№ 2022-П-33/45-2-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 


Коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен накталай/накталай эмес чет өлкө валютасында операциялары боюнча  

ЖУМАЛЫК ОТЧЕТ 

________________________________________________ 

(коммерциялык банктын аталышы) 

20___-жылдын "___" _________________ 

 

 

Алмашуу бюронун аталышы 

Валюта коду 

Күндүн башталышына карата калдык 

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

Сатып алуу көлөмү 

Операциянын түрү 

(накталай/накталай эмес валютаны алмаштыруу) 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы) 

Сатуу көлөмү 

Операциянын түрү 

(накталай/накталай эмес валютаны алмаштыруу) 

Күн акырына карата калдык 

10