Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 27-июлундагы  

№ 2022-П-12/47-4-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА)  

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) токтому менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

Төраганын милдетин аткаруучу                    З. Чокоев 

  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 27-июлундагы  

№ 2022-П-12/47-4-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк 2020-жылдын  

12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Ушул «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү тартиби, буга чейин Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларында сунушталбаган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, атайын жөнгө салуу режимине катышуучулардын катышуу тартиби жана аларга карата талаптар аныкталат. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул Жободо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин/ Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары Комитет) чечимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, атайын жөнгө салуу режимдеринин иши боюнча укуктук мамилелерге колдонулат. 

Атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык операцияларга тиешелүү операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин аныктоо критерийлери: 

- операцияларды жүргүзүүдө жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо колдонулган технологиялар рынок үчүн принципиалдуу жаңы болуп саналат; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр же атайын жөнгө салуу режиминин алкагында башка субъект тарабынан сунушталбаган технологияларды колдонуу; 

операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө зарылчылыгы буга чейинки ушул сыяктуу продуктуларга салыштырмалуу жакшыртылган болуп саналат жана операцияларды жүргүзүүнүн натыйжалуулугун кыйла жогорулатат; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр банктык рынокто субъекттер тарабынан буга чейин колдонулган эмес же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен чектелген; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбайт жана операцияларды жүргүзүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. 

Тестирлөө үчүн сунушталган операциянын жана (же) кызмат көрсөтүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келиши атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн милдеттүү болуп саналат.»; 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү ыктыярдуулук, ачык-айкындуулук, отчеттуулуктун теңдиги жана атайын жөнгө салуу режиминин бардык катышуучуларына карата чектөөлөрдү киргизүү принциптеринин негизинде, ошондой эле банк иши жана натыйжалуу көзөмөл боюнча эл аралык стандарттардын сунуштарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мында атайын жөнгө салуу режимин ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн Борбордук банк катары Улуттук банктын ишинин негизги максаттарынын, операцияларынын жана принциптеринин өзгөрүшүнө таасирин тийгизбөөгө тийиш. 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында айрым юридикалык жактарга атайын жөнгө салуу режимине катышуунун кыйла пайдалуу шарттарын камсыз кылган жеңилдиктерди берүүгө жол берилбейт. 

Тобокелдиктерди тескөө ыкмалары катышуучунун иш масштабына жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү же технологияларды киргизүүгө байланыштуу тобокелдиктерге шайкеш келүүгө тийиш.»; 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары сакталышына Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгерде болсо) жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

Мында атайын жөнгө салуу режимине кирүү үчүн Билдирме ээси/Кошо билдирүүчү (эгер болсо) катары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак саналат, ал төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- Билдирме берүүчүгө (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата билдирме бергенге чейинки акыркы  

3 (үч) жыл ичинде колдонулган, аткарылбаган таасир этүү чараларынын жоктугу; 

- Билдирме ээси жоюу же банкроттук процессинде же атайын режимде болбоого тийиш; 

- Билдирме ээсине (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата соттун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салуунун жоктугу; 

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) уюштуруучуларынын курамында оффшордук чөлкөмдө катталган аффилирленген жактардын же болбосо оффшордук чөлкөмдө жашаган же тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук чөлкөмдө катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдардын жоктугу; 

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) финансылык абалы канааттандырарлык болушу зарыл (же Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана жүргүзүү үчүн жетиштүү финансылык жана башка ресурстарга ээ болууга милдеттүү.»; 

- 6-пункту 9-абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Тестирлөө учурунда техникалык тапшырманын мазмуну өзгөрүлгүс болууга тийиш.»; 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Билдирменин курамына төмөнкүлөр кирет: 

ушул Жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча Билдирме берүүчүнүн бланкында таризделген, ушул Жобого ылайык ага тиркелген документтердин тизмеги, жетекчинин колу коюлган жана Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, атайын жөнгө салуу режимин түзүү өтүнүчү менен берилген арыз, же болбосо, анын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген электрондук формасы; 

- ушул Жобого карата 2-тиркеменин формасы боюнча Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) жөнүндө маалымат жана Кошо билдирме берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу; 

- ушул Жобого карата 3-тиркеменин формасы боюнча операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымат, аны тестирлөө Билдирме ээси тарабынан сунушталат; 

- жарыяланган уставдык капиталдын суммасын көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктоону алуу үчүн реквизиттери менен Билдирме ээсинин/Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же электрондук формалары; 

- Билдирме ээсинин акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик/финансылык отчету; 

- сунушталган операцияны жана кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүдөн күтүлүүчү натыйжалардын болжолдуу экономикалык эсептөөлөрү

Уюштуруу документтерин жана бухгалтердик/финансылык отчет берүү талабы Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары иш алып барган жактарга таркатылбайт.»; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалыматта (3-тиркеме) болжолдонгон операциянын, кызмат көрсөтүүнүн/технологиянын мазмуну жана маңызы кыскача көрсөтүлүшү зарыл. Мында операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө толук маалымат эркин формада, анын ичинде графикалык жана схемалык формаларда кошумча тиркелүүгө тийиш.»; 

- 10-пунктунун 4-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде Улуттук банк тарабынан алынган документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе жана/же аларды карап чыгуу жана алар боюнча чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү маалыматты камтыбаса, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банк белгиленген талаптарды канааттандырган документтерди алган күндөн тартып эсептеле баштайт.»; 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Эгерде Билдирмени кароонун жыйынтыгы боюнча Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги, же болбосо төмөнкүлөр аныкталса, анда анын дарегине атайын жөнгө салуу режимин түзүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлгөн кат жөнөтүлөт: 

- банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана/же кызыкчылыктарын бузуу бөлүгүндөгү олуттуу тобокелдиктер; 

- олуттуу операциялык тобокелдиктер жана террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу тобокелдиктер; 

- берилген документтерде так эмес маалыматтардын болушу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сунушталган же пайдаланылган окшош банктык операция же кызмат көрсөтүү болгон учурда; 

- тестирлөө үчүн сунушталган кызмат көрсөтүүнү/операцияны ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келбейт деп таануу.»; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Тиешелүү комитет же комитеттер Билдирменин курамына киргизилген, каралган документтердин негизинде төмөнкү чечимдерди кабыл алат/алышат: 

- атайын жөнгө салуу режимин түзүү же түзүүдөн баш тартуу жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банк операцияларынын чектелген тизмесин жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин чектөөлөрүн аныктоо жөнүндө

- болжолдуу тестирлөөнү өткөрүүнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн негизинде ийгиликке баа берүү критерийлерин бекитүү жөнүндө

- тестирлөө учурунда кызмат көрсөтүү шарттары жана/же катышуучулардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын айрым талаптарын аткаруудан толук/жарым-жартылай бошотулушу тууралуу; 

- атайын жөнгө салуу режиминин аракетин токтотуу шарттарын белгилөө тууралуу; 

- түзүмдүк бөлүмгө атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти жүктөө жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө

- тестирлөө үчүн сунушталган операциянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна экономикалык ченемдер боюнча кошумча талаптарды белгилөө жөнүндө

- ийгиликтүү тестирлөөдө лицензиянын мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин узартуу жөнүндө.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Эгерде банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө техникалык тапшырмага ылайык, лицензия алган учурдан тартып 6 (алты) ай ичинде башталбаса, лицензиянын аракети токтотулат. Лицензиянын аракети токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусуна жөнөтүлөт.»; 

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Лицензиянын мөөнөтү аяктаганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө же техникалык тапшырмада белгиленген тестирлөөнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү менен критерийлерге жеткен учурда, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө отчетту (мындан ары отчет) Улуттук банкка жөнөтөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- техникалык тапшырманын шарттарында көрсөтүлгөн жана дал келбестиктин (бар болсо) себептерине ылайык тестирлөөнүн жүрүшүндө жетишилген сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат; 

- тестирлөөнүн жүрүшүндө атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусу туш болгон көйгөйлөрдү жана көрүлгөн чараларды баяндоо; 

- керектөөчүлөр тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн талап кылынышын баалоо; 

- кызмат көрсөтүүнү андан ары сунуштоого тоскоол болушу мүмкүн болгон ченемдик укуктук актылардын жоболорун көрсөтүү

- керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүгө байланыштуу даттануу фактылары жөнүндө маалыматтар; 

- тестирлөөнүн жүрүшүндө орун алган тобокелдиктер жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтар; 

- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык толтурулган форма; 

- банк операцияларын андан ары ченемдик жөнгө салуу боюнча сунуштар.».- «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун 2-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

БИЛДИРМЕ ЭЭСИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ 

Уюмдун толук аталышы 

  

Уюмдун юридикалык жана айкын дареги 

  

Уюмдун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери 

  

Күбөлүктүн берилген датасы 

  

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

  

Уюмдун веб-сайты (эгер болсо) 

  

Башка мамлекеттик органдардан башка уруксат берүүчү документтердин болушу 

  

Билдирме ээсинин байланыш адамынын аты-жөнү жана кызматы 

  

Билдирме ээсинин байланыш адамынын электрондук дареги 

  

Билдирме ээсинин байланыш адамынын телефону 

  

КОШО БИЛДИРМЕ БЕРҮҮЧҮ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ 

Уюмдун толук аталышы 

  

Уюмдун юридикалык жана айкын дареги 

  

Уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери 

  

Күбөлүктүн берилген датасы 

  

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

  

Уюмдун веб-сайты 

  

 

 

»;  

 

 

 

- «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун 3-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

ИННОВАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ/ТЕХНОЛОГИЯ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ 

Сунушталган инновациялык кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө кеңири маалымат (графикалык/схемалык форма тиркелет). 

Банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат 

Инновациялык кызмат көрсөтүүнүн/инновациялык технологияларды ишке ашыруунун бизнес-процессин чагылдыруу  

Бизнес-процессти чагылдыруу, ошондой эле бизнес-процесстин графикалык формасы тиркелет. 

Рынок үчүн кызмат көрсөтүү/технологиянын жаңылыгын чагылдыруу. Кандай социалдык жана экономикалык оң натыйжа күтүлөт? 

Сунушталып жаткан операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн рынокто сунушталып жаткан башка банктык операциялардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, же болбосо аларды сунуштоонун жаңы технологиясынан айырмасы. Сандык көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен, кызмат көрсөтүүнүн оң натыйжасын белгилөө 

Локалдык рыноктон (эгер болсо) тышкары бирдей инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоо тууралуу маалымат же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү 

Локалдык рыноктон тышкары бирдей банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу маалымат же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү 

Атайын жөнгө салуу режимин түзбөстөн, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого тоскоолдук кылган Улуттук банктын ченемдик актыларынын жоболору. 

Ченемдик документтерге шилтемелер менен тиешелүү ченемдик укуктук актылардан үзүндүлөр 

Атайын жөнгө салуу режимин түзбөстөн, инновациялык кызмат көрсөтүүнү/технологияны сунуштоого тоскоолдук кылган башка жагдайлар 

Болгон учурда көрсөтүлөт 

Инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого/ишке ашырууга байланышкан тобокелдиктер тууралуу маалымат 

Тобокелдик тууралуу маалымат: 

- тобокелдик деңгээли (төмөн, орто, жогору, кооптуу); 

- тобокелдикти минималдаштыруу ыкмалары. 

Ар бир тобокелдик жогоруда көрсөтүлгөн түзүм боюнча өзүнчө чагылдырылышы зарыл, мында маалымат коопсуздугу боюнча тобокелдик аларды минималдаштыруу же жөнгө салуу боюнча сунушталган чаралары менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

Тесттин алкагында белгилениши мүмкүн болгон чектөөлөрдүн тизмеги же толтурула турган боштуктар. 

Потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн тестирлөөнүн алкагында белгиленүүчү чектөөлөр тууралуу маалымат 

Инновациялык кызмат көрсөтүү/технология үчүн техникалык даярдык тууралуу маалымат  

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды эске алуу менен техникалык даярдык жана колдонулган технология тууралуу маалымат 

Тесттин узактыгы 

12 айдан ашык эмес 

Тесттин ийгиликтүүлүгү боюнча критерийлердин тизмеги 

Тесттин ийгилиги баалануучу критерийлер жөнүндө маалымат  

Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн ортосунда функцияларды бөлүштүрүү боюнча сунуштар тууралуу маалымат (эгер болсо) 

Кошо билдирме берүүчүнүн функциялары боюнча кыскача маалымат (эгер болсо) 

Тестирлөөнү токтотуунун тартиби 

Кардарларды тейлөө же келишимдерди бузуу, каражаттарды кайтарып берүү тартиби жана тестирлөө аяктагандан кийинки башка аракеттер 

»; 

- «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун 6-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө укугуна берилген лицензияга  

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА 

__________________________________________________________________   

(юридикалык жактын фирмалык толук аталышы, мындан ары - Катышуучу) 

1. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы жана баяндалышы. 

...... 

2. Банктык операцияларды тестирлөө укугуна атайын жөнгө салуу режиминин алкагындагы чектөөлөр 

…… 

3. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна карата киргизилүүчү милдеттенмелердин тизмеги: 

…… 

4. Тестирлөөнүн ийгиликтүү болушуна баа берүү үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр камтылган критерийлердин тизмеги 

5. Отчеттуулук формасы 

…… 

6. Тестирлөө токтотулган учурда атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун аракеттеринин тартиби: 

.…… 

Тестирлөө токтотулган учурда атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун аракеттер тартиби: 

.…… 

 

Ушул техникалык тапшырма лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

   

Төраганын орун басары / Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

  

___________________________ Аты-жөнү, кол тамгасы 

Улуттук банктын мөөрү 

».