Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 10-августундагы  

№2022-П-14/50-6-(ПС) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-январындагы №2018-П-14/2-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-январындагы №2018-П-14/2-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «10» августундагы 

№2022-П-14/50-6-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-январындагы №2018-П-14/2-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү  тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-январындагы №2018-П-14/2-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү  тууралуу» токтомуна  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Комитет, ушул жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасын методология жана өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (оверсайт) чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоого, жөнгө салууга жана аларды көзөмөлдөөгө ыйгарым укук чегерилген, туруктуу иштеген коллегиалдуу орган болуп саналат.»

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Комитет Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү багыттарын, төлөм системасынын ишин өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (оверсайт), төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча максаттарды жана милдеттерди аныктайт, ошондой эле Комитеттин чечимдеринин ишке ашырылышын/аткарылышын контролдойт.»; 

- 7-пунктунун: 

экинчи абзацы «өнүктүрүү багыттары» деген сөздөрдөн кийин «, инновациялык төлөм технологиялары» деген сөздөр менен толукталсын; 

он биринчи абзацы «өнүктүрүү багыттарды» деген сөздөрдөн кийин «, инновациялык төлөм технологияларын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 8-пунктунун: 

экинчи абзацы «колдонуу мөөнөтүн токтотуу» деген сөздөр «кайтарып алуу» деген сөз менен алмаштырылсын; 

2- пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузган учурда, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечим кабыл алуу;»; 

4-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензияларды берүү, убактылуу токтотуу, узартуу, кайтарып алуу жана аракетин токтотуу боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу.»; 

- 9-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«9. Төлөм системалары чөйрөсүндө стратегиялык максаттарды аныктоонун жана ченемдик документтерди өркүндөтүүнүн алкагында Комитет ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:» 

төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:  

«- төлөм системаларын жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик программалардын, концепциялардын, ченемдик документтердин долбоорлорун зарылчылыкка жараша карайт жана макулдашат;» 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишин көзөмөлдөөнүн (оверсайт) алкагында Комитет төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат: 

- Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (оверсайт) боюнча иштерин координациялоо;    

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин тизмесин кароо жана бекитүү;   

- төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) ыкмаларын бекитүү;    

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын өзүн-өзү баалоо натыйжаларын кароо жана бекитүү;    

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин ишине карата талаптарды иштеп чыгуу жана координациялоо; 

- төлөм системаларынын катышуучуларына карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда банктык көзөмөл органдары жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети менен өз ара иш алып баруу;    

- Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) жагында өз ара иш алып баруусун координациялоо.»; 

- 11-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын

- 12 -пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүүнүн алкагында:    

- Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензиясын алуу үчүн өтүнүч ээси тарабынан берилген документтердин негизинде, анын ичинде лицензия берүү алдындагы текшерүүнүн натыйжасы боюнча корутундусун кароо;    

- төлөм системасынын операторуна жана/же төлөм уюмуна лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу боюнча чечим кабыл алуу;    

- уюштуруучунун/катышуучунун тиешелүү арызынын/билдирүүсүнүн негизинде төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин токтотуу жөнүндө чечимди кошо алганда, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 12-1-пункту менен толукталсын: 

«12-1. «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык төлөм системаларына тиешелүү маселелер боюнча атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Комитеттин функциясына төмөнкүлөр кирет:    

- «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык төлөм системаларына тиешелүү маселелер боюнча атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензия алуу үчүн өтүнүч ээсинин берген документтери боюнча Төлөм системалары башкармалыгынын корутундусун кароо; 

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында өтүнүч ээсине лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу боюнча чечим кабыл алуу;    

Төлөм системалары башкармалыгынын корутундусун кароо жана лицензиат тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында аныкталган бузуулардан улам атайын жөнгө алуу режиминин алкагында лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, кайтарып алуу жана аракетин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

Төлөм системалары башкармалыгынын корутундусун кароо жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, анын ичинде инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

- лицензиаттын/уюштуруучунун/катышуучунун тиешелүү арызынын /билдирмесинин негизинде лицензияны колдонуу мөөнөтүн токтотуу жөнүндө чечимди кошо алганда, лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу.»; 

- 13-пунктунун 2-абзацындагы «координациялоо жана иштеп чыгуу» деген сөздөр «зарыл болгон учурда координациялоо жана иштеп чыгуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;  

- 14-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Комитет төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат: 

а) төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата акчалай айып пул белгилөө

б) төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын иштен четтетүү же алмаштыруу; 

в) лицензиянын алкагында төлөмдөрдү кабыл алууну чектөө жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүнү чектөө

г) төмөнкү түрдөгү атайын режим киргизүү

- тике банктык көзөмөл; 

- убактылуу администрация; 

д) лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

е) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензияны кайтарып алуу; 

ж) төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын саясаттарын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү жөнүндө талаптар; 

з) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү».»; 

- 23-пунктунун д) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«д) түзүмдүк бөлүмдөрдүн материалдарынын Комитеттин Регламентине ылайык даярдалышын жана таризделишин контролдоо;»; 

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Комитеттин иши бекитилген күн тартибинин негизинде отурум формасында (түз катышуу, онлайн же сурамжылоо ыкмасы менен) ишке ашырылат. Кезектеги жана кезексиз отурумдарды өткөрүү материалдарында чечим кабыл алууга жетиштүү документтер камтылууга тийиш.»; 

- 26-пунктунун төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын күндөлүк абалы жөнүндө отчет.»; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү Комитеттин кароосуна Комитеттин Регламентине ылайык документтер топтомун сунуштайт, анда тиешелүү башкармалыктын төраганын жана Комитеттин мүчөлөрүнүн атына жазылган, Комитеттин отурумунун күн тартибинин долбоорунда көрсөтүлгөн ар бир маселе өз-өзүнчө, ошол маселе боюнча абалды иликтөө жана баалоо жөнүндө маалымат кыскача жана ырааттуу чагылдырылган кызматтык кат камтылууга тийиш. Эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизиле турган болсо, салыштырма таблица кошо сунушталуусу зарыл.»; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Дароо чечим кабыл алууну талап кылган Комитеттин кезексиз (пландан тышкаркы) отурумдары Комитеттин төрагасынын же анын милдетин аткарган адамдын же болбосо Комитеттин мүчөлөрүнүн биринин демилгеси боюнча отурум өткөрүлүүчү күндү жана убакытты маалымдоо менен өткөрүлүшү мүмкүн. Кезексиз отурумдун жүрүшүндө ушул жобого ылайык Комитеттин компетенциясына кирген жана кечиктирүүсүз дароо чечим кабыл алууну талап кылган кандай болбосун маселе каралышы мүмкүн.»; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Комитеттин отуруму протокол менен таризделет, протокол Комитеттин мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин ага Комитеттин төрагасы, Комитеттин мүчөлөрү жана Комитеттин катчысы тарабынан кол коюлат. Протокол түзүү жол-жобосу менен тартиби Комитеттин Регламенти менен аныкталат. Протокол Комитет отурум өткөргөндөн кийин 5 жумуш күнү ичинде таризделет жана макулдашылат.»; 

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Комитеттин чечими менен Улуттук банктын ишке тартылган түзүмдүк бөлүмдөрү, ал эми зарыл учурларда төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, коммерциялык банктар (төлөм системаларынын катышуучулары) Комитеттин Регламентине ылайык Комитеттин отурумунан толтурулган протоколдун көчүрмөсү, Комитеттин токтомунун көчүрмөсү же Комитеттин токтому түрүндө тааныштырылат.»; 

- 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«34. Комитеттин протоколдук тапшырмалары Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Протоколдук тапшырма Комитеттин Регламентине ылайык таризделет, ага Комитеттин катчысы кол коёт жана протоколдук тапшырма Комитеттин отурумунда маселени кароону демилгелеген жак тарабынан түзүлгөн жөнөтүү көрсөткүчүнө ылайык Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, төлөм системаларынын катышуучуларына тааныштырылат.».