Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 29-августундагы  

№ 2022-П-14/54-5-(ПС) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы:  

токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 29 - августундагы 

№ 2022-П-14/54-5-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөрүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

1) 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана (же) алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банк жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузуу саналат. Улуттук банк ушул Жободо каралган бузуулар аныкталган учурда, төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана (же) алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот.»; 

2) 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан токтом түрүндө кабыл алынат.  

Жазма буйрук түрүндө таасир этүү чарасын колдонуу чечимин төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдеттерин аткарган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги кабыл алат.»; 

3) 9-пунктунун: 

- бешинчи абзацындагы «инспектордук текшерүү учурунда техникалык документтер» деген сөздөрдөн кийин «жана башка суралган маалыматтар/документтер берилбесе же болбосо анык эмес/толук эмес маалыматтар/документтер берилсе» деген сөздөр менен толукталсын; 

- жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- тогузунчу абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

4) Жобо төмөнкү мазмундагы 9-1-пункту менен толукталсын:  

«9-1. Жазма буйрукта мыйзам бузуу фактысы көрсөтүлүүгө, төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жана/же алардын кызмат адамдары тарабынан бузууга жол берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так шилтемелер, ошондой эле аларды жоюу мөөнөтү камтылууга тийиш.»; 

5) 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. 

Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм алардын активдеринин баланстык наркынан (акыркы отчеттук датага карата) 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө төмөнкү учурларда белгиленет: 

- Улуттук банктын жазма буйругун белгиленген мөөнөттө аткарбаса; 

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай ичинде 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту же маалыматты сунуштаса; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу; 

- инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө

Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып бир ай мөөнөт ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу өндүрүшүнүн чегинде карызды мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»; 

6) 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына айыптык төлөм белгилөө

Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына төлөмдөрдүн ушул уюмдагы бардык түрлөрүн кошо алганда, жылдык орточо сый акыдан ашпаган өлчөмдөгү (кызматтык эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) айыптык төлөм төмөнкү учурларда белгиленет: 

- төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын лицензиясынын иши токтотулушуна/кайтарылып алынышына, анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын иш-аракеттери же аракеттенбей коюусу жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- Улуттук банктын жазма буйруктарын аткарбаган учурда жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай ичинде 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса жылдык орточо сый акынын 30 пайызы өлчөмүндө

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берсе жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

Кызмат адамынын орточо жылдык сый акы өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

B/3/29,6*365, мында:  

В Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү салык төлөмдөрүн жана социалдык чегерүүлөрдү алып салуу менен төлөөнүн бардык түрлөрүн (кызматтык эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) кошо алганда, кызмат адамынын акыркы үч ай үчүн сый акысы;  

3 айлардын саны;  

29,6 календардык күндөрдүн орточо айлык саны;  

365 бир жыл ичиндеги күндөрдүн саны. 

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып бир ай мөөнөт ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу өндүрүшүнүн чегинде айыптык төлөмдү мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»; 

7) 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Улугтук банк төлөм системаларынын операторлоруна жана/же төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын укук Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузууларга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. Ушул учурда айыптык төлөмдү белгилөө чечими Кыргыз Республикасынын укук Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кабыл алынат. Бир эле укук бузууга жол берүү үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт.»; 

8) 23-пунктундагы биринчи сүйлөмүндө «, реестрге бул тууралуу маалымат киргизилген жана төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдалган» деген сөздөр алып салынсын; 

9) 31-пунктундагы биринчи абзацында «же өз ыктыяры боюнча жоюлган» деген сөздөр алып салынсын; 

10) 34-пунктундагы «жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына» деген сөздөр алып салынсын.