Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 14-сентябрындагы  

№ 2022-П-14/57-1-(ПС) Токтому 

 

 

 

 

 

 

«Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо бекитилсин (тиркелет)

 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтому; 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун: 

токтомдун 1-пунктунун онунчу абзацы; 

токтомго карата тиркеменин 9-пункту; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-4-(НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

 

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 14-сентябрындагы  

№ 2022-П-14/57-1-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө 

НУСКОО 

1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» ушул нускоодо (мындан ары  Нускоо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары  Улуттук банк) төмөнкү ишкердикти жүзөгө ашырууга укук чегерген лицензиясына/лицензияларына ээ болгон төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (мындан ары  көзөмөлгө алынган уюмдар) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу максаттары, түрлөрү жана тартиби белгиленген: 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо; 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюм Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген шартта ага карата таасир этүү чараларын колдонуу, Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан белгиленген талаптар сакталгандыгын көзөмөлдөө боюнча ишинин бир бөлүгүн түзөт. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын коопсуздугун, натыйжалуулугун жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында, көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталгандыгын көзөмөлдөйт. 

4. Ушул Нускоонун максаттарында төмөнкү кыскартылган белгилөөлөр жана аныктамалар колдонулат: 

- текшерүү тобу  текшерүүгө жолдомодо көрсөтүлгөн Улуттук банктын кызматкерлеринен түзүлгөн адамдардын тобу, анын ыйгарым укуктарына ушул Нускоодо аныкталгандай көзөмөлгө алынган уюмдун ишин инспектордук текшерүү боюнча милдеттерди жана функцияларды аткаруу кирет; 

- ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм  төлөм системаларынын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү

- кызмат адамдар  көзөмөлгө алынган уюмдун ишине жалпы жана учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырган анын башкаруунун байкоо, аткаруучу органдарынын мүчөлөрү жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген адамдары; 

- башкаруунун байкоо органы  көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруу органы, ал уюмдун ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун уюштуруу документтерине ылайык көзөмөлгө алынган уюмдун жогорку башкаруу органына отчет берип турат; 

- башкаруунун аткаруу органы  көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруу органы, ал уюмдун ишине учурда жетекчилик кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун уюштуруу документтерине ылайык көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун байкоо (эгер болсо) же жогорку башкаруу органына отчет берип турат. 

5. Инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Улуттук банк/текшерүү тобу көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине, алардын отчеттуулугуна, көзөмөлгө алынган уюмдар менен келишимдик мамилелердин чегинде агенттерине, субагенттерине, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга жана башка контрагенттерге, туунду уюмдарга тиешелүү болгон ар кандай маалыматты суроого жана алууга, ошондой эле алынган маалыматтар боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга жана зарыл болгон учурда жетекчинин/башка ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы жана көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн алууга укуктуу. 

Көзөмөлгө алынган уюм туунду уюмдар боюнча төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берет: 

- уюштуруу документтери; 

- финансылык отчеттор; 

- жетекчи тууралуу маалымат. 

Талап кылынган маалымат Улуттук банктын/текшерүү тобунун суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык берилүүгө тийиш. 

2-ГЛАВА. ИНСПЕКТОРДУК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ МАКСАТТАРЫ 

6. Көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

- көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалына жана башкаруу процессинин сапатына баа берүү

- көзөмөлгө алынган уюмда төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишине коркунуч жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн жана алардын сакталышын аныктоо; 

- көзөмөлгө алынган уюм тарабынан Улуттук банкка сунушталган финансылык жана башка отчеттордун/маалыматтардын тактыгына жана аныктыгына баа берүү

- аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, көзөмөлгө алынган уюмдун иштөө абалын жакшыртуу жана андагы тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурларда  эскертүүөнгө салуу чараларын жана/же таасир этүү чараларын иштеп чыгуу; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун мурдагы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жана/же тышкы көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө багытталган сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды аткаруусуна баа берүү

3-ГЛАВА. ИНСПЕКТОРДУК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮН ТҮРЛӨРҮ 

7. Инспектордук текшерүүлөр алдыга коюлган милдеттерге жараша комплекстүү жана максаттуу болушу мүмкүн. 

8. Көзөмөлгө алынган уюмдардын инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү планы ар бир жылга түзүлөт жана ал ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү же анын милдетин аткарган кызмат адамы тарабынан бекитилет. 

Инспектордук текшерүүлөрдү пландаштыруу төмөнкү негизги критерийлерди (бирок булар менен гана чектелбестен) эске алуу менен жүргүзүлөт: 

- Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) саясатына ылайык аныкталган төлөм системасынын маанилүүлүк даражасын; 

- уставдык капиталдын өлчөмүн; 

- бюджеттик төлөмдөрдү кабыл алуусун; 

- буга чейин жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдү

- жазма буйруктардын жана башка таасир этүү чараларынын аткарылышын жана башкаларды. 

Инспектордук текшерүүлөрдүн планына зарылчылыкка жараша өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. 

9. Комплекстүү текшерүү көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалын, менеджментинин сапатын, көзөмөлгө алынган уюмдун анын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосун, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун бекемдигине жана туруктуулугуна коркунуч келтире турган тобокелдиктерди, кемчиликтерди жана чабал жактарын аныктайт. 

10. Максаттуу текшерүүдө көзөмөлгө алынган уюмдун ишинин бир же бир нече түрүн текшерүү каралган. 

11. Билдирүү тартибине жараша текшерүүлөр планга ылайык (көзөмөлгө алынган уюмга алдын ала билдирүү менен) жана күтүүсүз (жүргүзүлө турган текшерүү тууралуу алдын ала билдирбестен) болушу мүмкүн. 

12. Максаттуу текшерүүлөр күтүүсүз (пландан тышкары) мүнөзгө ээ болушу мүмкүн. Күтүүсүз текшерүү жүргүзүлгөн учурда текшерүүгө жолдомо текшерүү тобу келген учурда түздөн-түз көзөмөлгө алынган уюмга көрсөтүлөт. 

13. Көзөмөлгө алынган уюмдун ишин инспектордук текшерүү инспектордук текшерүүгө жолдомонун (мындан ары  текшерүүгө жолдомо) негизинде жүргүзүлөт. Текшерүүгө жолдомого төмөнкүлөр кол коюуга тийиш: 

- Улуттук банктын төрагасы же анын милдетин аткаруучу; 

- ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескеген Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү же анын милдетин аткаруучу; 

- көзөмөлгө алынган уюм жайгашкан жер боюнча Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси же анын милдетин аткаруучу. 

14. Күтүүсүз максаттуу инспектордук текшерүүлөр төмөнкү жагдайлар орун алган учурда ушул Нускоонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын биринин чечиминин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 

- төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн бузууга жол берилгендиги аныкталса; 

- көзөмөлгө алынган уюм алдамчылыкка жол берсе, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз ишти жүргүзүү, анын ичинде жарандар, уюмдар тарабынан берилген маалыматтар боюнча да ушундай фактылар бар болсо; 

- сунушталган отчеттун негизинде көзөмөлгө алынган уюмдун финансылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болгон терс тенденциялар аныкталса, же болбосо Улуттук банкка сунушталган отчеттордун/маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына шектенүүлөр орун алса; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жагдайлар орун алса; 

- Улуттук банктын талаптары жана/же чечимдери аткарылбаса; 

- көзөмөлгө алынган уюм тарабынан аткарылышын текшерүү максатында, Улуттук банк тарабынан таасир этүү чарасын колдонуунун алкагында жазма буйрук/башка талап болсо; 

- төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүнүн бузулушуна жана/же пайдалануучулар алдында милдеттенмелердин аткарылбашына алып келиши мүмкүн болгон, көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери, кызмат адамдары ортосунда пикир келишпестик (чыр-чатак) тууралуу (көзөмөлгө алынган уюмдарга байланыштуу) жарандардын/уюмдардын маалыматы/билдирүүсү/кайрылуусу болсо; 

- төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүнүн бузулушуна жана/же пайдалануучулар алдында милдеттенмелердин аткарылбашына алып келиши мүмкүн болгон маалыматтар/билдирүүлөр/окуялар болсо; 

- көзөмөлгө алынган уюмдардын мыйзамсыз иши жөнүндө укук коргоо органдары тарабынан маалымат болсо. 

4-ГЛАВА. ИНСПЕКТОРДУК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

15. Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине план чегинде инспектордук (комплекстүү/максаттуу) текшерүүлөрдү, ушул Нускоонун 8-пунктуна ылайык, көзөмөлгө алынган инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн бекитилген планына ылайык эки жылда бир гана жолу жүргүзөт

16. План чегинде же күтүүсүз инспектордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн кеминде эки адамдан турган текшерүү тобу түзүлөт, ага Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана/же областтык башкармалыгынын/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кириши мүмкүн, мында текшерүү тобунун жетекчиси жана анын мүчөсүүчөлөрү дайындалат (мындан ары  Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү). Көзөмөлгө алынган уюмга инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укугун тастыктаган документ болуп, ушул Нускоонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн жактар тарабынан кол коюлган текшерүүгө жолдомо эсептелет

17. Инспектордук текшерүү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 20 (жыйырма) жумуш күндөн ашпайт

Текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан зарылчылык болгон учурда, текшерүүнүн мөөнөтү ушул Нускоонун 26-пунктунда белгиленген тартипте 30 (отуз) жумуш күнүнө чейин узартылышы мүмкүн. 

18. Текшерүүгө жолдомо Улуттук банк тарабынан ушул Нускоого карата 1-тиркемеге ылайык форма боюнча таризделет жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт: 

- текшерүү башталган күнү тууралуу; 

- текшерүүнүн узактыгы тууралуу (жумуш күнү менен берилген); 

текшерилүүгө тийиш болгон маселелер тууралуу (комплекстүү текшерүүдөн тышкары); 

- текшерүү мезгили тууралуу; 

- текшерүү тобунун жеке курамы жөнүндө

19. Эгерде жолдомодо көрсөтүлгөн маселелерди практикалык изилдөөдө маселелерди толук кандуу изилдөө үчүн көзөмөлгө алынган уюмдун ишинин мурунку же кечирээк мезгилин камтуу зарылчылыгы келип чыкса, текшерүү тобу тарабынан көзөмөлгө алынган уюмдан көрсөтүлгөн мөөнөттөн тышкары түзүлгөн документтерди/маалыматтарды берүү талап кылынышы мүмкүн. 

20. Эгерде инспектордук текшерүү план боюнча жүргүзүлсө, анда текшерүүнүн жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмга текшерүү предмети боюнча зарыл документтердин/маалыматтардын/системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн окуу режиминде берүүгө тизмекти кошо тиркөө менен (ушул Нускоого карата 2-тиркемеде берилген форма боюнча) текшерүү башталганга чейинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен билдирүү катын жөнөтүүгө тийиш, ал эми текшерүүгө жолдомо уюмга келген учурда көрсөтүлөт

Ушул Нускоого карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн документтердин/ маалыматтардын/системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүнүн тизмеги боло турган текшерүү мөөнөттөрүнө, милдеттерине, максаттарына жана көзөмөлгө алынган уюмдун иш өзгөчөлүгүнө жараша ар бир конкреттүү учурларда өзгөрүшү мүмкүн. 

21. Текшерүүгө жолдомодо көрсөтүлгөн дата же Улуттук банктын текшерүү тобу тарабынан көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине/башка ыйгарым укуктуу адамына текшерүүгө жолдомо берилген күн текшерүү башталган күн болуп саналат. 

22. Текшерүүгө жолдомонун түп нускасы көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине/ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат; ал эми көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин/ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган тапшырылган күнү жана убактысы көрсөтүлгөн жолдомонун көчүрмөсү көзөмөлгө алынган уюм тарабынан Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тапшырылат. 

23. Текшерүүгө келгенде текшерүү тобунун жетекчиси төмөнкү максаттарда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси (же анын милдетин аткарган адам) менен жолугушат: 

- текшерүүгө жолдомону тапшырууга, ошондой эле текшерүү чөйрөсү жана милдеттери жөнүндө билдирүүгө

- алдыдагы текшерүү процессин талкуулоого; 

- анын/алардын иш участокторун көрсөтүү менен текшерүү тобунун мүчөсүүчөлөрү менен тааныштырууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара иш алып баруу ыкмаларын аныктоого; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлдөрүнүн текшерүү предмети боюнча суроолоруна жооп берүүгө

24. Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм ушул нускоонун 20-пунктуна ылайык жөнөтүлгөн билдирүү катында көрсөтүлгөн документтерди/ маалыматтарды сунуштоого/системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Белгиленген документтердин/маалыматтардын/системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу ушул Нускоонун 32-пунктуна ылайык инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыларды жана/же окуяларды ырастоо жөнүндө акт менен таризделет. 

25. Текшерүү мезгил аралыгында көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна талаптагыдай жабдылган жумуш орду менен өзүнчө жай бөлүп берүүгө милдеттүү. Бөлүнүп берилген жайда аудио/видео-жаздыруучу каражаттар болбоого тийиш. Эгерде сунушталган жайда аудио/видео-жаздыруучу каражаттар орнотулган болсо, көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна текшерүү мезгил аралыгында ошол жайда аудио/видео-жаздыруулар жүргүзүлбөй тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме берет. 

26. Текшерүү мөөнөтүн узартуу, текшерүү тобунун айрым мүчөлөрүн толуктоо/алмаштыруу жана/же текшерүүгө кошумча маселелерди киргизүү зарыл болгон учурда текшерүүгө жолдомого толуктоо таризделет, ал дагы күчүнө кирген күнү көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине/башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат (текшерүүгө жолдомого кошумчанын күчүнө кирген күнү ага кол коюлган жана Улуттук банкта каттоодон өткөн күн болуп саналат). Текшерүүгө жолдомого толуктоо анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

27. Инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюм аларды иликтеп чыгуусу үчүн текшерүү тобуна документтердин түп нускаларын сунуштайт. Объективдүү себептер боюнча анын түп нускасын сунуштоо мүмкүн эмес болгон өзгөчө учурларда гана көзөмөлгө алынган уюм жазуу жүзүндө документтердин түп нускаларын сунуштоо мүмкүн эместигинин себептерин көрсөтүү менен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн сунуштайт. 

Текшерүү тобунун талабы боюнча көзөмөлгө алынган уюм талап кылынган документтердин электрондук версияларын (болгон учурда) берет. 

28. Инспектордук текшерүү учурунда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана персоналы текшерүү тобуна ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө тийиш. 

29. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу: 

- көзөмөлгө алынган уюм ишкердикти жүзөгө ашырган жайларга эркин кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун документтерин жана маалыматтарын өз убагында алууга жана текшерүүгө, анын ичинде көзөмөлгө алынган уюмдун агенттеринин/субагенттеринин ишин текшерүүгө укуктуу. Бул учурда көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна агенттен/субагенттен маалыматтарды алуу, жайларына жана системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш; 

- зарыл учурларда инспектордук текшерүүнүн материалдарына кошо тиркөө үчүн көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн алууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен анын ишине тиешелүү маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрүн алууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги же башка ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашуу боюнча талап кылынган документтерди даярдаган жана сунуштаган көзөмөлгө алынган уюмдун кызматкерлери менен текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди түздөн-түз талкуулоого; 

- төлөм системасынын натыйжалуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды баалоо үчүн документтерди жана маалыматтарды суроого; 

- талап жөнөтүү аркылуу көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган/ маалымат системаларына кирүүгө жана ишке ашырылган бардык операциялар жөнүндө маалымат алууга (отчетторду окуу, түзүү жана кагаз бетине чыгаруу); 

- көзөмөлгө алынган уюмдан жана төлөм системасынын катышуучуларынан төлөм системасынын ишине тиешелүү маселелер боюнча кандай болбосун документтерди жана маалыматтарды талап кылууга. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган системаларында отчетторду түзүү жана колдонууга киргизүү көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу адамы менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат. 

30. Атайы режим киргизүү учурунда Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитеттин атайы режим киргизүү жөнүндө чечиминде жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14-50-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралар жөнүндө» жободо белгиленген иш-аракеттерди аткарышат. 

31. Көзөмөлгө алынган уюм Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө уюмдун иши жүзөгө ашырылуучу жайларына, көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган/маалыматтык системаларына (окуу режиминде) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн, текшерүү предмети боюнча талап кылынган маалыматтарды жана документтерди, анын ичинде алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ишине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү, маалымат системаларынан маалыматтарды электрондук түрдө сунуштоодон баш тарткан учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысын түзүшөт. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысы ушул Нускоого карата 3-тиркемедеги форма боюнча эки нускада түзүлөт (Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден). 

Көзөмөлгө алынган уюмдун ишин текшерүүнүн жүрүшүндө орун алган кандайдыр бир фактыны жана/же жагдайды (кызмат адамдарынын, кызматкерлердин жумуш ордунда жүйөлүү себепсиз (негизсиз) жок болушу, кассадан акча каражаттарынын калдыктарын алуу жана башка) каттоо зарылчылыгы келип чыккан учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыларды жана/же окуяларды тастыктоо актысы түзүлөт. Инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыларды жана/же окуяларды тастыктоо актысы ушул Нускоого карата 4-тиркемедеги форма боюнча эки нускада түзүлөт (Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден). 

32. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү/инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыларды жана/же окуяларды тастыктоо актыларына Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу өкүлү/ кызмат адамдары/ кызматкерлери кол коёт

Ал эми бул актыга көзөмөлгө алынган уюм кол коюудан баш тартса же көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/ башка ыйгарым укуктуу өкүлү/ кызмат адамдары/ кызматкерлери жок болгон учурда, баш тартуу/белгиленген адамдардын жоктугу тууралуу актыда көрсөтүлөт, ал Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (текшерүү тобунун жетекчисинин жана анын мүчөлөрүнүн) кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт. 

33. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысында белгиленген фактылар, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14-50-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын жана башка чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 

5-ГЛАВА. ТЕКШЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА АЛДЫН АЛА ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЖОЛУГУШУУЛАР 

34. Инспектордук текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги/ыйгарым укуктуу адамдары менен алдын ала жолугушуусу өткөрүлөт, ал көзөмөлгө алынган уюмга текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары, анын ишинде аныкталган кемчиликтер жана бузуулар тууралуу маалымдоо, алдын ала чыгарылган тыянактарды жана милдеттүү түрдө аткарылуучу жөнгө салуу чараларын талкуулоо максатында уюштурулат. 

35. Алдын ала жолугушуунун жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан текшерилген участоктор боюнча айтылган маселелер тууралуу комментарий жана түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ишин жөнгө салуу маселелери болсо, ал боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга, орун алган проблемаларды тактоого жана текшерүү тобунун мүчөлөрүнө суроо берүүгө укуктуу. 

36. Текшерүү тобунун жана көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигинин/ыйгарым укуктуу адамдарынын алдын ала жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлүп, ага жолугушуу өткөрүлгөн датадан тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде жолугушуунун катышуучулары кол коюуга тийиш. 

Көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлдөрү жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюудан баш тартса, анда көзөмөлгө алынган уюм 3 (үч) жумуш күнү ичинде протоколго кол коюудан баш тарткандыгынын себебин көрсөтүү менен Улуттук банкка кат жөнөтөт. 

37. Текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү бүткөндөн кийин 15 (он беш) жумуш күнү ичинде текшерүү тобу менен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги/ыйгарым укуктуу адамдары ортосунда текшерүүнүн тыянактарын жана натыйжасын талкуулоо үчүн жыйынтыктоочу жолугушуу уюштурат. Жолугушууга Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги/областтык башкармалыгынын/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси (көзөмөлгө алынган уюм жайгашкан жерге жараша) же алардын милдетин аткаруучу кызмат адамдары, зарыл учурда  ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкармасынын мүчөсү жана/же Улуттук банктын башка өкүлдөрү/кызматкерлери катышат. 

38. Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине/ыйгарым укуктуу адамдарына текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган тыянак тууралуу маалымдайт, анда төмөнкүлөр камтылат: 

- инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган көзөмөлгө алынган уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузуу учурлары; 

- колдонуудагы эсепке алуу жана отчеттуулук системасына, маалымдоо жана ички контролдоо системаларына баа берүү

- тобокелдиктерди тескөөгө баа берүү

жана/же конкреттүү текшерүүнүн милдеттерине жана максаттарына ылайык башка корутундулар. 

39. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине/ыйгарым укуктуу адамдарына аныкталган бардык кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү зарылдыгын маалымдайт, ошондой эле (зарыл болсо) бул көйгөйлөрдү чечүүнүн алгылыктуу жолдору боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берет жана аны аткаруу мөөнөттөрүн белгилейт. 

40. Жыйынтыктоочу жолугушуудан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат. Жыйынтыктоочу жолугушуунун протоколуна жолугушуунун катышуучулары (айрым адамдар жок учурда, алардын милдетин аткарган адамдар) кол коёт. 

Эгерде көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлдөрү жыйынтыктоочу жолугушуунун натыйжасы тууралуу протоколго кол коюудан баш тартса, көзөмөлгө алынган уюм 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка протоколго кол коюудан баш тартууну негиздеген кат жөнөтөт. 

6-ГЛАВА. ИНСПЕКТОРДУК ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

41. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары текшерүүнү жүргүзгөн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан жазуу жүзүндө түзүлгөн жана ага кол коюлган отчет түрүндө эки нускада таризделет,  Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден. 

42. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетту кароодо Улуттук банктын/текшерүү тобунун көзөмөлгө алынган уюмдар менен өз ара иш алып баруусу жана маалымат алмашуусу расмий сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар түрүндө жана кат жүзүндө башка документтерди сунуштоо аркылуу ишке ашырылат. 

43. Текшерүүнүн жыйынтыгы Улуттук банк көзөмөлдөө функцияларын аткаруусунда колдонуусу үчүн жана көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун аткаруу жана байкоо органына (эгер болсо), ал эми уюштуруу түзүмүндө башкаруунун аткаруу органы жок болсо, анын уюштуруучуларына/катышуучуларына/акционерлерине текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымдоо үчүн, инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто чагылдырылат. 

44. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто негизги тыянактар жана корутундулар, ага кошо олуттуу тобокелдиктер жана/же кемчиликтер, проблемалар жана көзөмөлгө алынган уюм тарабынан көрүлүүсү зарыл болгон жөнгө салуу чаралары, ошондой эле жагдайды жөнгө салуу жана/же жакшыртуу үчүн милдеттүү түрдө аткарылуучу талаптар камтылат. 

45. Көзөмөлгө алынган уюмдун бузуу фактылары тууралуу маалыматты камтыган документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү/жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү инспектордук текшерүү жөнүндө отчеттун Улуттук банк үчүн даярдалган нускасына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

46. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана үчүнчү жактарга ачыкка чыгарылбай турган жашыруун маалыматтарды камтыйт. Көзөмөлгө алынган уюмдар инспектордук текшерүү жөнүндө отчеттун сакталышын камсыз кылууга тийиш жана аны үчүнчү жактарга кагаз же электрондук түрдө (толугу менен же жарым-жартылай) таркатууга жол берилбейт. 

Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту көзөмөлгө алынган уюм тарабынан (толугу менен же жарым-жартылай) үчүнчү жактарга берүү зарыл болгон учурда (тышкы көз карандысыз аудитти жүргүзүү, консалтингдик кызматтарды алуу жана башка максатында), мындай өткөрүп берүүөзөмөлгө алынган уюмдун суроо-талабы боюнча) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. 

47. Көзөмөлгө алынган уюм инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто чагылдырылган инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгына макул болбогон учурда, көзөмөлгө алынган уюм отчет алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде каршы пикирлерди же сын-пикирлерди Улуттук банкка жөнөтүүгө укуктуу. 

Каршы пикирлер же сын-пикир жазуу жүзүндө таризделип, көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлуп, көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетко каршы пикирлер жана/же сын-пикирлер, ошондой эле аларды негиздеген документтер же алардын көчүрмөлөрү инспектордук текшерүү жөнүндө отчетко тиркелет. 

7-ГЛАВА. ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ 

48. Көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде кемчиликтер жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда, текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлгө алынган уюмга таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуш-көрсөтмөнү/сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдайт. 

49. Көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык мындай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү кызмат адамдары жана Улуттук банктын органдары тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

8-ГЛАВА. ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ МЕНЕН ТААНЫШУУ 

50. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен бирге текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колуна берилет. Отчетту алууда көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлү инсандыгын тастыктаган документти көрсөтөт, инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту алууга ыйгарым укуктуу документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет (жетекчиден башка өкүлдөр үчүн) жана отчетту өз колу менен алгандыгы жөнүндө белги коюу менен отчетторду берүү журналына кол коёт. 

Өзгөчө учурларда (көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу адамдары Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгондугуна, алардын медициналык көрсөткүчтөрү боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу жана башкаларда отчетту өз колу менен тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда) инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен кошо көзөмөлгө алынган уюмдун айкын дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда отчетту алган адамдын аты-жөнү жана жеткирүү датасын камтыган кайра билдирүү менен почта жөнөтмөсүн жеткиргендиги жөнүндө ырастоо милдеттүү түрдө алынууга тийиш. 

51. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетко коштомо катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- көзөмөлгө алынган уюм отчетто камтылган сунуш-көрсөтмөлөргөөнгө салуу чараларына жараша аныкталган бузууларды жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш экендиги (анын ичинде аныкталган бузууларды жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралардын планын даярдоо жана Улуттук банкка берүү) жөнүндө

- инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин ушул Нускоонун 5-тиркемесиндеги форма боюнча отчет менен таанышып чыгуу баракчасына көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун аткаруу жана байкоо (болгон учурда) органдарынын мүчөлөрүнө, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруу түзүмүндө башкаруунун байкоо органы жок болгон учурда, анын уюштуруучуларына/ катышуучуларына/акционерлерине кол койдуруу зарылдыгы. Ошол эле учурда отчетто камтылган тыянактарга жана корутундуларга макул эместиги таанышып чыгуу баракчасына кол коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

52. Көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун аткаруу жана байкоо (болгон учурда) органдарынын мүчөлөрү, уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери (уюмдун уюштуруу түзүмүндө башкаруунун байкоо органы жок болгон учурда) инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышууга жана таанышып чыгуу баракчасына кол коюуга тийиш. 

Эгерде көзөмөлдөнгөн уюмдун уюштуруучусу/катышуучусу/акционери юридикалык жак болуп саналса, анда таанышуу баракчасына юридикалык жактын аткаруу органынын жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу өкүл кол коёт, анын кол тамгасы ушул юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт (ыйгарым укуктуу өкүл мындай юридикалык жактын атынан өзүнүн кол тамгасын мөөр же башка ырастоочу реквизиттер менен күбөлөндүрүү укугу жана талабы жок ишеним кат боюнча иш алып барган учурларды кошпогондо). Эгерде таанышуу баракчасына аткаруу органынын жетекчисин кошпогондо, башка ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан кол коюлса, тиешелүү тастыктоочу (ыйгарым укук берүүчү) документтер Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

Отчет менен таанышкандан кийин кол коюлган таанышып чыгуу баракчасы көзөмөлгө алынган уюмдун коштомо каты менен Улуттук банктан коштомо кат менен отчет алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен Улуттук банкка жөнөтүлөт. 

Эгерде көзөмөлгө алынган уюмдун таанышып чыгуу баракчасына кол коюуга милдеттүү болгон адамдар резидент эмес болуп эсептелсе, анда көзөмөлгө алынган уюмдун суроо-талабы боюнча таанышып чыгуу баракчасын Улуттук банкка берүү мөөнөтү 30 (отуз) календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн. 

53. Көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун аткаруу жана байкоо органынын (болгон учурда) бул же тигил мүчөсү жана/же анын уюштуруучусу/катышуучусу/ акционери жок болгон учурда, жана/же отчет менен таанышуу үчүн белгиленген убакыт аралыгында алар менен байланыш түзүү мүмкүн болбогон учурда, көзөмөлгө алынган уюм отчет алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка башкаруунун байкоо органынын тигил же бул мүчөсү жана/же көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруучусу/катышуучусу/акционери отчет менен таанышып чыгуу баракчасына кол коё албагандыгынын себеби жөнүндө маалымдоого тийиш. Мында, таанышуу баракчасы Улуттук банкка белгиленген мөөнөттө көзөмөлгө алынган уюмдун ордунда жок адамдарынын колу коюлбастан жиберилиши мүмкүн, андан кийин Улуттук банкка таанышуу жөнүндө өзүнчө жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүлөт. 

54. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет боюнча даттанууга жол берилбейт. 

55. Көзөмөлгө алынган уюмга инспектордук текшерүүнүн тыянактарынын жана натыйжаларынын негизинде колдонулган таасир этүү чараларына карата Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга жол берилет. 

 

«Төлөм системаларынын  

операторлорунун жана төлөм  

уюмдарынын ишине инспектордук  

текшерүүлөрдү жүргүзүү  

жөнүндө» нускоого 

1-тиркеме 

___________________________________________  

___________________________________________  

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун толук аталышы) 

ишин текшерүүгө 

ЖОЛДОМО 

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү кызматкерлери: 

1. ___________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

2. ___________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

3. ___________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

4. ___________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

5. ___________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

 

20___-жылдын «___» ____________ тартып __ жумуш күн мөөнөтүнө ____________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы) ишин текшерүүгө жөнөтүлөт. Текшерүү мезгил аралыгында күтүүсүз жагдайлар орун алган шартта текшерүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. 

Текшерүү программасында уюмдун 20__-жылдын «___» _______________ тартып 20__-жылдын «___» _______________ чейин иштеген мезгилин жана төмөнкү багыттарды жана маселелерди текшерүү каралган: 

- ____________________________________________________________________ 

- ____________________________________________________________________ 

 

 

Төраганын орун басары/ Аты-жөнү 

Башкарманын мүчөсү

Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/ 

Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси 

 

«Төлөм системаларынын  

операторлорунун жана төлөм  

уюмдарынын ишине инспектордук  

текшерүүлөрдү жүргүзүү  

жөнүндө» нускоого 

2-тиркеме 

____________________________ 

Төлөм системасынын операторунун/ төлөм уюмунун аталышы жана дареги 

БИЛДИРҮҮ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20___-жылдын «___» _______________ тартып _____________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун толук аталышы) (филиалдарын кошо алганда) (мындан ары  Коом) төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун ишине пландык комплекстүү/максаттуу текшерүү жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт. 

Текшерүү ишин натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле текшерүү убактысын үнөмдөө максатында, тиешелүү кызматкерлерге ушул катка кошо тиркелген тиркемеге ылайык документтерди жана маалыматтарды даярдап коюуну өтүнөбүз. Мында Коомдун иши жөнүндө документтер жана башка маалыматтар текшерүү тобунун мүчөлөрүнө келген күнү берилүүгө тийиш. Бардык документтер жана маалыматтар 20__-жылдын «___» _______________ тартып 20__-жылдын «___» _______________ чейин текшерилүүчү мезгилге даярдалып, текшерүүнүн жетекчисине берилүүгө тийиш. 

Эгерде көрсөтүлгөн документтерди даярдоонун жүрүшүндө Коомдун кызматкерлеринде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, ошондой эле талап кылынган документтерди жана маалыматтарды даярдоо мүмкүнчүлүгү жок болсо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү күнү башталганга чейин алдын ала ____________________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү, кызматы, телефон номери) менен байланышуу зарыл. 

Инспектордук текшерүүдө _____ (санын көрсөтүү) текшерүүчү катыша тургандыгы пландаштырылууда, ушуга байланыштуу _____ адамга техникалык каражаттар менен жабдылган (телефон байланышы, документтерди сактоо үчүн сейф, мүмкүнчүлүк болсо, автоматташтырылган/маалымат системаларына кирүү мүмкүнчүлүгү орнотулган компьютер жана принтер) жумуш ордун даярдап коюу зарыл. 

Текшерүү тобунун мүчөлөрүнө текшерүүгө байланыштуу бардык маселелер боюнча көмөк көрсөтүүнү, Коомдун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине суроо берүү, ошондой эле текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл маалымат булактардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууну өтүнөбүз. 

 

Тиркеме: Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин/маалыматтардын/системаларга кирүү укуктарынын тизмеги  ____ беттен турат. 

 

 

Урматтоо менен, 

Төраганын орун басары/ Аты-жөнү 

Башкарманын мүчөсү

Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/ 

Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси 

 

Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин/маалыматтардын/системаларга кирүү укуктарынын 

ТИЗМЕГИ 

1. Уюштуруу документтери (уюштуруу келишими, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген устав), каралып жаткан мезгил үчүн уюмдун жогорку, көзөмөлдөөчү (эгерде бар болсо) жана аткаруу бийлигинин органдарынын чечимдери. 

2. Уюмдун ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын аныктоочу документтердин топтому (ички ченемдик документтер: жоболор, эрежелер, саясаттар, нускоолор ж.б.). 

3. Текшерүү жүрүп жаткан мезгил үчүн уюмдун уюштуруу түзүмү жана штаттык тизими. 

4. Кызмат ордун, байланыш телефондорун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен уюмдун кызматкерлеринин тизмеси. 

5. Агенттердин/субагенттердин/товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын маалымат базалары. 

6. Чейректер боюнча бөлүнгөн финансылык отчеттор, текшерилүүчү мезгил үчүн салык органдарына берилген отчеттор/декларациялар. 

7. Коммерциялык банктар, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар/агенттер менен түзүлгөн келишимдер. 

8. Уюм сунуштаган операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн тизмеси (төлөм системаларынын категориялары, төлөмдөрдү кабыл алуу/өткөрүү инструменттеринин түрлөрү боюнча, негизги иш-чараларга кошумча катары). 

9. Аппараттык-программалык комплекс жөнүндө маалыматтар жана документтер (техникалык тапшырмалары жана талаптары тиркелген программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана техникалык колдоо көрсөтүү боюнча келишимдер, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы (башка иштеп чыгуучу катышкан учурда), системалардын паспорту, аппараттык-программалык комплексти өндүрүштүк пайдаланууга берүү актылары жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналдары, сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы, аппараттык-программалык комплекстин коопсуздугун текшерүү протоколдору, сервердик жайларды жайгаштыруу үчүн документтер ж.б.). 

10. Чарбалык келишимдер (банктык эсептерди ачуу жана аларды тейлөө, Коомдун кеңсесин жана анын айрым бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн жайларды ижарага/сатып алуу, вируска каршы программалык камсыздоону сатып алууга лицензиялык келишимдер ж.б.). 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка мамлекеттик бийлик органдары менен текшерүү мезгилиндеги кат алышуулар. 

жана башка документтер (зарыл болсо). 

 

«Төлөм системаларынын  

операторлорунун жана төлөм  

уюмдарынын ишине инспектордук  

текшерүүлөрдү жүргүзүү  

жөнүндө» нускоого 

3-тиркеме 

Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү 

АКТЫСЫ 

_________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун же төлөм уюмунун аталышы) 

_________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду, дареги, телефону) 

__________________________ 20__-жылдын «___» _____________________ 

үзүлгөн жер жана датасы) 

 

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан 

_____________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

ушул акт түзүлүп, анда _________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы, кызматкеринин аты-жөнү

кызматкери уюмдун ишине текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүдөй каршылык көрсөткөн: 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(имаратка же жайга кирүүдө каршылык көрсөтүлгөн, жумушчу топтун мүчөлөрү талап кылган документтер/маалыматтар/системаларга кирүү укуктары текшерүү учурунда белгиленген мөөнөттөрдө берилген эмес, жана башкалар) 

Текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан текшерүүгө тоскоол болгондугуна байланыштуу ______________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы, кызматкеринин аты-жөнү) кызматкерине төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик тартуу тууралуу эскертүү берилди. 

 

Актыны төмөнкүлөр түзүштү

_________________ 

________________________________ 

______________ 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

Акт менен таанышып чыктык, белгиленген фактыларга/окуяларга макулбуз: 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Уюмдун өкүлдөрүнүн/ кызматкерлеринин  

аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

 

Актынын экинчи нускасын алган адам: 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Уюмдун өкүлүнүн  

аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

«Төлөм системаларынын  

операторлорунун жана төлөм  

уюмдарынын ишине инспектордук  

текшерүүлөрдү жүргүзүү  

жөнүндө» нускоого 

4-тиркеме 

Инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыларды жана/же окуяларды ырастоо жөнүндө 

АКТ 

_________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун же төлөм уюмунун аталышы) 

_________________________________________________________ 

(жайгашкан орду, дареги, телефону) 

__________________________ 20__-жылдын «___» _____________ 

үзүлгөн жери жана датасы) 

 

 

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан 

___________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

 

төмөнкүлөр боюнча ушул акт түзүлгөн: 

___________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________ 

(белгиленген фактылар жана/же окуялар көрсөтүлөт) 

 

 

Актыны төмөнкүлөр түзүштү

_________________ 

________________________________ 

______________ 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

Акт менен таанышып чыктык, белгиленген фактыларга/окуяларга макулбуз: 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Уюмдун өкүлдөрүнүн/ кызматкерлеринин  

аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

 

 

Актынын экинчи нускасын алган адам: 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Уюмдун өкүлүнүн  

аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

«Төлөм системаларынын  

операторлорунун жана төлөм  

уюмдарынын ишине инспектордук  

текшерүүлөрдү жүргүзүү  

жөнүндө» нускоого 

5-тиркеме 

Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен 

ТААНЫШТЫРУУ БАРАКЧАСЫ 

____________________________  

өлөм системасынын операторунун / төлөм уюмунун аталышы) 

 

Биз, төмөндө кол койгон _________________________ (төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы) башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү, башкаруунун байкоо органынын мүчөлөрү (болгон учурда), ошондой эле уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери (уюмдун уюштуруу түзүмүндө башкаруунун байкоо органы жок болгон учурда), ____________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы) 20__-жылдын «___» _______________ 20__-жылдын «___» _______________ чейинки мезгилде жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн натыйжалары боюнча отчеттун мазмуну менен жеке тааныштык. 

 

 

 

 

20__-жылдын «___» _________ отчет 

 

 

 

Аты-жөнү жана кызмат орду 

Дата 

Кол тамгасы 

______________________________  

______________ 

___________________________  

______________________________  

______________ 

___________________________  

______________________________  

______________ 

___________________________  

______________________________  

______________ 

___________________________  

______________________________  

______________ 

___________________________  

 

 

*Эскертүү: башкаруунун аткаруу/байкоо органдарынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен, уюштуруучулардын/катышуучулардын/ акционерлердин-юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн кол тамгалары  өкүлү болгон юридикалык жактын мөөрү менен (өкүл кол тамгасын күбөлөндүрүүнү талап кылбастан, ишеним каттын негизинде иш алып барган учурларды кошпогондо) күбөлөндүрүлөт.