Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 28-сентябрындагы  

№ 2022-П-12/60-2-(НПА) Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдерин  

күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12\25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун тогузунчу абзацы; 

- тиркемесинин 8-пункту; 

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 19-майындагы № 2021-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому; 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 19-майындагы № 2021-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- тиркемесинин 2-пункту; 

5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 2021-П-12/59-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому; 

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- тиркемесинин 1-пункту; 

7) Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомунун 3-пункту.  

 

2. Коммерциялык банктар, депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниялар, кепилдик фонддор жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12\25-7-(НПА) токтому менен бекитилген Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин 5-главасындагы ченемдерин колдонууга укуксуз. 

Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып активдерди реструктуризациялоодо аларды классификациялоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

3. Коммерциялык банктар, депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниялар, кепилдик фонддор жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун талаптарына ылайык активдеринин сапатын баалап, тиешелүү өлчөмдө резервдерди түзүшсүн. 

Ошол эле учурда коммерциялык банктар, депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниялар, «Кепилдик фонду» ААК жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелинде № 2020-П-12\25-7-(НПА) токтому менен бекитилген Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин талаптары боюнча ишке ашырылган реструктуризациялардын санын эсепке албоого укуктуу. 

 

4. Токтом  2022-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет. Ал эми ушул токтомдун 2-пункту расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

5. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин үч жумуш күнү ичинде токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

6. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн кийин үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, кредиттик союздарды, «Кепилдик фонду» ААКты тааныштырсын. 

 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев