Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 6-октябрындагы  

№ 2022-П-12/62-2-(НПА) токтому 

 

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында  

жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген  

финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу  

 

 

Банк системасынын жана банк эмес сектордун туруктуулугун сактоо, 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган жарандардын жашоосу жана уюмдардын иши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен жана Ош областтарында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарлардан түшкөн бардык кайрылууларды карап чыксын жана аларга төмөнкүлөр боюнча колдоо көрсөтсүн: 

- каза болгондордун, жаракат алгандардын, бизнесин жана/же жашай турган турак жайын жоготкондордун кредиттерин эсептен алып салуу; 

- кредиттерди реструктуризациялоо, анын ичинде жабыркаган кардарлардын кредит төлөө мөөнөтүн жылдыруу;  

- кредиттик келишимдердин шарттарын кайра кароого байланышкан комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегербөө жана албоо;  

- жабыркаган кардарлар кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн айыптык санкцияларды, анын ичинде үстөк айыпты (айып пул/туум) салбоо жана албоо;  

- сунушталуучу кызматтардын алкагында жабыркаган кардарларга жардам берүү боюнча башка чараларды көрүү

Жогоруда аталган чараларды кардарларга карата ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, ишенимдүүлүк, өнөктөштүк принциптерин сактоо, экономикалык болжолдоолорду, тышкы жана ички рынокту талдоону, кардарлардын акча агымдарын жана финансылык абалын, алардын экономикалык кызыкчылыгын жана финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жүргүзүү зарыл. 

2. 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардардын карызы мөөнөтүнөн өтүп кеткен учурда, анын ичинде кардардын акча агымдары жана финансылык абалы өзгөргөндүгүнө байланыштуу актив реструктуризацияланган шартта, коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары активдин классификациясын начарлатпоого укуктуу.  

3. Коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары кредиттик бюрого маалымат берүүдө 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыркаган катары кардардын тиешелүү кредиттери боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн кечиктирүү себебин көрсөтүүгө тийиш.  

4. Кредиттик бюролор Баткен жана Ош областтарында 2022-жылдын сентябрь айында болгон окуялардан жабыр тарткан кардарлардын мөөнөтү өткөн кредиттери боюнча «Баткен жана Ош областтарында 2022-жылдын сентябрь айында болуп өткөн окуялардан улам» кредиттик келишимдердин шарттарын бузуу статусун тиешелүү графага белги коюу менен маалымат берилсин. 

5. Коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Баткен жана Ош областтарында 2022-жылдын сентябрь айында болгон окуялардан жабыр тарткан кардарларга өздөрүнүн расмий интернет сайттарына, ошондой эле кардарлар менен байланыштуу үчүн башка маалымат каражаттарына маалымат жарыялоо аркылуу ушул токтом жөнүндө маалымат берсин. 

6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2023-жылдын 30-мартына чейин колдонулат.  

7. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

8. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, кредиттик бюролорду, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

9. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев