Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 18-ноябрындагы  

№ 2022-П-12/71-1-(НПА) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча  

айрым убактылуу чечимдери тууралуу 

 

 

Банк системасынын жана банк эмес сектордун туруктуулугун сактоо, карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн № 284-б буйругунун негизинде Баткен областында 2022-жылдын 16-сентябрынан тартып киргизилген өзгөчө кырдаал режимин эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Төмөнкү сунуш-көрсөтмөлөр берилсин: 

- коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар: 

1) Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароо; 

2) кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу жана Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуга кредиттерди берүү боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана тездетүү жагында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо, анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу карыз алуучулардан керектүү документтерди алуу боюнча процесстерди автоматташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу; 

- «Кепилдик фонд» ААК:  

1) Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредиттери боюнча кепилдиктерди берүүгө билдирмелерди артыкчылыктуу тартипте кароо; 

2) кепилдик берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу жана Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредиттери боюнча кепилдиктерди берүү боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана тездетүү жагында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо; 

3) Баткен областында жашаган жана/же ишкердикти жүргүзгөн карыз алуучуларга берилүүчү кредиттерди камсыздоо үчүн кепилдиктерди жеңилдетилген шарттарда, анын ичинде кепилдик өлчөмү боюнча берүү мүмкүнчүлүгүн кароо.  

 

2. Банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуларга алардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин жана/же маалыматтардын негизинде кредиттерди берүүгө укуктуу. 

 

3. Банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуга кредит берүүдө, ошондой эле «Кепилдик фонд» ААК кредит боюнча кепилдиктерди берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарында каралган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган белгиленген формадагы документти (күбөлүктү) же мамлекеттик каттоосуз ишкердик иш жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн карыз алуучудан талап кылбоого укуктуу. 

 

4. Банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен областында чарба ишин жүргүзгөн юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден (резиденттерден) банкка жана микрофинансылык уюмга Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иштөө боюнча нускоодо каралган, кредит алуу максатында эсеп ачууда салык төлөөчүнүн салыктык каттоодон өткөндүгү фактысы жөнүндө салык кызматы органынын документин берүүсүн талап кылбоого укуктуу. 

 

5. Банктар кредит алуу үчүн арыз менен банкка биринчи жолу кайрылган (жаңы кардарлар), Баткен областында жашаган жана/же ишкердик ишин жүргүзгөн карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде 200 000 сомго чейин, ал эми мурда ушул банктан кредит алган банк кардарларына (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ, кайра кайрылган кардарларга-жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге) 500 000 сомго чейинки өлчөмдө кредит берүүгө укуктуу. 

 

6. Банктар жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар кредит боюнча пландаштырылган ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун орточо айлык чогуу алгандагы кирешесине карата катышы төмөнкүнү түзгөн шартта гана карыз алуучуга улуттук валютада керектөө кредитин берүүгө укуктуу: 

- эгерде орточо айлык жалпы киреше 500 эсептик көрсөткүчтөн аз болсо, 40 пайыздан ашык эмес; 

- эгерде орточо айлык жалпы киреше 500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдү түзсө, 50 пайыздан ашык эмес; 

- эгерде жалпы орточо айлык киреше 2000 эсептик көрсөткүчтөн көп болсо 60 пайыздан ашык эмес. 

Мында бул пункттун талаптары кредиттик рейтингдин негизинде берилүүчү кредиттерге жайылтылбайт. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12\25-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу кошумча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-майына чейин колдонулат.  

 

9. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

10. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кепилдик фонд» ААКты, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

11. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев