Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 30-ноябрындагы  

№ 2022-П-12/74-4-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  Улуттук банк Башкармасынын  2022-жылдын  

5-сентябрындагы  № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» 

 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын  Улуттук банк Башкармасынын  2022-жылдын 5-сентябрындагы  № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- 1-пунктундагы «2022-жылдын 1-декабрына чейин» деген сөздөр «2023-жылдын 1-мартына чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.  

 

5. Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Альянс» алмашуу бюролору ассоциациясын, алмашуу бюролорун тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банктын көзөмөл блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев