Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 7-декабрындагы  

№ 2022-П-14/76-5-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомун тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 7-декабрындагы 

№ 2022-П-14/76-5-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» жобонун: 

- 1-главасынын:  

4-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-главасындагы: 

1-пунктунун: 

2-4-пунктчалары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын: 

«8) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдү гросстук системасынын катышуучусу болуп саналат.». 

4-главасынын:  

1-пунктунун 3-пунктчасындагы «Элкарт» улуттук системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо айлык» деген сөздөр «Элкарт» улуттук системасы менен интеграцияланган төлөм системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо күндүк» дегенге алмаштырылсын; 

- 5-главасынын: 

2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.