Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 14-декабрындагы  

№ 2022-П-09/78-12-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Овернайт» кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 29-январындагы № 2/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»

- 2017-жылдын 14-июнундагы №2017-П-09\24-6-(НПА) «Акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2018-жылдын 15-августундагы №2018-П-09\33-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондусун, Кыргыз Республикасында Депозиттерди коргоо агенттигин, «Борбордук депозитарий» ЖАКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 14-декабрындагы  

№ 2022-П-09/78-12-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 18, 25 жана 26-беренелерине» деген сөздөр менен сандар «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6, 13 жана 26-беренелерине» деген сөздөр менен сандарга алмаштырылсын; 

- 4-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишти жөнүндө» мыйзамынын 18 жана 53-беренелерине» деген сөздөр менен сандар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6 жана 17-беренелерине» деген сөздөр менен сандарга алмаштырылсын; 

- 5 жана 26-пункттарындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 18 жана 53-беренелерине» деген сөздөр менен сандар «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6 жана 17-беренелерине» деген сөздөр менен сандарга алмаштырылсын; 

- 5-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 18, 25 жана 53-беренелерине» деген сөздөр менен сандар «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6, 16 жана 17-беренелерине» деген сөздөр менен сандарга алмаштырылсын; 

- 41-пункттун 2-пунктчасындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимге карата 5-тиркеменин: 

Күрөө келишимдин преамбуласында «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

1.2-пунктунун биринчи сүйлөмүндө «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 18 жана 53-беренелерине» деген сөздөр менен сандар «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6 жана 17-беренелерине» деген сөздөр менен сандарга алмаштырылсын; 

- 5-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 42-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы № 45/1 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобонун: 

- аталышындагы жана 1-пунктундагы «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 18 жана 44-беренелерине» деген сөздөр менен сандар «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6 жана 32-беренелерине» деген сөздөр менен сандарга алмаштырылсын; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Кредит берүү, берүүнүн шарттары жана анын көлөмү боюнча чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Уюмга берилген кредиттин жалпы суммасы Уюмдун төлөнгөн уставдык капиталынын он беш пайызынан ашпоого тийиш.»; 

9-пунктунун: 

1) экинчи сүйлөмүндө «же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары» деген сөздөр алынып салынсын; 

2) үчүнчү сүйлөмүндө «анын түрүнө жана башка параметрлерине» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 14-пункттун экинчи абзацында «Европа экономикалык бирлигине кирген» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 18-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 23-пунктунда «(Башкы келишимге карата 1, 2-тиркемелер)» деген сөздөр «(Башкы келишимге карата 2-тиркеме)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

Жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин: 

- аталышында жана преамбуласындагы "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында" деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 3.1-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 3.2-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 9.4-пунктундагы “3” саны алынып салынсын; 

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга кредиттерди берүү жөнүндө башкы келишимге карата 1-тиркеменин: 

- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында" деген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 4.1-пунктунун биринчи сүйлөмүндө «же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары» деген сөздөр алынып салынсын; 

"Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга сунушталуучу кредиттер жөнүндө" башкы келишимге карата 2-тиркеменин: 

- 1.1-пунктундагы жана 2.1.2-пунктунун 4-пунктчасындагы «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында» деген сөздөр алынып салынсын; 

- «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында» деген сөздөр алынып салынсын; 

- Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга сунушталуучу кредиттер жөнүндө” башкы келишимге карата 3-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын; 

Жогоруда аталган Жобого карата 2-тиркеменин: 

- 1.1-пунктундагы «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы №50/1 «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» убактылуу жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6 жана 17-беренелерине» деген сөздөр менен сандарга алмаштырылсын; 

- 14-пунктунун 1-пунктчасындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 23-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

Жогорудагы Жобонун 3-тиркемесинде: 

- 3.2-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы №2017-П-09\24-6-(НПА) «Акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 18 жана 53-беренелерине» деген сөздөр менен сандар «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6, 16 жана 17-беренелерине» деген сөздөр менен сандарга алмаштырылсын; 

- 19 пунктун 1-пунктчасында «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 30-пунктунда «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы №2018-П-09/33-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди (аманаттарды) коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесине» деген сөздөр менен сандар «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 6-беренесине» деген сөздөр менен санга алмаштырылсын; 

- 13-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 15-пунктундагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

Жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде: 

- преамбуласындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1.2-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын.