Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 21-декабрындагы  

№ 2022-П-02/81-6-(НПА) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы бекитилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, кредиттик союздарды, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кепилдик фонд» ААКты, турак жай-сактык кредиттик компанияларды жана алмашуу бюролорун тааныштырсын. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомун тааныштырсын. 

 

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Юридика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 21-декабрындагы  

№ 2022-П-02/81-6-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата  

жөнгө салуучу таасирин талдоо  

МЕТОДИКАСЫ  

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы (мындан ары Методика) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү талаптарын жана тартибин аныктайт.  

2. Бул Методика «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыккан. 

3. Улуттук банктын ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылары форс-мажордук жагдайларда ишкердикти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, жөнгө салуучу таасирин талдоо талаптарына туура келет. 

4. Төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлору каралып жаткан учурда жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт:  

1) пилоттук долбоорлорду (сыноо, эксперименталдык) өткөрүү жөнүндө, эгерде мындай ченемдик укуктук актынын колдонуудагы мөөнөтү 6 айдан ашпаган болсо; 

2) өзгөчө кырдаалда жана/же өзгөчө абалда шашылыш түрдө, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюу үчүн кабыл алынса; 

3) концепцияларды, стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер планын жана башка ушул сыяктуу документтерди бекитүү жөнүндө

4) юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин аткаруу, ошондой эле бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизияларды жок кылуу, мында укуктук мамилелердин бул чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосунун күчү сакталат.  

5) эл аралык келишимдерди аткарууга байланыштуу; 

6) Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган эл аралык стандарттарга (келишимдерге) ылайык келтирүү жөнүндө

7) ченемдик укуктук актыны же анын бир бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

5. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн жетиштүү негиздер аныкталса, ченемдик укуктук актынын долбоору жана ушул Методикада каралган сунушталган жөнгө салуу негиздемелерин камтыган аналитикалык кат жөнгө салуучу таасирин талдоонун жыйынтыгы болуп саналат. 

6. Жөнгө салуучу таасирин талдоо Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт. Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөтү 2 айдан ашпайт. 

7. Ушул Методикада төмөнкүдөй терминдер колдонулат: 

1) жөнгө салуучу таасирин талдоо бул, ушул Методика менен жөнгө салынган процесс, ал көйгөйлөрдү талдоону, жөнгө салуунун максаттарын жана ыкмаларын аныктоону, ишкердик иштин субъекттери үчүн алар менен байланышкан кесепеттерге баа берүүнү жана жөнгө салуунун кыйла артыкчылыктуу вариантын негиздөө жол-жоболорун камтыйт; 

2) аналитикалык кат жөнгө салуучу таасирин талдоонун жыйынтыктарын камтыган документ, анын негизинде ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыгат; 

3) жөнгө салуу варианты жөнгө салуучу таасирин талдоонун предмети болуп саналган, коомдук мамилелерди жөнгө салуунун мүмкүн болуучу ыкмаларынын бири; 

4) кызыкдар тараптар иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынган ишкердик субъекттери, иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынган бизнес-ассоциациялар жана юридикалык жактардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар, жарандык сектордун коммерциялык эмес уюмдары колдонуудагы жөнгө салуунун сакталышына же өзгөртүлүшүнө кызыкдар болушу мүмкүн. 

5) сапаттык индикаторлор кызыкдар тараптардын ошол же башка фактыларга, кубулуштарга мамилесин, алардын каалоолорун жана баа берүүсүн көрсөтүүчү, нарктын, салмактын, узундуктун, сандын, натыйжалуулуктун ж.б. так бирдиги менен баалоо өтө татаал болгон, баа берүү менен өлчөнгөн индикаторлор. 

6) сандык индикаторлор белгилүү бир экономикалык же физикалык мааниге ээ болгон айрым сан түрүндө көрсөтүлгөн индикаторлор, алар бардык финансылык жана рыноктук көрсөткүчтөрдү (киреше, таза пайда, туруктуу жана өзгөрмөлүү чыгымдар, сатуу көлөмү, рыноктун үлүшү ж.б.), нарктын, салмактын, узундуктун ж.б. бирдиги менен өлчөнгөн көрсөткүчөрдү, жыйынды бирдиктердин санынын көрсөткүчтөрүн (бузуулардын санын, ишканалардын санын, кызматкерлердин санын ж.б.) камтыйт;  

7) проблемалардын масштабы учурдагы жөнгө салууну колдонуунун натыйжасында терс натыйжага ээ болгон экономикалык, социалдык, аймактык жана башка өлчөмдөрдө берилген ишкердик субъекттеринин, жарандардын саны;  

8) проблемалар аларга карата каршылыктар/нааразычылыктар/кооптонуулар айтылган кызыкдар тараптарга чыгым/зыян алып келген же алып келиши мүмкүн болгон көрүнүштөр, окуялар, иш-аракеттер, процесстер; 

9) ишкердик ишин жөнгө салуу ишкердик субъекттерине жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттенмелерди жана талаптарды белгилөө, ошондой эле Улуттук банк менен иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынуучу ишкердик субъекттеринин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу; 

10) ишкердик субъекттери мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана алардын уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабастан, киреше алуу максатында мыйзамга карама-каршы келбеген иштерди өз тобокелдигине жана мүлктүк жоопкерчилигине алып жүргөн, иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынган юридикалык жактар.  

 

2. Жумушчу топ. Жөнгө салуучу таасирин  

талдоого даярдык 

8. Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн Улуттук банктын буйругу менен жумушчу топ бекитилет. 

9. Жумушчу топтун курамына макулдашуу боюнча Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынган ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү, жарандар киришет. Зарыл болгон учурда жумушчу топтун курамына башка кызыкдар адамдар да киргизилиши мүмкүн.  

 

3. ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО ЭТАПТАРЫ 

1-этап. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүүнүн негиздери 

10. Улуттук банк жумушчу топко ишкердиктин конкреттүү чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну өзгөртүү ниети жөнүндө билдирет жана түзүлгөн жумушчу топко жөнгө салуу боюнча өзүнүн сунуштары жөнүндө маалымдайт. 

11. Жумушчу топ аныкталган проблемаларды тактоо жана толук чагылдыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды чогултат, экономикалык жана укуктук негиздерин жана аларды чечүүнүн актуалдуулугун аныктайт.  

12. Бул этапты ишке ашыруу үчүн:  

1) жөнгө салуу жолу менен чечилүүгө тийиш болгон проблеманы чагылдыруу, проблеманын келип чыгышынын себеп-натыйжа байланыштарын аныктоо, проблеманы мүнөздөөчү сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдү берүү зарыл; 

Каралып жаткан жөнгө салуу чөйрөсүндөгү колдонуудагы жөнгө салууга жана укук колдонуу практикасына карата кызыкдар тараптардын пикирлерин талдоо; 

2) эгер бул колдонулса, статистикалык жана баалоо маалыматтарын колдонуу менен проблемалардын масштабын баалоо; 

3) колдонуудагы жөнгө салууну сактоодо болжолдонгон натыйжаларын белгилөө; учурдагы проблемаларды чечүүнүн зарылдыгын, анын ичинде экономикалык жана укуктук негиздерин, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугун негиздеген негизги аргументтерди келтирүү.  

4) мүмкүн болсо кандай проблемалар, кантип чечилгенин, кандай жыйынтыктар алынганын кыскача баяндоо менен, мындай проблемаларды чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сүрөттөө. Эгерде жок болсо, эл аралык тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү.  

1-этаптын жыйынтыгы аналитикалык каттын биринчи бөлүгүнө киргизилет жана ушул этаптагы аракеттерди аткаруудан алынган бардык корутундулap киргизилет.  

2-этап. Сунуш кылынган жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

13. Бул этапты ишке ашыруу үчүн:  

1) аныкталган проблемаларды чечүүгө багытталган жөнгө салуу максаттарын аныктоо жана түзүү. Максаттар реалдуу жана жетүүгө мүмкүн болушу керек. Максаттарга жетүүдө прогрессти баалоо үчүн пайдаланылуучу сандык жана/же сапаттык индикаторлордун тизмесин, алардын базалык (учурдагы) жана максаттуу маанилерин аныктоо;  

2) максаттарга жетүүнү жана проблемалардын чечилишин камсыз кылуучу милдеттердин тизмесин иштеп чыгуу, сунушталган тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү, же аларды жөнөкөйлөштүрүү/жокко чыгарууну мүнөздөгөн тиешелүү ченемдик актыларды иштеп чыгуу зарыл.  

3-этап. Сунушталган жөнгө салууну баалоо жана негиздөө 

14. Бул этапты аткаруу үчүн сунушталган ченемдик укуктук актыларды ишке ашырууда пайда болушу мүмкүн болгон таасирге баа берүү зарыл: 

1) сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен максатка жетүүдөгү прогрессти баалоо;  

2) экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан оң жана терс таасирин баалоо;  

3) кызыкдар тараптардын негизги топторуна - жөнгө салуунун адресаттарына (мамлекеттик органдар, ишкерлер, коомчулук) күтүлүп жаткан оң жана терс таасирин баалоо; 

4) сунуш кылынган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерине тийгизген таасиринин нарктык баасын көрсөткөн чыгымдарды баалоо;  

5) Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо: 

- сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда келип чыгышы ыктымал, проблеманы чечүүгө жана жөнгө салуунун максатына жетүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү;  

- бул тобокелдиктер пайда болгондо терс кесепеттердин орун алуу ыктымалдыгы жана бул тобокелдиктерге каршы аракеттенүү жана алар орун алган учурда терс кесепеттерди азайтуу боюнча чараларды сунуштоо.  

Төмөнкү тобокелдиктер милдеттүү түрдө бааланууга тийиш: 

- зарыл болгон финансылык, материалдык жана адам ресурстарынын жетишсиздик тобокелдиктери; 

- сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу механизмдеринин жетишсиздик тобокелдиктери; 

- сунушталган жөнгө салуу менен киргизип жаткан талаптардын сакталышына талаптагыдай контролду камсыз кылбоо тобокелдиктери; 

- сунушталган жөнгө салуунун Улуттук банктын административдик-башкаруу потенциалына ылайык келбестиги тобокелдиктерине. 

6) айрым ишкердик субъекттери (же субъекттердин топтору) рыноктун башка катышуучуларына караганда негизсиз артыкчылыктарга ээ болгон шарттардын келип чыгуу тобокелдигин баалоого багытталган атаандаштыкка таасирин баалоо;  

7) кызыкдар жактар жөнгө салуу адресаттарынын сунушталып жаткан жөнгө салуу (оң жана терс баа) боюнча пикири жөнүндө маалыматтарды (коомдук талкуулоодон кийин) киргизүү (болгон болсо); 

8) сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча негизги аргументтерди келтирүү

2 жана 3-этаптардын жыйынтыктары аналитикалык каттын 2-бөлүгүнө киргизилет жана анда ар бир пунктту аткарууда алынган бардык корутундулар камтылышы керек.  

4-этап. Жөнгө салуу таасирин талдоо документтерин даярдоо жана коомдук талкууга сунуштоо 

15. Бул этапта талкуулоо жүргүзүлөт жана жөнгө салуу таасирин талдоо документтеринин акыркы варианттары иштелип чыгат: аналитикалык кат жана тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоору. 

16. Аналитикалык кат жана ченемдик укуктук актынын долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

Талкуунун жүрүшүндө түшкөн сунуштар ченемдик укуктук актынын долбооруна карата салыштырма таблицага киргизилет. 

Талкуу аяктагандан кийин жумушчу топ түшкөн сунуштарды эске алуу менен аналитикалык каттын жана ченемдик укуктук актынын долбоорунун акыркы варианттарын даярдайт. 

17. Аналитикалык катка жумушчу топтун бардык мүчөлөрү же аларды алмаштырган адамдар кол коюшат жана Улуттук банктын төрагасы же аны алмаштырган адам тарабынан бекитилет. 

Жумушчу топтун мүчөсү аналитикалык катка кол коюудан баш тартса, жумушчу топтун кол коюудан баш тарткан ошол мүчөсүнүн баш тартуу себеби көрсөтүлгөн түшүндүрмөсү документке тиркелет, ал эми ал жок болсо - жумушчу топтун мүчөсүнүн документке кол коюудан баш тартуу себебин түшүндүрүү менен жумушчу топтун түшүнүк каты тиркелет. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын ченемдик  

укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына карата  

1-тиркеме 

  

Форма 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

______________________________________ 

(кызмат орду) 

______________________________________ 

(кол тамгасы) 

 

20___-жылдын «___» ___________________ 

  

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

_________________________________________________________ 

(ченемдик укуктук актынын долбоорунун aталышы

Иштеп чыгуу үчүн негиздеме: 

_________________________________________________________________________ 

(документтин аталышы) 

20___-жылдын «____» ____________________ № _______ 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү:  

_________________________ 

_________________________ 

  

(башталышы) 

(аякташы) 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

_________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, кол тамгасы) 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

_____________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, кол тамгасы) 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалымат: 

_________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, тел., e-mail) 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Бул ченемдик укуктук акты аркылуу чечилүүчү негизги маселе (же проблеманы) чагылдырылсын.  

2. Проблеманын масштабы 

Ченемдик укуктук актынын долбоорунда козголгон ишкердик субъекттеринин саны жөнүндө маалымат берилсин. 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Колдонуудагы жөнгө салуу сакталган шартта, алдын ала болжолдонуп жаткан таасирлер чагылдырылсын. 

Экономикалык жана укуктук негиздерди, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугун кошо алганда, азыркы мезгилде проблемаларды чечүү зарылдыгын шарттаган негизги аргументтерди келтирүү

4. Эл аралык тажрыйба 

Ушул сыяктуу проблемаларды чечүү жагында эл аралык тажрыйба тууралуу кыскача маалымат келтирилсин. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу жөнгө салуунун максаты так берилсин. 

6. Сунушталган жөнгө салуу 

Проблемаларды чечүү жана максатка жетүү үчүн каралган чаралар (механизм) жана жөнгө салуунун негизги ченемдери чагылдырылсын. 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо  

7.1. Белгилүү бир күнгө карата күтүлүп жаткан жыйынтык (жөнгө салуу максатына жетүү деңгээли).  

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага таасири: алгылыктуу жана терс; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: алгылыктуу жана терс;  

3) экологияга таасири: алгылыктуу, терс, таасири тийбейт. 

7.3. Кызыкдар тараптар жөнгө салуу адресаттарынын негизги топторуна карата күтүлүп жаткан таасири: 

1) мамлекеттик органдар: алгылыктуу жана терс;  

2) ишкерлер: алгылыктуу жана терс;  

3) калк: алгылыктуу жана терс.  

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо 

Жөнгө салуу максатына жетүү үчүн жөнгө салууну ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон негизги тобокелдиктерди чагылдыруу: 1-тобокелдиктин аталышы: 

- тобокелдикти баалоо; 

- сунушталып жаткан жеңилдетүү чаралары; 2-тобокелдик аталышы: 

- тобокелдикти баалоо;  

- сунушталып жаткан жеңилдетүү чаралары. 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Сунуш кылынган жөнгө салуунун ушул жөнгө салуу варианты үчүн атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоонун негизги корутундулары чагылдырылсын. 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Кызыкдар тараптар жөнгө салуу адресаттарынын ар бир тобунун сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө пикири тууралуу маалымат берүү: оң - кыскача, терс - түшүндүрмөлөрдү чагылдыруу менен: 

1) ишкерлер (тандалган критерий боюнча бөлүү менен):  

- оң

- терс; 

2) калктын саны (тандалган критерий боюнча бөлүү менен):  

- оң

- терс. 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздеп берүү 

Сунуш кылынган жөнгө салууну колдоо үчүн негизги аргументтерди келтирүү

12. Тиркеме 

Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет: 

- сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан экономикалык натыйжаларды ар тараптуу баалоо (жумушчу топтун чечими боюнча); 

- жөнгө салуу таасирин талдоого карата чыгарылган тыянактарды жана сунуштарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдар жана башка маалыматтар (жумушчу топтун чечими боюнча);  

- жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн кол коюудан баш тартуусу/өзгөчө пикирлери (бар болсо); 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.  

Тиркемелерди эске албаганда, аналитикалык каттын негизги текстин 10-15 бетке чейин түзүү сунушталат.