Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2022-П-34/83-9-(НПА) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорун, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                                                        З. Чокоев 




Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2022-П-34/83-9-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө»; 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Жобо керектөөчүлөр укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында иштелип чыккан жана анда банктык кызматтарды көрсөтүү, ошол кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо боюнча банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын (банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын) (мындан ары - ФКУ) ишине карата минималдуу талаптар белгиленген, ошондой эле керектөөчүлөр укугун коргоо жаатында Улуттук банктын ФКУ менен өз ара иш алып баруу компетенциясы жана тартиби аныкталган.»; 

-  3-пунктунун: 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү - Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөгө Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3) банктык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ФКУ тарабынан ишке ашырылуучу операциялар жана сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр;»; 

4-пунктчасындагы «финансылык кызматтардан» деген сөздөр «банктык кызматтардан» дегенге алмаштырылсын; 

5 жана 9-пунктчаларындагы «финансылык кызмат» деген сөздөр «банктык кызмат» дегенге алмаштырылсын; 

- 4-пунктундагы «финансылык кызмат» деген сөздөр «банктык кызмат» дегенге алмаштырылсын; 

- 2-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартибине карата талаптар»; 

- 6, 8, 9, 10-пункттарындагы «финансылык кызмат» деген сөздөр «банктык кызмат» дегенге алмаштырылсын; 

-11-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Кардар менен түзүлүүчү келишим, ошондой эле башка макулдашуулар, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт, аны тастыктоо болуп, кардардын кредиттик келишимди өзү тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө билдирген макулдугу эсептелет. Бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына сакталат.»; 

-  12-пунктундагы «финансылык кызмат» деген сөздөр «банктык кызмат» дегенге алмаштырылсын; 

- 21-пунктунун: 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, керектөөчүлөргө (потенциалдуу карыз алуучуларга) кредит берүү шарттары жөнүндө маалыматтар толугу менен чечмеленип берилүүгө тийиш жана кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен, кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.»; 

4-пунктчасындагы «карыз алуучуга» деген сөздөр «, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга» деген сөздөр менен толукталсын. 

7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик келишимде (лизинг келишимде) алган кредитти каалаган убакытта эч кандай комиссиясыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз кредиттин (лизингдин) ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга карыз алуучунун укугу каралууга тийиш;»; 

- 53-пунктундагы «финансылык кызматтарды» деген сөздөр «банктык кызматтарды» дегенге алмаштырылсын; 

- Жобого карата 1-тиркеменин 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы «финансылык кызматтарды» деген сөздөр «банктык кызматтарды» дегенге алмаштырылсын; 

- Жобого карата 3-тиркеменин: 

2-пунктунун төртүнчү сабындагы «финансылык кызматтар» деген сөздөр «банктык кызматтар» дегенге алмаштырылсын; 

2-пунктунун бешинчи сабындагы «финансылык кызмат» деген сөздөр «банктык кызмат» дегенге алмаштырылсын; 

4-пунктундагы «финансылык кызматтардын» деген сөздөр «банктык кызматтардын» дегенге алмаштырылсын.