Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2022-П-12/83-7-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 10-мартындагы № 2022-П-12/13-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө». 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банк» ачык акционердик коомун, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Насыялык маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорун, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 28-декабрындагы  

№ 2022-П-12/83-7-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 30-пунктунун 4-пунктчасынын жыйырма төртүнчү абзацында биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк камсыздоонун өздүк наркын өз алдынча же баалоочуну/баалоочу уюмду ишке тартуу менен баалашы мүмкүн.».  

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин»: 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Эгерде, кредиттик саясатта Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан (катталган) күрөөлүк мүлктү кабыл алуу каралган болсо, анда бул учурда банктын/ФКУнун Директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттердин кайтарылып берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болушат.»; 

- 10-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Банк/ФКУ тийиштүү рынокко (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ж.б.) иликтөөлөрдү жүргүзүп, күрөөгө кабыл алынып жаткан тиги же бул мүлктүн сапатынын критерийлерин аныктоого тийиш. Сапат критерийлери күрөөгө коюлган мүлктүн түрүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн жана бирок кеминде төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:»;  

алтынчы абзацындагы «шарттар» деген сөз «критерийлер» деген сөзгө алмаштырылсын;  

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11. Банк/ФКУ күрөөлүк мүлктүн жайгашкан жерине баруу менен анын ордунда бар экендигин жана сапатын текшерүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кредиттөөүрөөлүк мүлк менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган отчет түзүлөт, анда кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш: 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнү сактоо шарттары; 

- күрөөнүн сандык жана сапаттык параметрлери; 

- ичтен баа берүүнүн же баалоочунун/баалоочу уюмдун баа берүүсүнүн негизинде анын адилет наркы; 

- күрөөнүн наркына баа берүү ыкмаларын жана/же методологиясын колдонуу; 

- жана башка.»; 

- 16-пунктун бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин

«баалоочуну/баалоочу уюмду тартуу; 

- кредиттин суммасы менен күрөөнүн адилет наркынын сандык катышы;»; 

- 20-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Банк/ФКУ кредит боюнча камсыздоо катары күрөө предметин кароо учурунда, анын төмөнкү мүнөздөмөлөрүн эске алууга тийиш:»;  

расмий тилдеги текстинин экинчи абзацындагы «справедливая» деген сөз «справедливую» деген сөзгө алмаштырылсын; 

жетинчи жана сегизинчи абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- күрөөлүк мүлктүн жайгашкан орду боюнча адилет наркына таасирин тийгизиши ыктымал болгон күндөлүк экономикалык шарттардын жана рыноктогу жагдайдын чагылдырылышы; 

- сапаттуу талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Банктын/ФКУнун күрөөлүк мүлк менен иш алып баруунун негизги принциптерин жөнгө салган документтеринде, банк/ФКУ күрөөлүк мүлккө өз алдынча, квалификациялуу баа бере албаган шартта, банк/ФКУ баалоочу/баалоочу уюм менен келишим түзүүгө тийиш экендиги каралышы зарыл.»; 

- 21-1-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «көз карандысыз баалоочунун» деген сөздөр «баалоочунун/баалоочу уюмдун» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

экинчи абзацындагы «(ички же болбосо ишке тартылган) баалоочуга» деген сөздөр «ички баалоочуга/баалоочуга/баалоочу уюмга» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

төртүнчү абзацындагы «көз карандысыз (тартылган) баалоочуга» деген сөздөр «баалоочуга/баалоочу уюмга» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- ички баалоочунун/баалоочунун/баалоочу уюмдун кызматын учурда же келечекте пайдалануу ички баалоочунун/баалоочунун/баалоочу уюмдун мүлктү баалаган суммадан көз карандылыгына жол берүүгө;»;  

алтынчы абзацындагы «көз карандысыз (ишке тартылган) баалоочу» деген сөздөр «баалоочу/баалоочу уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

жетинчи абзацындагы «көз карандысыз баалоочу» деген сөздөр «баалоочу/ баалоочу уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 23-1-пунктунун биринчи абзацындагы «тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз баалоочу адистерди» деген сөздөр «баалоочуну» деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун: 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Баалоо баалоо иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык баалоочу/баалоочу уюм тарабынан түзүлгөн баалоо отчетунун негизинде белгилүү бир күнгө карата кыймылсыз мүлктүн наркын аныктоо (эсептөө) процесси.»; 

пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Баалоочу (көз карандысыз адис-баалоочу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген, баалоо ишин жүзөгө ашырууга квалификациялык сертификаты бар жеке адам. 

Баалоочу уюм мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ишинин негизги түрү баалоо иши болуп саналган жана штатында квалификациялык сертификаты бар экиден кем эмес баалоочусу болгон юридикалык жак.»; 

- 7-пунктунун «г» пунктчасындагы «көз карандысыз баалоочу» деген сөздөр «баалоочу/баалоочу уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 16-пунктунун: 

«в» пунктчасындагы «көз карандысыз баалоочунун» деген сөздөр «баалоочунун/баалоочу уюмдун» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

расмий тилдеги текстиндеги «другие» деген сөз алынып салынсын; 

- 27-пунктунун биринчи абзацында «көз карандысыз тажрыйбалуу баа берүүчү» деген сөздөр «баалоочу/баалоочу уюм» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 28-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «көз карандысыз (ишке тартылган) баалоочу» деген сөздөр «баалоочу/баалоочу уюм» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Баалоочу/баалоочу уюм банктын ошол эле башка кыймылсыз мүлкүн катары менен экиден көп жолу баалоосуна жол берилбейт.»; 

- 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«29. Банктын кыймылсыз мүлккө баа берүү жагында баалоочуга/баалоочу уюмга карата тапшырмасы кат жүзүндө толтурулууга тийиш, ал эми баалоочунун/баалоочу уюмдун отчетунда ошол тапшырма жана анда көрсөтүлгөн бардык параметрлер боюнча баа берүүнүн натыйжалары камтылышы зарыл. 

Башка кыймылсыз мүлктү баалоо үчүн банк мыйзам талаптарына ылайык баалоочу/баалоочу уюм менен баалоо келишимин түзүүгө тийиш.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун: 

- 11-пунктунун: 

пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылтылышын каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук аймактар;»; 

он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Финансылык чалгындоо органы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.»; 

- 15-пунктунун үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому менен бекитилген» деген сөздөр «Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) токтому менен бекитилген» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 22-3-пунктунун экинчи абзацындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Ушул Нускоонун талаптарына ылайык банкка берилген документтин түп нускасы чет тилде толтурулган болсо, банкка Кыргыз Республикасынын расмий же мамлекеттик тилинде которулган, котормо мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн алардын котормосу сунушталышы зарыл.»; 

- 39-пунктундагы «жашы жете элек өспүрүмдүн» деген сөздөр «баланын» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 42-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча «жашы жетпеген жарандын» деген сөздөр ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндө «баланын» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 48-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин талаптарына ылайык жеке ишкерди идентификациялоодо банктык эсеп келишими боюнча эсептерди ачуу аманатчынын өзүн жеке катыштыруусуз жүргүзүлөт.»; 

Нускоого карата 1-тиркеменин: 

- 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) ушул Нускоодо каралган учурларда кардарды банктык эсепти ачууга чейин жана эсеп ачуу процессинде верификациялоо, ошондой эле эсеп ачылгандан кийин маалыматтарды текшерүү;»; 

- 3-пунктундагы «жашы жетпегендер» деген сөз «16 жашка чейинки балдар» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

5. Жеке адамдардын инсандыгын тастыктоо үчүн банк төмөнкү документтердин бирин пайдаланат: 

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:  

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);  

- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (14 жашка чейинки балдардын пайдасына эсеп ачуу, ошондой эле 14-16 жашка чейинки баланын өзү эсеп ачуусу үчүн);  

- офицердин, прапорщиктин ким экендигин тастыктаган күбөлүк же мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысынын аскердик билети; 

- айдоочунун күбөлүгү (кардардын банктык эсеби үчүнчү жактар тарабынан, ошондой эле банкта эсеби бар кардарлар тарабынан гана толукталган шартта); 

2) чет өлкөлүк жарандар үчүн: 

- чет өлкөлүк жарандын паспорту; 

- Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу; 

3) жарандыгы жок жактар үчүн - Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу; 

4) качкындар үчүн: 

- жаранды качкын катары таануу жөнүндө өтүнмөнүн катталгандыгы тууралуу күбөлүк; 

- качкындын күбөлүгү

5) кайрылмандар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү.»; 

- 7-пунктундагы «талап кылууга тийиш» деген сөздөр «тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен талап кылууга укуктуу» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 10-пунктунун биринчи абзацындагы «верификациялоого» деген сөз «текшерүүгө» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 11-пунктунун биринчи абзацындагы «верификациялоого» деген сөз «талаптагыдай текшерүүгө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Банктык эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардар төлөм багытын көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген төлөм документтерин банкка берүүгө тийиш.  

Банк тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен операциялардын мыйзамдуулугун жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктаган документтердин берилишин кардардан талап кылууга укуктуу. Мындай документтер кардарга берилген эсептер, кардар менен түзүлгөн келишимдер, төлөм документтери (мисалы, инвойстор, эсеп-фактуралар) ж.б. болушу мүмкүн. 

Кардар талап кылынган документтерди бербүүдөн баш тарткан учурда банк эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш. Мындай шарт банк менен кардар ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишиминде каралышы зарыл. 

Банк жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун, ошондой эле кардардын жана бенефициар ээсинин акча каражаттарын алуу булагын аныктоо максатында, кардар кошумча документтерди, анын ичинде контрагент жөнүндө маалыматты сунуштоосу үчүн тиешелүү, бирок 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттөрдү белгилөөсү зарыл. Эгерде кардар белгиленген мөөнөт ичинде банк тарабынан талап кылынган документтерди сунуштабаса, банк эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш.  

Эгерде кардардын операциялары шектүү катары таанылса жана/же кардарга жогорку тобокелдиктүү деңгээли ыйгарылган болсо, талап кылынган документтерди күтүү убактысы ичинде кардар тиешелүү документтерди сунуштаганга чейин банк кардардын эсеби боюнча кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.»; 

Нускоого карата 3-тиркеменин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Банк финансылык чалгындоо органынын сунушу боюнча жана ФАТФтын коом алдында билдирүүсүнүн негизинде Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилген жогору тобокелдиктүү өлкөлөрдө (оффшордук аймактарда) катталган банктар, ошондой эле алардын аффилирленген жактары, туунду банктары жана юридикалык жак болуп саналбаган өзүнчө турган бөлүмдөрү менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө укугу жок.  

Эскертүү: ФАТФ бул акчалардын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуу куралдарын жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча өкмөттөр аралык уюм (топ). 

Жогору тобокелдиктүү өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.»; 

- 4-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөгү банктар менен корреспонденттик мамилелерди түптөө учурунда, банктын террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) боюнча алгылыксыз ишке тартылышы тобокелдиги банкта жогорулайт.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 3-1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-1. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы аларга жүктөлгөн милдеттерге тиешелүү маселелер боюнча аналитикалык маалымат берүү, маалымдоо материалдарын жана сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо үчүн кеңешчилерди, консультанттарды (адистерди, эксперттерди ж.б.) ишке тартууга укуктуу. 

Кеңешчилердин, консультанттардын иши кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча кызматтык нускоолордун/келишимдердин алкагында жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Кеңешчилер, консультанттар банктын кызмат адамы болуп саналбайт жана банктын операциялык ишине (кредиттик ж.б.) катыша алышпайт. Кеңешчилердин, консультанттардын корутундусу сунуш-көрсөтмө берүү мүнөзүнө ээ, ал эми Директорлор кеңеши, банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер үчүн жоопкерчилик аталган органдарга жүктөлөт.»; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Банк акционерлеринин жалпы жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү маселелер Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Акционердик коом жөнүндө» мыйзамдарында аныкталган.»; 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары Мыйзам) ылайык, акционерлер банк кардарларынын кызыкчылыктарына доо келтирген иш-аракеттерге жол бербөөгө тийиш.»;  

- 10-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Директорлор кеңеши жөнүндө жобо акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет.»; 

- расмий тилдеги текстинин 12-пунктунун төртүнчү абзацындагы «соответствующей» деген сөз «соответствующие» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги текстинин 18-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «касающимся», «несущим» деген сөздөр «касающихся», «несущими» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

үчүнчү абзацындагы «установленной» деген сөз «утвержденной» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги текстинин 19-пунктунун он экинчи абзацындагы «роспись» деген сөз «подпись» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги текстинин 20-пунктунун бешинчи сүйлөмүндө «роспись» деген сөз «подпись» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 22-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү «монетардык» деген сөз «банктык» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги текстинин 24-пунктунун биринчи абзацындагы «ими» деген сөз «им» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 28-пунктунун: 

расмий тилдеги текстинин төртүнчү абзацындагы «представление» деген сөз «предоставление» деген сөзгө алмаштырылсын; 

расмий тилдеги текстинин бешинчи, алтынчы, жетинчи абзацындагы «представлять» деген сөз «предоставлять» деген сөзгө алмаштырылсын; 

тогузунчу абзацы «ченемдик» деген сөздөн кийин «укуктук» деген сөз менен толукталсын; 

- расмий тилдеги текстинин 30-пунктунун он экинчи абзацындагы «роспись» деген сөз «подпись» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги текстинин 31-пунктунун экинчи абзацындагы «принятии решений» деген сөздөр «принятии решения» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

-  расмий тилдеги текстинин 32-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- использовать предоставленные им полномочия в целях выполнения задач и функций, для которых они назначены на установленный Законом срок;»; 

алтынчы абзацындагы «в отношении» деген сөздөр «по отношению» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Комитет Корпоративдик катчы кызмат ордуна талапкерди карап, анын белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгына баа берет жана Директорлор кеңешине сунуш-көрсөтмөлөрдү берет.»; 

- 39-пунктундагы «ченемдик актыларга» деген сөздөр «документтерине» деген сөзгө алмаштырылсын;  

- 40-пунктунун биринчи абзацындагы «төлөөнүүчү» деген сөз «белгиленген» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 40-1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40-1. Сый акы төлөө системасы, сый акынын банктын иш натыйжаларына жана ошол натыйжаны камсыз кылууда банк кызматкеринин кошкон жеке салымына карата негиздүү катышта белгиленишин камсыз кыла алгандай деңгээлде уюштурууга тийиш.»; 

- расмий тилдеги текстинин 42-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «должен», «взвешиваются» деген сөздөр «должны», «взвешиваться» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 43-пунктунун биринчи абзацындагы «ченемдик актыда» деген сөздөр «документинде» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Жаңы продукттар боюнча комитет Банкта жаңы банктык продукттарды иштеп чыгуу, жаңы продукттарды банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна колдонууга киргизүү үчүн, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу мыйзам талаптарына ылайык иштелип чыккан жаңы продукттар рыногуна банктын аралашуусун контролдоо үчүн, ошондой эле тобокелдиктердин алгылыктуу деңгээлин аныктоо жана санариптик банк операцияларын контролдоонун шайкеш системаларын түзүү үчүн түзүлүшү мүмкүн.»; 

- 45-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«45. Комитет натыйжалуу, максатка багытталган жана контролдукка алынган алгачкы баа берүү процессин камсыз кылуу, учурдагы ресурстук чектөөлөрдүн чегинде банктык продукттарды же кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары иштеп чыгуу, тесттен өткөрүү жана колдонууга киргизүү үчүн жаңы банктык продукттарга жана банк операцияларын санариптик платформаларга өткөрүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ.»; 

- 46-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«46. Комитет банктын тигил же бул түзүмдүк бөлүмүн жаңы банктык продукттарды жана санариптик банк платформаларын иштеп чыгуу процессине тартуу мүмкүнчүлүгүн аныкташы ыктымал.»; 

- 47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«47. Комитет жаңы банктык продукттарды иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө, ошондой эле банк операцияларын санариптик платформаларга өткөрүүдө орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана аларды кыскартуу (азайтуу) ыкмаларына баа берүүгө тийиш.»; 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет жөнүндө ички жобо аркылуу жөнгө салынат.»; 

- 49-пункту төмөнкү редакциясындагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Санарип банк платформаларына жана кардарларды аралыктан тейлөөгө байланыштуу жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүүдө комитеттин курамына маалыматтык технологиялар жана маалымат коопсуздугу боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кирүүгө тийиш.»; 

- 50-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«50. Жаңы банктык продукттарды жана тейлөөнүн санариптик банк платформаларын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү чечимин кабыл алууда Комитет өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарын так сактоого тийиш.»; 

- 53-пунктундагы биринчи абзацындагы «ченемдик актыларына» деген сөздөр «документтерине» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 55-пунктундагы «ченемдик актыларына» деген сөздөр «документтерине» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 56-пунктунун: 

расмий тилдеги текстинин биринчи абзацында «ими» деген сөз «им» деген сөзгө алмаштырылсын; 

1-пунктчасындагы «ченемдик актыларынын» деген сөздөр «документтеринин» деген сөзгө алмаштырылсын; 

расмий тилдеги текстинин 3-пунктчасындагы «в отношении» деген сөздөр «по отношению» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги текстинде 8-главанын аталышындагы «конфликтов» деген сөз «конфликта» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 58-пунктунун: 

үчүнчү абзацындагы «жүргүзүү» деген сөз «ишке ашыруу деген сөзгө алмаштырылсын; 

алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- таламдардын каршы келип калышына жол бербөө жана мындай талаш маселелер келип чыгышы мүмкүн болгон жагдайларды жана ишкердик чөйрөсүн табуу;  

- банк ишинин натыйжасын гана эмес, стратегиялык максаттарга ылайык келүүсүн жана банктын кесиптик этика стандарттарын сактоосун эске алуу менен кызматкерге (Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) эмгек акы, сый акы жана сыйлыктарды белгилөө;»; 

- 60-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60. Банкта таламдардын каршы келип калышына жол бербөө, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар, банк Башкармасынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдар, олуттуу катышуучулар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн адамдар менен байланыштуу кайсыл болбосун жеке адамдар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзам талаптарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын сакталышын камсыз кылган механизмдер иштелип чыгууга тийиш.  

Таламдардын каршы келип калышына жол бербөө жана идентификациялоо максатында банк кеминде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:  

- Директорлор кеңешине жана банк Башкармасына таламдардын каршы келип калышына байланыштуу потенциалдуу тобокелдиктер тууралуу маалымдоо жол-жобосун иштеп чыгууга;  

- банктын кызмат адамдары жана кызматкерлери кызматка дайындоо (шайлоо) алдында жакын туугандары жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга;  

- таламдардын каршы келип калышы тууралуу маалымат базасын жүргүзүүгө

Таламдардын каршы келип калышы учурда банктын кызмат адамы же кызматкери бул тууралуу банк Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине токтоосуз билдирүүгө милдеттүү

Таламдардын каршы келип калышы өз убагында аныкталбаган учурда Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жооперчиликке тартылат.»;  

- 61-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61. Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитет банктын ички документтердин талаптарынын так сакталышын болжолдойт:». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун: 

- 13-пунктунун 6-пунктчасындагы «көз карандысыз баа берүүчүнүн» деген сөз баалоочунун/баалоочу уюмдун» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын тышкы аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттун эл аралык стандарттары жана башка маалыматтарга ылайык финансылык отчеттун бардык олуттуу аспектилеринде анын аныктыгы жөнүндө көз карандысыз пикирди билдирүү максатында, банк ишин көз карандысыз текшерүү.»;  

- 7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- аудитордук уюмдун финансылык отчетко аудит жүргүзүү кызмат көрсөтүүсүнө, ошондой эле банкка жана анын контролундагы уюмдарга кошумча (аудитордук эмес) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн төлөө тартиби жана шарттары.»;  

- 13-пунктунун «а» пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Бул билдирүүдө Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталгандыгы жөнүндө (аудитордук уюмдун жана аудитордун жеке каттоо номери, катталган датасы), аудитордук уюмдун телефон номерлерин, анын жетекчисинин аты-жөнүн кошо алганда, юридикалык дареги көрсөтүлүүгө тийиш;»

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген жана Улуттук банк тарабынан банктарга аудит жүргүзүү үчүн белгиленген талаптарга жооп берген аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору боло алат.»; 

- 16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«16. Банктын тышкы аудитору көз карандысыз, объективдүү бойдон калуу менен таламдардын каршы келип калышына алып келген кырдаалдардын түптөлүшүнө жол бербөөгө тийиш. Эгерде аудитордук уюмдун жана аудитордун көз карандысыздыгына коркунуч жараткан тобокелдиктердин болушунда Банктын тышкы аудитору мындай тобокелдиктер жана аларды азайтуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө банкка маалымат берүүгө милдеттүү.»; 

- 19-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген, ошондой эле кеминде үч жылдык аудитордук иш тажрыйбасына ээ болууга;»; 

- 20-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Финансылык отчетту аудитордук текшерүүнүн жетекчиси Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилүүгө жана төмөнкүлөргө ээ болуга тийиш:»; 

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Банктык топтун башында турган банк, аудит жүргүзүлчү топту түшүндүргөн банктык холдингдик компания же башкы компания жана банктын туунду компаниясы ушул Жобонун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан милдеттүү түрдө ар жылдык аудиттен өтүүгө тийиш.»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Аудитордук корутунду аудиттин эл аралык стандарттарын жана Улуттук банктын талаптарын сактоо менен түзүлөт. Ошол эле учурда бардык колдонуучулар үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык, банктын финансылык отчету боюнча аудитордук корутунду бирдей болууга тийиш.»; 

- 52-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Кыргыз Республикасынын аймагында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилбеген аудитордук уюмдун ишин жүргүзүү;». 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын жана башка керектөөчүлөрдүн, кредиторлордун укугун коргоо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат жана жөнгө салуу ченемдерин белгилейт.»; 

- 4-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- финансылык чалгындоо органы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.»

- 7-пунктунун: 

он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан тышкары, кураторлор/институционалдык инспекторлор банктын тышкы аудиторлору менен зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу жолугушуп, жана акционерлердин жалпы жыйынына (жылдык/кезексиз) катыша алышат.»; 

пункт төмөнкү редакциядагы он экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүүдө Улуттук банкка жыйынга чейинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде акционерлердин жалпы жыйынынын күн тартибин жана материалдары жөнөтүү менен 2 (эки) нускада жөнөтүүгө милдеттүү. Акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүүдө кураторлорго катышуу баракчасынын жана акционерлердин ишеним катынын көчүрмөлөрү (бар болсо) берилүүгө тийиш.»; 

- расмий тилдеги текстинин 3-тиркемесиндеги «Акт в том» деген сөздөр «Акт о том» дегенге алмаштырылсын. 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 11- пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Мында тобокелдик-менеджмент кызматкери консультациялык добуш берүү укугу менен Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин курамына киргизилиши керек.»; 

- 50-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчү Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 14-пунктуна ылайык (мындан ары «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобо) позициясы олуттуу болуп саналган ар бир чет өлкө валютасы боюнча өзүнчө эсептелет.»; 

- 50-2-пунктундагы «21» деген сан «22» деген санга алмаштырылсын; 

- 50-3-пунктундагы «25» деген сан «26» деген санга алмаштырылсын. 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун: 

он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.»; 

жыйырма экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чектүү сумма - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген маани (өлчөм).»; 

- 8-пунктунун: 

11-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11) банктарды жана алардын алмашуу пункттарын кошпогондо, маалымкат-сертификат китепчелери болууга тийиш;»;  

отуз биринчи абзацындагы биринчи сүйлөмүндө «банк» деген сөздөн кийин «алмашуу бюронун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемесинин» деген сөздөр менен толукталсын; 

отуз төртүнчү абзацындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 20-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Банктар, алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси чет өлкө валютасын сатып алууда жана сатууда сатылып алынган же сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасына көз карандысыз, операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти берүүгө милдеттүү. Алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелер кардардын өтүнүчү боюнча көчүрмөлөө кагазы аркылуу маалымкат-сертификатты (4-тиркеме) толтуруп берүүгө милдеттүү.». 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Маалымкат-сертификаттын бир нускасы кардарга берилет, ал эми экинчиси алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде сакталат.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Маалымкат-сертификатка ички жол-жоболорго жана кызматтык милдеттерге ылайык ыйгарым укуктуу жак кол тамгасын коет, ага алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин мөөрү (штампы) басылат. Алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин тиешелүү реквизити, алардын кызматкерлеринин кол тамгалары жана мөөрлөрү (штампы) жок болсо, мындай маалымкат-сертификат анык эмес болуп саналат. 

Маалымкат-сертификаттардын колдонулган китепчелери экинчи нускасы менен бирге МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде акыркы жазуу чагылдырылган күндөн тартып 1 (бир) жыл аралыгында сакталууга тийиш.»; 

- 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери маалымкат-сертификаттардын бланктарынын эсебинин катталышын, сакталышын камсыз кылууга тийиш. Эгерде алар жараксыз болуп же жокко чыгарылып калса алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси тиешелүү актыны тариздетүүгө милдеттүү.»; 

- 27-пунктунун: 

расмий тилдеги текстинин 1-пунктчасындагы «сом» деген сөз «сомов» деген сөзгө алмаштырылсын; 

расмий тилдеги текстинин 2-пунктчасындагы «сом» деген сөз «сомов» деген сөзгө алмаштырылсын; 

2-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эскертүү: инсандыгын тастыктаган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жободо белгиленген.»; 

- 30-пунктунун: 

расмий тилдеги текстинин 1-пунктчасындагы «сом» деген сөз «сомов» деген сөзгө алмаштырылсын; 

расмий тилдеги текстинин 2-пунктчасындагы биринчи жана төртүнчү абзацтарындагы «сом» деген сөз «сомов» деген сөзгө алмаштырылсын; 

пункт төмөнкү редакциядагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«Кардардын маалыматтарын идентификациялоо жөнүндө маалымат операцияларды каттоо журналына жазылууга тийиш (3-тиркеме).;- Жобонун 1а-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Приложение 1а 

Финансылык чалгындоо органына жөнөтүү үчүн кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо  

ЖУРНАЛЫ  

ЖУРНАЛ  

регистрации информации об операциях с клиентами для передачи в орган финансовой разведки 

Операция жүргүзүлгөн күн/Дата совершения операции 

Операциянын түрү(1)/Вид операции(1) 

Операциянын суммасы сом менен/Сумма операции в сомах 

Кардардын аты-жөнү/Юридикалык жактын аталышы/ФИО клиента/Наименование юридического лица 

ПИН, Инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн номери, берилген күнү/ИСН, КР ЮМ күбөлүктүн номери/берилген күнү/ПИН, номер документа, удостоверяющего личность, дата выдачи/ИНН, номер свидетельства МЮ КР, дата выдачи 

Жеке адамдын жашаган дареги/юридикалык жактын катталган жери/Адрес места жительства физического лица/места регистрации юридического лица 

Жеке адамдын орун алган жеринин дареги/юридикалык жактын жайгашкан жери/Адрес места пребывания физического лица/места нахождения юридического лица 

Результат проверки клиента в санкционных перечнях/ Санкциялык тизмелерде кардарды текшерүүнүн жыйынтыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

Жооптуу кызматкедин кол тамгасы/  

Подпись ответственного работника __________________   

   

Жетекчинин кол тамгасы/  

Подпись руководителя __________________  

 Эскертүү/Примечание:  

 операциянын түрү: чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу/вид операции: покупка или продажа иностранной валюты.»; 

 

 

 

 

 

 

- Жобонун 3 -тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3 -тиркеме 

Операцияларды каттоо  

ЖУРНАЛЫ  

20__-ж "___" ____________ 

Күндүн башталышына  

карата калдык 

Валюталар түрү 

Суммасы  

   

Кириштөө боюнча операциялар (сатып алуу) 

 

 

Чыгашалар боюнча операциялар (сатуу) 

 

 

 

Валюталар аталышы 

Валюта-лар суммасы 

Алма-шуу курсу 

Берүүгө карал-ган сумма, сом менен 

Резидент эместер  

Аты-жөнү

Юридикалык жактын аталышы 

ПИН, Инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн номери, берилген күнү /ИНН, ИСН, КР ЮМ күбөлүк номери 

Валюталар аталышы 

Валюталар суммасы 

Алмашуу курсу 

Берүүгө каралган сумма, сом менен 

Резидент эместер  

Аты-жөнү

Юридикалык жактын аталышы 

ПИН, Инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн номери, берилген күнү /ИНН, ИСН, КР ЮМ күбөлүк номери 

Жыйынтыгында:  

сатылып алынган валюталар:  

Анын ичинде  

резидент эместерден сатылып алынгандар  

Башка түшүүлөр  

Күндүн башталышына карата калдык 

Валюталар түрү 

 

 

Жыйынтыгында 

сатылган валюталар:  

Анын ичинде  

резидент эместерге сатылгандар  

 

Башка чыгашалар 

  Суммасы 

 

 

Жооптуу кызматкеринин кол тамгасы 

Жетекчисинин кол тамгасы 

  

Эскертүү

1. «Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта» сабында валютанын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө сатылып алынган жана сатылган валютанын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

2. «Алмашуу курсу» деген 3 жана 8-графалардагы «Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта» сабында сатылып алынган же сатылган бардык валюта боюнча орточо алынган курс чагылдырылат. Орточо алынган курс берүүгө каралган жалпы сумманын (4 жана 9-графалар) сатылып алынган/сатылган чет өлкө валютасынын жалпы суммасына карата катышы катары, валютанын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет. 

3. Резидент эместер менен операция жүргүзүү учурунда 5 жана 10-графаларда «Н» белгиси чагылдырылат, ал эми резидент эместер менен операциялык күн ичинде ишке ашырылган операциялардын жалпы көлөмү алмашуу бюросунун күндөлүк отчетторунда көрсөтүлөт. 

4. Алмашуу бюролор алмашуу бюросунун кассасы аркылуу нак чет өлкө валютасын алмаштыруу менен байланышы жок операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.»; 

 

 

- Жобого карата 4-тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча «Банктын,» деген сөз алынып салынсын;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Финансылык чалгындоо органы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.»; 

- 8-пунктунун 3-пунктчасынын онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү боюнча жогоруда белгиленген чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерге баа берүү натыйжаларын эске алуу менен колдонулат.»; 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы, алдыңкы кеңсе кызматкерлери, ошондой эле банктын ушул багыт боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан башка кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык, жылына кеминде бир жолу окутуудан (кайра даярдыктан) өткөрүлүп турууга тийиш.»; 

- 32-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) банк Башкармасынан/ Башкарманын Төрагасынан же банктын операциялык ишин тескеген Башкарманын мүчөсүнөн (банк Башкармасынын төрагасы ага мындай ыйгарым укуктарды берген шартта) кардар менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга уруксат алуу;»; 

- 42-пунктунун төртүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен ишке ашырылган, финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат;»; 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Банк, алар боюнча чектүү сумма Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген нак акча каражаттары менен ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) эске албаганда, суммасына, ишке ашырылган же ашырылуучу операцияларга карабастан, ушул жобонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн, контролдукка алынуучу жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды топтоп, финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.». 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-мартындагы № 2022-П-12/13-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун 25-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн, жаңыдан берилген кредиттер боюнча кредиттик тобокелдик деңгээли 300 пайыз өлчөмүндө белгиленсин;».