Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 25-январындагы  

№ 2023-П-12/4-3-(НПА) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) 

«Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» 

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомунун 3-пунктуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө автоматташтырылган маалыматтык банк системасын жана эсепке алуу саясаттарын Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин талаптарына ылайык келтирсин;»; 

- төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«- ушул токтомдун талаптарынын аткарылышы жөнүндө банктарды көзөмөлдөө башкармалыгына ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнө чейин маалымат беришсин.». 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы:   

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев