Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 15-мартындагы  

№ 2023-П-13/16-6-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 « Шектүү  

банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 «Шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн жана областтык башкармалыктарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана банк эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 15-мартындагы  

№ 2023-П-13/16-6-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 « Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоо тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 «Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- 5-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - Финансы полициясы)/» деген сөздөр алып салынсын; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Улуттук банктын жана анын областтык башкармалыктарынын/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук органдары менен жасалма банкнотторду/монеталарды табуудагы биргелешкен аракеттери «Жасалма акча жасоочулукка каршы күрөшүүнүн алкагында кызматташуусу жөнүндө» келишимдин шарттары менен жөнгө салынат.»; 

- 12-пунктундагы «Финансы полициясынын/» жана «аймактык башкармалыгынын» деген сөздөр алып салынсын; 

- 14 жана 26-пункттарындагы «Финансы полициясынын/»деген сөздөр алып салынсын; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Жасалма банкнотторду/монеталарды ИИМ/УККМ мекемелерине тергөө ишин жүргүзүү үчүн өткөрүп берүү, жасалма банкнотторду/монеталарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык жүргүзүлөт (7-тиркеме). Акт эки нускада түзүлөт, анын бири жасалма банкноттор/монеталар менен бирге, арыздын жана протоколдун көчүрмөсү менен ИИМ/УККМнын жакын жердеги бөлүмүнө берилет, ал эми экинчиси Улуттук банктын документтеринде сакталат.»; 

- 6 тиркемедеги «Финансы полициясына/»деген сөздөр алып салынсын; 

- 7-тиркемедеги «Финансы полициясынын/»деген сөздөр алып салынсын.