Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 31-мартындагы  

№ 2023-П-14/21-2-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

 

«Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо бекитилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» 2018-жылдын 26-февралындагы № 2018-П-14/6-3-(ПС) токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» 2022-жылдын 7-декабрындагы № 2022-П-14/76-5-(ПС) токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана «Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы KG (КЕЙ-ЖИ)» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.  

 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 31-мартындагы  

№ 2023-П-14/21-2-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясынын негизинде иш алып барган төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун эсептешүү банкы (мындан ары Эсептешүү банкы) катары иш алып баруу үчүн коммерциялык банкка карата минималдуу талаптар аныкталган. 

2.  Эсептешүү банктарынын төмөнкүлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү гарантиялык жүргүзүүсү ушул Жобонун максаты болуп саналат:  

- төлөм уюмдары тарабынан кабыл алынган жана ири жана чекене төлөмдөр системалары боюнча үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүү банктары/бул эл аралык төлөм системаларынын борборлору менен жүргүзүлгөн эл аралык төлөм системаларынын төлөмдөрү.  

3. Бул Жобо төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына - Кыргыз Республикасынын резиденттерине, ошондой эле эл аралык төлөм системаларына тутушкан коммерциялык банктарга таркатылат. 

Электрондук акча системалары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобо менен жөнгө салынат.  

4. Эсептешүү банкын тандоо жөнүндө чечимди ушул Жободо, ошондой эле ички ченемдик документтерде белгиленген талаптарга ылайык төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму кабыл алат. 

5. Эсептешүү банкы менен төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Эсептешүү банкы, банктар аралык системалардын катышуучусу болуу менен, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторунун ири же чекене төлөмдөр системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча өз убагында эсептешүүлөрдү камсыз кылат. 

6. Эсептешүү банкы келишимдик мамиледе каралган учурларда, өзүнүн корреспонденттик эсептер системасы аркылуу жана системанын эрежелерине ылайык эл аралык төлөм системасы жана/же эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн интеграция жөнүндө келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн эл аралык төлөм системаларынын алкагында, төлөмдөр боюнча кайсы болбосун валютада акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. 

7. Банк түзүлгөн келишимдердин негизинде бир нече төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторлоруна Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.  

8. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму бир нече эсептешүү банкын тандоого жана үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн эсептешүү банктарындагы эсептерде ликвиддүүлүктү тескөө боюнча өз алдынча жоопкерчилик тартууга укуктуу. 

9. Маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторлору негизги жана резервдик Эсептешүү банкына ээ болууга тийиш. 

Төлөм системасынын катышуучусунун маанилүү төлөм системасындагы жана системалуу мааниге ээ төлөм системасындагы маанилүүлүк критерийи өзгөргөн учурда төлөм системасынын катышуучусу маанилүүлүк критерийи боюнча Улуттук банктын билдирүүсүн алган учурдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирбеген мөөнөттө резервдик Эсептешүү банкынын болушун камсыз кылууга тийиш.  

10. Эсептешүү банкы өз ишин ушул Жобого, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын кошо алганда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, төлөм системасынын эрежелерине, ошондой эле төлөм системасынын оператору/төлөм уюму жана эл аралык төлөм системасынын эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырат.  

11. Эсептешүү банкы жана төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарга ылайык негизги жана резервдик байланыш каналдарын жана өздөрүнүн системаларынын ортосунда интеграцияны камсыз кылышат.  

 

2-глава. Эсептешүү банкына карата талаптар 

12. Төмөнкү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон коммерциялык банк Эсептешүү банкы боло алат: 

- кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды кассалык тейлөө;  

- кредиттик жана төлөм карталарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, аккредитивдер, векселдер жана башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо; 

- кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкө валютасын сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу. 

13. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн Эсептешүү банкы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын (мындан ары ГСРРВ) жана пакеттик клиринг системасынын (мындан ары - ПКС) катышуучусу болуу, мында өз ара иш алып баруу операторунун Эсептешүү банкы ГСРРВнын тике катышуучусунан болуусу жетиштүү

2) финансы билдирүүлөрүн (мисалы, SWIFT) берүүнүн эл аралык банктар аралык системасынын катышуучусу болуп саналат жана/же башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын операторунун эсептешүү банкы менен финансылык билдирүүлөрдү берүү каналдарына ээ болууга; 

3) акыркы отчеттук жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын жоболорун сактоодо; 

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болбоого; 

5) акыркы отчеттук датага карата Улуттук банк алдында орду жабылбаган мөөнөтү өткөн карыздары жок; 

6) жоюу процессинде, убактылуу администрация режиминде болбогон жана/же акыркы отчеттук жыл ичинде Эсептешүү банкы катары операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектеген Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колдонулбагандыгы; 

14. Эл аралык система менен интеграцияланган төлөм системаларынын операторунун Эсептешүү банкы ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптардан тышкары төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) Кыргыз Республикасынын рыногунда банк ишин кеминде 5 (беш) жыл жүзөгө ашырып келет.  

2) Эсептешүү банкы болууну пландаштырган эл аралык системанын тике катышуучусу жана/же анын алкагында башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системалары менен система аралык интеграция долбоору ишке ашырылган локалдык төлөм системасынын катышуучусу болуп саналат. 

3) Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын катышуучусу болуп саналат. 

4) эсептешүү банктары/эл аралык төлөм системаларынын операторлорунун агенттери менен колдонуудагы корреспонденттик мамилелерге ээ (артыкчылык); 

5) акыркы эки жыл үчүн эсепке алуунун жана отчеттуулуктун бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына шайкештигин тастыктаган тышкы аудитордун корутундусунун болушу.  

6) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын катышуучусу болуп саналат.  

 

3-глава. Эсептешүү банкынын функциялары 

15. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму менен келишим түзгөн Эсептешүү банкы төмөнкү функцияларды аткарат: 

өздүк төлөмдөрдү жана төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун катышуучулары тарабынан өткөрүлгөн төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсепте жетиштүү ликвиддүүлүктү камсыз кылат; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте күн сайын ГСРРВ системасында белгиленүүчү чекене төлөм системалары үчүн резервди эсептөөгө, төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму үчүн ар күндүк негизде резервди камтыйт; 

- камсыздандыруу (кепилдик) фондундагы резервди эсептөөгө банк алар менен Эсептешүү банкынын функцияларын аткаруу жөнүндө келишим түзгөн төлөм уюмдары үчүн резервди камтыйт; 

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун системасы үчүн негизги эсептешүү эсебин ачат, анда үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча акча каражаттары топтолот жана бул эсептен акча каражаттары үчүнчү жактардын, төлөмдөрдү алуучулардын пайдасына гана жана/же дебеттик таза позициялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсептен алынып салынат. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму бул эсеп боюнча кайсы болбосун башка операцияларды жүргүзүүгө укугу жок; 

- зарыл болгон учурда төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун негизги эсептешүү эсебинде акча каражаттары жетишсиз болгон учурда бул эсепте резервдик эсепти ачуу жана резерв түзүү талабын белгилейт. Резервдин өлчөмү белгилүү бир мезгил үчүн талап кылынган ликвиддүүлүккө баа берүүдөн улам эсептелиши мүмкүн; 

- төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун тапшырмасы боюнча, банктар аралык төлөм системалары аркылуу акча каражаттарын алуучулардын эсептери ачылган банктарга акча каражаттарын өз убагында которууну камсыз кылат; 

- төлөм системаларынын операторунун /төлөм уюмунун системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө өз убагында маалымдайт; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган эл аралык төлөм системаларынын төлөмдөрү боюнча келишимдердин/макулдашуулардын шарттарына ылайык каалаган валютада Эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын агенти менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат. Өз кезегинде, Төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун эрежелерине ылайык төлөм системаларынын операторунун /төлөм уюмунун башка катышуучуларынан которулган каражаттар боюнча ГСРРВ аркылуу улуттук валютадагы эквивалентинде ордун жабууну алат

- төлөм системасынын Эсептешүү банкынан, анын ичинде башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкынан Кыргыз Республикасынын аймагында ошол төлөм системасынын операциялары боюнча акча каражаттарын алат жана ГСРРВ аркылуу ошол системанын катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерине тиешелүү суммалардын өз убагында чегерилишин Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун эрежелерине ылайык камсыз кылат

- чет өлкө валюталарынын курсу жагымсыз жагына өзгөргөн учурда валюталык тобокелдиктерди өзүнө кабыл алат. 

 

4-глава. Эсептешүү банкынын милдеттери 

16. Эсептешүү банкы төмөнкүлөргө милдеттүү

- ушул Жобонун 2-главасында белгиленген талаптарга ылайык келүү, ошондой эле өзүнө алган бардык милдеттенмелердин сакталышын камсыз кылуу; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте ликвиддүүлүктүн жетишсиздигине, ошондой эле ГСРРВ талаптарына ылайык төлөмдөрдүн кечиктирилишине жана кезектүүлүгүнө жол бербөө (колдонулган учурда); 

- эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жагында Эсептешүү банкынын башкармасы тарабынан бекитилген колдонуудагы планга ээ болуу

- төлөм системаларынын операторлору менен интеграцияланган төлөм системаларынын эсептешүү банктары менен билдирүүлөрдү өткөрүүнүн негизги жана резервдик каналдарын камсыз кылуу;  

- төлөм системасына катышкан банктар, ошондой эле бул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен өз ара эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүгө кепилдик берүү

- банкта юридикалык жактарды эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча колдонуудагы тарифтердин чегинен жогору эмес тарифтерди белгилөө

- ушул Жобонун 6-пунктунун талаптарын аткаруу максатында, акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банктагы жана башка банктардагы корреспонденттик эсептердеги  жетиштүү ликвиддүүлүктү эсептөө методикасын, ошондой эле ушул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен, ошондой эле бул системанын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун иштеп чыгуу жана бекитүү

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык маалымат системаларына аудит жүргүзүү

- эл аралык төлөм системасы менен интеграцияланган,  маанилүү төлөм системасынын же системалуу мааниге ээ төлөм системасынын Эсептешүү банкы ордун жабуу мөөнөтү кеминде 3 (үч) айды түзгөн (күрөөгө коюлган портфелди эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздардын жана Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелин, же болбосо банктык гарантияны же төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмдарынын  төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүсү үчүн башка инструментти төлөм системаларынын операторуна/төлөм уюмдарына  гарантия катары берүүгө тийиш. Мында жогоруда белгиленген гарантиялык инструменттер  чогуу алганда Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимдер боюнча төлөм системаларынын операторунун локалдык системасы менен интеграцияланган төлөм системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо күндүк маанисинен кем болбоого (өткөн айдын ар бир күнү үчүн жүгүртүүлөрдүн суммасы/төлөмдөр жүргүзүлгөн өткөн айдагы күндөрдүн саны) тийиш. 

Ай ичиндеги жүгүртүүлөрдүн орточо маанисин эсептөө төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму тарабынан өткөн ай үчүн маалыматтардын негизинде айына 1 (бир) жолу жана отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин тиешелүү маалымат отчеттук ай ичинде коммерциялык банк - Эсептешүү банкы тарабынан андан ары пайдалануу үчүн Улуттук банкка жана коммерциялык банкка жөнөтүлөт.  

 

5-глава. Келишимге карата талаптар 

17. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму менен Эсептешүү банкынын ортосундагы келишимде, эсептешүү-кассалык тейлөө келишиминин шарттарынан тышкары, кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- тараптардын жоопкерчилиги; 

- эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү

- эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө маалымат алмашуу тартиби; 

- тараптардын макулдугу боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн гарантиясы үчүн төлөм системаларынын оператору / төлөм уюму тарабынан сакталган депонжоштурулган сумманын өлчөмү жана аны пайдалануу тартиби;  

өзгөчө жагдайлар орун алган шартта маалымдоо тартиби, өзгөчө жагдайлар орун алган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү;  

- талаш маселелерди чечүү тартиби;  

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялар жана сый акылар ж.б.); 

- келишимди токтотуу жана акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби; 

- келишимде башка шарттар дагы камтылышы мүмкүн. 

 

6-глава. Корутунду жоболор 

18. Тараптар келишимде каралган учурларда жана тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жана эсептешүүлөр боюнча бардык милдеттенмелердин ордун жабуу шартында түзүлгөн келишимдерге шайкеш келбестигин аныкташса, каалаган учурда аны жокко чыгарууга укуктуу.