Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 19-апрелиндеги 

№ 2023-П-12/25-2-(НПА) токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 5 жана 6-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 8-пунктундагы «1-майына чейин» деген сөздөр «1-ноябрына чейин» дегенге алмаштырылсын. 

 

2. Токтом 2023-жылдын 28-апрелинен тартып күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды жана «Кепилдик фонд» ААКты тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                                                              З. Чокоев