Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2023-жылдын 24-апрелиндеги
№ 2023-П-07/26-1-(ДКП)
токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 13, 63 жана 64-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 13,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтом 2023-жылдын 25-апрелинен тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында токтом кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага К. Боконтаев