Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 24-майындагы 

№ 2023-П-14/34-3-(ПС) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС)  

«Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, банктардын жана төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелерин колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн соода-тейлөө ишканаларын эки өлчөмдүү штрихкод белгилери (QR-код) менен камтуу жана аны жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» (мындан ары Эреже) токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Коммерциялык банктар, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлору /төлөм уюмдары жана алардын агенттери 2024-жылдын 1-ноябрына чейин жана андан ары туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын соода-тейлөө ишканаларында QR-коддорун толук масштабдуу орнотууну жүргүзүү сунушталат: 

1)  Минималдуу чектүү мааниде соода-тейлөө ишканаларынын жалпы санынан ар жумалык өсүшү (%) менен: 

- 1 тартып 500 чейин соода-тейлөө ишканалары 10 %, бирок 7 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес; 

- 501 тартып 1000 чейин соода-тейлөө ишканалары 7%, бирок 20 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес; 

- 1001 тартып 2000 чейин соода-тейлөө ишканалары 5%, бирок 30 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес; 

- 2001 жана андан жогору соода-тейлөө ишканалары 3%, бирок 40 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес.  

2) Кошумча сапат көрсөткүчү катары Кыргыз Республикасынын региондорундагы соода-тейлөө ишканаларында QR-коддордун төмөнкүдөй катышы аныкталсын: 

- Кыргыз Республикасынын региондорунда филиал тармагы бар банктар (20 филиалдан ашык), мобилдик тиркемелери бар төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары жана алардын агенттери үчүн соода-тейлөө ишканаларынын жалпы санынан 20% кем эмес; 

- калган банктар үчүн соода-тейлөө ишканаларынын жалпы санынан 10% кем эмес. 

3. Коммерциялык банктарга, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын агенттерине төмөнкүлөр сунушталат: 

1) 2023-жылдын 1-июлуна чейин ушул токтомдун 2-пунктунун көрсөткүчтөрүн аткаруу планын иштеп чыксын жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн Улуттук банкка берсин; 

2) жума сайын Улуттук банкка ушул токтомдун 2-пунктунун аткарылышы жөнүндө маалымат берип турсун; 

3) соода-тейлөө ишканаларына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу боюнча окутууларды өткөрүү жагында зарыл болгон консультациялык-техникалык жардам көрсөтүшсүн; 

4) чейрек сайын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу калк жана соода-тейлөө ишканалары үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу аркылуу төлөө ыкмалары боюнча маалымат берүү иш-чараларын жүргүзсүн. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

6. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

7. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                                К. Боконтаев 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын «24» майындагы 

2023-П-14/34-3-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелеринин: 

- 1-пунктундагы «Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү» деген сөздөрдөн кийин «жана которууларды» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«Негизги өз ара иш алып баруу оператору - Улуттук банк тарабынан катталган жана өз ара иш алып баруу операторлорунун реестрине киргизилген, ага бардык өз ара иш алып баруу операторлору кошулган/интеграцияланган, QR кодун колдонуу менен системалар аралык өз ара иш алып барууну жана бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуучу «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору.»; 

- 6.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.2. Негизги өз ара иш алып баруу операторуна, өз ара иш алып баруу операторуна Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына каршы келген, атаандашууга жол бербөөгө, чектөөгө же четтетүүгө багытталган жана төлөм системаларынын башка катышуучулары алдында негизсиз артыкчылыктарды белгилеген иш-аракеттерди жүргүзүүгө (өзүнүн операциялык эрежелеринде талаптарды белгилөөгө), анын ичинде башка өз ара иш алып баруу операторлоруна туташуудан/интеграциялоодон баш тартууга тыюу салынат. Бул талаптарды бузууга жол бергендиги тууралуу фактылар аныкталган учурда негизги өз ара иш алып баруу операторуна, өз ара иш алып баруу операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат.»; 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Өз ара иш алып баруу операторлору төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүшүн камсыз кылуу үчүн өз ара жана негизги өз ара иш алып баруу оператору менен интеграцияланууга жана иш алып барууга тийиш. Мында өз ара иш алып баруунун жаңы операторлору, алар Улуттук банктын өз ара иш алып баруу операторлорунун реестрине киргизилген күндөн тартып үч ай ичинде негизги өз ара иш алып баруу операторунун техникалык талаптарына ылайык, негизги өз ара иш алып баруу оператору менен интеграцияланууну камсыз кылууга тийиш. Жаңы өз ара иш алып баруу операторун негизги өз ара иш алып баруу оператору менен интеграциялоо анын калган өз ара иш алып баруу операторлоруна жеткиликтүү болуусун камсыз кылат.»; 

- төмөнкү мазмундагы 7.1 жана 7.2-пунктулар менен толукталсын: 

«7.1. Жаңы өз ара иш алып баруу оператору негизги өз ара иш алып баруу оператору менен интеграциялоо аяктаган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка QR -кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн операциялык эрежелерин (мындан ары - операциялык эрежелер), техникалык регламентти жана негизги өз ара иш алып баруу оператору менен келишимди берет. Негизги өз ара иш алып баруу оператору менен түзүлгөн келишим ушул Эрежелердин 23.1-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

7.2. Улуттук банкка берилген жана бирден ашык барактарды камтыган операциялык эрежелердин жана техникалык регламенттин ар бир барагы жазылып, көктөлгөн, номерленген, кол коюлган жана жетекчинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн болууга тийиш.»; 

- 13-пунктундагы «3 (үч)» деген сөздөр «10 (он)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 13.1 жана 13.2-пунктулар менен толукталсын: 

«13.1. Төлөм системасынын оператору системалар аралык интеграция схемасын жана төлөм системаларынын негизги өз ара иш алып баруусун, өз ара иш алып баруу протоколдорун, ошондой эле ушул Эрежелердин 7-пунктунун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу үчүн өз ара иш алып баруу операторунун функцияларын ишке ашырып жаткандыгы тууралуу Улуттук банкка билдирүү берген учурга чейин негизги өз ара иш алып баруу оператору менен интеграциялык иштердин мөөнөттөрүн макулдашууга тийиш. Ушул Эрежелердин 12-пунктунун талаптарына туура келүү жөнүндө чек-баракчага арыз берүүчүнүн каты/өз ара иш алып баруу операторунун каты/ операторлордун каттары/ негизги өз ара иш алып баруу оператору менен өз ара иш алып баруунун мөөнөттөрү жана схемалары боюнча алдын ала келишимдин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш. 

13.2. Ушул Эрежелерге ылайык Улуттук банкка бериле турган жана бирден ашык баракты камтыган документтердин ар бир барагы жазылып, көктөлгөн, номерленген, кол коюлган жана арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн болууга тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук түрдө берилиши мүмкүн.»; 

- төмөнкү мазмундагы 14.1-пункту менен толукталсын: 

«14.1. Улуттук банк белгиленген мөөнөттө өз ара иш алып баруу операторуна ыйгарылган каттоо номерин көрсөтүү менен аны өз ара иш алып баруу операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтөт. Өз ара иш алып баруу операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.»; 

- 15-пунктундагы «12-пунктунун» деген сөздөр «7 жана 12-пунктуларынын» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 15.1 жана 15.2-пунктулар менен толукталсын: 

«15.1. Өз ара иш алып баруу оператору өз ара иш алып баруу операторлорунун реестринен чыгарылган учурда, Улуттук банкка берилген документтер жана алардын көчүрмөлөрү арыз ээсине кайтарылып берилбейт. 

15.2. Өз ара иш алып баруу операторунун функцияларын ишке ашыруу үчүн арызды жана документтерди кайра берүүгө өз ара иш алып баруу операторлорунун реестринен чыгарылган күндөн тартып же ушул Эрежелердин 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөр (бул мөөнөттөр бузулган учурда) аяктаган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин жол берилет.»; 

- 16-пунктундагы: 

«QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн (мындан ары - операциялык эрежелер)» деген сөздөр алынып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Өз ара иш алып баруу оператору ушул Эрежелердин 7-1-пунктунун талаптарына ылайык Улуттук банкка аталган документтерди берет.»; 

- 18-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, анын ичинде өз ара иш алып баруу операторунун төлөм системасынын катышуучусунун корреспонденттик эсебине акча каражаттарын резервге салуу бөлүгү боюнча өз ара иш алып баруу операторунун ыйгарым укуктары жана төлөм системасынын катышуучусу тарабынан айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында резервге салууну Улуттук банкка тастыктоо;»; 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Өз ара иш алып баруу оператору негизги өз ара иш алып баруу операторуна туташкан учурда, алардын интеграциясы жана башка өз ара иш алып баруу операторлору менен өз ара иш алып баруусу алардын ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.»; 

- төмөнкү мазмундагы 23.1-пункту менен толукталсын: 

«23.1. Өз ара а иш алып баруу оператору менен негизги өз ара иш алып баруу операторунун ортосундагы келишим төмөнкү милдеттүү шарттарды камтууга тийиш: 

- өз ара иш алып баруу жана системалар аралык интеграциялоо процессинде тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдүн жана өз ара эсептешүүлөрдүн маршруттарын түзүүнү/өткөрүүнү, системалар аралык интеграцияны (өз ара иш алып барууну) камсыз кылуу үчүн өз ара иш алып баруунун башка операторлоруна жеткиликтүү болууну; 

- QR-кодду колдонуу менен системалар аралык интеграцияда, төлөмдөрдүн маршрутун түзүүдө/ жүргүзүүдө коопсуздукту сактоо боюнча негизги талаптарды; 

- тараптардын ишин токтотууга байланыштуу кырдаалдар (лицензияны кайтарып алуу, банкрот болуу ж.б.), система менен иштөөдө штаттан тышкаркы жагдайлар, ошондой эле форс-мажордук кырдаалдар келип чыкканда тараптардын өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча жоопкерчилигин; 

- доо иштерин жүргүзүү тартибин; 

- коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттары бузулган учурда тараптардын ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүнү

- тарифтерди; 

- талаш маселелерди кароо тартибин; 

- келишимди бузуу тартибин. 

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн.»; 

- 25-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) өз ара иш алып баруу оператору ага туташтырылган төлөм системаларынын катышуучуларынын QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр үчүн клирингдик файлдардын күн сайын өз учурунда түзүлүшүн камсыз кылат. Мында ар бир өз ара иш алып баруу оператору өздөрүнүн катышуучулары боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлгөндүгүнө кепилдикти камсыз кылууга милдеттүү.»; 

- 28-пунктундагы «ошондой эле» деген сөздөр «ушул Эрежелерге жана башкаларга,» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Төлөм системасынын катышуучулары чейрек сайын Улуттук банкка QR-коддорду колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөр жана которуулар боюнча маалыматтарды, ушул Эрежелердин 2-тиркемесиндеги формага ылайык, отчеттук чейректен кийинки айдын 25инен (жыйырма бешинен) кечиктирбестен, Excel форматында электрондук түрдө, кийин коштомо кат менен кагаз версиясын кошумча жөнөтүү менен берип турууга тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 39.1 -пункту менен толукталсын.  

«39.1 Өз ара иш алып баруу оператору ушул Эрежелердин 4-тиркемесиндеги формага ылайык, QR-коддор аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр жана которуулар боюнча маалыматтарды ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 5инен (бешинчи) кечиктирбестен, электрондук түрдө Улуттук банкка берүүгө тийиш. »; 

Эрежелерге карата 2-тиркеменин таблицасынын «Которуулар» графасындагы «Системалар аралык» деген сөздөн кийин «которуулар» деген сөз менен толукталсын; 

Эрежелерге карата 2-тиркеменин таблицасынын «Товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм» графасындагы «Системалар аралык төлөмдөр» деген сөздөн кийин «(чыг.)» деген сөз алынып салынсын; 

Эрежелер төмөнкү мазмундагы 4-тиркеме менен толукталсын: 

«Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү жана 

которууларды өткөрүү 

эрежелерине карата  

4-тиркеме 

 

Өз ара иш алып баруу оператору аркылуу  

өткөн транзакциялардын саны жана көлөмү боюнча 

ОТЧЕТ 

 

Өз ара иш алып баруу операторунун аталышы ______________________________ _________________________ карата абал боюнча 

(ар айлык мезгили көрсөтүлөт) 

 

Ай 

Бир мезгил ичиндеги транзакциялардын саны 

Бир мезгил ичиндеги транзакциялардын көлөмү, сом 

Мамлекеттик төлөмдөрдүн саны 

Мамлекеттик төлөмдөрдүн көлөмү (сом) 

январь 

 

 

 

 

февраль 

 

 

 

 

март 

 

 

 

 

апрель 

 

 

 

 

май 

 

 

 

 

июнь 

 

 

 

 

июль 

 

 

 

 

август 

  

  

 

 

сентябрь 

  

  

 

 

октябрь 

  

  

 

 

ноябрь 

  

  

 

 

декабрь 

  

  

 

 

Жыйынтыгында: 

 

 

 

 

 

.».