Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 24-майындагы 

№ 2023-П-14/34-4-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасын 

өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасында санариптик төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү, калктын финансылык кызматтардан пайдалануусун кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясы бекитилсин (кошо тиркелет). 

2. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтомду жана Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 24 майындагы 

№ 2023-П-14/34-4-(ПС) 

токтомуна карата  

тиркеме  

 

 

 

Кыргыз Республикасында 

Тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү 

концепциясы 

 

 

МАЗМУНУ 

 

I. Киришүү

II. Тез төлөмдөр системасынын максаты жана артыкчылыктары

III. Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм системаларына кыскача баяндама

IV. Тез төлөмдөр системасынын жалпы сүрөттөлүшү жана архитектурасы

V. Тез төлөмдөр системасындагы тобокелдиктер жана аларды тескөө 10 

VI. Тез төлөмдөр системасына негизги функционалдык талаптар 10 

VII. Тез төлөмдөр системасына техникалык талаптар 14 

VIII. Тез төлөмдөр системасын ишке ашыруунун негизги этаптары 16 

 

 

I. Киришүү 

Учурда санарип технологиялардын жана гаджеттердин, электрондук коммерциянын тез өнүгүшү керектөөчүлөргө акча каражаттарын картадан картага, электрондук капчыктан электрондук капчыкка дароо которуу же соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү өткөрүү ж.б. боюнча ыңгайлуу, тез, пайдалуу төлөм кызматтарын көрсөтүү зарылчылыгына алып келет.  

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) коммерциялык банктар жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары менен биргеликте төлөм системаларынын (банктык карталар, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер) системалар аралык интеграциясын эки өлчөмдүү штрих-код символдорун (QR-код) пайдалануу менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды аяктады, бул өлкө калкына акча которууларды жүргүзүүгө жана/же банктын же төлөм уюмунун уюлдук телефонго орнотулган кайсы болбосун мобилдик тиркемеси аркылуу QR кодду колдонуу менен соода -тейлөө ишканаларында товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн улуттук валютада төлөө мүмкүнчүлүгүн берген.  

Тез төлөмдөр кызматын түзүү аны төлөм рыногунун бардык катышуучулары: юридикалык жактардын жана жеке адамдардын, банктар жана банк эмес уюмдардын, мамлекеттик уюмдар жана башкалардын төлөм жана эсептешүү процесстерин тездетүүгө болгон суроо-талапты канааттандырууда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат. 

Акыркы алуучу үчүн каражаттардын дароо жеткиликтүүлүгүнөн улам, тез төлөмдөр кызматы экономикада каражаттардын жүгүртүлүшүн жогорулатат. Тез төлөмдөр кызматын колдонуудан максималдуу эффект анын бүтүндөй өлкө боюнча жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу ишке ашат. 

Өлкөдө төлөм инфраструктурасын андан ары жакшыртуу, накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү максатында Улуттук банк өлкөдө Тез төлөмдөр системасын (мындан ары - ТТС) түзүүнү демилгелөөдө, ал каналдардын кеңири спектри аркылуу төлөмдөрдүн ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт жана келечекте чек ара аркылуу өтүүчү которууларга жол ачат. 

Бул Концепцияда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы банктар аралык төлөм системаларынын кыскача баяндамасы, жалпы жоболор, анын ичинде ТТС архитектурасы, ТТСтин ээси жана анын катышуучуларынын аныктамалары, ошондой эле ТТСке карата негизги функционалдык жана техникалык талаптар камтылган. 

 

 

II. Тез төлөмдөр системасынын максаты жана артыкчылыктары  

Кыргыз Республикасында ТТС түзүүнүн максаты системалуу мааниге ээ төлөм системасын түзүү болуп саналат, ал акча каражаттарын жөнөтүүчүнүн же алуучунун эсептери кайсы коммерциялык банкта ачылгандыгына карабастан, жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга айкын убакыт ыргагында банктык эсептерден акча каражаттарын бирдиктүү идентификатор боюнча которуу мүмкүнчүлүгүн берет. 

Акыркы колдонуучу үчүн ТТСтин артыкчылыктары: 

- идентификатор боюнча төлөм жүргүзүүдө жөнөкөйлүгү жана ыңгайлуулугу (идентификатор болуп уюлдук телефон номери, QR код, ИНН ж.б. болушу мүмкүн); 

- кызматтын "24/7/365" режимде жеткиликтүүлүгү

- которуу баасын жана төлөмдөрдү төлөө боюнча комиссияларды төмөндөтүү

- акча каражаттарын алуучуга дароо которуу; 

- акча каражаттары онлайн режиминде которулгандан кийин аткарылышы жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү

Чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн ТТС артыкчылыктары: 

- акча жүгүртүү ылдамдыгы; 

- накталай акча каражаттарынын инкассациясына чыгымдын төмөндөшү

- төлөмдөрдү жүргүзүүгө кеткен сарптоолордун азайышы; 

- ички процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн жаңы кызматтар жана мүмкүнчүлүктөр. 

 

Коммерциялык банктар үчүн ТТС артыкчылыктары: 

- транзакциялык жүгүртүүнүн жана кардарлардын эсептериндеги орточо калдыктардын көбөйүшү

- жаңы банк продукттарын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү

- накталай акча жүгүртүү инфраструктурасына чыгымдардын кыскаруусу. 

 

Мамлекет үчүн артыкчылыктар: 

- чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан банктарда эсептешүү эсептерин ачуу эсебинен салык салынуучу базанын көбөйүшү

- көмүскө экономиканын төмөндөшү

- салык салынуучу базанын көбөйүшү эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшү

 

III. Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм системаларына кыскача баяндама 

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында төмөнкү банктар аралык төлөм системалары иштеп жатат: Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ), Майда жана чекене төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (СПК), «Элкарт» эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасы (1-таблица): 

 

1-таблица: Банктар аралык төлөм системалары 

 



Ири төлөмдөр системасы 

Чекене төлөмдөр системалары 

Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ) 

Майда жана чекене төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (СПК) 

"Элкарт" эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасы 

1. Бардык 23 банк кошулган; 


2. Шашылыш жана ири төлөмдөрдү (1 млн сомдон ашык) жүргүзөт, ошондой эле айкын убакыт ыргагында финансылык рыноктордогу бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү камсыз кылат; 


3. Маалымат алмашуу үчүн MT форматы колдонулат, ISO 20022 стандарты боюнча MX билдирүү алмашуу форматы да каралган; 


4. Система 2008-жылы ишке ашырылган, 2019-жылы модернизацияланган. 

1. 22 банк кошулган (23 банктын ичинен); 


2. Шашылыш эмес майда (1 миллион сомго чейин) жана үзгүлтүксүз чекене төлөмдөрдү жүргүзөт; 


3. MТ билдирүү алмашуу форматын колдонот, ал эми ISO 20022 стандарты боюнча MX билдирүү алмашуу форматы да каралган; 


4. Таза позицияларды эсептөө ошол эле күнү жүргүзүлөт; 


5. Жыйынтыктап эсептешүүлөр ГСРРВ системасында жүргүзүлөт; 


6. Система 2006-жылы ишке ашырылган, 2021-жылы модернизацияланган. 

1. 21 банк (23 банктын ичинен) кошулган, анын ичинен 5 банк H2H туташуу аркылуу Элкарт системасына кошулган; 


2. Элкарт карталары үчүн акча каражаттарын тез которуу ишке ашырылды; 


3. Система ичинде билдирүү алмашуу үчүн ISO8583 форматы колдонулат; 


4. Таза позицияларды эсептөө ошол эле күнү жүргүзүлөт; 


5. Жыйынтыктап эсептешүү ГСРРВ системасында жүргүзүлөт; 


6. Система 2006-жылы ишке ашырылган, 2021-2022-жылдары модернизацияланган. 


7. 2022-жылы «Өз ара аракеттенүү оператору» долбоорунун негизинде QR коддорун колдонуу менен төлөм системаларын (банктык карталар, электрондук акчалар) системалар аралык интеграциялоо боюнча иш-чаралар аяктады. 

 

 

2-таблица: 2022-жылы иштеп турган банктар аралык төлөм системалары аркылуу транзакциялардын саны жана көлөмү 

 

ГСРРВ 

2022 г. 

Төлөмдөрдүн көлөмү (млрд. сом) 

10 315,1 

Төлөмдөрдүн саны (млн) 

0,732 

СПК 

 

Төлөмдөрдүн көлөмү (млрд. сом) 

256,6 

Төлөмдөрдүн саны (млн) 

8,025 

Элкарт 

 

Төлөмдөрдүн көлөмү (млрд. сом) 

354,01 

Төлөмдөрдүн саны (млн) 

87,9 

Төлөм карталарынын саны (млн) 

3,011 

 

Кыргыз Республикасында эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды накталай эмес формада жүргүзүү үчүн 2 өз ара иш жүргүзүү оператору катталган. 2023-жылдын 1-апрелине карата абал боюнча 20 банк (23түн ичинен) жана мобилдик тиркемелери бар беш төлөм системасынын оператору/төлөм уюму QR коддорун Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ буйругу менен бекитилген, KMS 1348:2019 финансылык төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн эки өлчөмдүү штрих-код символдорунун улуттук стандартына ылайык келтиришти жана өз ара иш алып баруу операторуна кошулушту, ал “Элкарт” улуттук төлөм системасынын да оператору болуп саналат. 

2023-жылдын 1-апрелине карата абал боюнча банктар жана төлөм уюмдары соода-тейлөө ишканаларына 10 159дан ашык QR коддорун орнотушту. 2022-жылдын майынан 2023-жылдын 1-апрелине чейин өз ара иш алып баруу оператору системасы аркылуу 103,3 млн сом суммасында 50 миңден ашык төлөм өткөн, анын ичинен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 13,6 млн сом суммасында 9,4 миң төлөмдү түзгөн. 

 

IV. Тез төлөмдөр системасынын жалпы сүрөттөлүшү жана архитектурасы  

Тез төлөмдөр системасында жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарында ачылган эсептери боюнча төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү, которууларды жүргүзүү каралган. 

Система ошондой эле мигранттардын төлөмдөрүн жана которууларын жүргүзүүнүн, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда экспорттук импорттук операцияларды жүргүзүүнүн кыйла ыңгайлуу инструменттерин камсыз кылуу максатында башка өлкөлөрдүн, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарында тез/ыкчам төлөмдөрдүн ушундай системасы менен интеграциялоону болжолдойт. 

Улуттук банк ТТСтин, анын катышуучуларынын иштешине, иш регламентине, ошондой эле ГСРРВ менен өз ара иш алып баруусуна, эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышына, талаш маселелердин жөнгө салынышына ж.б. карата негизги жоболорду жана жалпы талаптарды ченемдик укуктук актыларга ылайык белгилейт. 

Улуттук банк ТТСтин ээси болуп саналат.  

Корреспонденттик эсептери Улуттук банкта ачылган, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары ТТСтин тике катышуучулары болуп саналышат. Банк эмес уюмдар ТТСке тике катышуучулар (кыйыр катышуучулар/суб-катышуучулар) аркылуу кошула алышат. 

Коммерциялык банктар менен пилоттук тестирлөө аяктагандан кийин мамлекеттик органдар системага кошулат. 

 

1-сүрөт 

Тез төлөмдөр системасынын жалпы архитектурасы 

 

Тез төлөмдөр системасынын негизги модулдарына (1-сүрөт) төмөнкүлөр кирет: 

Коммуникациялык модуль ТТСтин жана тышкы системалардын (ГСРРВ ж.б.) катышуучулары менен маалымат алмашууну камсыз кылат; 

Коопсуздук модулу (электрондук кол тамга, колдонуучулардын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү ж.б.); 

Иштеп чыгуу модулу - лимиттерди башкаруу, төлөмдөрдү иштеп чыгуу ж.б.; 

Маалымат базасынын жана отчеттуулук модулу транзакциялар жөнүндө маалыматтарды сактоо, маалымдамалар ж.б., ошондой эле отчетторду түзүү

Системага карата функционалдык талаптарга жараша ТТСте башка модулдар да каралышы мүмкүн. 

 

 

 

ТТСтин ишинин негизги принциптери/регламенттери

• Иш графиги - күнүүнү 24 х 7 х 366; 

• Бирдиктүү идентификаторду колдонуу (уюлдук телефон номери/QR код); 

• Ликвиддүүлүктү тескөө:  

- Катышуучу банктар/ ТТС өздөрүнүн жана кардарларынын төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн ГСРРВ системасындагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарын (лимиттерди) резервге коюлган/блокировкаланган жана бардык эсептешүүлөр ТТСте алдын ала белгиленген лимиттердин алкагында ишке ашырылат; 

- Банк кардарларынын төлөмдөрү / которуулары алардын эсептеринде жетиштүү каражаттар болгон учурда гана жүзөгө ашырылат; 

• Лимиттердин суммасы (ГСРРВдагы корреспонденттик эсепте резервге коюлган/блокировкаланган каражаттар) ТТСтеги банк-катышуучулардын ички эсептеринде чагылдырылат жана ТТСтеги бардык эсептешүүлөр белгиленген лимиттердин чегинде жүзөгө ашырылат; 

• Лимиттерди тескөө ТТС катышуучуларга лимиттердин белгиленген деңгээлине жеткенде маалымдайт жана лимиттен ашып кеткенде төлөмдөрдү четке кагат; 

• ТТС боюнча акыркы эсептешүү ГСРРВде жүргүзүлөт (сунушталган убакыт 17.00гө чейин); 

• Кардарлардын/төлөөчүлөрдүн системага кирүү мүмкүнчүлүгү - ТТСтин катышуучуларынын мобилдик тиркемеси аркылуу; 

• Төлөм демилгеленген учурдан тартып каражаттардын алуучунун эсебине түшкөнгө чейинки 10 секундага жетпеген убакытта жүргүзүлөт; 

• Төлөөчү тарабынан ТТСке жөнөтүлгөн төлөм системадан/банктан төлөм жүргүзүлгөндүгү жөнүндө билдирүүнү алган учурда кайтарылгыс жана акыркы болуп саналат; 

• Акыркы алуучу каражаттарды дароо колдоно алат. 

ТТСте операциялардын төмөнкү түрлөрүн колдоо (этап менен ишке ашырууда, зарыл учурда): 

- биринчи этапта: 

· жеке адамдардын ортосундагы которуулар; 

· ар башка банктардагы өз эсептеринин ортосундагы которуулар; 

· жеке адамдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн юридикалык жактарга төлөмдөрү

· жеке адамдардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрү, анын ичинде салыктар жана туумдар; 

· жеке адамдардын транспорт, коммуналдык жана башка кызматтар үчүн төлөөлөрү

- экинчи этапта: 

· каражаттарды юридикалык жактардан жеке адамдарга кайтаруу; 

· юридикалык жактардын (жеке ишкерлер) ортосундагы которуулар/төлөмдөр ж.б.  

- үчүнчү этапта: 

· ЕАЭБде ТТС системаларынын ортосундагы интеграциянын алкагында башка валюталарда да төлөмдөрдү жүргүзүү  

 

ТТСке карата негизги функционалдык жана техникалык талаптар VI жана VII бөлүмдөрүндө, ТТС долбоорун ишке ашыруунун этаптары - ушул Концепциянын VIII бөлүмүндө келтирилген. 

 

 

 

 

2-сүрөт 

ТТС катышуучуларынын өз ара иш алып баруусунун жалпы схемасы 

 

 


Тез төлөмдөр системасынын ээси (Улуттук банк) ТТС эрежелерин, анын ичинде катышуучулардын туташуусун аныктайт, эрежелердин аткарылышын контролдойт, катышуучуларды, ликвиддүүлүктү, тобокелдиктерди, комиссияларды башкаруу системасын уюштурат ж.б.  

Тез төлөмдөр системасынын оператору камсыз кылат:  

- катышуучуларды техникалык жактан кошуу жана сервистерден пайдалануусун, Тез төлөмдөр системасынын эрежелерине ылайык операцияларды чогултууну, иштеп чыгууну, таза позиция файлдарын түзүүнү жүзөгө ашырат, ГСРРВ менен өз ара иш жүргүзөт ж.б. 

- системаны 24/7/366 режиминде жана техникалык колдоо. 

ГСРРВ оператору - (Улуттук банк) ГСРРВда катышуучулардын ортосунда Тез төлөмдөр системасындагы акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзөт, катышуучулардын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептерин дебеттөө/кредиттөө тууралуу билдирүүлөрдү түзөт жана Улуттук банктын белгиленген талаптарына ылайык катышуучуларга жөнөтөт. 

Системанын тике катышуучулары - ГСРРВда эсеби бар коммерциялык банктар, мамлекеттик органдар ж.б. 

Кыйыр катышуучулар/субкатышуучулар - төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары, башка мамлекеттик, финансылык жана банк эмес уюмдардын ГСРРВда эсеби жок жана алар системага тике катышуучулар аркылуу кошулушат. 

 

 

 

 

 

 

3-сүрөт 

Тез төлөмдөр системасында төлөмдөрдү жүргүзүү схемасы 

 

 

Тез төлөмдөр системасына төлөмдөрдү жүргүзүү процесси (3-сүрөт) төмөнкүдөй: 

 

• Төлөөчүөнөтүүчү) төлөмдү же которууну өз банкынын мобилдик тиркемеси/i-bank аркылуу жүргүзөт. 

• Төлөөчүнүн (жөнөтүүчүнүн) банкы төлөөчүнүн реквизиттерин, анын эсебинде акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн жана башкаларды текшерет жана оң натыйжа болсо, төлөм аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлайт. 

• Эсепте акча каражаты жетишсиз же реквизиттерге туура келбеген учурда, төлөм четке кагылат жана төлөөчүгө тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

• Эгерде текшерүү ийгиликтүү өтсө, төлөөчүнүн банкы суроо-талапты Тез төлөмдөр системасына жөнөтөт. ТТС алуучу банкка авторизациялоо талабы менен билдирүү жөнөтөт. Алуучунун банкы төлөм алуучунун эсебин текшерет. Эгерде натыйжа терс болсо, төлөөчүнүн дарегине тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

• Эгерде оң натыйжа алынса, алуучунун банкы Системага авторизацияны ырастаган билдирүү жөнөтөт. 

• ТТС катышуучу банктын лимитинин алкагында каражаттардын жетиштүүлүгүн текшерет, катышуучу банктын эсебиндеги каражаттарды төлөмдүн суммасына барабар суммада блокировкалайт жана төлөөчүнүн банкына аны иштетүүгө кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктоо жөнөтөт. 

• Төлөм белгиленген лимиттен ашкан учурда жүргүзүлбөйт жана төлөөчүгө жана төлөөчүнүн банкына тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

• Авторизацияны ырастаган билдирүүнү алгандан кийин жана эгерде төлөмдүн суммасы белгиленген чектен ашпаса, ТТС автоматтык түрдө жөнөтүүчү менен алуучунун банкынын эсептери боюнча акча каражаттарын эсептен алып салат жана чегерет, ошондой эле акча каражаттарынын эсептен алынып салынгандыгы/ төлөөчүнүн банкына жана алуучунун банкына которулгандыгы жөнүндө маалыматты жөнөтөт.  

• Алуучу банк ага акча каражаттарынын чегерилгендиги тууралуу билдирүүнү алуучу кардарга жөнөтөт. 

• Эгерде ТТСте катышуучунун ички эсебинин балансы белгиленген чектен төмөндөп кетсе, система катышуучуга эсепте төмөнкү чектен ашып кеткендиги тууралуу маалымат жөнөтөт. Катышуучу резервди ГСРРВдагы корреспонденттик эсептен өзүнүн ТТСтеги ички эсебине акча каражаттарын которуу аркылуу толуктай алат же лимиттин белгиленген жогорку чегинен ашкан төлөмдөр ТТС тарабынан четке кагылат.  

• ТТС операциялык күн/цикл аяктагандан кийин ички эсептердеги лимиттердин калдыгы менен файлды банктардын ГСРРВдагы корреспонденттик эсептеринде эсепке алуу үчүн ГСРРВга жөнөтөт. 

• ТТСте Катышуучулар менен системанын колдонуучуларынын ортосундагы финансылык эмес (маалыматтык) билдирүүлөр түзүлүшү мүмкүн. 

 

V. Тез төлөмдөр системасындагы тобокелдиктер жана аларды тескөө 

 

ТТСти түзүүдө жана иштетүүдө чекене төлөм системаларына мүнөздүү болгон, эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн жана төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн бузушу мүмкүн болгон тобокелдиктер эске алынат. ТТСте тобокелдиктерди тескөө ыкмалары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет жана системанын өзүндө тобокелдиктерди тескөөнүн тиешелүү механизмдер каралат. 

 

VI. Тез төлөмдөр системасына негизги функционалдык талаптар  

 

Бул Концепция системага карата төмөнкү негизги функционалдык талаптарды аныктайт: 

 

а) Системанын катышуучулары жана көп деңгээлдүү кирүү мүмкүнчүлүгү 

 

Финансы-кредит, банк эмес уюмдар, мамлекеттик мекемелер ж.б ТТСтин катышуучулары боло алышат, бул ТТСтин бүтүндөй өлкө боюнча жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.  

Бардык катышуучулардын Улуттук банкта корреспонденттик эсептери болбогондуктан жана эсептешүүлөрдү жыйынтыктоо үчүн ГСРРВга кирүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, системада ар башка деңгээлде кирүү мүмкүнчүлүгү жана системаны ар башка катышуучулар үчүн ишке киргизүү жана өнүктүрүүнүн ар кандай этаптарында Улуттук банк тарабынан дайындалууга тийиш болгон ролдор каралууга тийиш.  

Системаны түзүү этабында тике катышуучулар коммерциялык банктар Тез төлөмдөр системасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Тике катышуучулар аркылуу системага кыйыр катышуучулар/субкатышуучулар банк эмес уюмдар ж.б. кошулушат. 

Экинчи этапта ТТСке Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналык (Борбордук казыналык) жана мамлекеттик органдар кошулат. 

 

 

 

 

ТТСтин катышуучулары 

ТТСке кирүү мүмкүнчүлүгү 

ГСРРВда эсептин болушу 

ТТСте эсептин болушу 

1 -этап 

Коммерциялык банк  

Тике катышуучу 

Төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары  

Кыйыр (суб-катышуучу)  

– 

(КБда ачылган эсептешүү эсеби аркылуу) 

Башка финансылык жана банк эмес уюмдар 

Кыйыр (суб-катышуучу)  

– 

(КБда ачылган эсептешүү эсеби аркылуу) 

Товарларды/кызматтарды сунуштоочулар 

Кыйыр (суб-катышуучу)  

– 

(КБда ачылган эсептешүү эсеби аркылуу) 

2 -этап 

Борбордук казыналык 

Тике катышуучу  

Мамлекеттик органдар 

Кыйыр (суб-катышуучу)  

– 

(Борбордук Казыналыктын эсеби аркылуу) 

 

Кыйыр/суб-катышуучуларды туташтырууда коммерциялык банктар ар бир суб-катышуучунун эсебине лимиттерди белгилөө мүмкүнчүлүгү жана/же тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн башка механизмдери болууга тийиш. 

Тез төлөмдөр системасы борбордук инфраструктурага API- интерфейстер аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүн бериши керек. 

 

b) Акыркы эсептешүүлөрдү жана ликвиддүүлүктү тескөө 

 

Тез төлөмдөр системасы ГСРРВ менен интеграцияланууга тийиш. Системада эсептелген ар тараптуу таза позициялардын негизинде (б.а. таза позициялар боюнча кийинкиге калтырылган эсептешүү варианты тандалат) Улуттук банкта белгилүү бир мезгил аралыгында (ГСРРВнын операциялык күнүндө бир нече жолу) ГСРРВдагы корреспонденттик эсептер боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болууга тийиш. ГСРРВда ТТС боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мезгилдүүлүгү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.  

ТТСте автоматтык режимде ГСРРВнын графигине жараша таза позициялык файлдарды түзүү үчүн интервалдарды коюу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле зарыл болгон учурда каалаган убакта файлды түзүү мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш. 

ТТСке жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын банктык эсептеринин ортосундагы бардык ички которуулар белгилүү бир жана алдын ала резервге коюлган (блокировкаланган) каражаттардын (лимиттердин) чегинде ишке ашат. Улуттук валютада көрсөтүлгөн каражаттар коммерциялык банктардын өздөрү тарабынан Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерде же ТТС тарабынан алдын ала резервделет (блокировкаланат). 

Системада резервге коюлган каражаттар жетишсиз болгон учурда же каражаттарды колдонуу деңгээли резервге коюлган каражаттардын белгилүү чегине жеткенде катышуучулар тарабынан резервдерди толуктоо механизмдери болушу керек. 

Резервдер өз убагында толукталбаган жана коммерциялык банктан ТТС үчүн резервдик каражаттар жетишсиз болгон учурда, бул коммерциялык банктын кардарларынын ТТС боюнча которуулары жана төлөмдөрү система тарабынан четке кагылып, ишке ашырылбайт, мында коммерциялык банктын кардарына тиешелүү маалыматтык билдирүү чагылдырылат жана тиешелүү маалымат коммерциялык банкка жөнөтүлөт, эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы белгиленбесе (мисалы, чекене төлөмдөрдүн банктар аралык системалары үчүн камсыздандыруу (резервдик) фондун пайдалануу мүмкүнчүлүгү ж.б.). 

ТТС күнүүнү жана дем алышсыз иштөөгө тийиш болуп, ал эми ГСРРВ башка регалмент менен иштегендиктен, ГСРРВ иштебеген учурда ликвиддүүлүктү тескөө системадагы маанилүү функция болуп саналат (ликвиддүүлүк деңгээлине мониторинг, билдирүү ж.б.). 

Транзакцияларды иштеп чыгууда ТТС дебеттик таза позициянын көрсөтүлгөн лимити кайсы болбосун учурда аткарылгандыгын текшерүүгө тийиш. Эгерде кандайдыр бир операция лимитти бузууга алып келиши мүмкүн болсо, мындай транзакция катышуучуга тиешелүү билдирүү менен четке кагылышы керек. 

Мындан тышкары, ТТС катышуучуга каражаттарды колдонуу деңгээли белгилүү бир чектүү мааниге жеткенин билдирүүгө тийиш (мисалы, 60% же 75% (системанын операторунун көз карашы боюнча). Катышуучулар каражаттарды учурда пайдалануу деңгээли жөнүндө маалыматты талап кылуулары зарыл (системага түздөн-түз суроо-талап жөнөтүү менен, катышуучунун панели аркылуу же белгиленген суроо-талап аркылуу). 

 

с) Тез төлөмдөр системасында билдирүүлөрдү алмашуу стандарттары  

 

Катышуучулар менен борбордук инфраструктуранын ортосунда кайсы болбосун билдирүү алмашуу ISO20022 стандартына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

ISO20022 билдирүүлөрүн өз алдынча түзө албаган катышуучулар үчүн алар Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө билдирүүлөрдү ISO20022 форматында жөнөтүү үчүн өз системасын андан ары жеткире иштеп чыгуу менен MT форматынан MX форматына ISO20022ге которуу кызматын убактылуу пайдалана алышат. 

 

d) Тез төлөмдөр системасы тарабынан колдоого алынуучу транзакциялардын жана эсептердин түрлөрү (3-таблица) 

ТТС төлөмдөрдүн төмөнкү категорияларын колдоого тийиш: 

• жеке адамдан жеке адамга - P2P; 

• ар башка банктардагы өз эсептеринин ортосундагы которуулар - Me2Me; 

• жеке адамдан юридикалык жактарга товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн - P2B; 

• жеке адамдан мамлекеттик органга P2G (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр, анын ичинде салыктар жана айыптык төлөмдөр); 

• мамлекеттик органдан жеке адамга - G2P; 

• юридикалык жактан мамлекеттик органга - В2G; 

• юридикалык жактан юридикалык жакка - В2В; 

• юридикалык жактан жеке адамга- В2Р; 

• мамлекеттик органдан юридикалык жакка - G2B. 

 

3-таблица. Транзакциялардын түрлөрү 

Жөнөтүүчү 

 

Алуучу 

Жеке адам / Кардар 

Бизнес 

Мамлекеттик орган 

Жеке адам / Кардар 

1.P2P которуулар 

2. Me2Me которуулар 

1. Соода төлөмдөрү 

2. Электрондук соода алкагындагы төлөмдөр 

3. Утурумдук төлөмдөр 

4. Төлөмдөрдү жүргүзүүгө суроо -талаптар 

1. Салык төлөмдөрү 

2. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык жыйымдар 

3. Бажы төлөмдөрү 

4. Камсыздандыруу төгүмдөрү 

Бизнес 

1. Эмгек акыны төлөө 

2. Ордун толтуруу 

1. Жөнөтүүчүлөргө төлөө 

2. Төлөөгө берилген эсептер боюнча төлөм 

1. Салык төлөмдөрү 

2. Кызмат үчүн комиссиялык жыйымдар 

3. Бажы төлөмдөрү 

4. Камсыздандыруу төгүмдөрү 

Мамлекеттик орган 

1. Эмгек акыны төлөө 

2. Социалдык жөлөк пулдарды төлөө 

3. Салык төлөмдөрүн кайтаруу 

1. Салык төлөмдөрүн кайтаруу 

2. Башка бизнес -төлөмдөрү 

1. Бөлүмдөрдүн ортосунда акча которуу 

2. Ведомстволук уюмдарга каражаттарды которуу 

 

e) Төлөмдөрдү өткөрүү каналдары 

 

Катышуучулар ТТСке катышуу үчүн API интерфейсин ишке ашыруулары зарыл. 

Катышуучулар кардарларына сунуштаган ар кандай каналдар аркылуу тез төлөмдөрдү баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек: QR коддорду (статикалык жана динамикалык), интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б., банкоматтарды, бөлүмдөрдү ж.б. (тандоо мекеменин өзүнө жараша болот). ТТСте (билдирүүлөрдө) транзакция башталган каналды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болушу керек, анткени бул маалымат келечекте талдоо жана башка максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн. 

ТТСте колдонулуучу QR коддору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ буйругу менен бекитилген KMS 1348:2019 Улуттук стандартына ылайык келүүгө тийиш.  

 

е) Идентификаторлор 

 

Тез төлөмдөр системасы төмөнкүдөй ар кандай идентификаторлорду колдонуу менен коммерциялык банктардын кардарларынын банктык эсептеринин ортосунда акча каражаттарын которууга уруксат берүүгө тийиш: 

• уюлдук телефон номерин; 

• QR кодду; 

• банк эсебинин номери; 

• банк картасынын номери ж.б. 

Негизги идентификатор катары уюлдук телефондун номерин жана/же тиешелүү банктык маалыматтарга жана эсептин номерине байланган QR кодун пайдалануу сунушталат, ал Тез төлөмдөр системасына борборлоштурулуп сакталууга тийиш, бул маалымат алмашуунун жардамы аркылуу аларды эсептин номери менен салыштырууга мүмкүндүк берет. Бул маалыматты кардарлардын суроо-талабы боюнча тиешелүү билдирүүлөрдүн жардамы менен жаңылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу зарыл. 

Бул идентификаторлорду колдонуу коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгын ички системаларды (АБС ж.б.) жеткире иштеп чыгуу үчүн чыгашага дуушар кылышы мүмкүн. 

 

g) Мультивалюталык 

 

Улуттук банк улуттук төлөм системаларын интеграциялоо боюнча жумушчу топторго, ошондой эле улуттук валютада чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш-чараларга катышат. Ушуга байланыштуу, ТТСте бир нече валюталар менен иштөө жана аларды улуттук валютага конвертациялоо мүмкүнчүлүгү каралууга жана системанын бардык элементтерине, анын ичинде таза позициялык файлдарды түзүүгө, ликвиддүүлүктү тескөөгө, тобокелдиктерди тескөө чараларына, транзакциялардын лимиттерине, комиссиялык төлөмдөрдү эсептөөгө, отчетторго ж.б. таркатылууга тийиш (2-этапта ишке ашырылат). 

 

з) Талаш маселелерди жөнгө салуу (баш тартуу, кайтарып берүү ж.б.) 

 

Тез төлөмдөр системасында башталган төлөмдөр жана которуулар кайра кайтарылгыс жана акыркы болуп саналат. Бирок, системада Улуттук банк тарабынан ченемдик укуктук актыларда белгиленген тиешелүү эрежелердин негизинде акча каражаттарын кайтаруу жөнүндө билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү болуусу зарыл. 

ТТСте талаш маселелерди жөнгө салуу системасы жана аларды чечүүнүн жол-жобосу каралуусу керек, ал талаш маселелерди козгоо мүмкүн болгон мезгил аралыгын, талаш маселелерди чечүү убактысын, катышуучу мекемелердин ортосундагы маалымат агымын, ишке ашырылууга тийиш болгон транзакцияларды белгилөөгө мүмкүндүк берет. Бардык катышуучуларда системадагы талаштын абалын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болушу керек. 

 

i) Отчет берүү 

 

Тез төлөмдөр системасында учурдагы башкаруу үчүн сыяктуу эле, аны өркүндөтүү максатында Тез төлөмдөр системасын андан ары талдоо үчүн да отчеттуулуктун ар кандай формаларын түзүү мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш. 

Система катышуучулар үчүн да зарыл болгон отчетторду түзүшү керек, бул аларга транзакциялары жөнүндө толук маалыматты, транзакцияларды салыштыруу үчүн ар кандай отчетторду, калдыктар жөнүндө маалыматты ж.б. алууга мүмкүндүк берет. Системада зарыл отчеттор пландаштырылган убакыт аралыгында автоматтык түрдө түзүлүшү максатында ар башка катышуучулар үчүн ар кандай отчетторду даярдоонун графиги берилүүсү зарыл. ТТСте катышуучулар отчетторду файлдарды берүүнүн кол менен же автоматтык механизмдердин жардамы менен алуулары үчүн отчетторду тиешелүү папкаларда уюштуруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынышы зарыл. 

 

VII. Тез төлөмдөр системасына техникалык талаптар  

1. Тиркемелердин архитектурасы 

Тез төлөмдөр системасынын архитектурасы масштабдуу болуп, модулдук түзүлүшкө ээ болушу керек жана кийинчерээк ТТСти үчүнчү жакка аутсорсингге берүү үчүн өзүнчө өз алдынча модуль катары ишке ашырылуусу зарыл.  

Тез төлөмдөр системасы ГСРРВ жана жыйынтыктап эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банктын «Башкы китеп» автоматташтырылган системасы менен интеграцияланууга (б.а. ГССРВ менен автоматтык жана «кемчиликсиз» интеграциялоону камсыз кылуу) тийиш.  

Банктар жана кызматтарды сунуштоочулар ТТСтин негизги программалык чечимдерине кошулуу жана кардарларына түздөн-түз өздөрүнүн мобилдик тиркемелери же Элкарт улуттук төлөм системасынын оператору сунуштаган тиркемелери аркылуу колдоно ала турган продукттардын жана кызматтардын сунушталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 

 

2. Жумуш орундары жана системанын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу 

Тез төлөмдөр системасы 24/7/366 режиминде дем алышсыз иштеши керек, бул тиешелүү инфраструктураны түзүүнү талап кылынат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1. Системаны жайылтуу үчүн негизги жана резервдик жабдуулар, ал эми негизги жана резервдик жабдуулардын жайгашкан жери үзгүлтүккө учуроолорго туруштук берүү жана бири-биринен аралыкта жайгашуу талаптарына жооп бериши керек; 

2. Системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн арналган кошумча жабдуулар (маалыматтык коопсуздук, отчеттуулук ж.б. үчүн); 

3. Системаны коопсуздук талаптарына жооп берген байланыш каналдары менен камсыздоо. 

Мындан тышкары, ТТСтин ишин камсыз кылуу үчүн мониторинг жүргүзүү жана техникалык тейлөө жана аларды окутуу үчүн квалификациялуу персонал талап кылынат. 

ТТС эки аянтчада иштейт: негизги жана резервдик аянтча. 

1-сценарий: ТТС эки аянтчада тең «активдүү/активдүү» схемасы боюнча уюштурулган, мында транзакцияларды иштеп чыгуу эки аянтчада тең параллель ишке ашат. 

2-сценарий: ТТС эки аянтчада тең «активдүү/резервдеги» схемасы боюнча уюштурулган, мында транзакцияларды иштеп чыгуу активдүү аянтчада ишке ашат, бирок резервдегии аянтчага дароо которулуу мүмкүнчүлүгү каралган.  

 

Системада колдонулган кандайдыр бир компоненттин/сервердин иштен чыгышы ТТСтин өз функцияларын аткара албай калышына алып келбеши үчүн ТТС жогорку ишенимдүүлүктү камсыз кылууга тийиш. Резервдеги аянтчага автоматтык түрдө которулуп, маалыматтардын жана убакыттын жоголушу менен коштолбошу керек. Мындан тышкары, системаны өчүрбөй туруп, аны пландуу тейлөө мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл. 

Максаттуу жеткиликтүүлүк көрчөткүчү 99,99% болушу керек. 

 

3. Системанын иштеши 

Система төлөмдөрдү дароо өткөрүүгө тийиш. Система процесстин бардык этаптарын аткарып жаткан учурда колдонуучунун күтүү убактысы 10 секунддан ашпоого тийиш, мында күтүү убактысын 3 секундага чейин кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар. Алгачкы этапта транзакциялардын саны жана көлөмү аз болот, анткени банктар системага акырындык менен кошулат (2-таблицада учурдагы банктар аралык төлөм системалары боюнча жылдык маалыматтар көрсөтүлгөн). Ушуга байланыштуу транзакциялардын көлөмүн жана ТТСтин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн акырындык менен көбөйтүүнү камсыз кылуу зарыл. Транзакцияларды иштеп чыгуу көлөмүнүн эң жогорку чеги секундасына 110 транзакцияга же андан көпкө чейин көбөйүшү мүмкүн. 

 

Тез төлөмдөр системасы масштабдуу болушу керек. 

Система андан ары кеңейүүгө жана башка тейлөө кызматтарын API жана башка шлюздар аркылуу туташтыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы зарыл. Инфраструктура кеңейген сайын, аппараттык жана программалык камсыздоо эч кандай кошумча өзгөртүүсүз өндүрүмдүүлүктү кеңейте алышы керек. 

 

4. Маалыматтарды сактоо 

Транзакциялар тууралуу маалыматтар системанын иштешине жана жооп берүү убактысына таасирин тийгизбестен 3 жыл бою онлайн режиминде жеткиликтүү болушу керек. 3 жылдан кийин, маалыматтар узак мөөнөттүү/өзүнчө архивге сакталышы мүмкүн. 

 

5. Системанын үзгүлтүктөргө туруштук берүүсү жана иш үзгүлтүксүздүгү 

Тез төлөмдөр системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- 99,99% системанын жеткиликтүүлүгү

- системанын ишин убактылуу токтотуу зарылчылыгысыз техникалык тейлөө же жаңылоо; 

- күтүлбөгөн жагдайларда системанын айкын убакытта бир нече (2ден кем эмес) эсептөөчү кубаттуулукта (резервдик) синхрондуу иштөө мүмкүнчүлүгү менен авариялык абалды калыбына келтирүү

Мындан тышкары, ТТС иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн программалык үзгүлтүккө учуроо жана байланыш көйгөйлөрүнөн тиешелүү коргоого ээ болуусу зарыл. 

 

6. Системанын маалыматтык коопсуздугу 

Тез төлөмдөр системасы төмөнкүлөргө милдеттүү

- колдонуучуларды авторизациялоо жана идентификациялоо, алардын системадагы функционалдык ролун, ошондой эле программалык-аппараттык, криптографиялык жана коргоонун техникалык каражаттарынан турган киберкоркунучтардан коргоону ишке ашыруучу коопсуздуктун чакан системасын камтуу; 

- алдамчылык операцияларга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу системасын камтуу (Antifraud); 

- маалыматтык коопсуздукка мониторинг жүргүзүү жана коркунучтарды талдоо системаларына туташтырылууга тийиш. 

 

VIII. Тез төлөмдөр системасын ишке ашыруунун негизги этаптары  

 

№ 

Иш-чара* 

Башталган күнү

Жарактуулук мөөнөтү

 

1 -этап 

2023-ж. II чей 

2025-ж. II чей 

1.  

ТТС долбоорун ишке ашыруу үчүн долбоордук топ түзүү 

2023-ж. II чей. 

2023-ж. III чей. 

2.  

Функционалдык жана техникалык талаптарды / спецификацияларды / ТТС дизайнын иштеп чыгуу 

2023-ж. II чей. 

2023-ж. IV чей . 

3.  

ТТС технологиялык платформасын тандоо жана системаны сатып алуу 

2023-ж. IV чей. 

2024-ж. I чей. 

4.  

ТТС долбоору боюнча негизги укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу/өзгөртүү 

2023-ж. III чей. 

2023-ж. IV чей. 

5.  

Негизги функционалдуулук менен системаны ишке киргизүү (тесттен өткөрүү, пилоттук банктардын катышуусу менен тажрыйбалык эксплуатация). 

2024-ж. I чей. 

2024 ж. III чей. 

6.  

Тике катышуучулардын ички системаларын жеткире иштеп чыгуу (АБС, ж.б.), API тесттен өткөрүү ж.б. 

2024-ж. I - II чей.  

2024-ж. IV чей. 

 

2 -этап 

2024-ж. IV чей. 

2025-ж. IV чей. 

7.  

Коммерциялык банктарды жана башка катышуучуларды/субкатышуучуларды ишке киргизүү жана кошуу 

2024-ж. IV чей. 

2025-ж. II чей. 

8.  

Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр жана улуттук валютадагы эсептешүүлөр боюнча иш-чараларды жүргүзүү (тесттен өткөрүү, пилоттук банктардын катышуусу ж.б.) 

2025-ж. I чей.  

2025-ж. III чей. 

9.  

ТТС өркүндөтүү жана функционалдык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү (юридикалык жактардын которуулары, мультивалюталык ж.б.) 

2025-ж. II чей. 

2025-ж. IV чей. 

* Мөөнөттөрү жана иш-чаралар, зарыл болгон учурда, долбоорду ишке ашыруу планын иштеп чыккандан жана макулдашкандан кийин өзгөртүлүшү мүмкүн