Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 14-июнундагы 

№ 2023-П-12/38-3-(НПА) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү туралуу. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын орун басары З. Чокоев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 14-июнундагы 

№ 2023-П-12/38-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун: 

- 2.1-главасынын: 

2.1.2-пунктунун: 

- экинчи абзацындагы «Чектелген/атайын мудараба» деген сөздөр «Чектелген (атайын) мудараба келишими» дегенге алмаштырылсын; 

- үчүнчү абзацындагы «Чектелбеген/жалпы мудараба» деген сөздөр «Чектелбеген (жалпы) мудараба келишими» дегенге алмаштырылсын; 

- төртүнчү абзацтагы «Ачык мудараба» деген сөздөр «Ачык мудараба келишими» дегенге алмаштырылсын. 

- 2.1.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1.6. Чектелген (атайын) мудараба келишими боюнча акча каражаттарын берүүдө банк келишимге мударибге акча каражаттарын максатсыз пайдаланууга, анын ичинде үчүнчү жактарга карыздык каражаттарды жана белектерди берүүгө, каржылоо каражаттарынын эсебинен кайрымдуулук максаттарына пайдаланууга тыюу салган шарттарды киргизүүгө милдеттүү.»; 

- 2.1.9-пункттагы «Мудараба» деген сөздөр «келишими боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.11-главасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.11-глава 

Банктык төлөм карттары 

2.11.1. Бул главада банктар кардарларга дебеттик жана кредиттик карталарды (каржылоо карталарын) чыгаруусуна жана тейлөөсүнө карата талаптар белгиленген. 

2.11.2. Банкка келишимде каралган төмөнкү шарттар сакталган учурда банктык карталарды чыгарууга уруксат берилет: 

а) алынган каржылоо боюнча талап кылынган сумма өз убагында төлөнбөгөн учурда банк тарабынан пайыздык төлөмдөр эсептелбесе; 

б) кардарлар карттардын бул түрлөрүн пайдаланган учурда банк банктык эсептеги каражаттар боюнча пайыздарды алууга укугу жок; 

в) банк кардар картаны шариат стандарттарында тыюу салынган максаттарда колдоно албасын жана бул шарт бузулган учурда банк картты бөгөттөй ала тургандыгы, картаны жокко чыгара алары жөнүндө шарт белгилөөгө тийиш. 

2.11.3. Банк кардарга банктык картаны пайдалануу менен эсеп ачууда карта боюнча кирешелерди/чыгашаларды эсептөө тартибин милдеттүү түрдө түшүндүрүп берүүгө тийиш. 

2.11.4. Банк карт ээсине мейманканада, авиакаттамдарда, ресторандарда алдын ала макулдашып коюу жагында жеңилдиктерге артыкчылыктуу укук сыяктуу шарият стандарттарында тыюу салынбаган жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.  

Банктын карт ээсине өмүрдү камсыздандыруу, тыюу салынган жерлерге кирүү же тыюу салынган белектерди берүү сыяктуу шарият стандарттарында тыюу салынган артыкчылыктарды берүүгө укугу жок. 

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык товар кайтарылып берилген учурда, кардар менен банк ортосунда макулдашуу боюнча банк мындай кайтарып берүүнүн натыйжасында келип чыккан чыгымдардын ордун жабууга укуктуу, анын ичинде алмашуу курстары ортосунда айырмачылыктар ж.б. болушу мүмкүн. 

2.11.5. Дебеттик карттар. 

Дебеттик банктык карта кардардын банктык эсебиндеги акча каражаттарынын жеткиликтүү суммасынын чегинде операцияларды жүргүзүү үчүн каралган. 

Кардарга карта байланыштырылган банк эсебиндеги акча каражаттарынын чегинен ашпаган накталай сумманы алууга уруксат берилет. 

Банк берилген каржылоо/карыздык каражаттар суммасына пайыз чегерүүсүз кардарга кыска мөөнөткө каржылоо/карыздык каражаттарды (овердрафт) бере алат. 

2.11.6. Кредиттик карттар 

Кредиттик карта кардарга каржылоо катары берилген каражаттар менен операцияларды жүргүзүү үчүн каралган. 

Банк карт ээсине кредиттик карттын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымдоого жана бардык суммаларды алдын ала чечмелеп көрсөтүү менен каражаттар өз убагында кайтарылбаган учурда банк тарабынан айыптык төлөм белгилене тургандыгы жөнүндө банктык эсеп келишиминде көрсөтүүгө тийиш.  

Карызды төлөөнү кечиктиргендиги үчүн чегерилген айыптык төлөмдөр жана туумдар кайрымдуулукка багытталат. 

Банк кардардан гарантия катары депозитти кабыл алышы мүмкүн, карт ээси депозитти колдоно албайт. Банк кардарга гарантиялык каражаттарды кард же вадиаяд дамана келишими боюнча талап боюнча төлөнүүчү депозитке же чектелбеген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү депозитке салуу, анын ичинде белгилүү бир депозиттик продуктуну тандоо укугун берүүгө тийиш. Эгерде кардар чектелбеген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү депозитти тандаса, банк кардар үчүн пайда алуу максатында бул сумманы инвестициялоого укуктуу. Бул суммадан алынган кандай болбосун киреше чектелбеген мудараба келишиминин шарттарына ылайык банк менен кардар ортосунда бөлүштүрүлөт. 

Банк кредиттик карт продукттары боюнча жарнама жана жарнама материалдары кардарлар кабылдоосу жана түшүнүүсү үчүн так жана жеткиликтүү жана жаңылыштыкка алып келбегидей даярдалышын камсыздоого тийиш.  

Банктар жарнамалоодо, маалыматтарды жарыялоодо жана жайылтууда продукттун толук наркын жана комиссиялык төлөм өлчөмүн көрсөтүү менен кредиттик карт продуктусунун негизги шарттары жөнүндө толук маалымат берүүгө тийиш.  

2.11.7. Банк шарият эрежелерин бузууга жол бербей тургандыгы шартында, эл аралык төлөм системаларына кошулууга уруксат берилет. 

Эгерде анда пайыздар камтылбаса, банкка эл аралык төлөм системаларына мүчөлүк төлөмдөрдү, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төгүмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөөгө уруксат берилет.»; 

- 2.12-глава төмөнкү мазмундагы 2.12.2.5-пункт менен толукталсын: 

«2.12.2.5. Вади'айад дамана келишиминин шарттары боюнча банк чек китепчесин же банктык картын колдонуу менен эсеп ээсин тейлей алат. Бул учурда банк күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн эсеп ээсинен акы алышы мүмкүн.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү туралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча укуктук актыларына ылайык алардын өзгөчөлүктөрүн жана атайын терминологиясын эске алуу менен жалпы талаптар аныкталган.»;  

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, БФКУ аларды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, карт ээлерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы №2019-П-12/31-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү. БФКУнун кардарынын идентификациялоо маалыматтары анын кредиттик картынын номерине байланыштырылууга тийиш.».