Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 14-июнундагы 

№ 2023-П-12/38-4-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө». 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

 

3. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «14» июнундагы 

№ 2023-П-12/38-4-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобонун: 

1-тиркемесинин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кредиттик союздун катышуучусун идентификациялоого мүмкүндүк берген, инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматындагы документтин көчүрмөсү.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө» жобонун:  

10-тиркемесиндеги: 

- III главанын: 

1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Эгерде, чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген катталган суммага барабар болсо же андан ашып кетсе, нак чет өлкө валютасын сатып алуу кардардын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документинин түп нускасынын (сүрөтү менен) же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документинин негизинде милдеттүү түрдө идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кассир нак акчанын суммасын кардардын катышуусунда санап чыгат жана кардар сунуштаган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкноттор кардардын көз алдында текшерилүүгө тийиш.»;  

4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Эгерде, чет өлкө валютасын сатуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген катталган суммага барабар болсо же андан ашып кетсе, нак чет өлкө валютасын сатуу кардардын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документинин түп нускасынын (сүрөтү менен) же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документинин негизинде аны милдеттүү түрдө идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кассир нак акчанын суммасын кардардын катышуусунда санайт жана кардар сунуштаган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкноттор кардардын көз алдында текшерилүүгө тийиш.»

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча» нускоонун: 

6-пунктунун: 

- 1-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) инсандыгын идентификациялоо жана алардын көчүрмөсүн алуу үчүн, кардардын жана ишеним каттын негизинде иш жүргүзгөн анын ишеним көрсөткөн адамынын (эгер бар болсо) инсандыгын тастыктаган документтердин түп нускасы кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ;»;  

 1-пунктчасынын он үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) эгерде, бенефициардык ээси кардар болуп саналбаса, анын инсандыгын тастыктаган документинин кагаз жүзүндөгү же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсү;»; 

- 2-пунктчасынын тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) кардардын ишеним көрсөтүлгөн адамынын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документи же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документи (эгер болсо) (банкка түп нускасы берилет, андан көчүрмөсү алынат);»; 

- 2-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) эгерде, бенефициардык ээси кардар болуп саналбаса, анын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документинин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документинин көчүрмөсү;»; 

2-пунктчасынын он алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Эскертүү. Ушул Нускоо күчүнө киргенге чейин түзүлгөн жана ушул убакытка чейин колдонулуп жаткан сактоо келишими боюнча банк бенефициардык ээсинин аты-жөнү тууралуу маалыматтарды, ошондой эле эгерде ал кардар болуп саналбаса, бенефициардык менчик ээсинин инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документинин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсүн алууга тийиш.»; 

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Кардарда сейфтин ачкычы (сейфке механикалык кулпу салынган болсо), анын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасы же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ жана зарылчылыгына жараша кардардын ал сейфти пайдаланууга ыйгарым укугун тастыктаган башка документтер болгон учурда, ошондой эле тараптар тарабынан сактоо келишиминин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген шарттары аткарылган шартта гана кардар сейфти пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Кардардын атынан иш алып барган жак өзүнүн инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасын же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документти, ошондой эле эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин далилдеген документтерди көрсөтүүгө тийиш.»; 

- 40-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кардардын инсандыгын тастыктаган документ (39-пунктта көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, көчүрмөсү алынган түп нуска кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ таанышып чыгуу үчүн берилет);»; 

- 42-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Эгерде кардар (ата-энеси, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) баланын пайдасына эсеп ачса, анда ал эсеп анын пайдасына ачылып жаткан адам жөнүндө маалыматты; эсеп ачып жаткан адам жөнүндө маалыматты (ата-энесинин, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасы же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документи) камтыган арызды; баланын инсандыгын тастыктаган документтин түп нускасын (паспорт кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү); эсептеги акча каражаттарын тескөөгө укуктуу болгон адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы берүүгө тийиш.»; 

- 43-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) юридикалык жактын акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документ (жеке тейлөө учурунда көчүрмөсү алынган түп нуска кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ таанышып чыгуу үчүн берилет).»; 

1-тиркеменин: 

- 5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилисин: 

«5. Жеке адамдардын инсандыгын тастыктоо үчүн банк төмөнкү документтердин биринин түп нускасын пайдаланат:»; 

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта же инсандыгын тастыктаган мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ);»; 

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- айдоочунун күбөлүгү кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы күбөлүгү (кардардын банктык эсеби үчүнчү жактар тарабынан, ошондой эле банкта эсеби бар кардарлар тарабынан гана толукталган шартта);». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

1-тиркемесинин: 

- 1-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген, инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсү;». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк жана иши каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобонун:  

1-тиркемесинин: 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кредиттик союздун кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген, инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсү.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 27-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) персоналды ишке кабыл алууда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү, анын ичинде мүнөздөмөсүн жана сунуштамасын, резюмесинин тактыгын жана толуктугун, билимин жана квалификациясын, ошондой эле инсандыгын тастыктаган документтерин (кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтерин);»; 

- 36-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) жеке адамды идентификациялоо инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн түп нускасынын (кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин) негизинде жүзөгө ашырылат. Насыялык таржымалды пайдалануучунун же субъекттин өкүлү кайрылган учурда анын инсандыгын тастыктаган күбөлүгү жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишеним кат (ыйгарым укук чегерүү) текшерилет;». 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

 37-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«37. Кардардын атынан иш алып барган жак инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасын же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документти, ошондой эле эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин далилдеген документтерди көрсөтүүгө тийиш.»;  

- 39-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кардардын инсандыгын тастыктаган документи (38-пунктта көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, көчүрмөсү алынган түп нуска кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ таанышып чыгуу үчүн берилет);» 

- 41-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Эгерде кардар (ата-энеси, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) жашы жете элек баланын пайдасына эсеп ачса, анда ал эсеп анын пайдасына ачылып жаткан адам жөнүндө маалыматты; эсеп ачып жаткан адам жөнүндө маалыматты (ата-энесинин, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасы же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документи) камтыган арызды; жашы жете элек баланын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасын (паспорт кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү); эсептеги акча каражаттарын тескөөгө укуктуу болгон адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы берүүгө тийиш.»; 

- 42-пунктунун 9-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документи же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документи (жеке тейлөө учурунда андан көчүрмө алынган түп нускасы сунушталат).»; 

1-тиркеменин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кардарды идентификациялоо жол-жобосу кардардын инсандыгын сүрөтү чапталган жана анын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасынын же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин негизинде аныктоону (жашы жете элек балдар болсо сүрөт талап кылынбайт), бенефициардык ээсин аныктоону, ушул Нускоого ылайык кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды топтоону болжолдойт.»; 

- 4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кардар-юридикалык жактын банк эсебин ачууда, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банк эсеп ачууга жана/же кардардын эсебиндеги акча каражаттарын тескөө укугуна ээ адамдардын инсандыгын тастыктоого тийиш (инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин негизинде).»; 

- 5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Жеке адамдардын инсандыгын тастыктоо үчүн төмөнкү документтердин түп нускалары кабыл алынат:»;  

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документ);». 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:  

- 27-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) эгерде чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы 70000 сомго (же операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелген чет өлкө валютасына эквиваленттүү суммага) барабар болсо же андан ашса, кардарды идентификациялоо, ошондой эле кардар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкандыгы жөнүндө маалымат камтылган санкциялык тизмеде жана жактар, топтор жана уюмдар тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү анын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасынын (сүрөтү менен) же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин негизинде жүргүзүлөт;». 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 6-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 1) 70000 сомдон 1000000 сомго чейинки суммага (же операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу менен эсептелген чет өлкө валютасына эквиваленттүү суммага) нак улуттук жана/же чет өлкө валютасын сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланыштуу бир жолку операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган учурда, инсандыгын тастыктаган документтин түп нускасынын негизинде кардардын инсандыгы аныкталат.  

Инсандыгын тастыктаган документтерге төмөнкүлөр кирет:  

- Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча:  

а) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылы чыккан үлгүдөгү паспорту (ID-карта же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган инсандыгын тастыктаган санарип форматтагы документ);  

б) идентификациялык карта Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылы чыккан үлгүдөгү паспорту (ID карта же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган инсандыгын тастыктаган санарип форматтагы документ);  

в) Жарандык абалды каттоо актылары органынын жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жарандары үчүн;  

г) аскердик билет;  

д) айдоочунун күбөлүгү (кагаз жүзүндөгү же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы күбөлүгү);  

- чет өлкө жарандары боюнча:  

а) чет өлкө жаранынын паспорту;  

б) Кыргыз Республикасында убактылуу жашоо укугун тастыктоочу документ; 

- жарандыгы жок адамдар боюнча Кыргыз Республикасында убактылуу жашоого укугун тастыктоочу документ;  

- качкындар боюнча:  

а) качкын деп табуу жөнүндө өтүнүчтү каттоо күбөлүгү;  

б) качкын күбөлүгү.  

Кардардын инсандыгын аныктоодон тышкары, алмашуу бюросунун кызматкерлери алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалымат камтылган санкциялык тизмеде жана жактар, топтор жана уюмдар тизмегинде бар же жок экендигин текшерүүсү зарыл.»; 

- 2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кардарды талаптагыдай текшерүү - бул кардарды идентификациялоо: кардар-жеке адамдын инсандыгын аныктоо: аты-жөнүн, жашаган жерин, туулган жылын, жарандыгын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин түп нускасын (сүрөтү менен) же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин жана чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында убактылуу жашоого укугун тастыктаган документтин негизинде жашаган (катталган) жерин же убактылуу жашап турган дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (болгон болсо) же социалдык коргоо күбөлүгүнүн номерин, акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө ыйгарым укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка маалыматтарды аныктоо дегенди билдирет.». 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

2-тиркемесинин: 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Катышуучуну идентификациялоого мүмкүндүк берген, инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматындагы документтин көчүрмөсү.».