Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 14-июнундагы 

№ 2023-П-12/38-2-(НФКУ) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит 

уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз  

Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү 

тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздарды, «Кепилдик фонд» ААКты, турак жай-сактык кредиттик компанияларды тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын орун басары                                                                                                                                                                                                                                                            З. Чокоев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын «14» июнундагы  

№2023-П-12/38-2-(НФКУ)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит 

уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү 

тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтомдун расмий тилдеги аталышындагы «представлению» деген сөз «предоставлению» деген сөзгө алмаштырылсын. 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- расмий тилдеги жобонун аталышындагы «представлению» деген сөз «предоставлению» деген сөз менен алмаштырылсын; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Бул Жобонун ченемдери микрофинансылык компанияларга (мындан ары МФК), турак жай-сактык кредиттик компанияларга (мындан ары ТЖСКК), кепилдик фонддорго, микрокредиттик компанияларга (мындан ары МКК), мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык ишти жүзөгө ашырган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ микрокредиттик агенттиктерге (мындан ары МКА), өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздарга (мындан ары кредиттик союздар), адистештирилген финансы-кредит уюмдарына (мындан ары АФКУ) (мындан ары БФКУ) таркатылат.»; 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Бул Жобонун ченемдери жоюу жана банкроттоо процесси жүргүзүлүп жаткан БФКУга таркатылбайт.»; 

- 6-пунктундагы «(мындан ары - ФОЭС)» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына» деген сөздөр менен толукталсын; 

- расмий тилдеги 12-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «представление» деген сөз «предоставление» деген сөзгө алмаштырылсын; 

экинчи абзацындагы «представления» деген сөз «предоставления» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги 25-пунктунун: 

биринчи пунктчасындагы «(напрямую или косвенно посредством дочерних компаний)» деген сөздөрдөн кийин «,» тыныш белгиси алып салынсын; 

экинчи пунктчасындагы «(прямое или косвенное посредством дочерних компаний)» деген сөздөрдөн кийин «,» тыныш белгиси алып салынсын; 

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башкы компания, эгерде ал ФОЭСке жана Улуттук банктын талаптарына ылайык консолидацияланган финансылык отчетту түзсө жана сунуштаса, ушул Жобого ылайык консолидацияланган финансылык отчетту берүүдөн бошотулат.»; 

- расмий тилдеги 3-главанын аталышындагы «представления» деген сөз «предоставления» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 37-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. МФКнын, кепилдик фонддун, ТЖСККнын жана АФКУнун жылдык финансылык отчеттору (отчеттук жылдын 31-декабрь акыркы күнүнө карата финансылык абал жөнүндө отчетту, мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту жана өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту) аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен, мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - ЖМК) жарыяланат.  

МКК, МКА жана КС жылдык финансылык отчетторду аудитордук корутунду менен бирге (бар болсо) ЖМКда же расмий интернет-сайтында же өзүнүн маалымат такталарында бардык кеңселерде, филиалдарда, өкүлчүлүктөрдө жана түзүмдүк бөлүмдөрдө мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде аудитордук текшерүү аяктагандан кийин (эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлсө) отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен жарыялоого тийиш. 

Жылдык отчетту ЖМКда же маалымат тактасында жарыялоодо МКК, МКА жана КС отчеттук жылдын 31-декабрь акыркы күнүнө карата финансылык абал жөнүндө отчетту, мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту жана өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту аудитордук корутунду (бар болсо) менен бирге, ал эми расмий интернет - сайтта жарыялоодо жылдык финансылык отчетту, анын ичинде бардык компоненттерди, финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдү жана аудитордук корутундуну (бар болсо) жайгаштырууга тийиш. 

ЖМКга жарыялоодо жылдык финансылык отчет, ага карата эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөр менен БФКУнун башкы кеңсесинде, башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары анын филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө толук көлөмдө таанышууга болот деген эскертүү милдеттүү түрдө болууга тийиш. 

МФК, кепилдик фонд, ТЖСКК жана АФКУ жылдык финансылык отчетторду (отчеттук жылдын 31-декабрь акыркы күнүнө карата финансылык абал жөнүндө отчетту, мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту жана өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту) өздөрүнүн бардык кеңселеринин, филиалдарынын, өкүлчүлүктөрү менен түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маалымат такталарында жайгаштырууга тийиш. 

Бардык компоненттерди, финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдү жана аудитордук корутундуну кошо алганда, МФКнын, кепилдик фонддордун, ТЖСККнын, АФКУнун финансылык отчеттору расмий интернет-сайтта (бар болсо) жарыяланууга тийиш. 

МФК, кепилдик фонддор, ТЖСКК, АФКУ жылдык финансылык отчетту/консолидацияланган финансылык отчетту жана аудитордук корутундуну электрондук түрдө отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу жарыялоо үчүн ыйгарым укуктуу органга кошумча берет.»; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. БФКУнун жылдык финансылык отчету маалымат агенттигинин порталында да жарыяланышы мүмкүн. 

Маалымат агенттигинин порталына шилтеме электрондук почта аркылуу Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтүлүүгө тийиш.»; 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. БФКУ кеңири жайылтуу жана пайдалануучуларга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу максатында, финансылык отчеттун формаларын аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тандайт.»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Жылдык финансылык отчет БФКУда мамлекеттик жана расмий тилде (башкы кеңсе, башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары филиалдар, өкүлчүлүктөр, түзүмдүк бөлүмдөр) пайдалануучулар үчүн толук көлөмдө жеткиликтүү болууга жана таанышуу үчүн алардын биринчи талабы боюнча берилүүгө тийиш.»; 

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Финансылык отчет жарыялангандыгы жөнүндө маалымат отчет жарыялангандан кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде жарыяланган финансылык отчеттун 1 (бир) нускасын (көчүрмөсүн) тиркөө менен же финансылык отчет жарыяланган БФКУнун расмий интернет-сайтына (маалымат агенттигинин порталына) шилтеме берүү жана анын көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка берилүүгө тийиш.»; 

- 4-главанын расмий тилдеги аталышындагы «представления» деген сөз «предоставления» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Жылдык финансылык отчетту жарыялоодон тышкары, МФК, кепилдик фонд, ТЖСКК жана АФКУ ЖМКда чейректик финансылык отчетту жарыялайт жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жарыялоо жөнүндө билдирүү жөнөтөт.»; 

- 44-пунктунун: 

расмий тилдеги биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Ежеквартальная финансовая отчетность состоит из:»; 

үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 45-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«45. МФКнын, кепилдик фонддордун, ТЖСККнын жана АФКУнун чейректик финансылык отчеттору расмий интернет-сайтта (бар болсо), ЖМКда жана бардык кеңселердин, филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн өздөрүнүн маалымат такталарында чейрек аяктагандан кийинки 30 календардык күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде жарыяланууга тийиш.  

ЖМКларга жарыялоодо чейректик финансылык отчет менен толук көлөмдө башкы кеңседе, башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары филиалдарда, өкүлчүлүктөрдө жана түзүмдүк бөлүмдөрдө толук көлөмдө таанышууга болот деген эскертүү милдеттүү түрдө болууга тийиш. 

ЖМКлар ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келүүгө тийиш. 

МКК, МКА жана КС чейректик финансылык отчетту расмий интернет-сайтта (бар болсо) же бардык кеңселердин, филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн маалымат такталарында чейрек аяктагандан кийинки 30 календардык күндөн кечиктирбестен жарыялап турууга тийиш.»; 

- 46-пунктунун: 

биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«46. Чейректик финансылык отчет жарыялангандыгы жөнүндө маалымат отчет жарыялангандан кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде жарыяланган финансылык отчеттун 1 (бир) нускасын (көчүрмөсүн) тиркөө менен жана/же финансылык отчет жарыяланган расмий интернет-сайтка (маалымат агенттигинин порталына) шилтеме берүү жана анын көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка берилүүгө тийиш.  

Маалымат агенттигинин расмий интернет-сайтына/порталына шилтеме электрондук почта аркылуу Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтүлүүгө тийиш.»; 

расмий тилдеги үчүнчү абзацтагы «НФКО (копию)» деген сөз алынып салынсын; 

үчүнчү абзацындагы «мамлекеттик жана» деген сөздөрдөн кийин «/же» деген сөз алынып салынсын; 

- расмий тилдеги 48-пунктунун: 

төртүнчү абзацындагы «образованные» деген сөз «образованных» деген сөзгө алмаштырылсын; 

алтынчы абзацындагы «имущества» деген сөздөн кийин «,» белгиси алынып салынсын; 

- 49-пунктундагы «консолидацияланган» деген сөздөн кийин «чейректик» деген сөз менен толукталсын; 

- расмий тилдеги 61-пунктундагы «не может» деген сөздөн кийин «представлять» деген сөз менен толукталсын; 

- 69-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«69. БФКУ акча каражаттарынын жана эквиваленттеринин курамын аныктап, аны финансылык отчетто ачып берүүгө тийиш. Мындан тышкары, БФКУ акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто камтылган суммаларды финансылык абал жөнүндө отчетто берилген ушул сыяктуу статьялар менен салыштырууну камсыз кылууга тийиш.»; 

- 80-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«80. ФОЭСтин талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн БФКУнун жана кардарлардын активдери, кредиттери жана финансылык ижарасы боюнча чегерилген пайыздары боюнча РППУнун өлчөмдөрү финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө кошумча чагылдырылууга тийиш.»; 

- расмий тилдеги 1 жана 2-тиркемелердин аталышындагы «представлению» деген сөз «предоставлению» деген сөзгө алмаштырылсын.