Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 23-июнундагы 

№ 2023-П-09/40-1-(ДКП) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына  

нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун аракети коммерциялык банктар үчүн 2023-жылдын 15-сентябрына чейин токтотулсун.  

2. Коммерциялык банктарга нак АКШ долларын нак эмес АКШ долларына алмаштыруу менен сыртка алып чыгууга уруксат берилсин. Эскилиги жеткен нак АКШ долларын алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө, контрагент банктын комиссиясынын суммасын эсепке алуусуз, нак/нак эмес АКШ долларынын келип түшүүсү камсыз кылынсын.  

3. Эскилиги жете элек нак АКШ долларын алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө, контрагент банктын комиссиясынын суммасын эсепке алуусуз, алынып чыгуучу нак АКШ долларынын көлөмүнө туура келген көлөмдө нак эмес АКШ долларынын корреспонденттик эсептерге келип түшүүсү камсыз кылынсын. 

4. Нак АКШ долларын сыртка алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктагы нак АКШ долларынын калдыктарынын жалпы көлөмү, сыртка алынып чыгуучу нак АКШ долларынын көлөмүн эсепке алуусуз, 2023-жылдын 9-январынан тартып ушул токтом кабыл алынган күндү кошо алган мезгил ичинде түптөлгөн нак АКШ долларынын калдыктарынын орточо күндүк көлөмүнүн 90% кем болбоого тийиш.  

5. Коммерциялык банк нак АКШ долларын сыртка алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына маалымат (отчет) берүүгө тийиш.  

6. Коммерциялык банк нак АКШ долларын алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ПФТД/ЛПД) чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын так сактасын. 

 

7. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2023-жылдын 15-сентябрына чейин колдонулат.  

9. Банктык көзөмөл башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясын, Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорун тааныштырсын. 

10. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын тааныштырсын. 

11. Токтомдун аткарылышын контролдоо банктык көзөмөлдү жана экономика блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                        К. Боконтаев