Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 30-июнундагы  

№ 2023-П-13/41-3-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                                                     З. Чокоев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 30-июнундагы  

№ 2023-П-13/41-3-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операциялардын аткарылышы боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Кассалык документтерди тариздөө (акча чегин эске албаганда), кассалык журналдарды жүргүзүү, жүргүзүлгөн операциялар тууралуу документтердин касса кызматкерлери тарабынан толтуруу автоматташтырылган программаларды, компьютердик жабдууларды жана электрондук кассалык аппараттарды колдонуу менен, анын ичинде электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө ишке ашырылат.»;  

- 9-пунктунун 17-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«касса документи  бул, акчага байланыштуу документ (кириш кассалык ордер, чыгыш кассалык ордер, накталай салууларга кулактандыруу, чек, төлөм ведомосту жана операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болгон, анын ичинде электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документтер түрүндөгү башка документ), аны менен баалуулуктарды кабыл алуу жана берүү боюнча кассалык операциялар жүзөгө ашырылат жана таризделет;»;   

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Касса башчысы отчеттук маалым каттардагы маалыматтар боюнча жыйынтыкталган маалым кат түзөт (7-тиркеме) жана анын жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтары менен салыштырып текшерет. Маалым каттын жыйынтыктарын салыштыруулар бухгалтердик кызматкердин кол тамгасы/электрондук кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.»; 

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«25. Касса документтери кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш. Ар бир күн үчүн кассалык документтер менен иш көктөмөлөрүн түзүү иштери, касса башчысы же китепче түзүү милдети жүктөлгөн касса кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Касса документтери түзүүдө кириш жана чыгыш кассалары боюнча өз-өзүнчө, баланстык эсеп боюнча тандалып алынат. Автоматташтырылган программаларды колдонууда касса документтери чыгаруу формаларына жана отчетторуна жана/же электрондук документ түрүндө түзүлөт. Касса документтеринин суммаларын китептеги (8-9 тиркемелер) маалыматтар менен салыштырып текшергенден кийин папканын алдыңкы бетине касса башчысынын жана иш көктөмөсүн түзгөн касса кызматкеринин колу/электрондук кол тамгасы коюлат.»; 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«35. Баалуулуктарды кабыл алуу аяктагандан кийин касса башчысы/касса кызматкери жана инкассаторлор тиешелүү коштомо документтерине кол тамгаларын /электрондук кол тамгаларын коюшат.».